Сүйөркул Тургунбаев: Азаданын жарыгы

Азаданын жарыгы 

Менин көз алдыман Азаданын алгачкы көргөнүмдөгү элеси эч качан кетпейт. Анда жетимишинчи жылдардын орто чени болуу керек эле. Ошко командировкага жөнөмөй болуп, Кармышак Ташбаевге телефон чалгам. Ал аэропорттон тосуп аларын айткан. Какем айтканындай, аэропортто тосуп туруптур. Дароо эле машинага баштады да, аэропорттун жанындагы Карл Маркс колхозуна тие өтөрүбүздү, аерде мектепте биз менен жолугушууну күтүп жатышканын айтты. Келсек чын эле мектептин директору баш болуп, мугалимдер, зал толо жогорку класстардын окуучулары күтүп турушуптур. Жолугушуу абдан шаңдуу жана кызыктуу өттү. Азада ошондо 40 кыздан турган бригада түзгөнүн, талаастанда аларга спорт аянт, бассейн, жатакана, телевизор көрүп, гезит-журнал окуп, эс алуучу маданият бөлмөсүнө чейин бардык шарттарды түзүүгө жетишкенин, кыздарды ушул бригадага берүүгө алардын ата-энелерин кандай кыйынчылык менен көндүргөнүн айтып, баарыбызды таң калтырган.

Жолугушуудан соң, бир үйгө чайга чакырышты. Жерге салынган төшөк үстүндө отурдук. Алдыга тамак келгенде, Азада чыпыйган жынсы шымчан, жаш жигиттей чөк түшө отура калып, куруна байланган кынынан курч чарабзалын сууруп чыгып, табактагы эттерди элпек устукандап, меймандардын ар бирине үлөштүргөнү мени аябай таң калтырган. Жылдыздуу жүзү, шаңкылдаган күлкүсү, курч, тамашалуу сөздөрү менен жарпыбызды жазганы көңүлүмдөн кетпейт. Биздин түштүктө ушундай да ажайып кыздар бар экенин биринчи көрүп суктангам.

Бир топ жылдан кийин дагы Ошко жазуучулар Мелис Абакиров, Касым Кушубеков болуп чыгармачылык командировкага келип, «Алай» мейманканасына жайгашканбыз. «Азада эже сиздерди кечинде мейманчылыкка чакырып жатат» – деп бир жаш жигит түш ченде кабар айтып кетти. Кечке маал Мелисти күтсөк жок. Көрсө, аны жолдоштору бир жакка чакырып кеткен экен. Азаданыкына Касым экөөбүз бардык. Бишкектин академиясында аспирантурада жүргөн Азаданын бир тууган сиңдиси Сабира да жаш баласы менен келген экен. Төртөөбүз түн бир оокумга чейин ырдап, ыр окушуп, Сабира комуз чертип чер жазышканбыз… Эртең менен Азада биз жаткан бөлмөгө кирип: «Турбайсыздарбы, мырза жигиттер» – деп бизди ойготту. «Экөөңүздөр тең мырза экенсиздер, түндө эшикти атайын ачык коюп жатсам, бирөөңөр да баш бакпадыңар» – деп шыңгыр күлүп, бизди чымчып кетти. «Ит эле болдук» – деп Касым экөөбүз бири-бирибизди тиктедик. Азада качан туруп, качан үлгүргөнүн билбейбиз, мурч кошуп, сүзмө катыктаган куш кесме жасап, кердим кеселерге куюп астыбызга койду. Кескен кесмесинин ичкелиги тим эле чачтай, не ашкөктөрдү кошкону белгисиз жыты буруксуйт, аппетитти ачат. Ошондо кыргызымдын: «Жакшы аял белгиси − алмадай камыр жуурат − адамдын көөнүн куш кылат» деген сөзү эсиме кылт этти.

1990-жылы Ош окуясы башталардан эки күн мурун 2-июнда, ал кездеги Ош мамлекеттик пединституттун проректору Жээналы Шериев агай филология факультетинде студенттер менен менин кечемди даярдап коюптур. Бул кечеге институттун окутуучулары, Оштогу акын-жазуучу калемдештерим, телерадионун кызматкерлери, областтык газетанын редактору Шайлообай Мойдунов, Рыспай Абдыкадыров Давлетхан менен, Сүйүнбек Дүйшөналиев, Ташкенттен келип калган Турсунбай Адашбаев, кыскасы, мындагы чыгармачыл интеллигенциянын бир тобу катышкан. Кеченин башталышына аз убакыт калганда Азада кыпкызыл көйнөкчөн, колуна кошмок гилас кармап, күлмүңдөп кирип келип: «Сүйөркул аке, менде бир шашылыш иш болуп калды, кечиресиз, сиздин кечеңизге катыша албай калат окшойм» – деп: «Ушул кош гилас белгибиз болсун, насиптеш бололу, бирин сиз жеңиз, бирин мен жейин» – деп бирин мага берип, бирин өзү оозуна салып, коштошуп чыгып кеткени көз алдымда турат.

