Сүйүнбай Эралиев: Качан болсо, кызматыңа мен дайын, Карегимдей Ата-Журтум, Мекеним

Кармышак Ташбаев

Заман жана ата журт

Унутулбайт өткөн доордун издери…

Ушул күндөр буйрук кылсын бизге эми.

Заманыбыз – бизге дарак мөмөлүү,

Бүт жемиши бышып турган күздөгү.

Токчулуктун болуп турат заманы,

Тууган жердин мелмилдеген түздөрү.

 

Арбын болуп, артып улам байлыгы,

Бар бол, элим! Билбейли биз кайгыны?!

Турсун дайым тууган жерден угулуп,

Түгөнбөгөн күүлөрүнүн кайрыгы.

Бүт ааламга тарай берсин түбөлүк,

дүңгүрөгөн Ата Журттун айдыңы!

 

Сен кыргызсың

Сен кыргызсың аба жутуп, нур жутуп,

Жер боорунда жашап жаткан күн көрүп.

Кубанганда тебетейди ыргытып

Терип келген тоонун назик гүлдөрүн.

 

Сен кыргызсың кымыз жандуу, тоо жандуу,

Жайын-кышын тоодон малын айдаган.

Кенебестик кимден качан ооган бу? –

Зерикчээлдик колду качан байлаган?

 

Сен кыргызсың топуракты чеңгелдеп,

Жанын баккан туздуу терин тамызып.

Бакыт бизге башка жактан келген жок,

Жеңдик аны көздүн жашын тамызып!

 

Сен кыргызсың мээнетиңе сыйынган,

Анан дагы кубатыңа денедеги!

Бул жер үчүн канча өмүрлөр кыйылган? –

Туюндуруп турат аны жер деми.

 

Биз андыктан ушул жердин тоо-ташын,

Жандай сүйүп, ыйык тутуп калганбыз.

Он миң жолу тегеренип зоокасын,

Ок жаңылып кулаганбыз жардан биз!

 

Биз кайран эл – өз жеринен сүрүлүп

Ашууларда ачкалыктан кырылган.

Ар бир качкын өз жанынан түңүлүп,

Тагдыры анын кара ташка урулган.

 

Биз кайран эл – кайыр сурап кичилеп,

Өз бактысын саткан унга, талканга?!

Өлбөй аман калыш үчүн күч үрөп,

Жалынганбыз колду жайып Асманга.

 

Биз кайран эл – тагдырыбыз таш болуп,

Не издедик жылуулукту жыландан?!

Ысык-Көлүм көздөн аккан жаш болуп,

Томсордуң калкың качып кылааңдан!

 

Кордук жоктур элим өзүң билбеген…

Жолдор жоктур сенин бутуң баспаган?!

Үйлөр жоктур кайыр сурап көрбөгөн,

Дөбө жоктур сенин сөөгүң жатпаган?!

 

Кыргыз калкым кыйратылып тарыхта,

Бул жерден түк өчпөс изиң калдыбы,

Жамандыкты сүрүп таштап алыска,

Тынчтык бизге оңой менен келген жок!!

 

Сүйүнбай Эралиев

Мекеним

Батышка айдап, жоо кошунун талкалап,

Басып өттүм Европанын көп жерин.

Бирок дайым ойду бөлүп сен тарап,

Улам мени, сагындырдың, Мекеним.

 

Сүйүү күчүн сага арнап ар дайым,

Өз жанымдан ысыгыраак сеземин.

Качан болсо, кызматыңа мен дайын,

Карегимдей Ата-Журтум, Мекеним!

 

Кыргыз топурагына

Бала кезде ойлогом:

Дүйнө илгертен ушундай,

Жер өңдөнүп, калыбынан бузулбай

турган жана тура берет ата-эне.

Азыр эми алыстаган вокзалдай

Ал курактар калып калды бат эле.

Жаш төк,

Жалбар үч убак,

аны экинчи көрүү жок,

Калуу да жок ага кокус учурап.

Андагыдай чуркап өтпөй мезгилди,

Боорум менен жылып өтөм десем да

мага койбой мезгил алга учурат.

