Сүйүнбай Эралиев: Ак Мөөр

Окуучуга

Ак Мөөр кыздын күндөй жарык элесин,

Билем сен да унуталбай келесиң.

Укканың да, балким, бардыр эсиңде,

Соң-Көлдөгү анын соңку керээзин?

Аны кайра бүгүн сага апкелдим.

Жай олтуруп, сыр алышкын сен өзүң.

Кокус кетсе махабатың ойгонуп,

Эркине кой, ээлейм десе ээлесин.

 

Ак Мөөр анык турган болсо оюңда,

Аттан анда алыс Соң-Көл боюна.

Көл шарында сүзүп ойноп шарактап,

Ал алиги кыздар курган оюнда.

Аңдып жүргөн жигиттер да канчалык,

Арзысак деп ал бир карап коюуга.

Көптөн көрбөй, куса болуп санааркап,

Сагынганым алам мен да моюнга.

 

Баягы көрк, баягы эрке сулуулук,

Алынгандай ай жүзүнөн суурулуп.

Сулуулук – бул белек экен бир келген.

Жаз гүлүндөй сыйга турчу сунулуп…

Ким самабайт: «Алып качар белем деп,

Ак туйгундай «ап» этип бир сугунуп?»

Кой эртерээк Соң-Көл жакка кайталы,

Күн ачылып, тарап барат сур булут.

I Бөлүк

Суу боюнда

Алда кимге түшсө жаштык сынагы,

Албууттанбай санаа ордуна тынабы?

Мас кылгандай башты айлантат махабат,

Билбейм десең, ага кыйын ынануу.

Сен канчалык сырга сараң болбогун,

Сезет аны, сезет достор ынагы…

-Мөкүш, сенде бир кебим бар, -деп күлүп,

Батыш барып ага өз боюн кынады.

 

-Курдаш элек, качан сырлар катышкан,

Аядың го азыркыңды ачыштан?..

-Койчу, Акиштай?

-Бөөссүнбө, шегим бар…

Сынай карап – шыңк-шыңк күлөт Батышжан.

Мөөр да анын моюнуна асылат:

-Кайран Батыш кайсы шекке чатышкан? –

Жулмалашып экөө бирдей каткырат,

Чака кармап сууга бара жатышкан…

 

Мен кыйналам кыздар көркүн жазганда,

Ышкым түшүп, ыклас отун жаксам да.

Аны куду: «Айдай» «Күндөй» деп мактап,

Жерден алып жеткире албайм асманга.

Көңүл толбой кейир буга кээ сулуу…

Ыраазы элем, көп болбосо аз санда –

Акындыктын чабалдыгын кечирчү –

Ыр сыйлаган кээ бирөөгө жакса анда.

 

Турмуш мол го – далай, далай бар сулуу,

Ар сулуунун өз-өзүнчө баркы улуу.

Мөөр сыны: аппак ыраң, кара көз,

Кырдач мурун, субагай бой-чарчылуу.

Ичке кашы жүрөк тешчү жебедей,

Саал ийилип, саамай жакка тартылуу –

Бир жазылып, бирде азыраак жыйрылат

Сүйлөп жаткан сөз ыргагы аркылуу.

 

Ичке бели, шоода төккөн бурагы,

Узун кирпик – мелт деп жаңсоо ыраагы,

Кызгылт тарткан эриндери мөлтүрөп,

Кыз деминдей жылуу таза бу дагы.

Тең төгүлүп жибек талдуу чачтары

Жука үлбүрөп алкымынын туру агы.

Тирсийиңки көкүрөктө кош алма,

Мүмкүн жеткен, бышса-бышар курагы.

 

Оолжуй түшкөн суйсалыңкы басыгы,

Жылмаюусу – окшоп өмүр азыгы,

Сезимге аткан чайттай ачык жамалы –

Кайрыгандай качанкы өткөн жазыңы.

Сөз соңунда ойлуу калат кылгырып,

Же бул күткөн сулуу заттар назыбы?

Ак сүйүүдөн эркелигин сермелейт,

Анысында жоктур жаштык жазыгы!..

 

Берки Батыш шайыр кыздын бирөөбү,

Күлгөнүндөй сыр катпаган жүрөгү.

Толмоч мүчө, кой көздөрү жоодурап,

Оймок ооз, ак саргылдуу иреңи.

