С.Батыркулованын “Каректе калган издер” китебинин бет ачары өттү

А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында акын, жазуучу, журналист Сайра Батыркулованын “Каректе калган издер” китебинин бет ачары болуп өттү. Аталган китеп автордун жазуучулуктагы алгачкы дебюту. Бул – китеп Эл агартуунун отличниги, КР Эмгек сиңирген мугалими, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендеринин ээси, Баатыр эне Шааркан Кенжегулованын өмүр жолун чагылдырган даректүү китеп.

Иш-чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл акыны К.Бакиров, КР Жогорку Кеңешинин депутаты М.Самыйкожо, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С.Аманова, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү С.Тоялиев, КР Ардагерлер кеңешинин төрагасы Т.Какчекеев ж.б. акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, журналисттер, китептин баш каарманы Ш.Кенжегулованын шакирттери катышты.

Автор менен каармандын бирге отуруп, окурмандар менен жүз көрүшө маектешип, алардын суроолоруна жооп берип тургандыгы катышуучулардын кызыгуусун арттырып, мындай форматтагы бет ачар биринчи ирет өтүп жаткандыгын баса белгилешти.

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С.Аманова Президент С.Жапаровдун атынан авторду жана каарманды куттуктады.

Китептин бет ачарында сөз сүйлөгөндөр С.Батыркулованы жазуучулуктагы алгачкы ийгилиги менен куттуктап, китептин артыкчылыктарына токтолуп, жаш жазуучунун айрым кемчиликтери жөнүндө да кеңештерин айтышты.

Иш чара этно көргөзмө менен коштолду. Бул көргөзмөгө Ш.Кенжегулованын да кол эмгектери коюлган.