Осмонакун Ибраимов: Бу Жамгырчынын Бердибегине Көкө Теңир берчүсүн жакшы эле берген окшойт

Бердибектин ырлары

Мен Бердибектин ырларын тие качып окуп жүргөнүмө, интернеттен көзгө чалынса «эмнени жазды экен» деген кыязда көз токтото калганыма бир топ убакыт болуп калды. Адегенде анча деле маани бербей, бир сыйра кыйгачынан көз жүгүртө салып, башка темаларга аттап кетип жүрдүм. Бирок чыныгы ыр менен ыр сөрөйдүн, жармач жазмакерчиликтин айырмасы алыстан эле байкалып турат эмеспи. Интернеттен окусам да, бу Жамгырчынын Бердибеги жыл санап өсүп, жетилип келатканын байкадым. Кийинки убактагы ырлары табияттан айткан таланты жок болсо да үстү-үстүнө теминген ортозаардын эмес, чыгармачылык чыныгы зардеси бар жаш калемдин табылгалары экенин байкатты. Ошентип Бердибектен чын эле акын чыгарына көзүм жете баштады. Ыр китеби мурун чыкты беле же жокпу, билбейм, бирок буга анын интернетке чыккан ырларынан эле байкадым. Ырас, интернет деген интернет, анда жакшы да бар, жаман да бар, акылга дабаа, санаага шыпаа маалыматтар менен катар, акыр менен чикир да ошол дүйнөдө толтура го.

Баса, интернетке чыккан Бердибектин ырларын окуп отуруп, эмнегедир Жолон Мамытовдун стили, ыргактары эске келди. Кереметтүү Жокемдин жалындаган жарандык лирикасы, акындык амбициясы, интонациялары кадимкидей көзгө элестеди…

Аманчылык болсо андан акын сөзсүз чыгарына ишенип, келечекте кыргызга дагы бир таланттуу акын кошулуп калар бекен деген жакшы ниет менен калем кармап отурган учурум.

Бу Жамгырчынын Бердибегине көкө теңир берчүсүн жакшы эле берген окшойт: ал поэзия жазат келиштирип, комузда ойнойт безелентип, анын коштоосунда ырдайт кыргыздын ырларын. Жүрөгү таза, акылы тунук, адамга керектүү жакшы сапаттары – баары бар. Эң негизгиси – чоң романтик. Кыялкечтигин, жапакечтигин, санаачылдыгын айтпа: баарына ийги, баарына ортоктош, бүт ааламга тилектеш.

Бийигиңе билбейм кандай сөз жетет?

Ыйыктыгың ар демимде кездешет.

Кечир бизди, кереметим Ата-Журт,

Азабыңды Алыкулдай сезбесек,- деп эл-жердин кандай жүгү болсо да кабыргасын кайышкыча көтөрүшкө дапдаяр. Мекенибизде эмне жакшы нерсе болсо – ал Бердибекке да тиешелүү. Эмне жаман иш болсо, кейите турган жосун болсо, ал Бердибектин да утулушу, Бердибектин да жоготуусу, санаасы, түйшүгү.

Чындап кубандырганы – Жамгырчынын Бердибеги ыр дегенди, поэзия дегенди сөз өнөрүнүн туу чокусу деп билгени. Жаш акын уйкашкандын баары эле поэзия деп саналат деген жоон топтордун арасында эмес. Бердибек үчүн ыр жазуу – сөз менен иштөө, жыгачтан топчу түйгөн усталардай эрикпей узануу, кыналыштыруу, ар бир сөздүн даамы менен ордун таба билүүгө умтулуу. Жогоруда мен эскерген Жолон Мамытов ошондой акын эле. Жалындуулук менен жарашыктуулук, эргүү менен эстетика, тереңдик менен чеберлик Жоке үчүн адабияттын алтын эрежеси болчу.

Азыр эми Бердибек адабият сапарына жаңы аттанып, акындыктын ысыгы менен суугуна чыдайм, өтөсүнө чыгам деп үзөнгүсүн теминип, Пегастын тизгинин үстү-үстүнө кагып турган кези.