Ачык неме туура сөздү тике айтчу,

Учур тозуп, келер дебей бир эби.

Ынак күтүп, таттуу болсо курбулук,

Дайым минтип бир биринин тиреги.

 

Бири качып, бири четке чыкты, ана,

Кууп жетип, колдон алып чып гана,

Булка тартып, булактаса Ак Мөөр кыз,

Үстүндөгү кызыл баркут чыптама,

Кош этектүү чубалжыган ак көйнөк,

Көк шалы ойгон өкчө өтүк бутта да,

Үкү таккан жазы кундуз тебетей,

Жай түрүнө жарашкансыйт куп гана.

 

-Айтсаң, айтсаң, кай сыр экен катканым?

-Байкап калдым көптөн ойго батканың.

-Кандай ойго, –

-Жакшы угулуп турабы?

Ошол чыгар сүйүү даамын татканың… –

-Сүйүү дейби? – Мөөр күлүп тим болот.

-Жакшы эмеско жашыргансып жатканың?..

Кыз түйшүгүн курбусунан катчубу –

Мейли өзүң бил, айтпайм десең айтпагын…

 

-Кой ишенбе, бул айтканың элдеги,

Алда кимдин апыртмалуу жел кеби. –

Жандай басып колтугунан кармады:

-Жаш күнүмдөн жашырчу элем мен нени?

«Ойлуу» дейсиң, анда кандай айып бар?

Ойлосун деп жараткан го пендени. –

Батыш айтат: – Саал кысталып жатасың,

Жакшы ошентип кызды уяты жеңгени. –

 

-Ай Батыш ай, таарынгансып калдың да,

Кана, кана кадимкиңдей жалжылда! –

Өпмөк болот колун артып мойнуна:

-Ырас сүйүү, болор иштир алдыда.

Азырынча сүттөй акмын, – деп гана

Күлүп койду, күнөм кошуп калжыңга. –

Жашыл беттен бирин бири куушуп

Кең жылгага кирип келсе – дал мында:

 

Жалт – жулт ойноп, күнгө күмүш сыяктуу,

Түркүм тилдүү, кыл комуздуу, кыяктуу;

Жардай эңсеп, көлдөн тозуп чөмүлүп

Каз каркылдап, канат чапкан буга аккуу;

Мөңгү жактан түн салкынын жеткирип,

Бой чыйралткан кечки илеби бубак – буу;

Колот ылдый агып жаткан ийрилип,

Жылаажын үн, мөлтүр кашка булак суу.

 

Чыккан жайы, аккан орду туруктуу –

Тоо коюну, кыз пейлиндей тунук суу,

Шылдыр – шыңгыр тартып жаткан күүлөрү –

Жароокердей миң бир эки кылыктуу,

Жээгин бербей гүл бурагы ыргалат,

Кайдан болсо жыпар бүркүп буруксуу.

Моюн алышып, катар жатып, кызга кыз

Өйүзүндө сыр чечишет – муну ук суу;

 

Сен да окуучу өкүнүч кылба муну укпай,

Эркти байлап тап жылдырбай, бурултпай,

Кездер келет тынч ойлорду козгогон,

Жакшы элесин сен карманар унутпай…

-Унуталбай бир зор күчкө тартылам,

Үстүн ылгап, улам түбүн тунуктай.

Самоо менен санааларга соктугам,

Шамал тытып, удургуткан булуттай.

 

Жеңил, жумшак, желине окшоп жазгы айдын,

Мени козгоп, алыска айдайт өз дайнын

Кыйры чалкар ээндикте зымырап

Закым болуп сары изинен жазбаймын,

Бакыт учун балга малып олтурсам

Эрип, эрип калбай кала жаздаймын.

Жок, Батышжан, кандай десең андай де,

Соо эмесмин, мен сүйүүгө мастаймын…

 

Өмүр, жашоо жарашкансыйт, жаккансыйт,

Кымбат көрүп, кыл торкосун жапкансыйт.

Тунжураткан оор уйкумдан ойготуп,

Күнгө жанып кош канатын каккансыйт,

Мен бараткан жеңил кеме дирилдеп,

Жаштык ташып, жаба салып аккансыйт,

Ойноо кездер алыс калып кылчайбай,

Жылдар окшоп жылып-жылып жаткансыйт…

 

Турмуш – дайра, кечип өтпөй сүзүп өт,

Ким ойлоптур сүйүү минтип түзүлөт?

