Пабло Неруда: Кана эмесе, мени бир өз жайыма койгулачы, Кана эмесе, менсиз бир жайыңарча болгулачы

Пабло Неруда

(Чили)

 

Жан тынчтыгын бергилечи

Кана эмесе, мени бир өз жайыма койгулачы,

Кана эмесе, менсиз бир жайыңарча болгулачы.

 

Көздү жумдум.

Болгону – беш тамырым болсо деймин,

өсүүгө бутак байлап, сабак байлап.

Биринчиден, чексиз сүйүү.

 

Анан да карап турсам күз шаанисин.

Жалбырактар үзүлүп, чыккан жерге кайрылып

учуп түшүп турбаса жашай албайм.

 

Дагы мага кыш керек,

жаным сүйгөн жаан керек,

үшүгөндө керек мага от мээрими

Мага анан дарбызга окшош

топтоголок жай керек, абдан керек.

 

Баарынан да сенин көзүң мага керек.

Менин сүйгөн Матильдам,

көздөрүңдү бир көрбөй уйку бетин көргүм келбейт,

мага карап койбосоң тирүүлүктөн аша кечем;

сен мени дайым карап турганыңа

жазды алмашам.

 

Жан достор, каалаганым ушул эле.

Бул өзү – эчтеме эмес жана баары.

Сиздер эми, Теңир берсин, кетиңиздер.

 

Ушунча жаш жашаптырмын,

бир күнү мени унутуп коюуга сөзсүзүнөн сиздерге

туура келер, кешпиримди таш тактанын

бетинен өчүрүүгө,

өчүрүүгө туура келер,

жүрөгүм жазчу эле ага тыным албай.

 

Бирок эми, жан тынчтыгын каалап атсам –

өлөт экен деп ойлоп жүрбөгүлө.

Мендеги ой дал ошонун тескериси:

жашаймын мен, дагы жашайм.

 

Жашап жатам, жашай берем –

кептин баары мына ушунда.

Жашай берем, анда дагы минтип жашайм:

мен аркылуу бүт данек, дан өсүп чыгат;

адегенде дан өсөт жерди көзөп, жарык күсөп;

бирок да Жер энебиз караңгы го,

а демек, ичиндеги мен – караңгы;

кудукмун мен – бото көз тереңдеги –

түбүнө жылдыздарын таштап коюп

түн өзү басып кеткен талаага губай-салтаң.

 

Сөз төркүнү – ушунча жашадымбы,

дагы ошончо жашагым келет менин.

Эч качан өзүмдү мен мынчалык шыңгыр

үндүү сезбегенмин,

эч качан эт жүрөгүм махабатка мынчалык

карк болбогон.

 

Мынакей күндөгүдөй бүгүн да эрте.

Жарык учат өзүнүн аарылары менен бирге.

Жарыкчылык менен жеке таштаңыздар,

Уруксат бериңиздер дүйнөгө көз жарууга.

 

Чарчоонун өзгөчө бир түрү

Жеке эле мен чарчашым керек бекен,

чарчашсаң мени менен кошо сен да.

 

Күздүн күнү шаарлардын үстүнө

себеленип түшүп жаткан көөлүү-чаңды көргөндө

кантип киши чарчабасын:

 

көө-чаңы экинчи ирет күймөк беле,

адамдын үстү-башын каптап, анан

жүрөккө жеткиси бар көөдөн көзөп.

 

Мен чарчадым сүрүнөн деңиздердин,

чарчатты жердин сырдуу табышмагы,

мен өтө чарчап кеттим тооктордон:

биз билбейбиз алар нени ойлошорун,

купкургак каректерин мыктай кадап

бизге алар маани берип коюшпайт түк.

Сага мен сунуш кылам –

кел, бир күн бир катар нерселерден

чогуу чарчап көрөлү бир:

жаман-жуман винолордон,

кынтыгы жок тарбиядан.

 

Францияга каттабай калгандан да чарчайбыз биз,

кел эми, жок дегенде

жумасына чарчайлы – бир, же эки.

коюлган дасторконго тамактардан

ар дайым күндөр окшоп аталгандан,

ошондо бизди алпарат алар кайда?

алпарып айдап кирет шордуу уйкуга.