Ийгилик-кемчилик жагы кандай? Жок эмес, бар. Бирок аны кийин айтабыз. Адегенде түшүмдү арбытсын. Калемин дагы да төшөлтсүн. Көздү дүйнөгө кенен таштасын. Айлынан ааламга жол алсын, санаасын санга чаргытсын. Чыныгы адабияттан алыстай түшкөн, сөз өнөрүнөн четтеп калган калың окурмандын жүрөгүнө жол тапсын. Калганын көрө жатарбыз.

Ошондуктан Бердибек акынга ак жол каалайм.

Чыгармачылык сапары байсалдуу болсун!

Осмонакун Ибраимов

Коомдук ишмер, Профессор,

Коомдук ишмер, адабиятчы О.Ибраимовдун пикиринен кийин автордун ырларына бир көз жүгүртүп окуп, өзүңүздөр да талдап көрүңүздөр, урматтуу окурман.

Генийлер

Генийлер өмүрү жутунбайт,

Чоң тойсо чокчоңдоп кутурбайт.

Жалганга жармашпайт, бир гана,

Жан дүйнө байлыгын утурлайт.

 

Генийлер жөнөкөй кийинет,

Кыйналат, миң өлөт, тирилет.

Жалтырак жамынып жашабай,

Жарык нур көргөнгө сүйүнөт.

 

Жашабайт чөгөлөп, актанып,

Өз ишин унчукпай аткарып.

Өмүрдү башкача сүрүшөт,

Артында акмалап ак жарык.

 

Ачылып турмуштун арааны,

Ансайын күчөтөт санааны.

Саясат гүлдөгөн өлкөдө,

Көрүнбөйт генийдин карааны.

 

Табышмак өмүрдү сүрүшөт,

Жалындап от болуп күйүшөт.

Биз менен бир жашап жатса да,

Генийлер байкалбай жүрүшөт.

 

Генийдин нурунан Күн жаркыйт,

Генийдин мээринен түн балкыйт.

Биз көрбөс бакыттын чоңдору,

Генийдин жолунда тургансыйт.

 

Кепинге чындыкты жашырып,

Келебиз жалганга баш уруп.

Генийлер баркталбас өлкөдө,

Баркталат кемчонтой, макулук.

 

Курсактын ичинде күрөшүп,

Келечек бир күйүп, бир өчүп.

Жар бойлоп бараткан өлкөбүз,

Генийин четинен түгөтүп.

 

Менин арзуум

Сага берген гүлдөрдө менин демим,

Ал гүлдөрдүн жытында, өңүндөмүн.

Менин арзуум өлбөстүк сапарында,

Ар бир жанган чырактай өмүрдөмүн.

 

Мени издесең айылдын таңындамын,

Мени издесең суулардын шарындамын.

Бутагында балалык изи калган,

Булбул сайрап муңканган багыңдамын.

 

Мени издесең түрүлгөн булуттамын,

Сен деп ыйлайт түндөрдө улуп жаным.

Сен жолуккан ал күндөр ыйык эле,

Сездиң бекен? Мен сени унутпадым.

 

Сендеги жылуулук

Жылуулук бар өзүңдө, уясындай чымчыктын,

Назик жансың аябай, бутагындай чырпыктын.

Жашап жүрөм түңүлбөй, үмүт менен сени ээрчип,

Кара күчкө жазылса кантип жакшы ыр чыксын.

 

Ал жылуулук сендеги, мокобойт да карыбайт,

Күнүмдүктөн куткарып, ар саатымды жаңылайт.

Ысык-Көлдүн керемет таңкы жели сыяктуу,

Кир дүйнөнү жолотпой, ыр дүйнөдөй дарылайт.

 

Ал жылуулук сендеги туулуп-өскөн жеримдей,

Жайдын жумшак жайдары согуп турган желиндей.

Көркөмдүгү жоголбос табиятка чакырып,

Көңүл кирин айдаган наристенин деминдей.

