Орозбек Айтымбетов: Турмуш өкүмү

Турмуш өкүмү

(кыскартылып алынды)

Мектепке күндөгүсүндөй эрте келип, китеп салган курак баштыгын балдар жүгүрчү аянтчанын четиндеги бактын бутагына илип таштап, эжеси жасап берген кийиз тобу менен качма топ ойноп жаткан. Булоолоно тердеп кеткендиктен кара көрпө тумагын, шырыма купайкесин, кийин чокоюн чечип салып, жылаңайлак чымын-куюн болуп чуркап жүргөн. Бир маалда эле деректир Авазды чакырып калбаспы. Барды. Мугалимдер бөлмөсүндө бир топ агайлары, эжейлери, анан “сельсовет” деп чакырышчу узун бойлуу, ак ала чач, кара сур, шалдыр тиш, бүкүрөйгөн арык киши олтуруптур.

–Мектептеги жалгыз отличнигибиз, – деп тааныштыра сүйлөдү деректир “сельсоветке” Авазды.

–Мына ушуга эң жакшысын, жылуусун тандап бериш керек.

Анан ал үстөлдүн үстүнө үйүлүп турган балдардын кийимдерин тандай кетти:

–Пальтодон канчанчы кийесиң?

Аваз шашып калды. Эмне деп жооп берерин да билбеди..

–Ой, бу өкмөттүн кийимдерин кийип жүрөт дейсиңби? – деди ары жактан бирөө. – Кайдан билсин аны. Кийгизип көрүп, чак келгенин карматкыла.

Бир учурда Аваздын кучагы “жаркыраган” жаңы кийимдерге толуп калды. Кубанганынан жүзү албырып чыкканын сезди.

–Ызначыт, буга бир балтоо, өтүк шым, кемсел берилди, ‑ деди “сельсовет” алдындагы кагазына бирдеңкелерди чиймелеп. – Мунуку ушуну менен болду.

–Жо-о, аксакал, бергенге жараша бир сыйра берели. Бир көйнөктөн эч нерсе болбойбуз.

Деректирдин сөзүн башка мугалимдер да коргоп кетишти.

–Ну, ничо, берсе берели. – “Сельсовет” азыркы берилген кийимдерге көйнөктү кошуп жазгандыгы байкалып турду.

–Дагы жакшы оку, – деди деректир көйнөктү балага карматып жатып.

–Макул агай, – деди Аваз күрөң көйнөктү кызыга кармалап, кандай ыраазычылык ыклас кыларын билбей.

–Эми барагой, – деди “сельсовет” Авазга. Анан ошого удаа эле деректирге кайрылды. – Эми калган жетимдериңерди чакыргыла.

Аваз бурулуп бараткан. Негедир селдейе калды. Денеси жат сөздөн жыйрыла түштү. “Жетимдер” деген сөз ага октой тийди. “Жетим” деген сөздөн улам Аваз “чакырып алып урган бечарадай” боз ала болду. Эшик таппай темселеди. Кийин же чыгып кете албай, же кайра бурула албай делдиреди. Анан капыстан эле:

–Мен жетим эмесмин! – деген жалоору үн сыртка атылып чыкты. – Жетим эмесмин! – Көздөрү кылгырды. – Ким айтты жетим деп?! Калп айтат…– Аваз бышактап жиберди. – Менин атам бар, Балыкчыда…

–Аваз эч кимге ээ бербей ыйлап жатты. – Байкем бар. Аны күзүндө аскерге алып кетти… Белоруссияда… Минскиде… Ишенбесеңер сурасаңар элден. – Ар кай жерде томсоруп турган мугалимдерди кыдырата карайт Аваз. –Сурасаңар. Байкем барда жакшы эле турчубуз. Үйдө наныбыз деле бар. Бирок, байкем аскерге кеткенден бери… – Аваз буулугуп, көз жашы көлдөп, өпкөсү көөп, буркурады. – Байкемдин буту оорулуу болучу. Ага карабай эле алып кетишти… Авам да аскерде. Иркутскиде… Анын үч жылы бүтүп, келерине аз эле калды… Авам келгенден кийин…

–Мээнетиңди алайын Аваз. Сени эч ким жетим деген деле жок. Атаң деле бар. Бирок, анын сага кайрымы жок эмеспи… Ал сага карабайт эмеспи… –Жашап калган эжейи да жашый түштү.

