Расул Гамзатов: “Айтарым бул: турсам мен оттой жанып, Догдурга эмес сүйүүгө милдеттүүмүн”

Расул Гамзатов, ДАГЕСТАН эл акыны

 

Булбулдун ыры

Булбулдун ырын уктуңбу?

Угулат анда салтанат.

Ырдайт ал эмне тууралуу?

Белгисиз бойдон калган сыр.

Мекенди ырдайт кайталап,

Тажатмак аны башка ыр.

 

Коркок

«Жашыргын мени, апаке,

Корккондон денем муздады.

Не кылам? Ал улууңду,

Жүрөгүм мыкчып эзилет»

«Алып кой уулум мурутту,

Таштагын канжар, тумакты

Салынып мобул жоолукту,

Мүрзөгө киргин тезирээк.

 

*****

Менин агам кеткен бойдон солдатка,

Курман болду Волгадагы кармашта.

Энем болсо элесине жалынып,

Дайым жүрөт кара жоолук салынып.

 

Ойго батып, чүнчүп кеттим, басынам,

Өткөнүмө мен агамдын жашынан.

 

Неберем менен сүйлөшүү

Энең да, атаң да бар уулум сенин,

Баарыбыз ардактайбыз, дайым токсуң.

Эмне үчүн такыр тынбай ыйлайсың сен,

Себеби эч бир азап көргөн жоксуң.

 

Кичине кезегимден жетим өстүм,

Мээримин эч сезбестен ата-эненин.

Ыйласам мен ыйлайын, сен ыйлаба,

Билемин татаал тагдыр эмне экенин.

 

Билбейсиң чыккынчылык кандай нерсе,

Сүйбөстөн кеп кылышкан сүйүү күчүн.

Мен үчүн эч убакта ырдашпаган,

Ырдайбыз бүт баарыбыз өзүң үчүн.

 

Мен билем сатып кеткен досторумду,

Жашоонун шапалагы чапкан мени.

Мына мен ыйласам да кечиримдүү,

Эмне үчүн сен ыйлайсың, айтчы деги?

 

Согуштун эмне экенин билбейсиң сен,

Каныңды кармаштарда төккөнүң жок.

Бакыттын бешигинде бөлөнүүсүң,

Бейкапар өсүүдөсүң көңүлүң ток.

 

Согушта курман болду боордошторум,

Көрдүм мен күйүп жаткан ыйык жерди.

Ыйласам мага болот, баарын көрдүм,

Эмнеге ыйлайсың сен, айтчы деги?

 

Неберем мындай деди бүт түшүндүм,

Билбеген, мен туйбаган ыйык сырды:

«Башыңан бүт бардыгы өттү сенин,

Тирүүсүң, сактап калдың ыйык ырды.

 

Жүрөгүм туюп калса эмне болот,

Дүйнөдө оор абалдын түзүлгөнүн.

Ыйлаймын ошондуктан тынчсызданып,

Эмнеге сен ыйлайсың, түшүнбөдүм?»

 

Рейхстагдын ремонту

Таштап салып ачуу согуш куралын,

Барак кылып рейхстагдын дубалын,

Жазып кирдик, бул акыркы катыбыз:

«Согуш бүттү!», «Фашист алды жазасын!»

«Совет эли, совет жери жашасын!»,

Орун алды катарынан атыбыз.

 

Зор жүрүштү жеңиш менен аяктап,

Жаңы заман барактарын барактап,

Штык менен жаздык ушул ураанды.

Ардагерлер көздөн жашын агызып,

Рюмка эмес, стакандап кагышып,

Түбөлүккө ыргытышты куралды.

 

Берлинде кызыл желек желбиреп,

Тынчтык келип, бүт жүрөктөр элжиреп,

Рейхстагды ремонттошту тезинен.

Ээлеп алган бүт денени кубаныч,

Өтсө дагы бир топ мезгил убакыт,

Каардуу согуш чыкпас элдин эсинен.