 

Ал жылуулук сендеги, дартка айланды мендеги,

Оттун табын жамынган селкисиңби сен деги?

Жаз жыттанып бир күнү кирип келип капыстан,

Жалгыз өзүң сезилдиң жан дүйнөмдүн эрмеги.

 

Жылыт мени сүйүүгө, ысыт мени аптапка,

Калыбына келгиче жан дүйнөмө баш бакпа.

Муздак жолдор алыстан сөөмөй кезеп турганда,

Жылуулукка орой бер, суугуңа какшатпа!

 

Буулукканда

Түйүлгөн кабагымдан Күн коркуп түнөрчүдөй,

Тагдырдын дөңсөөлөрү таманда түзөлчүдөй.

Толкундай артка кайтпас жалтанткан анык сүрүм,

Тоолорду тамырынан бошотуп жиберчүдөй.

 

Жандуунун баары калды артымда балакайлап,

Жапжалгыз мага таандык катуу күч барат айдап.

Жонумда арстандар… жол улап кете бердим,

Жолумдан чыккан ташты жөн өтпөй жара чайнап.

 

Өрт баскан токой өңдүү качырап колу-бутум,

Өзөктөн сууруп салдым өмүрдүн болумушун.

Канталап каректерим чыкчудай чанагынан,

Каалабайм ушундайда душмандын жолугушун.

 

Көйгөйлөр көз алдымда куюндай сапырылып,

Кадимки каршылаштар ар жерге жашырынып.

Бук толгон жүрөгүмдү тамырдан сууруп салып,

Чаң салдым бүт дүйнөгө бүркүттөй атырылып.

 

Ташка да айланабы бир кезде жан ушундай?

Ажалдын уусун ичтим душмандын каны тургай.

Мүнөзүм тарс жарылды көңүлдүн түпкүрүнөн,

Мүрзөсүн жара тепкен кадимки Алыкулдай!

 

Кечир бизди, Ата-Журт

Бийигиңе билбейм кандай сөз жетет?

Ыйыктыгың ар демимде кездешет.

Кечир бизди, кереметим Ата-Журт,

Азабыңды Алыкулдай сезбесек.

 

Кечир биздей көөдөнү көр урпакты.

Көз жашыңдан бакыт куруп жыргаган.

Кечир биздей көңдөй коомду курсактуу,

Келечегин, тарыхын да булгаган.

 

Аң-сезимде арзыбаган көр дүйнө,

Аруулуктар азыр бизге жомоктой.

Кайдыгерлик жатат дале төркү үйдө,

Калыстыкты босогого жолотпой.

 

Алдыбызда тунарган бир жол турат,

Акыл-эсте өчүп барат жол чырак.

Адамдардын тойго толгон мээсинде,

Адабият кошок кошуп олтурат.

 

Келечекке билбейм кантип барабыз?

Бабалардын арбагына баш ийбей!

Ата-Журтум, кантип муну танабыз?

А биз сени колдонобуз батирдей!

 

Кечир бизди, Ата-Журт!

 

Алыкулга

Өлбөстүгүн далилдеп ырга айланган,

Өнөрүнө баш ийдим Алыкулдун.

Жан дүйнөмдү ойготуп акын ыры,

Чоң уйкудан мен бүгүн жаңы турдум.

 

Таамай аттап тулпардын арышындай,

Таза жазган ырынан чаң учурбай.

Ата-Журттун ордуна өзүн коюп,

Ооругандар аз чыгар Алыкулдай.

 

Ар бир сабы жүрөктүн дарысындай,

Болсо болсун акындар Алыкулдай.

Өлсө дагы мүрзөсүн жара тепкен,

Буудан деген чынында дал ушундай.

 

Эх, Алыкул, буюрбай өмүр теңи,

Ээрчип жүрүп алгандай өлүм сени.

Ырларыңа ызалуу муңун кошуп,

Ыйлап күтүп жаткандай көлүң сени!

