Поэзия кечеси

Акын Жедигер Саалаевдин ыр кечеси өттү

 

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында:

“Биз бейишти көрбөгөнбүз эгерим,

Бейиш кандай, элестетип келемин.

Бейишти биз издеп жүрсөк кайда деп,

Бейиш тура таманында эненин.

 

Баскан изи, турган жери эненин,

Бейиш экен, бейиш деген себебим.

Бала үчүн төккөн эне мээрими,

Бейиштен да артык, жылуу дегеним.

 

Балдарым деп түзүп турган бейишти,

Эне барда балдар билбейт кейишти.

Балдар үчүн – бейиш алтын апалар,

Балдар бейиш болбогону кейиштүү”, – аттуу узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына белгилүү ырдын автору, акын, журналист, юрист, ар кайсы жылдарда жарык көргөн “Жөрөлгө“, “Башат”, “Аргасыздык ырлары” ыр жыйнактарынын, “Бакдөөлөттүн жазы…” илимий-публицистикалык китебинин, бир катар пьеса, очерк, илимий жана көркөм-публицистикалык макалалардын ээси, эл аралык коомдук Ч.Айтматов академиясынын, Омор Султановдун эл аралык коомдук поэзия академиясынын академиги Жедигер Саалаевдин поэзия кечеси болуп өттү.

Поэзия кечесин университеттин ректору, профессор Т.Абдырахманов ачып, акындын өмүр жолуна, чыгармачылыгына, илимий-публицистикалык макалаларына кеңири токтолду жана КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде «Ардактуу профессор» наамын салтанаттуу түрдө ыйгарды.

Куттуктоо сөздөрү менен окуу бөлүмүнүн башчысы, профессор О.Капалбаев, музыка кафедрасынын башчысы, доцент К.Жакыпов жана Ош мамлекеттик университетинен келген коноктор чыгышты.

Кеченин расмий бөлүгү аяктаган соң акын Жедигер Саалаев жан дүйнөсүнөн оргуштап чыккан ырларынан көркөм окуп, таамай айтылган ыр саптары менен жаштарды ата-энени, туулган жерди, жубайды, жоро-жолдошторду сүйүүгө, урматтоого чакырды.

Бул кече салттуу поэзия кечелеринен айырмаланып, акын ырларындагы окуяларды эч бир сценкасыз толук бойдон кудум жашоодо болуп жаткандай түшүнүктүү ыкма менен көрүүчүнүн жүрөгүнө жеткире алды. Ошондой эле акын азыркы ааламдашуу заманында унутта калып бара жаткан поэзия дүйнөсүнө жаштарды тартууга болгон аракетин жумшады.

Улуу инсандар даңктап келген сүйүү лирикалары жөнүндө студенттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзүнүн студенттик күндөрүн да эскерип өттү.