Роберт Бернс: Торосо ажал жолумду, Өлүмүм эмне? Эчтеме.

Роберт Бернс

(Шотландия)

Эчтеме

Салам жүктөп жиберем

Поэзия – ат дегенге!

Сурарсыңар: – Эмнеге?

Жооп берем: – Тим эле!

 

Айтарсыңар акынды

Камарабайт бул эмне?

Шылуундардын акылы

Куру убара тим эле.

 

Сүткор тынчсыз аласа

Акча, дүйнө деп эле.

Акырында караса

Өзгөрбөптүр эчтеме.

 

Жан талашып ийилет

Абышка ак сөөк дегеле.

Граф киймин кийинмек

Андан эмне? Эчтеме.

 

Бирөө арттырат тилегин

Молдо болуп кеткенге.

Имамда ою бирөөнүн

Айырма эмне? Эчтеме.

 

Жан кыям деп боз улан

Кызга үйлөнүп алды эле.

Көйнөгүнүн алдынан

Тапканы эмне? Эчтеме.

 

Жазат ырын жакшы акын

Бааланат деп ыр элде.

Күтөт эмне каламын

Бар болгону – эчтеме.

 

Кыйратам деп өкүрөт

Кызыл муштум чыр неме.

Желге толгон көкүрөк

Андан бөлөк Эчтеме.

 

Түк ишенбей акынга

Кыз саксынат дегеле.

Кийин билет жоктугун

Корко турган Эчтеме.

 

Жүрөк кылын черткилеп

Акын кызга жеткенде, –

Убадасы эмне эле?

Чындыгында – Эчтеме…

 

Поп кеп айтат коркутуп

Жаңылган аял, эркеке.

Бузулган иш болчубу

Ордуна келбейт Эчтеме.

 

Кош болгула! Толкундуу

Деңизден түшөм кемеге.

Торосо ажал жолумду

Өлүмүм эмне? Эчтеме.

 

Күн бүткөнчө элиме

Кызмат өтөйм эмгекте.

Бардыр максат башка эле

Башкада жок Эчтеме!

 

Грейм менен Бьюик

(Баллада)

Грейм чал Карлайлга калды жөнөп,

Анда аны Роберт Бьюик күтүп турду.

Шараптын азгырыгы аларды алып,

Айтышып ар кайсыны кудай урду.

 

Каалоосун карт лорд Грейм минтип айтты:

«Роберт Бьюик төрө, аман болгун!

Да бирди куюп койгун балдар үчүн,

Жүрүшсүн бир-биринин кармап колун».

 

«Окумал чыкса сенин уулуң дагы,

Китепчил болуп менин тентегимдей,

Уялаш бир туугандай каралашып,

Мекенди коргойт эле экөө бирдей.

 

Экөө тең биз күткөндөй болсо эгерде

Билими жана терең акыл-эси…

А бирок анын түркөй, аңгалыраак

Баламдын такыр эле эмес теңи».

 

Карт Грейм чөнтөгүнөн акча сууруп,

Эсепке тууралады төлөп баарын.

Жана да бир сөлкөбай ашык берип,

Сыйлады шарап куюп калгандарын.

 

Ал анан атканага кирди акырын.

Акырда отуз үч ат байлануу эле.

Бирөөнү шап минди да үйүн көздөй

Жөнөдү карап койбой эчтемеге.

 

«Жол болсун, ат көлүгүң аманбы, ата?..

Кеч калып жети түнгө, кайда жүрдүң?»

«Карлайлга бардым эле, так сен үчүн

Эли-журтка шерменде болуп бүттүм.

 

Карлайлдан Роберт Бьюик айтты мага

Акылсыз дөңгөчкө окшош сенин уулуң.

Билимдүү, акылдуу экен анын уулу

Теңелбей тушарына кайдан туулдуң?

 

Мектептен жакшы окубай убагында,

Билимге көңүл бурбай жалкоо да элең,

Эч качан жумшарбаймын, угуп койгун

Уятты жуумайынча кылыч менен».

 

«Түйүнүн андай иштин, ой атаке,

Кан төгүп кылычташып чечмек беле!

Билли Бьюик жандай көргөн дос эмеспи

Ал мага билгенин бүт үйрөттү эле».

 

«Унчукпа, мээси айланган, маңбаш эшек!

Чабышкың келбейт тура Билли менен.