 

Буйрук болду салгыла деп тезинен,

Рейхстагдын дубалынын бетинен,

Жоокерлердин колтамгасын өчүрүп.

Ойлобостон эстеликти жоюуну,

Чечтик дароо бир добуштан коюуну –

Убакытты бир аз артка көчүрүп.

 

Бирок, мезгил өтсө дагы тезинен,

Чыкпайт такыр бүт адамзат эсинен,

Көрөр замат, угар замат караткан.

Өчүрсө да түбөлүккө таптакыр,

Күн-түн дебей эстен такыр чыкпастыр,

Ушул сөздөр, улуу сөздөр канатчан!

 

Ар убакта сүйүүгө таазим этип

(Тоо элегиясы циклинен)

Мактанбагын эч качан, жакшы нерсе

ат таканы ийилтсең алып жерден.

Жаратылыш букага күчтү берсе,

а адамга эрдикке сүйүү берген,

 

Таң саарынан кайрадан калем алып,

сени менен өткөрсөм жаштык түнүн.

Айтаарым бул: турсам мен оттой жанып,

догдурга эмес, сүйүүгө милдеттүүмүн.

 

Сүйүү – бул эки адамга эрмек эмес,

ал бизди алып учат бийиктикке.

Абийириңди алмашсаң дурус дебес,

Жеңил ойлоо жатпайт ал жигиттикке.

 

Кыйындыкка баары эле даяр дейби?

Ажал келсе алат да мага келген.

Арманым жок, ичип алып өлсөм мейли,

Сүйүү балын, жаркыным, өзүң берген.

 

*****

Коштошуулар кеп эмес, эгер бизди,

Кездешүүлөр алдыда күтүп турса.

Кошулабыз баштаса жакшы ишти,

Экөөбүзгө табигат сүйүү сунса.

 

Умтуламын өзүңө алыс жактан,

Таштап коюп муздатып түнөгүмдү.

Издей берем өзүңдү бардык жактан,

Арнап коюп өзүңө жүрөгүмдү.

 

Кездешели көрк берип аткан таңга,

Жалтанбаймын кез келсем жарга дагы.

Сунуш кылам атаандаш атышканга,

Роза гүлүн гүлдөтөм карда дагы.

 

Өлдү дегин сүйүүнү кетсем танып,

Укпай койсом жөн гана мезгил үнүн.

Сүйгөн менен түнүң да болот жарык,

А сүйбөсөң – караңгы жарык күнүң.

 

*****

Ысым издеп өзүңө куп жарашкан,

Сен бешикте упчу ээмп жатканда.

Атаң, энең үмүт менен карашкан,

Тээ көктөгү жылдыз толгон асманга.

 

Түнү бою уйкулары келген жок,

Убакыттын өткөндүгүн жеришти.

Ысымдарын жылдыздардын көңүл ток,

Шашпай гана бирден тандай беришти.

 

Мени көрүп бекем упчу тиштеген,

Чексиз асман тоолор менен биригип

кеткендигин карап, ысым издеген,

Атам ойлуу күйгөн отко тигилип.

 

Ысымымды атам тандап коюптур,

Жылдыздарга айтып берип бар сырын

Аталыштын мааниси чоң болуптур,

Чабармандын, элчи менен жарчынын.

 

Кубанычка денемди бүт бөлөймүн,

Суусун ичип калайын деп мүрөктүн.

Улгайсам да кайра сага жөнөймүн,

Элчисиндей, жарчысындай жүрөктүн.

 

*****

-Кылым бою күңүрт жарык чачкан ким?

Мен сурадым. Жооп угулду зилдеген:

-Жаштык курак сүйүүнү түк билбеген!

 

-Бу дүйнөдө эмне көңүл чөктүргөн?

Мен сурадым. Үндү уктум сүйлөгөн:

-Өспүрүм кез, бирөөнү да сүйбөгөн!

 

Кимдерге биз чынында көз артабыз?

Мен сурадым. Жооп болду:- Жашында

сүйгөндөргө дайым алкыш айтабыз!