 

Чындыкты акыр бир күн айтыш керек:

бизге эч качан жаккан эмес –

чымындардай, төөлөрдөй

бир-бирине опокшош ушул күндөр.

 

Жадымдан өчүп кеткен диктаторлорго коюлган

эстеликтерди өмүрүмдө нечен көрдүм.

Алар турат

көздөрүнөн кайгы тамган ат үстүндө

 

кыймылсыз кылыч кармап.

Ушулардан шалдайып чарчап бүттүм.

Мени аябай жадатты мындай таштар.

 

Эгер биз мындан ары карай деле

андай моло таштарды дүйнөгө жыйнай берсек,

анда кантип тирүүлөр күн өткөрөт?

 

Чарчадым эстеп дагы, эскерип да.

Адам деген төрөлгөн соң

ага чейин бирөөлөр жутуп койгон аваны

кайра жутпай,

дем алса дейм таза авадан,

жаңы гүлдүн жытын жыттап,

жаңы жерди жана жаңы отту искесе.

Коё туруп жаңы туулган ымыркай немелерди,

мурдатан өмүр сүрүп келгендерге бергиле жай!

Оюңардан чыгарганды аларга таңуулабай

жөн койгула,

бүт баарысы бир эле китепти окуй беришпесин,

өздөрүнчө ачышып таң пардасын,

өбүшүүгө ат коюшсун өздөрүнчө.

 

Бышыктап жасалгандын бардыгынан

бүттүм чарчап, чарчашчы сен да кошо.

Чарчадым жанбай жатып картайгандан,

Чарчадым бирөөлөрдү чарчатуу үчүн

жасалгандын бардыгынан.

 

Кел чарчайлы, өмүргө кас саноонун бардыгынан,

жана да жан талашып жашоо үчүн кылуудан

жанды курман.

 

Байкуш жаштар

Кандай кыйын бул планетте

бир-бирин жай сүйүшмөк:

бардыгы эле тумшук менен шейшеп ачып

тоскоол кылат, ак сүйүүңө тийишет.

Анан дагы укмуштуудай ушак жүрөт

аял, эркек жөнүндө.

 

Алар болсо көпкө жүрүп, көпкө ойлонуп,

бир-бирине купуялуу жүрөк сырын ачышат.

Ары кетип, бери кетип

милдет экен адамзатка

кантмек эле, бир төшөккө жатышат.

 

Баса, кызык: бакалар да

аңдышабы бир-бирин?

Дагы кызык: алардын да жайытында

сүйлөшүлөт болду бекен

жер, суудагы кубанычтар,

тартиптен тыш сүйүүлөр?

Таранчылар бир-бирине

кылат бекен тардык жана душмандык?

Уйлар менен бирге оттоого баратып

угат болду бекен бука

өгүздөрдүн кеңешин.

 

Көздөрү бар жолдордун да

Шимшийт паркта полиция,

Отелдерде сен билбеген сырлар көп,

тыңшап баарын угушат.

Терезелер шыпылдатып сени жазып турушат,

Аскер, курал дайым даяр

сүйүүгө кол салышка!

Шимшип жүрөт далай кулкун, далай кулак

бирдемеден шек алышка,

бирдеме угуп калышка,

ат эми жигит, кыз болсо

сүйлөшөт сүйүү сөздөрүн

шыбырашып жанашып

велосипед тээп баратып.

 

Коркунуч

Бардыгы айтат: футбол теп

канды суюлт, секиргин – деп,

чуркагын, учкун жана сууда сүз дейт.

 

Жакшы.

 

Бардыгы кеңеш берет: эс алгын,

жакшыраак доктор таап көрүнгүн – деп,

өзгөчө көз карашта калат карап,

 

Бул эмнеси?

 

Бардыгы мага кеңеш берет минтип:

ары-бери көп жүргүн,

келгин, кеткин, көп жүрбөгүн,

өлгүн, жо-жок өлбөгүн,

 

Эчтеме эмес.

 

Баары көрөт радиокоркунучтуу сүрөттөрдөн

мендеги кан тамырлар

кандай кыйын абалда калгандыгын,

Буга макул эмесмин мен.