Аваз сыртка атып чыкты. Көзүнө эч нерсе көрүнбөдү. Безеленип бет келди чуркап баратты. Көкүрөгүндө ыза…

Супсуну сууп, көпкө чейин мектепке барбай жүрдү Бир күнү деректир өзү келди. “Мен качан сени “жетим” деп айттым эле” деди. “Жетим” деп айткан “сельсоветти” ошондо эле мектептен кууп жиберишкенин айтып ынандырды. Анан мектепке өзү жетелеп кетти.

Аваз аскерге кеткен байкесин аябай сагынып, куса болуп, азып жүргөнү ошол окуядан кийин гана даана сезиле баштаган эле. Үйдөгүлөр Авазга байкесинин көйнөктөрүнүн жакасын, саймалуу бет аарчысын, тумагын, калпагын жыттатып алек боло берчү. Тердин тааныш жыты келчү. Бирок, андан Аваздын сагынычы жазылчу эмес. Ал байкесин көргүсү, алдында ойноп олтургусу, байкесинин эркелеткен үнүн угуп мээримине бөлөнгүсү келчү. Байкесинин кербез, сыпайы кебетеси көзүнөн уччу. Анын үч бурч каттарын бапестеп сактап, күндө үч маал окучу. Кийин каттарда жазылгандар ага жат болуп калган. Аскерге кеткенинен бери аз эле убакыт өткөндүктөн каты да аз эле. Үйдө киши жокто ар сөзүн өөп чыгар эле… Авасынын аскерге кеткенин билбей калган. Анда эси кире элек беле? Же үйдө дагы бир байкеси болгондуктан анча сагынган эмеспи аны?… Эми аскерге байкеси кетип, үйдө өзү жалгыз калгандан бери айланасы коолдоп, жалгыздыкка көнө албай, не авасын, не байкесин көзүнө сүртө албай жүрөт.

Мектепке барган биринчи эле күнү класста этибар алынбай илинип турчу үзүктөй жашыл картадан Минскини издеди. Эсинде, Минскини эки күндөн кийин гана тапкан. Ал картанын эң четки үстү жагында экен. Көзгө басар жер тоголок чийилип, кызыл менен сырдалыптыр. Минск деген жазуусу турат. Көрүп алып көздөрү тумандаган. “Байке, сен кеткенден кийин булар мени жетим деп атышат” деп ниетинде даттанган. Картадагы Минскини көргөн сайын жашый берген.

*****

“Аваз шаарга жетинчини бүткөндөн кийин гана келди. Келсе мурдагы “апасы” үйдөгү эмеректерди жоо чапкандай шыпырып баса берген экен. Үйдүн дубалдары эле калыптыр. Жаңы келген апасы туш кийиз сайып, үңкүйүп олтуруптур. Ата сөрөйү каш карайганда гана келди. Кызуу.

–Ий, чилтен, окуганы келдиңби? – деп киркиреди ал чөнтөгүнөн жарты бөтөлкө арагын сууруп.

–Ооба.

Айылда ударник болуп жүрөт деп укчу элем, ушул чынбы?

–Чын.

–Ах-хаа! Анда жакшы экенсиң… Ке, маа бир ыстакан апкелчи.

Чоко бөтөлкөдө калган арагын сыры кете түшкөн боз күрөшкөгө жайпай куюп ичти да аялына кайрылды.

–Ий, уз сен эмне күйпөңдөп атасың?

–Туш кийиз сайып.

–Мобулбу, тушкийизиң?..Хи-хи-хи…

“Апасы сайып аткан туш кийизин төркү үйгө коюп, чай демдеп, идиш аягын жууй кетти эле “Эй, бас бери!” деген чорт үнү чыкты атасынын. Экөө бир нерселер жөнүндө чукчуңдаша кетти. “Сен мени тийип чыккан эрлериңдей көрбө” деп ар этти Чоко. Анан үй көз ачып жумганча сапырыла түштү. “Апасынын” оозу, мурду канжалап, Чоконун чеңгелинен чыга албай чыркырады. Бу тири укмушту көрүп эс оой түшкөн Аваз Чоконун колуна асылды. Бир учурда “апасы” эптеп тигинин чеңгелинен суурулуп чыкты да каалгага бир тийип, нары караңгылыкка аралашып көздөн кайым болду.

Чоко сыртка чыгып, аялын короонун бурч-бурчунан издеп, таппай, кыйк-кыйк ыткытып, кыйлада келди. Колуна илээшип жүргөн бир чеңгел түйдөк чачты балп эттирип полго таштап койду.