Көтөргүн мээлейимди арың болсо,

Чабышам сени менен абышка мен».

 

Кристи Грейм не дээрин билбей калды,

Калтырап өң-даалаттан кетип туруп:

«Кий ата, мээлейиңди алып кайра

Колуңдан кетти өңдөнөт шамал жулуп».

 

«Алдагы узун тилди тарткының бат,

Токтоткун мааниси жок калжыганды!

Чабышам кудай урсун, сени менен

Эгерде сактабасаң намыс-арды».

 

Кристи кирип кетип бөлмөсүнө,

Бардыгын таразалап ойлоп көрдү:

«Чын эле атам менен чабышамбы?

Кылычты же досума көтөрөмбү?»

 

«Эгерде мен өлтүрсөм жан досумду,

Кудайдын бетин кантип карайм анда?

Күнөөгө үч эселеп батпаймынбы,

Көтөрсөм кылычымды чал атама?

 

Колумдан эгер досум ажал тапса

Ал чыны – кудай эрки, меники эмес.

Ушундай болсун, бирок мен артынан

Өлөмүн, жигит сөзүн эки дебес».

 

Деди да ак кылычын такты белге,

Шайланып зоот кийимин кийди жарап.

Өзү да келишимдүү жигит эле,

Табыйгат көрктү берген жарашыктап.

 

Кристи Греймди жөн коёлу да,

Билли Бьюик жөнүндө сөзгө өтөлү.

Ал күнү чыккан эле жаш балдарды,

Окутуп, кылыч чабыш үйрөткөнү.

 

Аз-аздан баштаган соң кызыктырып,

Качырып жана буйтап, коргонууну.

Кылычын колтугуна кысып алып,

Эп көрдү бак аралап эс алууну.

 

Коруктун ар жагында эмнелер бар,

Ал бейкам алыс жакты турса карап,–

Кандайдыр айда-аябай карбаластап

Бир жоокер зоот кийген келе жатат.

 

«О, бул ким, шашып чаап келе жаткан?

Ар качан кырсыгы жок, ак жол болсун.

Түрүнө караганда Кристи бейм,

Уялаш бир туугандай боорлошум.

 

Эсенби, саламатпы жандай досум,

Мейман бол, жаткын үйдө, түнөп конуп».

«О кайгы. Эмне деймин бүгүн сага

Келдим мен досуң эмес, душман болуп.

 

Барыптыр менин атам Карлайлга,

Кездешип ага айтыптыр сенин атаң:

Акылсыз дөңгөчкө окшош сенин уулуң,

Айлам жок ал сөздү угуп мен келатам.

 

Мектепте жакшы окубай убагында,

Билимге көңүл койбой жалкоо да экем.

Эч качан атам мага жумшарбайм дейт

Уятты жуумайынча кылыч менен».

 

«Сактасын бизди кудай андай иштен

Досторду бизге тапкан жакшы го дейм.

Келтирип ал чалдарды ынтымакка

Экөөнүн тилин таап элдештирген?»

 

«Пейли кең досум мени, убакытпы

Ал – бул деп сөз коротуп олтурууга.

Жигитсиң, анда эч кимдин талашы жок,

А демек, чык эрөөлгө сайышууга».

 

«Бирок сен кийипсиң го зоот кийим,

Башыңда туулгаң бар, узун найза».

«Бардыгын чечип таштайм, ыргытамын

Тең болот сеникине бир заматта».

 

Ыргытты туулгасын баштан алып,

Чоюн үн тоголонуп шыңгырады.

Найзасын жерге сайып, калкан таштап,

Коруктун мамысына ат байлады.

 

Турган жок Билли Бьюик да, чепкен чечти,

Кармаган китеби да түштү колдон.

Эки аттап жан досуна жетип барды,

Кылычы колундагы жалаң бойдон.

 

Ал экөө салгылашты эки сааттай,

Таймашта бүйрү кызып жан аябай.

Тер акты экөөнөн тең булак болуп

Бирок да бирин бири майып кылбай.

 

Ошондо Грейм сайып капысынан,

Кылычы кетти көзөп оң көөдөндү.

Билли Бьюик бир аз токтоп турду дагы,

Күрс этип жер кучактап көмөлөндү.

 

«Тур өйдө, о бир боорум, өйдө тургун,

Үн катып бир сөз айткын жок дегенде:

Жараткан жаның сактап калар бекен?