Ырларымды бардыгы сайып көрөт

көзгө илинбес айры менен –

чымын-чиркей издешет болуш керек.

Мага бул коркунучтуу.

 

Дүйнөдө мага аябай коркунучтуу:

ажал менен муздак суу.

Темир өзөк болбогон соң –

өлүм ак да.

Андыктан мына ушундай кыска күндө

эч кимге, эч нерсеге карабастан,

бөлүшүп бар акылды

бирге болом, ашкан айла-амалдуу чоң душманым –

Пабло Неруда деген менен.

 

Кел, жалдырап туралы бир тынымга

Кел эми, он эки деп санайлы да

туралы унчугушпай бейпил гана.

 

Дүйнөдө бир да жашап көрбөйлү да

Сүйлөшүп көрөлүчү эч бир тилде,

кылайган кыймыл жасап койбостон эч,

тынымга тып басылып тим туралы.

 

Ошол бир сонун тыным болор эле –

шашылуусуз, сапарсыз, поезддерсиз,

баарыбыз чогуу-чаран турар элек

корксок да бир нерседен чогуу коркуп.

 

Мупмуздак деңиздеги балыкчылар

киттерге ылайым тийип койбос эле,

анан да туз казууда иштегендер

карашмак туурук, кесик колдоруна.

 

Жанын үрөп жашыл согуш камдагандар:

газ жутуп кыйраганды,

ок чалып тыптыйпыл жуушаганды –

жан талашып каалагандар,

тирүү калган бир жансыз жеңишти камдагандар –

а көрөк, таза көйнөк кийип алып,

ага-инилери менен бирге басып барып,

олтурбайбы эс алып көлөкөлөп.

 

Мен өзүм каалаганым –

“Алма быш, оозума түш” деген эмес,

турмуш деген – кыбыраган кыймыл деген,

жок менин өлүм менен эч кандай жакындыгым.

 

Турмуштун кош тизгини колдо туруп

Биз эгер бир пикирге келе албасак,

анда балким, бир мүнөткө тим туруп,

жапа тырмак жана жалпы унчукпасак –

көңүлдөгү капалык токтотулар,

жана да түшүнбөстүк түшүнүлөр;

анан да мындан кийин коёрбуз дейм,

коркутууну бир бирибизди өлүм менен;

а балким, жердин өзү. Бизди үйрөтөр,–

андагы өлүк деген бардык нерсе,

чынында тирүү, жандуу экенине.

 

Мен эми он эки деп санап алып,

сен унчукпай туруп кал, мен кетейин.

 

Сүйүү

Раазымын тагдырга, раазымын!

Ушунча күндөн бери сен менин жанымдасың,

дайыма жанымдасың!

Ал үчүн мен кимдерге эмне берем?

Кандайча төлөйм кунун?

 

Кызылга ынак жаз мында –

токойдун туткунунан ойгонуптур;

ийинден түлкүлөр да сыртка чыгып,

жыландар шимиришет шүүдүрүмдү,

ошондо тымтырстык менен токой арасында

баратамын сени менен тебелеп жалбыракты,

өзүм билбейм: мына ушул бактым үчүн

кимгедир бирөөлөргө бирдеме төлөймүнбү?

Төлөсөм: кимге? Качан?

 

Бүт бардык көргөнүмдүн ичинен

бир гана сени көргүм келмек менин;

бүт бардык менин колум тийгендерден

жалгыз сага колумду тийгизмекмин;

күн желеси түстөнгөн күлкүңдү жандай сүйөм,

жандай сүйөм жана да уктап жаткан кезиңди мен.

 

Сүйүүм менин, сүйүктүүм! Эмне кылам?

Билалбайм, өңгөлөр кантип сүйөт,

билбеймин мурда кантип сүйүшкөнүн,

мен сүйүп да, сүйүнүп да жашап атам,

ошентип мен өзүмчө эле сүйүп калдым.

Барган сайын мага сүйкүм көрүнүп баратасың.

Көзүң мындай боло калса,

кайда кетип калды деп издей берем.

Ойлойм анан: эмнеге мынчалыкка кечикти экен?

Анан туруп таарынам –

ошол замат бечарамын, келесоомун, кайгылуумун;

 

бир аздан соң сен келесиң

сабагынан үзүлгөн шабдаалынын илеби сыяктанып.