1991-жылы январда Өзбекстан өкмөтү Алишер Навоинин 550 жылдык юбилейине карата анын казалдарын дүйнөнүн он сегиз тилинде чыгаруу маселесин көтөргөн. Кыргызчасын которуу мага тапшырылды. Ошентип мен Ташкенттеги Хамза Хакимзаде атындагы чыгармачылык үйүндө ошол казалдарды которуу менен алек болдум. Казакстандан Несипбек Айтов деген акын келиптир. Ал мени өз бөлмөсүнө чайга чакырып, баарлашып отурганыбызда: «Баягы жылы (1986-жыл) Кыргызстанда, Казакстандын адабият күндөрү өтүп жаткан кезде, сиздердин Азада Бегимкулова ысымдуу бир акын кызыңыздар менен таанышкан элем» – деп айтып калды.

«Ал мага карындаш болот» – деп калдым мен.

«Ол карындасыңыз, энди бир керемет карындас экен гой» – деди ал. Аксы жергесинен Ош калаасына келаткан жолда, делегация отурган автобуста экөөмүз алым сабак айтысып келмедикми. Соңунда айлам калмай багыныска аргасыз болгамын» – деп жашырбай айтты.

1991-жылдын июнь айында Кыргызстан Жазуучулар союзунун, Ош облустук жетекчиликтин жана Азаданын демилгеси менен Ош окуясынын бир жылдыгына тушташтырылып, эки элдин ымала-ырашкерлигин жандандыруу; калыбына келтирүү максатында Өзбекстан менен Кыргызстандын жаш акындарынын республикалык семинар-кеңешмеси өткөрүлдү. Ошондо Анжыян областынан келген өзбек жаш акындар менен чогуу Токтогул жана Навои паркында жарышып ыр окуган эки чоң жыйын болду. Андан кийин акындар үч топко бөлүнүп, Ош шаарынын, Араван жана Кара-Суу райондорунун эмгекчилери менен жолугушууларды өткөрдүк. Биздин топ кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев, мен, Азада, акын кыздарыбыз Мадина, Светкүл жана Анжыяндан эки жаш акын, үч атлес көйнөкчөн ырчы кыздар менен чогуу Кара-Суу районун кыдырып, жолугушууларды өткөрдүк. Кайсы чарбада экени эсимде жок, бир дөңсөө жердеги талаастанында эки элдин эмгекчилери чогуу жыйналышты. Керней-сурнайлар тартылып, микрофон коюлуп, музыка ойноп турду. Ошондо жолугушууну Азада өзү ачып, келген меймандарды элге тааныштырды. Биринчи болуп эл акыныбыз С.Эралиев сүйлөдү, ыр окуду. Анан Анжыяндан келген меймандар сүйлөп, ыр окушту. Сөз арасында кыргызча, өзбекче обондуу ырлар ырдалып, чилдирмандар чалынып, комуз чертилип жатты. Элдин бардыгынын маанайы жазылып, көңүлдөрү ачылып, күлкүлөр шаңкылдап, кол чабуулар жаңырып турду.

Азада мага сөз берерден мурда элге мени көрсөтүп: «Кыргыздын дагы бир эл акынынан кем эмес акыны отурат. Мен азыр сиздердин көзүңүздөрчө ушул акынга тийишемин. Кантип жооп берерин өзү билсин. Сиздер таразасыздар» – деп туруп, мага өзбекче ыр менен тийишти. Чынында Азада өзбекче ырларды, өзбекче эле эмес, тажикче ырларды да кыйын ырдачу. Бийлеген жагынан да эч ким жетчү эмес. Ал ырдап бүткөндө элдин баары – өзбек, кыргыз, тажик, уйгур аралаш дуулдап кол чабышты. «Мени ит эле кылды, эми кантип жооп кайтарам» – деп ичимен кыйналдым. Элдин сүрү да бийик. Сүкөмдүн жанында отургам. Эл күтүп, мени карап атат. Туруп микрофонго, элге кайрылып, анан Азаданын өзүнө, азыр эле мага тийишкен ырына карата: «Жооп кайтарайын, сиздер угуп туруңуздар» – деп, «Бир ырчыга» деген ырымды кырааты менен жатка окудум. Окуп бүткөнүмдө Кудай жалгап, элге жага түшкөнбү, колду Азадага чапкандан да катуураак чаап жиберишти…

Кайтып Ошко келаткан жолдо, автобустун ичинде Болот деген жаш жигит Азаданын ырларына обон чыгарган экен, ошол ырларды ырдап келди, өзү да жагымдуу, обондору да мага жакты. Азада өзү өстүргөн балдардан окшоду. Ошол ырлардын ичинен мага «Ай, Бегайым, Бегайым» деген ыры өзгөчө жакты.

Шаарга келгенде мен Азаданы ошол ыры менен куттуктап: «Сага, ай, Бегайым, Бегайым» деген ат койдум дедим. Кийин: «Ай, Бегайым, Бегайым» – десем эле жалт карап, күлүп жиберчү. Оштогу ушул үчүнчү жана акыркы жолугушууда мен Азаданын артыкча сапаттарын, ал жалпы элдик чоң талант экенин, кыргыз эли эле эмес, аны Орто Азиядагы элдердин бардыгы сүйүп, кадырлай тургандыгын түшүндүм. Ушул элдерди мамыр-жумур кылып, данакер болуп турган кыргызымдын жылдыздуу кызы, Жаңыл мырзадай азамат кызы, асыл карындаш деп бааладым.

“Акындарга аздек сөз” китебинен