Түштөгүмдөй түйшүгүнө туш келем, –

Дейт да үшкүрөт, сурмалуу көз сүзүлөт.

Сүзүлгөнү – ширин, таттуу кыялдар

Маржан болуп маңдайына тизилет…

Батыш ойлойт: «Ай талаанын ак гүлү

Багы болсо өз теңине үзүлөт.

 

«Чын» дегенсип, шыбыш салып, сырга ашык

Леп-леп этип, тоо жели ойнойт кырды ашып.

Аңган сайын бир тарапка бет коюп,

Ыктай берди чөптөр башын ыргашып,

Дилдирттетип кошо козгоп саамайын,

Жай сылаган шоокумуна жыргашып,

Кыздар жатат – жанды эргиткен жакшы ойдун

Каркытынан улам жутуп бир кашык.

 

Жай имерип, батма кыздын түймөсүн,

Мөөр эстейт, жаш күндөрдүн бир кезин:

«Тагдыр жазып, мүмкүн мында келбесе,

Жүрөт беле эрктүү сезип, үйдө өзүн

Өтөт беле жатак жакта өмүрү

Кыз башында тартпай түйшүк дүйнөсүн?

Укпайт беле, ойдо жокто маминтип

Махабат деп, жүрөк тилсиз сүйлөшүн?!

 

Бирок дагы сүйүү курса салтанат,

Тап жылдырбай тушоо салып шол замат,

Шашма кылып, сабырынан тайдырып

Үмүтүнө дарттуу санаа бал тамат.

Жедеп көздөп, бүт берилип алганда,

Ал жалтанбайт, ажал андан жалтанат.

Биздин Мөөр көптөн мындай абалда,

Анан кантип, анан кантип ал танат!»

 

Эч таналбай… Торгоп келген курчалып,

Сүйүү күчүн болоттон да курч алып,

Жалаң ал деп, ал дегенде зырп этип,

Ичке от кетип, жүзүн кошо нур чалып,

Кээде адашып үйдү тыш деп түшүнүп,

Ойлуу токтоп бир ордунда тынч алып…

Сөз сурасаң, укпай аны «я, я» лап

Өзү уялат не болгом деп мынчалык?

 

Канча болсо жарыңды эңсеп бат – шашуу,

Ошончолук кечтейт дешет, баш кошуу…

Үйдө олтурса тура чуркап шыкаалап,

Тышта жүрсө тиктегени – Башкы – Ашуу.

Анткен менен күткөн келбей көбүнчө

Ылдам жетет, тунук түшкөн кашка суу…

Келип бирок, бир сөз айтпай саламга

Жөнөй берет, соктугат да ташка суу.

 

Кирсиз обо, жылдыз төккөн майдалап,

Дүйнө баккан күзөтчүдөй ай карап,

Сүт сүрткөндөй аппак жаткан түндөрдө

Эч кимге айтпай, жылга жакка жай барат.

Жалгыз каңгып эмне жүрөт түшүнбөйт,

Жел гана ойнойт этек-жеңин жалмалап.

Кийин билип, эне туруп жок издеп:

«Ай каралдым, ай күнүм» деп жалбарат…

 

Мөөр! Мөөр! Махабатта баары бар:

Жанган алоо, темир аяз – каары бар,

Илбирсче ыргып, жар таш боорун чапчылап,

Үрөйдү алган коркунучтуу шары бар…

Кыйык келер, кекчил келер жашчылык,

Мейли ошентсе – эркине кой, ары бар!

Ким сүйүүдө токтоо болсо, ал түбү

Кубанч табар, маңдай балкып жарылар!

 

Бүткөн белем Мөөр айтып басылат,

Сыр чечүүдөн чер жүрөктө жазылат.

«Ай кантет» деп жаштыгына чочулар,

Эрки күчтүү сүйүүлөргө басынат…

Кыз күлүңдөйт, күнөө күтпөс баладай,

Бирок Батыш: «Ал ким, айт?» деп асылат…

Ошол кезде арттан жылкы азанап,

Жакын келди дүбүрттөтө басып ат.

 

Тура калып кыздар жалт-жалт бурулат.

Тизген өңдүү кылка кызыл шуру улап,

Жээрде жылкы катар туруп суу жутат,

Жигит түшөт, каңтаргада буурул ат.