Сүйөмүн ал үчүн да, бул үчүн да,

аз үчүн да, көп үчүн да сүйөмүн мен.

Сүйүү деген ушундай болуу керек –

азыраак, ачыгыраак жана мүлдө,

өтө өзгөчө жана өтө коркунучтуу,

кызыл-тазыл жана кара аза күткөн,

ар дайым жылдыздардай гүлдөп турган,

жана да өбүшүүдөй эч чени жок, –

сүйүү деген мына ушундай болуу керек!

 

Чили – мен кайтып келгенде

Мекеним!

Мына мен өзүмдүн тагдырыма келдим кайтып

шаарлардан, токойлордон

жана да деңиздерден,

түркүн-түркүн элдерден келдим кайтып.

Эмне көрсөм бүт баарын карегимдин түбүнө

келдим катып,

эмнеге колум тийсе алаканда изин сактап,

эмне уксам, эмне билсем басылды тамга болуп

убакыттын сызыгы терең түшкөн бешенеме.

 

Келем кайтып ар дайым

жашарып да, улгайып да,

жашарткан ал – сүйүү, сүйүү жана сүйүү,

улгайткан ал, албетте,

айтпаса да түшүнүктүү, албетте,

анткендиги кемирип-кетип турат

саат, аптап жана айлар –

эч нерсеге карабас курч тиштери календардын.

Сенден алыс жүргөндө эмне тапсам,

эмне алсам,

таштаймын бут алдыңа, сүртөмүн чачтарыңа

жаным калбай жакшы көргөн кичинекей

өлкөм менин.

Эч нерсе жасабадым сага берер бар-жогумдан

артыгыраак,

мен сага берем баарын жаныма кыпын албай,

акыр түбү металлдарды кайтарып жерге

берген шаймандардай

сен үчүн түгөнөмүн мизим калбай.

 

Мен жүрдүм эл аралап, базарлап да,

араладым заводдордо электр жарыгында,

жүрдүм мен ой чогултуп, таш чогултуп,

гүл чогултуп,

ошондо канчалык мен жакшы көрсөм,

канчалык алар мени жакшы көрсө,

ошончолук сыймыкка балкыдың сен;

канчалык олжо тапсам, эмнени беришсе

белек кылып,

бардыгын ала бердим

сени жакшы кооздоп, көрк арттырып,

анан кайра мактоого, ата-журтум,

сызмадай ичке жерим.

 

Барган жердин бардыгында

жолуктум мен

таттуулукка, урмат, сүйүү, досчулукка.

Барган жердин бардыгында,

опсуз чоң-чоң аянттарда

ырга, гүлгө, өбүшүүгө көмдү мени.

Жооп сөзүм аларга болду мындай:

караңыздар, мен – мен эмес,

кол сөйкөп көрсөңүздөр көрөсүздөр –

бар болгону туулган жерди,

Чилинин ташын, суусун,

жолдогу ырын, жүргөн жылып эт жүрөгүн.

 

Ырларымдын турпатынан

көздөрү бөтөн жердин элдеринин

Көрүштү текматка окшош Чили жерин,

Африканын ийрейген кумдуу жээгин,

томсоргон Антофагастын сасык түшүн айдаган

отторун түндөгү кораблдердин,

андан ары жүзүмчүлөр айлы жатат кызгылт-көгүш,

кургак жер жана деңиз алдындагы көмүр кени,

андан аркы көк жашыл аймактардан

көрүштү көздөрү бөтөн жердин элдеринин

күндүн нуру татынакай тазалаган

буудайдын жайкалган жашыл жерин.

 

Сенин аткан таңыңды

убактыңды жана таалай-тагдырыңды

сенин аял-эркегиңди

Ырдадым кубаттанып.

Дуулдаган эр жүрөк уландарың туурасында

кеңеш куруп сүйлөштүм шамал менен, кылыч менен,

кан менен шүүдүрүмдөр гана калган убакыттын

түркүгүнүн алдында туруп алып.