 

Эх, Алыкул, буюрбай өмүр теңи,

Ээрчип жүрүп алгандай өлүм сени!

 

Бир акынга

Эшикте үйдө деле,

Күндүзү түндө деле.

Ой менен жашайт дайым.

Кызыксыз, кызыктырбайт,

Жалтырак дүйнө деле.

Өмүрдүн өзүнөн да,

Ырларын сүйгөн эле.

 

Ызы-чуу айланасы,

Тытынып жүрөт баары.

Сыртынан сыйласа да,

Ичинен күлөт баары.

А ага баарынан да,

Ыр жазган мүнөт дары.

 

Мүнөзү такыр башка,

Генийби ал эмине?

Көңүлүн тыз эттирген,

Көп сөз жаайт дарегине.

Бактысы, кубанычы,

Байланган калемине.

 

Өлөм деп Мекен үчүн,

Кыйкырбайт эч убакта.

Пайдасыз ураандарды,

Чынында кеч угат да..

 

Бирөөлөр кетип атса,

Бирөөлөр келип атса.

Оорутпайт башын деле,

Чыгарбайт атын деле.

Эң сонун майрам ага,

Эргүүлөр эшик ачса!

 

Ааламга тегиз тийген,

Кадимки Күндүн өзү.

Адамды тегиз сыйлап,

Өзгөрбөйт бир мүнөзү.

Сыр бойдон келет дайым,

Ал тургай үй-бүлөсү.

 

Калыс сөз айткан жок деп,

Канчалар асылды эле.

Жарашмак өтө сонун,

Айтса эгер акыл деле.

Коом өзү дүлөй болсо,

Кор болот асыл деле.

 

Унчукпай тилегени,

Улуттун ынтымагы.

Карайлап жан дүйнөсү,

Канча ирет зыркырады.

Акындын акыбалын,

Ким эстеп, ким сурады?

Татыктуу адам атка,

Ичи да, сырты дагы.

 

Тарых да, келечек да,

Буюрса атайт атын,

Мен буга көзүм жетет!

Билинбей, көрүнбөй да,

Арада жашайт акын!

 

Балалыкка

Байкабастан жылдардын аралыгын,

Аңдабастан өткөн күн тазалыгын.

Артта калган өмүрүм жомок болуп,

Өткөн экен эх, аттиң, балалыгым!

 

Чиркин анда асманым көпкөк эле,

Баары таза, айланам көктөм эле.

Балдар уруп өңгүрөп ыйлап келсем,

Басып койчу апамдын өпкөнү эле.

 

Азыр эми аруулук тоону ашалбайт,

Айсыз түндө карайлап шоола тандайт.

Балдар эмес, мени азыр турмуш уруп,

Ыйлап турсам апам да соорото албайт!

 

Тыбырчылайт көп ойлор күйүттөгү,

Кайда таштайм кусаны үйүп деги?

Балалыкты алыстан карап турсам,

Кулагандай бир бакыт бийиктеги.

 

Кусалыктар коштолуп кош обонго,

Күйүп кетем ишеним мокогондо.

Чыйпылдаган чымчыктай балалыгым,

Турам бүгүн сагаалап босогоңдо.

 

Баёолукту азыр да издештирдим,

Караан үзүп кеткенин билбептирмин.

Ыпыластык дүйнөгө эбак келип.

Жан дүйнөмдү чаң басып кирдептирмин.

 

Калптан бүткөн жол издеп канча жерде,

Көр турмуштун азабын тартам эмне?

Жасалма бул турмушта жашаганча,

Балалыктын чаңында калсам эмне!

 

Жаз менен кызды бөлө албайм

Башыңа гүлдү жаздатып,

Ааламды бүтүн жаз басып.

Жан дүйнөң канат байланып,

Баарына жаккан жаз бакыт.

 

Көз моокум канбай көркүнөн,

Көңүлдөр эргип көлкүгөн.

Кулпурган жашоо көз жарып,

Кулундар туйлап мөңкүгөн.

 

Мээримин төгүп Күн ачык,

Жүрөктүн баары гүл ачып.