«Болотпу?» – деп Мөөр ичтен күбүрөйт,

«Болотуң!» деп жүрөк дүк-дүк урулат…

Жигит, селки шынаарлашып калышат,

Жибекке окшоп сөз ыргагы суурулат…

 

Жазгырдыбы, жаштык – сүйүү жамалы,

Кыз буйдалып, түгөнгөндөй амалы.

Үн каргылдап эркин жыйбай дирилдеп,

«Эсенби» деп айтууга араң жарады.

Болот болсо «санаалуубу» деп санап,

Күйпөлөктөп калбай жүрөт жан-алы.

Биз, эркектер, сулуулардын алдында

Бир байкушпуз, муну кантип таналы!

 

Тургандыктан көп салт буга тескери,

Өтө аз болот кезигишкен кездери.

Көп көрүшпөй сагыныч толгон чактарда,

Кызга кымбат жакшы элесин эскерүү:

Шыңга бойлуу, көөдөй кара мурутчан,

Калдан бүткөн кызыл жүздүн кез жери.

Кырдач мурун… дайым башта ак калпак,

Ойлуу карап, басмырт чыгат сөздөрү.

 

Ушул чыгар ак билегин тутканы,

Жигит кармап, өзүн көздөй булкту аны.

Бир жагымдуу мүнөз менен толгонуп,

Качкан болуп Ак Мөөр ага ыктады.

Ошол кезде эрктен тайып кетти да,

Кынай кысып ууртунан жыттады.

«Бул эмнең?» деп уялтарын күттү эле,

Бирок сулуу минтип сөзгө жыкпады…

 

Ашыктыктын ак жолуна келишкен,

Кыз-жигиттер далай минтип өбүшкөн.

Жыргал экен жанга ыкылас жеткирип,

Бой чымырап махабатты төгүштөн,

Күн чапчылап күр-шар эткен сүйүүнүн

Бирге энтелеп тереңине чөгүшсөң!

Биринчи өбүү! Бул не деген жакшы учур,

Келечекке кепилдик бар көп иштен!..

 

Булаң этип, бошой берип кучактан,

Кыз бурулду курбусуна узаткан,

Деген өңдүү: «кимди сүйдүм билдиң го,

Эркем эми өзүң тоскун ушактан?

Көрбөдүңбү менде кайдан айып бар,

Жылалбадым жаштык жайган тузактан!»

Кыз кылмыйып салааларын ушалайт…

Ал кайсы күч албырыңкы кызарткан?!

 

Шылдырттаган күүсүн тыңшап олтуруп,

Болсо экен деп, бактым мындай мол, тунук,

Мөөр анда жакшылыкка ой жооруп,

Таза өзөндөн суу сузгандыр толтуруп.

Ойго алданып шибер жалдап баскандыр,

Катарында даңгыр даана жол туруп…

Бир чака суу, тоодон аккан тунук суу,

Таттуу белең талаштырар кол сунуп?

 

Ак Мөөр

Күмөн кылбай, ишенчине тайкы алып,

Сүйүү деми ышкы отуна айкалып,

Үмүт бекип, жаш жүрөгү анталап

Соккон сайын суу чакада чайпалып,

Чапчаң басып тигил кырды жаңы ашкан,

Жылмайыштуу кыз сүйүүсүн байкадык.

Бара турсун… а биз мында аялдап,

Арттан бир аз кабар алып кайталык…

 

Тоо алдында жылгалары каттала,

Сырдуу жаткан коңур желдүү Ак-Талаа.

Ичти ысытып, сезимине чок салчу,

Жалжылдашкан сулуулары мактала,

Илгертеден эл оозунда келген жер,

Суулары айтып кыз күлкүсүн жат гана.

Сен окуучу сүйдүң бекен бирөбүн,

Жаш күнүңдө жашап ошол жакта да?

 

Ошол айткан салкын булак Ак-Талаа

Куланакка чектешерде нак гана,

Кырчын, сыйда көк тал өскөн жайык бар

Нарын өтөт, ортосунан как жара.

Ошол жерде олтурчу экен бир боз үй,

Кышта сууп, жайда ысыкка кактала.

Паана өңдөнүп маңдайында турчу экен,

Жалгыз короо жана да бир аткана.

 

Байлыгы артып, бак-дөөлөтү ташпаган,

Жармач болуп, жардам күтпөй башкадан.