–Эмне отурасың, давай, аркы үйгө кирип төшөгүңдү салып, уктай бер ‑ деди ал Авазга кайрылып.

–Эртең окушуңан кечикпе.

Аваз Чоконун эмелеки кылыгына нааразыланып, анысын айтмакчы болду. Бирок, мындай ызы-чууну илгер кийин көрбөгөн баланын дени өлүп, өзүн жоготуп койгон эле.

Куттуу күнү кечинде уруш… Экөөнүн чатагы ит үргөндөй эле көндүм иш экен. Бирөө сабайт, бирөө артын карабай качат. Эртеси өзү келет же Чоко Авазды бетине кармап, кайненесинин үйүнө чейин барып жатып, элдешип кайтат.

Аваз окуусунан өксүй баштады. Эки ортого түшмөй арачалык милдети аны мүрчүтүп салды. Ал окууну ойлобой эле кечинде башталчу жаңжалды кантип басууну ойлойт. Алгачкы “үчтөр”, “экилер” пайда болду. Кийин жаңжал акырындап Авазга көчө баштады. Адегенде Чоко Авазга тийише сүйлөп жүрдү. Анан бир күнү кечинде мас болуп келди да ички үйдө китеп окуп отурган Аваздын үстүнө кирди.

–Сенин өз энең ымыркай кезиңде – мен аскерде жүргөндө “бел куртунун” айынан тентип кеткен, ‑ деди ал күүлөнүп. – Эгер сен ошо канчыкты эне дей турган болсоң, атып салам…

–Болуптур,– деди Аваз.

–Мына мен ушуну сага кадимки эркектерче өз учурунда эскертип коеюн дедим.

–Жакшы болот.

–Эмесе тоскоол болгондугум үчүн кап этпе, тууган. Давай, сабагыңды окуй бер.

Чоко сырткы үйгө чыгары менен казан аяк калдырап, “апасынын” жансоогалап чарылдаган ыйы чыга баштайт. Анан Аваз арачага түшөт. “Апасы” ушундан пайдаланып качып чыгат. Кийин Аваз карындашын багып, Чоконун укташын күтөт. Ал бапылдап, оозунан ак ит чыгып, кара ит кирет, оозуна келгенин оттоп, туш келди какырынып-түкүрүнүп атып, түн бир оокумда уктайт. Чоко уктагандан кийин Аваз карындашын жаткырып коюп, короонун бир бурчунда шүмүрөйүп жашынып олтурган “апасына” кабар берет. “Чоко уктады” дегенди укканда анысы чоң сыйлык алгандай кубанат…

Акыры бул турмуш Аваздын жүрөгүнө сары майдай тийди. Окууга эч мүмкүн болбой калды. Эки ай өтпөй окууга кетип калды. Иштеди”.

…Ыза… Бу турмушта баары унутулат, баары эскирет. Не бир жыргалга толгон сонун күндөр да эстен чыгат. А бирок ыза эч унутулбайт экен да. Ал кичине эле кейисең жаңырып эске түшөт. Мына ошо ыза деген нерсе бүгүн Авазга да уйку бербей, өтмүшүн эске салып отурат. Ал бир кезде көргөн ызасына аргасыздан теригип отурат.

“Аваз орто мектепти бүткөндөн кийин элчилеп чоң окууларга бара албады. Иштеп жүрдү. Кийин эки жылдык окууну ылайык таап, барып окуп калды. Жаман менен жакшынын, дос менен туугандын баасы, баркы билине баштады. Иштеп жүргөндө көздүн жашындай кылып термелип жыйып алган биртике тыйын тыпыры түгөндү. Стипендиясы ичкенинен артпайт. Жазга жетпей жүдөдү.Үстүңкү кийимдин жупунулугу эч нерсе эмес экен, баарынан да бут кийимдин “түшүп” калышы жаман болду. Мына эми Чоконун үйүндө олтурат. Акча жөнүндө ооз ача электе эле “акча сурап келбегенде эмне үчүн келдиң” дегендей “апасы” оозун куу чөп менен аачый кетти.

–Оо, кокуй, бизде кайдан акча болсун, ‑ деп колго жукпайт ал. – Бу кызымдын көйнөгү, тиги кызымдын шымы жок. Бу балам өтүк менен жүрөт алигиче, тиги баламдын майкеси жок… Жок…Жок….Чоко экөөбүздүн тапканыбыз сүткө эле араң жетет…

Бир оокумда Чоко келди. Алагүү. Үйдө олтурган Авазды көрө сала ал да шектене кабагы чытылат. Эми ого бетер кыял мас болуп, ынтыгып сүйлөп, “өткөн айда ооруп бүлүтөндө жүргөнүн” айтып, кепти алыстан чаргытат.