Жаз айы бизге жашар деп,

Жараткан берген гүлазык.

 

Кейиген күндөр кайра шат,

Керилип кыздар жай басат.

Жан сабап бакта чымчыктар,

Жашоо бар дешип сайрашат.

 

Бийкечтер бизге карыздар,

Дегендей издеп нагыз жар,

Жигиттер жүрсө демигип,

Символу жаздын а кыздар.

 

Кызы жок жазды көрө албайм,

Жазы жок кызга көнө албайм.

Бирине-бири төп келген,

Жаз менен кызды бөлө албайм.

 

Кечки көл

 

Ай нурун шуру сымал төгүп түндө,

Ах чиркин поэзия көл үстүндө.

Агарат ак толкундар кереметтүү,

Окшошуп жаңы ачылган өрүк гүлгө.

 

Кайран көл, жапжашсың ээ кылым жашап,

Качанкы ачыла элек сырың жатат.

Ишенген көл сырдашы биз дегенсип,

Ийменип ак жылдыздар жымыңдашат.

 

Аруулук бүт өзүңө кошулгандай,

Арзууга ширелишкен отуң бардай.

Кайрадан кайтып келип, «Эх, көлүм!» – деп,

Алыкул жарпын жазып отургандай.

 

Көркөмүң чебер уздун боёгундай,

Сөөлөтүң карыянын жомогундай.

Сен өлбөс түбөлүктүү… А адамдар

күнүмдүк келип кетчү коногуңдай.

 

Жаштыгым сенде экенин билемин мен,

Жаныма жалын топтойм илебиңден.

Өмүрдө таянарым өзүң барда,

Ыр дүйнө тамып турат жүрөгүмдөн.

 

Толкунуң толкуп турса Ысык Көлүм,

Токтобой ыр куюлар жүрөгүмдөн!

 

Көл жана сен

Тагдыр мени кулатып бийик жардан,

Кайгы тонун бир кезде кийип калгам.

Көпкө жүрүп ошондо көл жээгинде,

Көл толкуну көөдөнгө уюп калган.

 

Сезип мага көлүмдөй өң керегин,

Сени дагы бекерден көл дебедим.

Сырттан карап сыпайы күлүп койбой,

Көөдөнүмдү аңтарып көр дегеним.

 

Көлдөн алып көп кубат керектедим,

Көлсүз жашоом кызыксыз демек менин.

Жан дүйнөңдүн добушун тыңдаган соң,

Жарым түндө көлдү, анан сени эстедим.

 

Көркөм, таза сулуулук тагынышып,

Көл жана сен, экөөңдүн табың ысык.

Көз моокумун кандырат караганда,

Жүзүңөрдөн кызгылт нур чагылышып.

 

Көл жана сен, өзгөрбөй бирдейсиңер,

Жамандыктан жакшыны иргейсиңер.

Аруулуктун жамынган ак көйнөгүн,

Кыянаттык барын да билбейсиңер.

 

Көл жана сен, сүйүүмдүн кең Мекени,

Табыш кайдан силерге теңдеш эми?

Көңүлүмдү тынчытат бир ойлосом,

Көлдөй терең бакыттын сенде экени.

 

Эгиздердей бир болуп көл үчөөбүз,

Эстен кеткис ирмемде көрүшөбүз.

Жакындар да билбеген анык сырды,

Жашырбастан болгондой төгүшөбүз.

 

Экөөңөргө эң аруу сөз гана тең,

Эс-дартымдын энчиси көл жана сен!

 

Мен билген бир кыз

Мен билген кыз бар эле, мезгилди алаксыткан,

Мээлешип далай көздөр турчу эле карап туштан.

Байланып ошол кыздын жан эзген ажарына,

Бир далай досторумдун жүрөгү канап чыккан.

 

Жетем деп сабагына дал ошол ыйык гүлдүн,

Желпинип бар дүйнөмдү далай жыл күйүктүрдүм.