Журт ичинде өз оокатын тың көрүп,

Жай кыбырап, эмгегинде шашпаган,

Түркөй өсүп, заман жөнүн аз таанып

Бар билгени тоо айлынан ашпаган,

Анткен менен кичи пейил бир сырдуу,

Адил ата калыс жүргөн жакшы адам.

 

Биз баарыбыз алдык мектеп таалимин,

Ата, энедей алпештетип маалимиң,

Билим берди, ак кызматын аянбай –

Кезек алдык журт жүгүнө а бүгүн…

Жанга батат кечээги өткөн бабалар,

«Бил, оку» деп сүрөдү эле аны ким?

Туюк келип, туюк бойдон кетти алар,

Бир көз ачып билбей турмуш кадигин…

 

Жок болсо да түз жолунан бузган жан,

Адил анда жарын эпсиз кызганган.

Кээде агынан ыйлачу экен бечара,

Айтса ишенбей эри шекшип кыскандан.

Жаш кезекте болот дешет мындайлар…

Бирок кийин анын баары кыскарган.

Маржанкүлү узу чыгып уздардын,

Сайма түрлөп, салаага оймок кыстарган.

 

Таза жууп ак кийинтип байына,

Ызат кылып жадыраса дайыма,

Окшочу экен майдын жумшак түнүндө

Көлгө түшкөн көктүн кирсиз айына,

Бир бөтөнчө көрк бергенсип турчу экен,

Камдуу карап үй тирилик жайына.

Кыз тапканда жентек берип, канча элди,

Карк кылган дейт жалгыз уйдун майына…

 

Бакыт эңсеп, эртеңине күлүңдөй,

Сынга сыпаа төрдүн кирсиз гүлүндөй,

Же туйлаган күмүш кашка булактай

Ээнде агып, тунугунан бүлүнбөй,

Жанга камсыз ууз, таза кездери

Улам артка уурдалып билинбей,

Кыз жетилди түнт тарапта, чет жакта,

Биздин тоолук көп кыздардын бириндей…

 

Көгүш, таза тукаба ороп этине,

Тамылжыткан нурлар балкып бетине!

Лента байлап, уяң карап жымыйып,

Мүнөзү окшоп назик кыздар нээтине,

Бойго таккан күмүштөрү шылдырттап,

Жаз келгенде жаркып короо четине –

Кайрылбастай тоо башына кыш кетет,

Аздап-аздап ак чапанын чечине.

 

Талаа көпкөк… кырда текей, мандалак,

Тоо гүлдөрү андан таза андан ак.

Мурунду өрдөп шыбак жыты буркурап,

Жылгалардан булак оргуп чамданат.

Жарда жуушап, козу-улактар чубактап,

Куштар учуп, уясына камданат.

А тигинде башын салып өбөктөп,

Араң тартат жаз кошуна салган ат.

 

Жөн өлчөй да, жыл наркына карай да,

Төккөн терге төлөмдөрү бар айда,

Мөөр барат түштө тамак жеткирип,

Аз сабырлуу, ата-дыйкан бабайга.

Бирок дагы айдоо, себүү учуру,

Эрте бүтпөй, узап кетет далайга.

Эми ойлосок ал күндөгү буурусун,

Эптеп эле жашоого экен жан айла…

 

Чагылгандар найза учундай октолуп,

Чарт-чурт этип, алоолонгон от болуп,

Жамгыр төккөн күн күркүрөө маалында,

Суу болгончо сыртка атайы токтолуп,

Мөөр ойлойт «чачым узун өсөр» деп,

А кеч кирсе жылдыз көктө топтолуп,

Эрте кайткан турна үндөрүн тыңшачу,

Кыйкуулашып түнгө кеткен жок болуп.

 

Издегендей кайтпас бакыт жыргалын,

Жээгин карайт мөлтүр булак жылганын.

Кээде тиктейт жаштыгынан таңыркап

Көктө удургуп булуттардын жылганын.

Ак көңүлдүү пейли менен ишенчек,

Кечки жорткон желдерге айтат сырларын.

Анан үйдө ээн калган кезинде,

Жакшы көрүп созот кыргыз ырларын.

 

Керегине тоо арасын суусаткан,

Кез мал жүктөп, ат каржалтып узактан,

Олжо кууп келе жаткан соодагер,

Жибек сууруп кыздар көзүн кызарткан,

Шарты барда аз каржылуу ата-эне,

Аянчу эмес кызга кылчу ызаттан.