Болобу же ылаажы дарыгерден?»

 

«Бул жерден тез кетип кал, Кристи Грейм

Тезирээк атыңа мин, чаап жөнө.

Сен мени өлтүргөнүң ырас, бирок

Билбесин аны эч качан бирде бирөө».

 

«О, Билли сени өлтүрдүм аның ырас,

Жайладым жан досумду бала кезден.

Мына эми аткарамын айткан сөздү –

Өлөмүн мен дагы деп каргыш бергем».

 

Бек сайып кылыч сабын дөң бооруна

Күүлөнүп жыйырма кадам чуркап келип,–

Таамайлап жүрөк тушун урду дагы,

Жыгылды кара жерге жанды берип.

 

Ошондо жан кыйышкан жигиттерге

Роберт Бьюик төрө жетип келди. –

Тур өйдө менин уулум, азаматсың,

Кармашып душманыңды жеңдиң, – деди.

 

«Сүйлөбө, сөз айтпагын унчукпа ата,

Жер эмес жалган намыс талашууга.

Чырдашпай ичсең иче бербейсиңби,

Өмүрдү өксүттүрбөй буга, мага.

 

Чакандап экөөбүзгө мүрзө казгын

Кеңирээк казанактап тандап жерди.

Бирок да күн жагына аны койгун,

Ал мени эки жолу катар жеңди».

 

«Аттиң,–деп –Бьюик төрө буркурады,

Мен болдум себепкери кырсыктардын.

Билли эле дайым коргоп бере турган

Эзелки уруубуздун намыс-арын».

 

«Аттиң,–деп, лорд Грейм чал төктү жашын,

Тагдырдын башка салган жүгү белем:

Жанымда эгер Кристим аман болсо

Мен бардык чек арадан өтөт элем.

 

Согушта мени отуз үч душман кармап,

Туткундап кол-бутумду байлап салса,–

Чыгарып бардыгынын ташын талкан,

Куткармак уулум Кристи жалгыз гана.

 

Үмүт жок, бакыт да жок, бардыгы жок.

Жоготтум кулпусун да, ачкычын да.

Кристим тирүү болсо барбайт белем

Дүйнөдө бардык жердин бардыгына.

 

Коспатрик

Жиберди Коспатрик адамдарын,

Алууга Коспатрик сүйгөн жарын,

Келишти кемелери Жашыл жердин,

Алыстан Шотландиянын бойлоп жээгин.

 

Деңиздин кен байлыгын топтолтура,

Толтура жана дагы буудай унга,

Толтура сандыгы бар сары алтынга,

Толтура токочу бар кара капта.

 

Кийгени жалаң жибек, баркыт накта,

Колукту ыйлап келет жолду ката.

А Вилли күнү-түнү карыш жылбай

Жанында келет эски таанышындай.

 

«Жылышып кеткен чыгар көпчүгүңүз?

Жол узак талыдыбы көчүгүңүз?

А балким, ый себеби башкададыр –

Жактырып сүйүп жүргөн бирөө бардыр?»

 

«Ал эмес, сен ыйлаган ыйга себеп –

Өмүрлүк Коспатрикке жар болом деп:

Тыйылбай көз жаш төгүп ыйлаганым,

Апамды калтырдым деп кыйналамын.

 

Жаш жигит, бирок айтып берчи мага

Туш болом элдин кандай салттарына?»

«Чын айтсам Коспатриктин адат-салты

Кубантпайт жар болуучу жаш айымды.

 

Жети ирет Ханышадан колукту алды,

Жетөө тең бирден түнөп кайра барды.

Төшөккө биринчи түн алып жатып,

Боздоткон эмчектерин кесип салып.

 

Эгерде көрбөсөңүз мурда эркек,

Анда жок корко турган бир да себеп:

Өзүңдүн корксоң эгер эмчегиңден,

Оң болот ордуңа кыз таап берсең».

 

Айтты айым ошол замат жөкөр кызга:

Беш миң сом санап берем акысына,

Кейпимди кийип, эгер сөзгө көнсөң,

Коспатрик менен жатып бир түнөсөң…»

 

Кагылып коңгуроолор бүткөн кезде

Сыналчу түн да келди үйгө жете,

Коспатрик менен бирге жөкөр кызды

Апкелип бир төшөккө жаткырышты.

 

«Кана эми, керебетим кана менден

Сураймын төшөк сенден, шейшептерден.