 

-Кимге дагы көздү артып жатасың?

Мен сурадым. Жооп беришти жабыла:

-Ак чач болуп сүйүшкөндөр жашасын!

 

Көз арткандан эркиндикке шашамын,

Чокуларда өттү таттуу балалык.

Жаш кезимен баштап сүйүп жашадым,

Капкара чач кеткичекти агарып.

 

*****

Күнөө кылып, алгач жолу, көңүл ыдырап,

«Кечир мени» деп жалындым, сага шыбырап.

Башты салып, күнөө кылып экинчи,

Турган өңдүү бет алдымда бийик жар.

Сен карадың каар отуң чачырап,

Эске салып жаткан өңдүү, дегендей

ар нерсенин жаным деги чеги бар.

Күнөө кылып кайра эле үчүнчү,

Бүткүл дене уят болуп салбырап.

Жеңилдиктин болбостугун түшүнүп,

Келип турдум өз алдыңа жалдырап.

 

Кайгы баскан көздөрүңдү байкадым,

Деги менин тентектигим ашынды.

Күтүүсүздөн мээрим чачып сыладың,

Колуң менен жер караган башымды.

 

Кардагы издер

Бирге басып кышкы токойдо,

Араладык ойдуң-түздөрүн.

Бата түштүм дароо мен ойго,

Көрүнбөйт го сенин издериң.

 

Угуп турдум оюмду,

Сен ырдасаң токой кайталап.

Үшүп калган сенин колуңду,

Жылыттымбы өзүм калкалап?..

 

Эки бетиң сууктан кызарып,

Мага айттың: «Коркпойм кармагын».

Бүт денемди бийлеп ызалык,

Анан кимге ырды арнадым.

 

Ачууланып, күлгөн сен белең,

Туура эмес деп мени жемелеп.

Мээримиңе жылып эң терең,

Жат ойлорду жерге тебелеп.

 

Мени менен бирге баратсаң,

Кайда издериң? Дароо ойлоном…

Өзүм жалгыз… Ойлор канатчан,

Из түшпөйт да карга ойлордон

 

Колтамгалар

Бала чагында добулбасчы болгон акындын китебине жазуу

Эсиңдеби бала чакта,

Добулбасчы болгонуң.

Эч тындырбай добулбасты,

Ураар эле колдоруң

 

Китебиңди ачып коюп,

Ар сабына үңүлөм.

Сезим чаңдап, кулак тунат.

Добулбастын үнүнөн.

 

Ыр менен жазылган начар романдын авторуна

Романыңды окудум дос,

Адамдар көп катышкан.

Анык болду.

Экөөбүз тең

кур калыппыз бакыттан.

 

Шумдуктуудай бул дал келүү,

Ойго батып отурам.

Сен бактысыз муну жазган,

Мен бактысыз окуган.

 

Бир акындын китебине калтырган жазуу

Чынында эле ырыңдын кээ бир жери,

Алтын сымал жаркырап жазылыптыр.

Кейиштүүсү: сен төрөлө электе эле,

бул ырлар китеп болуп басылыптыр.

 

Үчүнчүсү артыкбаш

Унутулбайт ал окуя,

Турган сымал жапжакын.

Үчүнчүсү жараштырган.

Урушканда эки акын.

 

Өткөн кармаш унутулуп,

Эми экөө эх дешти,

Алар эми биригишип,

Үчүнчүсүн жектешти.

 

Ыр түрүндө чындык үстүртөн айтылган китепке жазуу

Зал толтура докладчынын сөзүн угуп,

Бирок да бардыгынын ою бөлөк.

«Сөзүңдү бүтүрсөңчү көп сүйлөбөй,

Кинону көрөлүкчү андан көрөк».

 

Китепти ачып, кайрадан муну көрдүм: –

-Урматтуу автор, ушинтип жазбайлычы.

Докладды бүт.

Кыйнаба окурманды,

Андан көрө кинону баштайлычы.

Которгон: Догдурбек Юсупов