Бирок Мөөр: «кыйналышар» деп ойлоп,

Эчендерин көрмөксүнтүп узаткан…

 

Ал аңгыча жай кылтыйып баш багат,

Жай келгенде көчүү маалы башталат:

Жер дүңгүрөп, тоо тарапка мал өтөт,

А жатакта башка сүрөт, башка адат:

Жүдөө чобур суу боюнда чымындап,

Шыйпаң этип жонун карай баш кагат.

Сайгак тийген уй өңкүлдөп жай таппай,

Аркандагы чебич маарап какшанат.

 

Эчен-эчен жыртык боз үй, алачык,

Күйүшөрдөй бири-бирине жаны ачып,

Тобун жазбай суу жакалап конушат,

Жайда өздөрүн жатак айлы санашып.

Жок болсо да өрүш толгон көп малы,

От тутанткан очоктору жанашып.

Эрте, кечте түтүндөрү тең тарайт,

Жел жапырган өз багытын талашып.

 

Жайда көрктүү кыр башында бак бар жак,

Алдында суу, суусунда ойноп ак чардак.

Анда азгырып жеңил жаштык кумары,

Кыздар келет тезек издеп, кап кармап,

Шаңк-шуңк күлүп, оюн кызып алганда,

Ойдон чыгат: кайра үйлөргө бат бармак.

Кейип-кепчип мында күтөт энелер.

«Алар кайда айтканыңды аткармак…»

 

Жатак айлы опур-топур кечкисин:

Музоо мөөрөп, кемпир кайрып эчкисин.

А мынакей тамак камын дааналап,

Асманга атты бурк-бурк эткен көк түтүн…

Жаңы келди чөп чабыктан кайткандар.

Үйдө угулат сырттан чыккан кеп бүтүн.

Чурулдашкан балдар үнү басаңдап,

Бир оокумда өз эркине кетти түн…

 

Ата кирип бир аз үйдө жайланат,

Анда Мөөр нан белендеп, майды алат.

Элпек басып, дасторконун жаят да,

Чалап коет сыр кесеге жаймалап…

Курсант болуп кызды берген кудайга,

Адил ичтен миң мертебе айланат.

Аны сезбей Мөөр отурат от калап,

Алоо учат казан түбүн аймалап…

 

…Кармап көрүп кырдан казган эндигин,

Сүткө чалып, «кызарды» дейт эмдигим.

Жок кайтара кыздар менен гүл терип,

Өрдөп барат Ичке-Сайдын өндүрүн.

Мына, мына эски шайтан көпүрө,

Өтөм десе, жоготкондой теңдигин,

Учуп кетти… – Апа! – чоочуп ойгонду:

-Ай, ай Мөкүш бул бакырган сенби, ким?…

 

Кулак түрөт дүйнө түгөл тынчтыкта,

Кырр-бырр уктайт таргыл ала мышык да.

Тышта тынбай сары күчүк борсулдайт,

-Ай балакет, бул ушундай бышык да,

Таң аткан бейм… кайра дагы чий токуп,

Үйдө олтуруп кир жууганың ысыкта…

Дене алсырап салкын күзгө жан тартат…

Деги ойлосоң турмуш деген кызык да!.

 

Куусаң кылып жашыл жапкан белди аркы,

Кууп-сүрүп, мында жайдын келди арты.

Күүгүмдө учкан коңуз үнү дыңылдап,

Түнөгүнө кыргый менен тең барчу,

Коон жүздүү, алма жыттуу жакшы убак,

Төрт мезгилдин эң камбылы, эң марты.

Күз ай, күз ай! Жыргалыңа канбагам,

Кымбат тийип, жийде бышкан жер баркы.

 

Жел козголсо, эркелигин кырга алып,

Тармалданып, өлөң сазда ыргалып.

Албууттанган жазгы суулар басаңдап,

Акырын жай, агымында бир калып.

Шилби тагып, жийде курдуу мөмөсүн.

Чоктой кызыл тобулгуда нур жанып.

Ыңкып турган күздүн мындай элесин,

Мөөр тиктейт, кайтпас кумар сырга алып.

 

Жыл суз тартып, күз ортолоп барганда,

Түшүм камы бирдей келет бар жанга.