Алар менен бирге басып

күрөшүнө жардамдашып

жүрсөм дагы

баары бир, ар дайым

сени менен бирге болдум элим менин –

колу менен катуу, калың кара жерди каңтарып

сульфат алып, жез казган,

балык кармап, туз алган

вино жасап, пияз дагы айдаган

батиңке да ултара алган,

поезддерди чексиздикке жүргүзүп,

түбөлүккө кыймылдаткан

сени менен болдум бирге, элим менин.

Бул жерде эч бир нерсе эч качан токтоп турбайт.

 

Элим менин, демек ал, жүргөн кыймыл.

 

Ата Журтум – сапар жол.

 

Ушинтип мен өзүмдүн жериме барганымда

эмне күтүп турарын көрө-биле

өзүмдүн ырым менен келем кайтып.

Кайсы бир министр мени айтат

эли-жерин жериген бөөдө кул – деп,

О аны кетет жиреп эси жоктор.

А гезиттин келемиши –

каламын ачуу зилге малып алып,

ысмымды жана кылган ишимди

“Эль меркурионун” бетине кирет булгап.

Жаш жигит өссөм деген

кезинде өз колумдан сөз дагы, нан да жеген

ачуусуна буулугуп мындай деген:

“Анын жазган шаңдуу, тирүү ыры менен

өлгөндөрдү тирилтип күрөшкө чыгуу керек”.

 

Мына ушинтип,

суусунун ылай сууга бек кандырып

ич күйдүлүк дарагы уу жалбырак

көлөкөмдө көлөкөсүн жайып өсөт,

дагы

Кантели, кечир мени, мекеним кечир

бүгүн да кечирип кой

ушул лавр дестесин атайын

арнап сага апкелген мен алыстан:

көөмп койгун жаркыраган ай-талааңа,

жашырып сал асабаңдын өсүп-өнгөн

тамырынын арасына.

Өзүң бил, мени эч жакка барган эмес, деп деле кой,

кайтып деле келди дебе,

Эч ким муну укпасын, көрбөсүн да, билбесин деп,

оозумду жаап, үндү басып койсоң деле өзүң билгин.

 

Анда тандайм күрөштүн башка түрүн:

бир гана киндик кескен элим үчүн

каалаймын эч түгөнбөс, эч жанбас

ак сүйүүнүн нагыз түрүн.

 

Күз менен өтүп кеткен

Күз менен өтүп кеткен сени эстедим.

Боз топучан, эт жүрөгү эч кайгысыз

Кечки оттор көздөрүңдө кылычташкан

Көлүндө көңүлүңдүн термелет жалбырактар.

 

Баркыт болуп колума урундуң сен.

Байралтты жалбырактуу жагымдуу үнүң.

Чаңкоом күйгөн алоолоп кубанч оту,

Көңүлүмө буралып чыккан гүлсүң.

 

Көзүң жолдо, күз кайтты арт жагына:

боз топучан, канаттуу үнүн, а жүрөгүң –

үй каалоомду үндөп турган,

өбүшүүлөр учкунга окшош салмагы жок.

 

Кораблден караган асмандайсың.

Бөксө тоодон көрүнгөн түздүктөйсүң.

Жарыксың, түтүнсүң жана кайгы-капасыз

көлмө суусуң.

Сенин көзүң түшкөн күүгүм турчу күйүп алоолоп,

Күзүндөгү жалбырактар көңүлүңдө термелчү.

 

Каныша

Мен сени каныша деп атап алдым.

Бар өйдөрөөк сенден деле, бар өйдөрөөк.

Бар тазараак сенден деле, бар тазараак.

Бар чырайлуу сенден деле, бар чырайлуу.

 

А бирок каныша – сен.

 

Сен көчөдө баратканда

эч ким сага тизе бүгүп таазим кылбайт,

көрүшпөйт да башыңдагы таажыңды жакутталган,

көрүшпөйт, жок килемди, кызыл алтын чөгөрүп сен

басуучу жолго салган.

Сен көзүмө көрүнүп койсоң болду –

денемде бүт дүйнөнүн дарыялары ырдап кирет,

ай-ааламда шаңгырап коңгуроолор –

жер жүзүн бир зор гимн каптап кирет.

Бирок аны

жалгыз гана сен экөөбүз

уга алабыз, сүйгөнүм.

Которгон: Омор Султанов