Ок болуп ойрон жаным түбүнөн омкорулуп,

Окууну ойдон алып мен дагы сүйүп жүрдүм.

 

Чыдамы кетип күндө туйлаган байкуш жандын,

Чыгалбай ашыктыктан бариктей кайкып калдым.

Башкалар азыр гана менчиктеп кетүүчүдөй,

Бир күнү балп эттирип «сүйөм» деп айтып салдым.

 

Эх, ошол убакыттар билинбей эч өткөнү,

Эсимди карайлатып көздөрү тешет мени.

«Мен сизди жүрөгүмдөн дайыма сыйлап келем,

Калганын жалгыз гана убакыт чечет», – деди.

 

Жүрөктө уйгу-туйгу сезимдер кайнап калды,

Санаалар ишенимди заматта айдап салды.

Айткандан көп күн өтпөй ал кызды ала качып,

Убакыт чечпей эле азапка байлап салды…

 

Эх БГУ, окуу жайым, сезимдин тамган жери,

Жаштыктын айыкпаган азабы калган жери.

Арзуунун чокусунда карайлап жүрө берип,

Арадан жети жылдай өтүптүр андан бери.

 

* * * * *

Ишенгим келген да жок, көргөнүм анык деп мен,

Бейкапар бара жаткам досума салып кептен.

Келатты маңдайымда…дүркүрөйт бүткүл денем,

Баягы ажары жок, муңайып карып кеткен.

 

Заматта алай-дүлөй, көзүмдөн жаш кылгырып,

Тушалып буттарым да араңдан бастым жылып.

Тагдыры ашыгымдын талкалап кетти кайра,

Тынч жаткан ааламымды заматта ташкын кылып.

 

Соолуган гүлдөй болуп калдың го эсте бекем,

Булактай күндөрүңө кайрадан кетсең экен.

Бир кезде өзүң мага ыйгарган убакыттар,

Пайдаңа аянычтуу тагдырды чечкен экен.

 

Бараттың баскан сайын денеңден кулатып муң,

Акыры билдим мен да чечпесин убакыттын.

 

Романтика

Оо Жараткан, аныгына ким жеткен?

Айыктырба алоолонгон илдеттен.

Көргөн элем көз уялткан сүйүүнү,

Асманында жылдыз учкан бир кечтен.

 

Романтика – чексиздиктин эгеси,

Романтика – ашыктардын кемеси.

Кандай гана эргүү берет өмүрдө,

Махабаттын жан туйлаткан элеси.

 

Мен – шамалмын, сен – ак кайың ыргалган,

Сен – музыка, мен – ырыңмын ырдалган.

Өзүңдү издеп кетери чын жанымдын,

Өткөн жана келе турчу жылдардан.

 

Сүйүү укмуш, сонун азап чектирген

Көксөп жүргөн бийиктикке жеттим мен.

Турсам экен жүрөгүңдө илинип,

Шераалынын чокоюндай эскирген.

 

Сен өмүр

Жай алып канча өмүрлөр жер энеден,

Жашоодон жандар өттү ченебеген,

Жакшылар жакшылыктын жолу болчу,

Жамгырдай арууланып себелеген.

 

Өмүрдүн кечээ аткан таңы кана?

Көңүлдүн өчпөйт деген шамы кана?

Сыйыртмак саласыңбы, сен ажал эй?

Сый көрүп баштаганда жаңы гана.

 

Жакшыга жашты деле көп берсе не,

Дарактай далай жылга көктөйт эле.

Түн менен кошо узап кетет беле,

Татыбай тирүүлүгүң эч нерсеге.

 

Ишенгим келген эмес, жалган дешсе,

Өлүм чын, далайларды алган дешсе.

Тумандар каптайт тура бир заматта,

Жылдыздар эми гана жанган кечте.

 

Жашоонун тоголонгон ташындайбыз,

Жамгырдын бир төгүлгөн жашындайбыз.

Өзүбүз өлбөчүдөй жүргөн менен,

Өлүмгө саат санап жакындайбыз.