Жаш күндөрүм үзгөн сайын караанын,

Мен да сага кызганчаак болуп барамын.

Билинбеген кайдагы бир сезимге,

Бир үлп этип желиң тийген кезинде,

Сага деген сүйүүлөрүм жаш болуп,

Тегеренип тура калат көзүмдө.

Асманында сулуу, сулуу жылдызы бар

жер да – сен,

Жылдызындай кашка-кашка суулары бар

жер да – сен.

Билбейм-билбейм, эмне болор экемин

сага деген карызымды актап бербесем?!

 

Эсиңдеби, тууган жер?

Баягыда сага жазган кат мына:

«Силер суулар,

Жаңырыктап аккыла,

Куштар силер,

Бой ургула чабытка!

Кечээ, бүгүн арабыздан кеткендер

тынч жаткыла, тагдыр аттуу табытта.

А дарактар силер көктөй бергиле,

Жерде турмуш бүтпөйт деген белгиде.

Силер менен сырдаша албайм мен эми,

Баарың аман калгыла,

А мен кеттим келаткан жоо алдына».

Берип кайттым мен анда төрт жылымды.

Эмне деген жылдар эле, о чиркин!

Кырк биринчи жыл жазына курбалдаш,

Сулуу,

Күчтүү,

Жана жаш,

Бала оюндай таза болчу жылдарым.

Жаратымдан аккан канга аралаш,

Бороон каккан бир күздүн

жалбырагы өңдөнүп

калышты алар,

Адамдардын сөөгү эгилген талаада.

Бирок, анын эстелиги – жараттар,

Турат мына денемде.

Алар сыздап кетишет,

Амалкөйлөр төш уруп,

«Жерди сүйөм» дегенде.

Бизге дагы сыноо эле ал күндөр,

Сага дагы сыноо эле ал күндөр…

Сени коргоп уулдарың окко учса,

Үнүңдү уктум каргылданып ыйлаган.

Кайгыңды уктум күңгүрөнүп тынбаган.

О, Энеке,

Аны угуу да мага болгон азаптуу.

Мен ошондо түшүндүм,

Сенин мага канча кымбат экениң,

Окко тосуп жыйырмада жашымды

мен батышка жылгамын.

Өлсөм үстүм жаппасына жан кейип,

Топурагы өнүп-өскөн жылганын.

 

Сени сүйүп жан беришти канчалар!

Алар бүгүн өз бооруңда укташат.

Жок, уктабайт, кеткен алар тирилип –

Мүрзөлөрдөн өнүп чыккан чөп болуп.

Алар сүйлөйт акырын баш ыргашып,

Ал кыргындын азаптары жөнүндө:

«Эй, адамдар! Аны ала жүр көңүлгө!»

А өздөрү бизде жок.

Бирок калган кан жолдордун башталышы,

Бүткөн жери – вокзалдар.

Калган жана ак сүйүүлөр жердеги,

Турат дале баштагыдай жанды азгырган

эски асман.

Бүгүн биздин тирилик

өтүп келген ок көзөгөн өмүрүнөн алардын.

Урматына алардын,

Салют берет дайыма

шатырата жамгыр төгүп кең асман,

Шуудурашып токойлор,

Шарт жарыла каткырышып жаш балдар,

Биз тирүүлөр – биз аларга эстелик…

Кайра келсем,

Туулуп өскөн топурак

толгон, толгон вокзалдарың көрсөттүң,

Мен өңдүүлөр батпай жүргөн топурап.

Ошол жерден –

Миңдеген жол турмушка,

Ар биринде бирден белен поезддер,

А мен ачтым адабият вокзалын,

«Түзүк ко, – деп, өзүмдү-өзүм издегеним –

казганым».

«Тилди сүй,

Сөздөр – кыш,

Ой – данакер,

Тургуз үй!»

Айткан элең аттанарда жолума…

Үңүп, казып келемин өз дүйнөмдү

Кыргыз тили – алган курал колума.

Тууган жерим, ыраазы бол барына!

Мен сөздөргө жан бералбай – түйшүктүү,

Мен ойлорго от бералбай – түйшүктүү,

Тууган жерим!