Жооп бер ишеничтүү ак шамшарым,

Кыз бекен ак никелеп алган жарым?»

 

«Ооба, ооба, таптаза экен чындыгында

Бул эмес сен алчу кыз, бирок гана,

Түшпөптүр он гүлүнүн бир гүлү да, –

Колуктуң нике кыйган такыр башка».

 

Жинденип Коспатрик ыргып турду,

Жулунуп каалгага бир урунду.

Жүгүрүп жыйырма залдан өтүп барып,

Ал айтты апасына айгай салып.

 

«Бар бекен христиандардан көрүп-баккан,

Дүйнөдө ушунчалык ким алданган?!

Мен кызга жүрөк берип, болот деп жар –

Алыпмын бир катынды боюнда бар».

 

«Токтой тур, азга балам, сабыр кылып,

Досторуң тура турсун алаксытып, –

Өз көзүм менен көрүп келейинчи

Ак тилек, ак никелүү келинимди».

 

Буура сан кемпир эле алдуу, күчтүү

Эшикти тартканда илгич чарт үзүлдү:

Кана, айткын ата-баба, тек-жайыңды

Дыйканбы, же төрөбү, же малайбы?»

 

«Угуп тур, о энеке айтып берем,

Кыйналып тагдырыма ыйлап келем.

Жетөө элек эже-сиңди бир уядан,

Жетөөбүз бирдей көрктүү күн уялган.

 

Күнү эле күндөрдүн бир ачык тийген,

Кез болчу саймабызды сайып бүткөн.

Токойдон кимибиз гүл теребиз – деп,

Кармаштык шарт боюнча таяк ченеп.

 

Мен элем баарысынын эң кичүүсү,

Гүл терип келүү шарты мага түштү.

Мынчалык мен бактысыз болбойт элем,

Кырсыкты кайдан-жайдан дебейт экен.

 

Артышты эжелерим мага милдет –

Кызыл гүл, көк гүлдөрдөн терип кел – деп.

Ар түркүн гүлдөр болсун – жашыл, сары

Гүл берип энебизди кубанталы.

 

Гүлдөрдү жаңы тере баштаганда

Бир жигит көз уялткан караганда, –

Жарашкан кийген кийими шыңга бойлуу

Жаш мырза көз алдыма пайда болду.

 

Кызмынбы накта, же кыз эмесминби,

Кеч киртти такып сурап узун күндү, –

Кызмынбы накта, же кыз эмесминби

Ал кечке түнгө калдык, айтор, деги.

 

Ак саргыл көкүлүнөн кесип берди,

Жоготпой дайым жанга сакта деди.

Жана да мончок берип минтип айтты:

Жолобойт кырсык, келет таалай-бакты.

 

Алтындан шакек берди анан дагы

«Ушуну сакта деди эң ири алды».

«Кана айткын, дайны барбы, жашырбагын,

Сен алган кымбат баалуу асылдардын».

 

«О эне, айланайын, алар мында

Баарысы түгөл алтын жанчыгымда».

«Эмесе олтура тур, кызым мында

Жетейин бул сөзүңдүн чындыгына».

 

Калтырып кайгы тарткан боюнча аны,

Байбиче Коспатрикке жетип барды:

«Каякта өзүм берген мончок тумар,

Кырсыктан бөөдө келчү коргоп турар?

 

Баягы алтын шакек кана, барбы?

Жоготпой сакта деген эң ири алды?

«Мен барып жолукканда баягыда

Бергемин анын баарын сүйгөн кызга.

 

Берүүгө даяр элем бүт дүйнөмдү

Эгерде көрсөм азыр сүйгөнүмдү, –

Дүйнө эмес, жаным кетсе мейли эле

Аялым болсо эгер ал – бир күн эле».

 

О, уулум, дүнүйөңдү коротпо анча

Сүйгөнүң айдай сулуу – ал жаныңда.

Силерден аябасын узак жашын

Сүйүшкөн ак никелүү эрди-катын». …

 

Убакыт отуз күндөй өттү арадан,

Төрөлдү уул ак кочкордой баркыраган.

Күнөөсүз наристени бир караса

Өң-башы окшоп кетет атасына.

 

Коспатрик кубанычтан маңдай жарды,

Коспатрик бүт дүйнөгө айгай салды:

«Айымды жибекке ороп кийинткиле.