–Бирок, мен жылаңайлак калдым да, – дейт Аваз шылкыйып.

–Жылаңайлак калсаң эмне кылайын? Бар, аваларыңан, эжелериңен ал. – Кепке нокот кое ороң этет Чоко.

Аваз унчукпайт. Ал бул жерден сөзсүз акча алып кетиш керек. Антпесе болбойт. Бирок, тигилер ырайым кылып, “ме, алып керегиңе жаратып алчы” деп бере салар түрү жок. “Апасы” акыркы жыйырма беш тыйынына Аваз келердин алдында эле нан алып койгонун айтып безилдеп отурат.

–Мына, төрт айдан кийин окуу бүтөт, – деди Аваз Чокого жалдырай. – Андан кийин бир тыйыныңды он тыйын кылып кайырайын…

–Жо-жо-о, – деп сөздү жыра кетет “апасы”. – Буюрбасын. Кадырың жан болсун, бир тыйын да… Болсо биз эле ушинтип карап отурмак белек?…

–Мен көп акча сурап аткан жерим жок, бир эле батинкелик. Кымбатынан деле кийбейм, жөнөкөй эле…

–Э, берчи! Кетирчи берип! – деп ороңдоду Чоко.

–Кутулалычы деги!

“Апасы” Чокону элейе карап:

–Кайсы акчаны? – деп бүжүрөй калды.

–Берип муну тезирээк кетир деп айтпадымбы!

–Канчаны? – “апасы” шашкалактап, колтугунун алдынан кара капчыкты сууруп чыкты.

–Бер, он сом!

“Апасынын” колдору калтырап, жыйырма беш сомдуктардын арасынан он сомдук таппай кайсалады.

–Ыракмат силерге! – деди Аваз буулугуп. Оозунан чыккан кеп ошо болду. – Албайм.

Сыртка чыкканда ай көтөрүлүп калыптыр. Ал бет келди кетип баратты. Кыштын кээри али кете элек экен. Чыйрыгып чыкты. Таманы ыдырап кеткен жеринен туфлисине майда таш кирди эле аны чечип күбүп кийди. Ыза муунтуп турду. Деми кыстыкты. Анан эрдине тоголонуп түшкөн жаштын ачуу даамын сезди”.

Ошо күндөрү Аваз ачууга уугуп жүрдү. Не өктөсүн басып Чокого катуу айта албады. Аны уяткарайын дейт, канча кылган менен ата сөрөй эмеспи, батынбайт. Жүрөгүн кандайдыр бир бүдүр өйүп, түпөйүл тартып, өзүнөн өзү чүнчүй берди. “Калп айтыш көнгөн адатпы? Жок! Ал адат да, адамдын башы менен кошо бүткөн мүнөз да эмес. Ал наадандык, заалимдик”. Ушуларды ойлогондо итатайы тутулуп, кызууланып кетет.

Ооба, Чоконун ооруп жүргөнү да ырас. Бирок, кээде ооруса оорубаса деле онтолоп догдурларга түшүп, “бүлүтөн” алып басып калма күндөрү бар. Бул эмнеси? Эстүү баштуунун кылганыбы же наадандын кылыгыбы? Азыр коомдук мүлктүн бир учук жибине да зыян келтирген неме эл алдында жооп бериш керек. А тиги Чоконун кылыгын кандай түшүнсө болот? Иши кылып азыркынын заңына тууралап, мыйзамдын эбин таап, андан буйтап өтүп “жең ичинде” жашай берсе болот экен да. Эрежеге тууралап “жалпы дасторконго” кол сала берсе болот экен да… Жок! Эч качан андай болууга мүмкүн эмес. Чоконун бул кылыгы накта кескилик. Ал жалпы байлыкты көз көрүнө уурдап жатат. Айлакер шумпай алды-артын жымсалдап, бардык кылыгын эрежеге таяп, “жалпы дасторкондун” кешигинен ою келгендей чапчып жеп атат.