Кээде катуу кыйналганда ырымда,

Балким пайдам көп тиймекпи, деп кетем,

Ыр айдабай,

Жылкы айдасам кырыңда?!

 

*****

Ар кимге тууган жер кымбат,

Ар кимге тууган эл кымбат,

Анткени алар дүйнөдө

Бир гана болот бирөөдө.

 

Энеден эки туумак жок,

Өмүрдү арттан куумак жок,

Ал анткени, кайрылбайт

Агып өткөн сууга окшоп.

 

Өлгөнгө чейин бүтпөгөн

Иштери болот адамдын,

Өмүрдөй артта чууруган

Издери калат кадамдын.

 

Сооронбай Жусуев

Уулумун улуу тоонун

Ыраазымын тагдырга

Мени нагыз тоолук кылып жараткан.

Бешигимди дайым тоолор курчашып,

Туш-тараптан ынтаа коюп карашкан.

Ким сураса: – Кайсы жактан болосуң?

Аларга айтар жообум:

–Уулумун улуу тоонун!

 

Ыраазымын тагдырга

Мени нагыз тоолук кылып жараткан.

Коңур күүсүн сезимиме сиңирип

Комуз черткен тоо дайрасы шар аккан.

Кан-жаныма бекем болгон данакер

Айрылбас бирге боорум,

Уулумун улуу тоонун.

 

Ыраазымын тагдырга

Мени нагыз тоолук кылып жараткан.

Бешигимди тоо шамалы терметкен

Кечте дагы, кезде дагы таң аткан.

Кыялымда тоолор жүргөн калкагар

Кыргында да кызыл-жаян кан аккан.

Сазайын берген жоонун

Уулумун улуу тоонун.

 

Ыраазымын тагдырга

Мени нагыз тоолук кылып жараткан.

Күндүр-түндүр ыр ысмы бар канатчан,

Күндүр-түндүр ыр ысмы бар жаракчан.

Ыр аркылуу эл таламын талашкан

Бириккен өмүр, доорум

Уулумун улуу тоонун.

 

Ала-тоо барда мен бармын

Көзүмдү тоодо ачкамын,

Көргөмүн тоонун асманын.

Аздектеп энем эмизген

Ак сүттүн даамын таткамын.

 

Өмүргө ал сүт дары эле,

Тоо даамы сүттө бар эле.

Ошол сүт даамы кетпестен,

Оозумда жүрөт дагы эле.

 

Жаз, жайда кымыз шимиргем,

Жамгырга тоодо кирингем.

Топуктуу, ардуу, сабырдуу

Тоо пейлин дилге сиңиргем.

 

Тоо жытын тоодо жыттадым,

Тоодо мен тоого ыктадым.

Туюмдуу, куттуу тоодон мен

Туурдан учуп чыккамын.

 

Көп келет тоого мен баргым,

Алгым бар тоодон демди арбын.

Тоо менен туташ киндигим,

Ала-Тоо барда мен бармын.

 

Түмөнбай Байзаков

Көтөрөйүн майышпай

Таңга кошо төрөлүп,

Көрдүм күндүн нурларын.

Алгансыды өңөрүп

Ала-Тоонун кырларын.

 

Төргө кошо туулуп,

Ачтым өмүр эшигин

Тунук нурга жуунуп,

Таттым тоолук кешигин.

 

Таңга кошо жол тарттым

Эл сабынан калышпай.

Оор жүктү мага артсын –

Көтөрөйүн майышпай.

 

Тынчтык даны себилди

Жердин боорун канча октор кемирди,

Жердин боорун канча октор жемирди.

Жердин боору жараланып келатат

Жүрөгүнө жыйнап кандуу темирди.

 

Жердин боорун жараланткан темирди

Жогото албай канча заман чегинди.

Жакшылыкка жамандыкты тепсетип.

Жердин бети тартуулоодо эгинди.

 

Жердин бети тартуулоодо эгинди,

Жарак эмес, соко кылып темирди.

Жоготууга темирлерди кан тамган

Жер бетине өлбөс үрөн себилди.

 

Жер бетине өлбөс үрөн себилди.

Жараксызы арасынан терилди.