Уулумду жаңы сүткө киринткиле…»

 

Эже-сиңди жөнүндө баллада

Эже-сиңди бар эле чакан үйдө,

Биннори, О Биннори,

Салынган сейил үчүн суу үстүнө,

Айтылуу тегирменчинин Биннори,

 

Улуусуна жаш мырза шакек берип,

Биннори, О Биннори,

А кичүүсүн жүрөктөн сүйчү эрип,

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

Алдырып кызганычка улуу эжеси,

Биннори, О Биннори,

Алдыртан сиңдисине кайнады өчү,

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

Мынакей, таң заарынан туруп эрте,

Биннори, О Биннори,

Келсек дейт, – көңүл ачып сиңдисине,

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

– Тур сиңдим, жандай көргөн жатындашым,

Биннори, О Биннори,

Келели өзөн бойлоп бирге басып,

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

Өзөндө иримдүү суу агат шардап,

Биннори, О Биннори,

Сиңдиси олтурганда сууну карап,

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

Эжеси аңдып басып арттан келет,

Биннори, О Биннори,

Сиңдисин агын сууга түртүп иет,

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

– Эжеке, боор оорусаң боло мага,

Биннори, О Биннори,

Сен эле турмушка чык жаш мырзага,

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

Кол берип суудан мени тартып алгын,

Биннори, О Биннори,

Сеники болсун менин сүйгөн жарым,

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

– Кете бер сиңдим, чөгүп суу түбүнө,

Биннори, О Биннори,

Бел байла тирүүлүктөн түңүлүүгө,

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

Сиңдиси көпкө сүзүп бара алган жок,

Биннори, О Биннори,

Эжеси боор тартып караган жок,

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

Табышты сууну буруп кыздын сөөгүн,

Биннори, О Биннори,

Өлүмдүн сөлөкөтү жапкан өңүн,

Айтылуу тегирменчинин Биннори

 

Оронгон кооздукка бүт денеси,

Биннори, О Биннори,

Кыналып жарашыктуу ичке бели,

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

Төгүлгөн кара чачы салааланган,

Биннори, О Биннори,

Айланган сары алтынга көз уялткан,

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

Бир ырчы бара жаткан жээк менен,

Биннори, О Биннори

Ырчылар той-тамаша көркү белем,

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

Ал келип бир топ чачын кыркып алды,

Биннори, О Биннори,

Чыйратып андан алтын кыл жасады,

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

Ал кыркып алтын чачтан да бир топту,

Биннори, О Биннори,

Чыйратса кадимки эки кылдай болду,

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

Арфага эки алтын катар тагып,

Биннори, О Биннори,

Кыздардын атасына ырчы барып,

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

Сүйлөдү бир алтын кыл чертип атса,

Биннори, О Биннори,

«Кош болгун, түбөлүккө жаным ата!»

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

Коштоду экинчи кыл сөзүн анын

Биннори, О Биннори,

«Кош болгун, түбөлүккө сүйгөн жарым!»

Айтылуу тегирменчинин Биннори.

 

Бардык кыл сүйлөп кирди удаа-удаа:

Биннори, О Биннори,

«О эже, калдың менин убалыма

Айтылуу тегирменчинин Биннори!»

 

Овайн баатыр

Энеси өлүп жаш кыздын,

Атасы алды башканы.

Ал болчу аял жаманы,

Ажаандын эле ажааны.

 

Аракет кылды байкуш кыз –

Жаксам деп өгөй энеге.

Бирок ал ажаан ыргытты

Аскалуу деңиз жээгине.

 

«Жээгинде калсын бул суунун

Сага окшош мээнет кырсыгым.

Овайн эле кокустан

Кез келип сени өппөсө, –

Эч кимден сага жардам жок

Кеткиче кыйрап бул дүйнө». …

 

Оозунан сасык жыт келет,

Сококко чачын үч ороп,

Олтурган түрү мокочо,

Жакындап барбай эл коркот.

 

Элдеги имиш-имиштен

Овайн баатыр дагы укту.

Ал көрүп даап бара албайт,

Мокочо жатат куйруктуу.

 

Оозунан сасык жыт урат,

Жыландай чачын үч орой,–

Сококто турат айланып…

«О, Овайн, мени өөп кой.

 

Кисесин хандын беремин,

Деңизден таап келгенмин;

Жаратка даваа тумарым

Кырсыктан сактар бул белек.