Адил басып «орток» алган арпасын

«А кудайлап» дан жоруптайт Маржан да,

Аз кармалып үй ичтерин ирээтттеп,

Кээде алардын кызы келет жардамга.

Бирок кантип кара жанды карч урба,

Заман өзү нанга, данга жарды анда.

 

Кыйры чексиз дан деңизин тебелей,

Калкылдашып комбайндар кемедей.

Кызыл тарткан машиналар шарактап,

Боз чаң арткан жол өйдүңүн кенебей,

Молотилка саман бүркүп буркулдап,

Боо чак келбей, үстү-үстүнө «кенелей»,

Азыркыдай эгин басуу анда жок,

Өткөн күндөр «оп майдасын» жемелей.

 

Жерди чүмкөп жөө тумандар утуру,

Аба оордоп, желден нымык жыты уруу,

Күүгүм талаш кеч кайткандай жыйындан,

Самсып учкан каргалардын уу-чуру…

Күбө өңдөнөт күздүн бүтөр соңуна,

Далбалактап сар жалбырак учуруу.

Андан ары кыламыктап кар түшүп,

Кирип келет кыштын кыйгач учуру.

 

Ак буурадай чуудаларын булгалап,

Атырылып бетти чапчып бурганак,

Үлпөк карын чапаныңа чаптаса,

Пахта өңдөнөт жөн жабышып турган ак.

Ал аңгыча бороон жондон ышкырат,

Аткып-жулкуп үй капшытын тырмалап.

Тоңгок ийлеп ызгаарына дем берип,

Жүзүн үйрүп, аяз андан сурданат.

 

Кырда угулчу жорткон бөрү үндөрү,

Оор, сүрдүү кыштын ошол түндөрү.

Шыбыш салып энеси айткан жомоктор,

Муңдуу тийип кызды айрыган бир жери…

Анан коркуп көпкө жатат уктабай:

Кайрылгандай аккан жылдар илгери,

Кылыч жарк деп, найза учтары кылкылдап,

Дөөлөр кулап, качып кара жиндери…

 

«А бу кайсы? Кокуй, мына зор кагыш,

Сок,-дейт-Бугу, сок, дейт-сен да Сарбагыш.

Ай кудай ай, эмне болуп кетишет,

Эки уруу эл экөө бирдей канга жыш.

Катын боздоп, чыр-чыр этет балдары,

Үй өрттөнүп, мал таланды… «Кол кабыш?»

Ай талаада кансыраган эр жатат…

Келди мына дүбүрттөгөн бир дабыш…

 

Башын катат төшөк учун тарткылап…

Дале боздоп, дале бороон каткырат…

Таттуу ойлор, термеп, таптап апкелип,

Тынч көшүлткөн уйкусуна жаткырат.

А бир кезде чолпон келет саламга,

Адил үйү эрте ойгонуп, бат турат.

Тигил тышта чөбүн бүт жеп, чыйрыгып,

Ээсин күтүп окуранган ат турат…

 

Салт кубалап, кыз себине камды ойлоп,

Эне олтуруп адатынча алды оймок.

Ата кетти сыртта бүтчү иш менен,

Кыз милдети – үйдү жыйнап, чай коймок.

Анан мына, элпек басып тыпылдап,

Сууга барат кардуу кашат сай бойлоп…

«А тиги ким? «ким» – дейт, – киндик энеңчи!»

Билет, билет…эчен жылдар ал бойдок.

 

Уккан жана анын көп-көп жайларын.

Дале болсо калптан бир аз айдарын:

-О, хоо! Мөкүш, кагылайын аманбы?

Кандай жакшы кыз болгонсуң жайдарым!

Апаң барбы? Атаң мени ойлойбу?

Али эсимде коңшу отурчу айларым.

Түзүк, түзүк… бойго жетип калыпсың,

Эми унутпа кызды сүйүү байларын?

 

Кыз уялат. Берки болбой кеп салат:

-Ээ садага, бизден да өткөн көп санат,

Жаш күнүмдө тооруп калдым мен бирди,

А жөн эле келбетинен эс танат.

Жүрүп, жүрдүк көзү өткөнчө билген жок,

Байкуш эрим, мени ак экен деп санап.

Сүйүү деген – бир балээ го азгыргыч…

О, ал күндөр келбейт эми, – деп калат.