Жарык нурдун чаалыкпаган күлүгү

Жаңы өмүрдүн сапарына чегилди.

 

Жаңы өмүрдүн сапарына чегилди.

Жашартууга жабыркаган көңүлдү.

Жакшылыктын алоосуна каптатып,

Жер боорунан арылталы темирди!

 

Жер боорунан арылталы темирди,

Жер бетине өстүрөлү эгинди.

Жаратылыш жарык күнүн аябас,

Жер бетине тынчтык даны себилди.

 

Турар Кожомбердиев

Кол

Душмандар кол салганда, баштап кастык.

Мына бу колдор менен машаа бастык.

Көп жолу күрөк кармап ушул колго

Мертинген курбуларга мүрзө каздык.

 

Ушул кол мама кармап, чүкө черткен

Ушул кол чалгы шилтеп, отун керткен.

Ушул кол мыкчый кармап фашист колун

Жер жүзүн сактап калган ажал, өрттөн.

 

Ушул кол катар-катар үйдү курган

Ушул кол тоо томкоруп, дайра бурган.

Ушул кол зоокалардан гүл термелеп,

Албыртып сүйгөнүнө десте сунган.

 

Ушул кол камыр жууруп, бала бөлөп,

Карызын мончоктогон терден төлөп.

Ушул кол жерди күнгө теңелтсин деп,

Ойлонткон акылмандын башын жөлөп.

 

Соолутуп теңсиздиктин жараларын

Элдердин тыгыздатып араларын.

Ушул кол бекем кармайт ынак достой

Колдордун аппактарын, караларын.

 

Ушул кол беттен жазар бырышыңды,

Ушул кол сактап турар ырысыңды.

Тикенек, чалкандардан, «өкүргөн» кол

Мизинен сууруп алар кылычыңды.

 

Бул колду алтындатса кылар аздык.

Бул колго баа бербестик дөдөй, мастык.

Бул колдор тынч өмүрдүн калканчысы

Бөйтөйгөн бөбөктөргө жумшак жаздык.

 

Тууган жерге

Сен бир гана терезе

Бирок андан ай-жылдыз жерди карайт.

Сен бир гана чекитсиң

Бирок андан жүрөккө кандар тарайт.

 

Сен бир гана дараксың

Бирок ошол ааламга түркүк болот.

Сен бир гана жумуртка

Бирок ошол шаңшыган бүркүт болот.

 

Сен ширеңке жалгыз тал

Бирок ошол эритет темириңди.

Сен бир гана тамчы суу

Бирок ошол сактамак өмүрүмдү.

 

Тынчтык

Кубанам бейпилдүү ойнуңа.

Үшүсөң катамын койнума.

Бапестеп момпосуй сордуртуп

Баламдай мингизем мойнума.

 

Ыйласаң сүртөмүн жашыңды.

Ичпестен сунамын ашымды.

Баламдай ойногун тарткылап

Үксүйгөн капкара чачымды.

 

Сен барсың караңгы тарарда.

Сен барсың күн тоодон карарда.

Төбөмө көтөрүп жүрөйүн

Мейманга, майрамга барарда.

 

Тынчтык күн сенден ким жадасын.

Согушка сен дайым карасың.

Эме гой жарышып уулума

Жарымдын ак сүттүү мамасын.

 

Майрамкан Абылкасымова

Кыргыздын жигиттери

Өсүп келет кыргыздын жигиттери,

Өскөн окшоп жарышта күлүктөрү.

Бүгүнкүсүн мыкты деп бүтө электе,

Эртеңкилер уламдан бийиктеди.

 

Мамакеев, Байзаков, Боронбаев,

Баратканды оорудан жаза тайып,

Тирилткенге барабар коюп келет,

Колго түшкөн кишисин кылбай майып.

 

Ар бир күнү согушка катышкандай,

Ар бир минут от чачып атышкандай,

Ар бир кылган ишине эрип, түтүп,

Эт жүрөгү бүлүнүп ачышкандай.

 

Күч жетчүдөй негедир коргонууга,

Күмөнүм жок ооруга кор болууга.