 

Сен өмүр буудан аттай алкынасың,

Сен өмүр, канат каккан каркырасың.

Өзүңдү табуу кыйын, жоготуу оор,

Бир ирмем элесиңди калтырасың!

 

Буулугуп бул дүйнөгө батпагандар,

Үшкүрүк толтурдуңар демибизге.

Карааны алыстаган жакшы адамдар,

Кайрылып келбейсиңер эми бизге.

 

Күн болуп кайра чыкпай баттыңарбы?

Чындыкты ошол жактан таптыңарбы?

Чымынга зыяны жок жандар эле,

Жер эне үшүтпөгүн жакшыларды.

 

Жер эне, чексиз мээрим, кубатың бар,

Көз жетпес тереңине кулачың бар.

Өксүтпөй карай көргүн ал дүйнөдөн,

Өзүңө эрте кетти бул асылдар.

 

Чоң энем жана балалык

Не деген муза балалык доордун көркү эле,

Жашоого мен да, жашоо да мага эрке эле.

Алдымда жалаң жакшылар тосуп турчудай,

Чоң сезим менен чоңойгум келчү эрте эле.

 

Оо чиркин анда оюнда болчу делебем,

Күч-кубат алып табият менен энемен.

Эч кимге бербей балалык аруу бакытты,

Оюнчук кылып ойногон бала мен элем.

 

Бала да болсом кыялым менен чоң элем,

Күн нуру окшоп кызарып турган чок элем,

Таң болуп атып, Ай болуп батып дүйнөмө,

Ээрчишип жүрөр эрмегим эле чоң энем.

 

Асманым ачык, табият дагы башка эле,

Жүрөгүм баёо, жүздөгөн бакыт башта эле.

Жалынып кечке жарыгын чачкан дүйнөмө,

Ал кезде энем болжолу 80 жашта эле.

 

Талашпай турмуш бакытты ошол мендеги,

Күзгүдөй жашоо булганбай турчу жердеги.

Энемдин кечке укканы «Кыргыз радио»,

Дастандар жана ыр күүлөр болчу эрмеги.

 

Өзүмдү өзүм тутантып турган өрт элем,

Табият сырын көөдөнүм менен көрчү элем.

Толкундап анан колума жайып китепти,

Том-томдоп күндө энеме окуп берчү элем.

 

«Саманчы жолу», «Каныбек», «Кычан», «Жамила»,

Окуган сайын кошулуп тамыр, каныма.

Толкутуп турчу томуктай ошол жүрөктү,

Токтогул, Калык, Осмонкул келип жаныма.

 

Жел болуп учуп Жеңижок, Барпы айдыңда,

Кедейге күйүп, азабын жедим байдын да.

Жүрөктү шилтеп тарыхтын «Сынган кылычы»,

Зор эргүүм болду Алыкул менен Байдылда.

 

Чоң энем мага бакытты сунчу эселеп,

Ал кезде чындап ырысым болчу өтө көп.

Мээнетим алып, сумкемди кармап колуна,

Мектепке чейин баруучу мени жетелеп.

 

Өзгөрбөй күндө өкүмүн сүрчү бейпилдик,

Алдымда турчу көз жеткис таза мейкиндик.

Короосун жаппай кошуна, тууган дегендер,

Кол-бутта эмес, жүрөктө болчу эркиндик.

 

Бардыгы ачык, адам жок болчу бекинген,

Көркөмдүү дүйнө көз жарып турчу эсимден,

Айылдын ошол апакай чаңын оронуп,

Айланар элем балалык оттуу кечимден.

 

Өмүрү бүтүп энем да өттү өмүрдөн,

Өзгөчө дүйнөм өрттөнүп күйдү көңүлдөн.

Чоң энем менен баёолук тамыр бир эле,

Балалык өчтү көз жашым менен төгүлгөн.

