Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов акын-жазуучулар менен жолукту

КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов маданият ишмерлери, тактап айтканда акын-жазуучулар, төкмө акындар менен жолукту.
Жолугушууда төрага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан маданият жана адабият ишмерлерин кыргыз элинин маданий-тарыхый мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн атайын сыйлыктар менен сыйлады.
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповго жана Кыргыз эл акыны Амантай Кутманалиевге Жогорку Кеңештин Төрагасынын энчилүү саатын ыйгарды. Ал эми Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Калканбай Ашымбаевге, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Мырзаян Төлөмүшов менен Эсентур Кылычевге, акын, котормочулар Догдурбек Юсупов менен Жумакун Шариповго, акын, драматург Керез Зарлыковага, Философия илимдеринин кандидаты, адабиятчы, сынчы Калык Ибраимовго, жазуучу, публицист Чоюн Өмүралиевге, жазуучу Жылкычы Жапиевге, Маданияттын мыкты кызматкери, акын, котормочу Кубанычбек Басылбековго, жазуучу, драматург Жумабек Токтогазиевге жана төкмө акындарга ыраазычылык барагы ыйгарылды. 
Мындан тышкары, Улуттук жазуучулар союзуна жана «Айтыш» коомдук фондуна 100 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды.
Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков Жазуучулар союзун мамлекет тарабынан каржылап, колдоону жана «Чыгармачылык союздар жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы өз сөзүндө буга окшогон «маданий реформалар этап-этабы менен жүргүзүлүп жатканын кошумчалап, акын-жазуучулардын чыгармачылык ишмердиги өлкөнүн турмушунда негизги орунду ээлей турганын, маданият гана элдин руханий-нравалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.
Ошондой эле маданий-гуманитардык тармактарды жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү жаатында парламент тарабынан жасалып жаткан иштерге токтолуп, жалпысынан мамлекеттин маданият саясатын ишке ашыруу чаралары тууралуу сөз кылды.
Жолугушуунун соңунда Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов акын, жазуучуларга чыгармачылык ийгиликтерди каалап, өлкө парламенти маданият ишмерлеринин социалдык-экономикалык абалын мындан ары да жакшыртууга, кыргыз маданиятын жана искусствосун сактоо, өнүктүрүү жана таанытуу боюнча тиешелүү программаларды, долбоорлорду ишке ашырууга бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын белгиледи.
Материалдык жана моралдык колдоосу үчүн КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Т.Мамытовго КР Улуттук жазуучулар союзунун атынан ыраазычылык билдиребиз!