Тирүүлүктү, өмүрдү кармап жүрөт,

Оо, Ата Журт, ушулар колдоруна.

Тенти Адышева

Гүлдестесин көтөрүп кыздар келет…

Айлыбызда бар эле жетим бала,

Ээрчип жүрчү кургурду эчен балаа…

Элпек жели маңдайын сылап өтүп,

Эне болду бир ага сары талаа.

 

Айлыбызда чоңойду ошол бала,

Жаш муруту кылайып жаңы гана.

Жаш башынан өткөрүп далайларды

Бирок билбей жүрөгү сүйүү гана.

 

Кол салганда фашисттер бети кара!

Жоо бетине аттанды жетим бала.

Кош айтышып кол булгап кала берди,

Энесиндей мээримдүү сары талаа.

 

Кучакташып от менен күйгөнүндө,

Кубалашып ок менен жүргөнүндө.

Келди сүйүү жылмайып а балага,

Кан майдандын кысталыш күндөрүндө.

 

Санитарка каратат караанына,

Шам жагылып жаш кыздын маңдайына.

Талаа жерде жолуккан татты сүйүү

Талпындырды баланы таалайына…

 

Кыл муруту кылайган жоокер бала,

Кырк чородой сурданат алга бара.

Кызды сүйгөн жүрөгүн ок жаралап,

Кучагына жашырды оттуу талаа!..

 

Оттор өчтү талаада күйүп-жанган,

Гүлдөр өстү бейитке анда калган.

Гүлдестесин көтөрүп кыздар келет,

Алкышы деп адамдын тирүү калган.

 

О, жигиттер!

О, жигиттер!

Сен болбосоң билбес элек сүйүүнү,

Түтүнү жок кимдин күймөк жүлүнү.

Айлуу түндө көлбүп көңүл көлүнө

Чечилмекчи кантип сырдын түйүнү.

 

О, жигиттер!

Сени бизге бербес болсо табигат,

Жүрөк балкыр кызык күндөр болобу.

Жашоо майрам сан күлкүлүү салтанат,

Көңүл жаркып кызыл гүлдөй болобу.

 

О, жигиттер!

Жетпей жүрсөк кумарланып эңсейбиз,

Алыс кетсең арман ашып эстейбиз.

Биз аялдар бир кызык жан болобуз

Бирге жүрсөң кээде баркың билбейбиз.

Сенсиз бизге бакты азын эске алып

Дайыма аны көңүлгө биз илбейбиз.

 

Азада Бегимкулова

Кыргызымдын мырзасы

Ат жалында шамалдай ойнобосо,

Ала-Тоого жүрөгү толгобосо,

Ата-Журттун эртеңин ойлобосо,

Андай жигит Мырзасы эмес элимдин.

 

Кылыч болуп душманга чабылбаса,

Сен дегенге селдей каптап агылбаса,

Жерин коргоп жарагын тагынбаса,

Андай жигит Мырзасы эмес элимдин.

 

Бабалардын салтына багынбаса,

Кырк чилтенге сыйынып, жалынбаса,

Имерилип тоолорун сагынбаса,

Андай жигит Мырзасы эмес элимдин.

 

Калпак кийип башына эрденбесе,

Калк ишине билек түрүп шерденбесе,

Жети атасын сурасаң билбейм десе,

Андай жигит Мырзасы эмес элимдин.

 

Чертмек чертип, обон созуп ырдабаса,

Адал менен арамды ылгабаса,

Ата сөзүн баш ийип тыңдабаса,

Андай жигит Мырзасы эмес элимдин.

 

Кыздарынын намысын коргобосо,

Абийир үчүн чеп болуп орнобосо,

Энесинин көз жашын ойлобосо,

Андай жигит Мырзасы эмес элимдин.

 

Аялынын айтканынан чыгалбаса,

Камчы сабын колуна туталбаса,

Акыйкаттын ачуу үнүн угалбаса,

Андай жигит Мырзасы эмес элимдин.

 

Бири сымал көктө толгон жылдыздын,

Бири өңдүү сууда сүзгөн кундуздун,

Көп ичинде баш калкалап күн көрсө,

Андай жигит Мырзасы эмес кыргыздын.