Эгерде тийсең куйрукка,

Бул кисе ажал апкелет».

 

Овайн аны өптү да,

Кисени алды колуна.

 

Оозунан сасык жыт урат,

Жыландай чачын эки орой, –

Сококто турат айланып…

«О, Овайн, мени өөп кой.

Шакегин хандын беремин,

Деңизден таап келгемин;

Жаратка даваа тумарым

Кырсыктан сактар бул белек.

Эгерде тийсең канатка

Бул шакек ажал апкелет».

 

Овайн аны өптү да,

Шакекти алды колуна.

 

Оозунан сасык жыт урат

Жыландай чачын бир орой,–

Сококто турат айланып…

«О, Овайн мени өөп кой.

Мөөрүн хандын берейин,

Деңизден таап келгемин;

Жаратка даваа тумарым

Кырсыктан сактар бул белек.

Эгерде тийсең сен мага

Бул мөөр ажал апкелет».

 

Овайн аны өптү да

Мөөрдү алды колуна.

 

Кыз оозу атыр жыттанып

Чачы да чыкты илинбей, –

Овайнга келди кыз басып

Эң сулуу Майдын күнүндөй.

 

«О жаным, – деди, – Овайн

Мага айтчы коюп башканы, –

Боору таш кандай кас душман

Сыйкырлап сени таштады?»

 

«Душманым – жылан бөрү эмес,

Шумдугу эмес деңиздин,

Чындыкты айтып жатамын.

Түрүмдү бузган ушинтип

Сыйкыры – өгөй апамын.

 

Каргышы тийсин кудайдын,

Чыкпасын башы убайдан.

Сарсанаа тартып күнү өтсүн,

Чач ордуна жүн өссүн.

Оозуна орсок тиш толсун,

Эзелим иши оңбосун,

Элчилеп тамак жебесин,

Ала бассын денесин.

Токойго калың туш келсин,

Төрт аяктап бут берсин,

Жырткычтар тытып таласын,

Жардамга киши барбасын».

 

Тегирменчи жана анын аялы жөнүндө баллада

I

Тегирменчи кечинде

Адатындай үйүнө, –

Келсе ээрчен ат жүрөт

Үймөк чөптүн түбүндө.

 

– Ким ал келген, ой катын,

Мен жокто үйгө теминип?

Оюн салган ат жүрөт

Ооздугун кемирип?

 

– Оюн салган ат дейсиңби?

– Оюн салган ат дейм.

– Ооздугун кемирип дейсиңби?

– Кемирип дейм.

 

– Алыпсың ээ дагы ичип,

Же тийгенби сага жин?

Оюн салган ат эмес

– Энем берген мегилжин.

 

– Энем берген, дейсиңби?

– Энем берген дейм.

– Мегилжин дейсиңби?

– Мегилжин дейм.

 

– Чочколорду көп көргөм,

Бирок ээр токулган,

– Чочкону мен биринчи

Үйдөн көрүп отурам.

 

II

Тегирменчи кечинде

Аялына барыптыр.

Бир жоокердин кийими

Үйгө илинип калыптыр.

 

– Ой, катын дейм, мен жокто

Келген кайсы командир?

Бапагында кызыл чок

Алтын жээк бу мундир?

 

– Корксоң боло кудайдан,

О, ок тийгир акыйган.

Энем берип жиберген

Жууркан менен такыям.

 

– Такыям дейсиңби?

– Такыям дейм.

– Жууркан дагы дейсиңби?

– Жууркан дагы дейм.

 

– Көрдүм эле көп эле

Жууркан менен такыя.

Бирок көргөн эмесмин

Кыйыганын алтынга.

 

III

Тегирменчи кечинде

Кирди үйүнө төргө өтүп.

Дароо көзгө урунду

Тазаланган эки өтүк.

 

– Ой, катын, бу кайсы өтүк,

Турган эшик тушунда?

Өңгө өтүктү билбеймин,

Өз өтүгүм бутумда.

 

– Сасыган мас батектей

Укта, сырың билем мен.

Эки чака турган ал,

Энем берип жиберген.

 

– Энем берип жиберген дейсиңби?

– Энем берип жиберген дейм.

– Эки чака дейсиңби?

– Эки чака дейм.

 

– Ушул жашка келгени

Көп көргөмүн башканы.

Көрбөгөмүн эч качан

Такасы бар чаканы.

Которгон: Омор Султанов