 

Мындай сөздү Мөөр көрүп жатыраак,

Суу боюнан үйгө кайтат батыраак,

Кыш олпогун чыйырына каткан жол,

Калып жатат таманында катырап.

Жылт-жулт этип шекер сепкен талаалар,

Бет каарыган таза абасын качырат.

Күмүш жапкан бутактары селт этип,

Араң турат кайың жолдо качырап.

 

Ар адамдын: «кайрыла кет бери» деп,

Тирүүлүктө ызатташар жери көп.

Сыйлоо деген – пейил түзүк эмеспи,

Күтпөсө да берип ак май, берип эт.

Апасы экөө минтип бара калганда,

Адеп күтүп, сыпаалыгын көрүп эп,

Биздин Мөөр ал үйдөгү кыз менен,

Төрдө үлбүрөп, чай алуудан эригет.

 

Намыс деген – кыз наамына бийик жер,

Ыйык сактап, кымбат көрөт, ийип көр?

Өз бактысын башкалардан эрте ойлоп,

Тартат далай таттуу санаа күйүттөр.

Бир-бирине атаандашкыч келишет,

Анткени алар – байге атындай үмүткер.

Бирок муну назиктиги байкатпайт,

Анте алышпайт, биздин кээ бир жигиттер.

 

Токтоо кармап, эстүү тутуп өздөрүн,

Эске алышат, кечээги өткөн кездерин…

«Билесиң го палан кызы, түгүндү –

Ал жакшы эле, алыс кетти көз көрүм,

Жататко эми чалы менен жытташып…»

Шыңк бир күлүп, чукул буруп сөздөрүн.

Анда Мөөр: «Кой табалап күлбө» деп,

Корккон өңдүү жалжылдатат көздөрүн…

 

Мында өзүнчө кажы-кужу энелер:

«Силер быйыл салык тарткан белеңер?

«Тери тапсам үйдөгүмө тон тигем,

О кудагый, анда айттырбай келегөр…»

Анткен менен булардын эч жөнү жок,

Кылыксынган кыздарына теңелер –

«А-ф!» деп коюп, тынбай согуп жатышат,

Аш кадырын жакшы билген эмелер.

 

Сыйлоо бүтүп, сырга жазып кусасын,

«Кош, кош!» айтып келген конок узасын,

Бая олтуруп байкап калган кыйды эне,

Эми ачкансыйт ички сырдын ызасын:

«Сен куруп кал, жеңил мүнөз ойсоке,

Көрчү Мөөрдү, көрчү ошонун ызаатын?

Ай чиркин ай, мындай басмырт болорбу –

Кыз ошентип сактаар болсо кыз атын!»

 

Мөөрдү да үйдө энеси тескерет:

«Кыздар жөнү жигиттерден өзгөрөөк,

Дайым болбойт ата үйүндө турар күн,

Эртең эле кыз конушу өзгөрөт.

Мына ошондо кимдин кызы, кайда өскөн,

Жакшы бекен? Далай сынчыл көз көрөт…»

Анан дагы эркек кетип баратса,

Алдын тороп өтпөө жолун эскерет.

 

Эне сынчыл, сынай турган кези көп,

Тилейт дайым «эстүү болсо өзү» деп.

Ынак көрүп чынчылдыгын, мээримин,

Миң кагылып, ичи ылжырап эзилет.

Ар убакта апа оюнда кыз маалы,

Али ууздай али эртедей сезилет.

Анткен менен бой жеткендин белгиси,

Алгач эле сүйүүсүндө кезигет.

 

Өзү эскертип көп ойлордун тармагын –

Бойго жетсе «бөтөн жерге» бармагын…

Бир түнү анан эрин түртүп ойготуп:

«О баланча кыялынан кармадым,

Кызың кургур билет окшойт бир неме,»

Анан буулуп айта албастан ар жагын;

Бышакташкан энелерди билчүбүз:

«Бизди таштап кетер бир күн ардагым!..»

 

Туура айтасыз… Турмуш агат тамчылап,

Тизгин тартпай, мезгил атын камчылап,

Кары ордуна жаңы өспүрүм жаш келет,

Кайрылганча өткөн жолуң канча убак?

Каршы алдыңдан сүйүү тосот күлүңдөп,

Суусун сунуп, өмүрүңө бал чылап.

Ансыз жол жок!.. Кайттык анда Соң-Көлгө

Бизди күтүп бир жыл жатты ал чыдап.