 

Көрүнбөйт азыр көңүлгө жакын аралык,

Буулугуп жаным турмуштан түтөйм камалып,

Сагыныч менен санаага барат айланып,

Алыста калган чоң энем жана балалык…

 

Бал күндөр эле, шар күндөр эле баарысы,

Батакөй эле, нускалуу эле карысы,

Оорунун баарын ордунан эле жок кылган,

Балалык тура бактылуу күндүн дарысы!

 

Чоңоюп көрдүм, тегерек четим бурганак,

Жашытып улам жан дүйнөм кирдеп-булганат.

Жазга окшош бирок көркү жок дүйнө гүл ачып,

Жасалма жашоо жанымды койбойт жулмалап.

 

Көрүнбөйт азыр көңүлгө жакын аралык,

Алыста калды чоң энем менен балалык.

 

Бир кеч

Сен баскан жолдордогу муңайым сагынычым,

Азыр да үмүт үзбөй шолоктоп шорлоп жүрөт.

Сен кеткен ошол тарап эми азыр күйүт болуп,

Бир муштум таштай катып жүрөгүм оорлоп жүрөт.

 

Кар жааган ошол кечте карегиң карга айланып,

Апапак сезим менен көз албай карагансың.

Бизди жаап мажүрүм тал калкалап турган эле,

Аттиң ай, ошол кечтин бүтпөшүн самагансың.

 

Арзуусу толуп турган, алмашкыс миң кеч менен,

Тагдырда кайталангыс табылгыс бир кеч белең?

Сезбепмин, ошол ирмем байкабас бактым беле?

Жүзүңө түшкөн кардай эзилип актым эле.

 

Мас абал

Казыктай кагылып өрт учур мертинди,

Кайрадан жаңырып көздөдүм мейкинди.

Чегинбес үмүттү четинен жоготуп,

Чече албайт бул күндөр тушалган эркимди.

 

Өткөн күн, ушул күн, келер күн санаалаш,

Кубаныч, капалык, кыялдар аралаш.

Эңгиреп далай жыл турмушка жанчылып,

Эмнени көргөн жок эх, курган кара баш!

 

Билинбей кулоодо өмүрдүн там-ташы,

Байкоосуз мүрт кетти көңүлдүн канчасы.

Темселеп барабыз жашоонун алдында,

Не болот мындайда жашоонун аркасы?

 

Напсилер шыбырайт: «Мансап күт, атак ал,

Болгонун болгондой ич, жырга, жашап ал!”

Башы жок ойлордун ичинде майрамдап,

Көңүлдөн соолукпай күн көрөт мас абал.

 

Кеңдиги билинбес – бу турмуш тар кокту,

Кеги бар немедей көргөздү бар-жокту.

Карасаң кызыктуу, жашасаң азаптуу,

Тирүүлүк өзүңдө ушунча ар жокпу?

 

Мээ бөксө, бет калың, курсак ток, жан ачка,

Бир дене түшүүдө ушундай талашка.

Көндүм да баарына, ойлонтпойт эч эми,

Көзүмдөн бир күнү жаш эмес кан акса.

 

Жыртылган тизесин ырлары кымтыган,

Заманга сүйөнүп, жүрөгү сылтыган.

Кыялы эскирип чириген жыгачтай,

Бир жигит күндө өтөт бакыттын сыртынан.

 

Сенин көзүң

Алоолонсо бирде сүйүү өртүндөй,

Бирде көзүң көлдүн кечки көркүндөй,

Алдыдагы далай кыял, тилекти,

Сенин көзүң сактап калат өлтүрбөй.

 

Караганда канат байлап үмүттөр,

Сенин көзүң сезимдеги мүнүшкөр.

 

Көздүн сырын болбойт эркем жашыруу,

Мендик сезим караганга акылуу.

Билем, сезем айтпасаң да бардыгын,

Көздөрүңдө далай тагдыр катылуу.

 

Бир көрүшүп кайрылбастай узаган,

Кээде көзүң кайгылуу да суз анан.

Айланчыктап көк асманда бүркүттөй,

Анда дагы көздөрүңө тушалам.

 

Ушул турмуш ойго койбойт түтөгүр,

Көз жаш менен агып барат бүт өмүр.