Аваз Чоконун бул кылыгы туура эмес экенин мойнуна коюп, көңүлүндөгү күдүк нерселердин баарын жаап жашырбай ортого салып олтурат. А Чоко “тоону томкоруп, ойду омкоруп” салган немедей, алды олпоктолгон төшөктө чыканактап жатат. Аталага ашепке тойгон дөбөттөй ынтыгып, кеп уккусу келбейт. Авазды башынан алыс тиктейт.

–Бул уурулук эмес, балам, – дейт өңү бозорбой туруп. – Азыр заман жулунгандыкы, озунгандыкы, эбин тапкандыкы. Эгер эл катары тың тургуң келсе уялба…

–Мен ак жашагым келет! – Аваздын сөзү айкырыкка айланып кетти. – Урдум сеникиндей жашоону.

–Ай-ай, байкап сүйлө, жубарымбек! – Өгөй эне кепке кыпчыла калды. – Атанын каргышы жаман болот! Агарбай, көгөрбөй каласың…

–Бу менин атам эмес! – Аваздын үнү титиреп чыкты. – О, силердин каргышыңарды…

–Мени сабаганы келген неме го… Эр болсоң тийип көр! Милийсага… – деп киркиреди кабаарыган Чоко. – Атаң эмегенде мен киммин?!

–Сен митесиң! Сен эч качан мага ата болгон эмессиң! Сендей митаамды… Жетишет! – Аваз эшикке чыга жөнөдү.

–Мен саа эмне жамандык кылдым эле аталыктан кечкидей?! – деген жалалуу кыйкырык чыкты арттан. – Кое тур сени!… Менин үйүмө кирип чыгып жүргөнүңдү көргөн кошуна-колоңдор бар. Алар күбө. Өкмөт бар. “Бармактайынан багып чоңойткон балам карабай кетти” деп, сенден алимент кестиртип алам!… Бир кезде зөөкүрлүк кылып, баш көтөргөндүн тишин күбүп, бүт бала бакыранын жүрөгүнүн үшүн алган хулиган экениңди чоңдоруң билбесе керек?! А мен билдирем аны! Иштеген жериңе эртең эле жетем. Шашпа… Сенин жиңкиниңди соолто албасам менин Чоко атым өчүп калсын! Чоко билет – кайда кандайча арызданып барышты! Чоңуна бир эле кирип арызданып чыкканымда аягың асманга сапырылып калат, балакай! Чоко билет кантип арызданышты! Чоко деген Чоко-о!…

Кечээки ушул окуядан кийин Чоконун пенделик жүзүн калкалап турган “паранжы” башынан аягына ыдырап түштү. Аваздын тынчын алган күдүк суроонун баары айкын болду. Кечээки эле бирине жооп тапса экинчиси жоопсуз калган, чиеленишкен суроолор түп орду менен житип, жым-м болду. Анын ордуна эми акыры келип бир чечимге айланчу маслаат турду.

Тээ ак далы тоолордун кыраңында ак шайы булуттар калкып келатты. Аваз аргасыздан өзү иштеп кеткен алыскы айылды, андагы ак ниет адамдарды, өзү турган үйдү, анын ээси – ак пейил Кадыр абышканы эстеди. Өз балдарынан кем көрбөй аталык кам көрүп, мээрин төгүп, анын келечеги үчүн күйүп бышып, болгон акыл-насаатын айтып олтурган токчойгон абышканын элеси карегинен кетпеди. Ооба, Аваз нагыз аталык мээримди алгач ирет ошо нускачыл карыядан гана сезген эле… Эми көптү көргөн санжырачыл абышканын ак пейилдигине, адамгерчилигине, аталык касиретине күлтүйгөн эки жүздүү Чоко кедерги болуп турду.

Алыскы түздүктөн күн кылтайды. Шаардын дүпүйгөн дарактарына ууз нур чачырап, дарак арасын кызгылт-сары нурлар көзөп өтүп, жайлоонун сары калдыркандарындай жалбырактан жалбыракка конуп “учуп” жүрдү.

Көл көгүлжүм тарта айнектей тунуп жатты.

Аваздын алдында паспорту жатты. Ал ой туткунуна чырмалып олтурду. Ички карама-каршылыктар бара-бара жоюлуп, кандайдыр бир күч аны чыйралта берди. Анда бу кезге чейин болбогон чечкиндүүлүк пайда болду. Манжалары саал калтырай түшүп кызыл карандашты колуна алды. Жүрөгү дүкүлдөп, таңдайы кургап, саал айбыгып, жан дүйнөсүн негедир толкундоо бийлеп алды. Анан ойлуу тунжурай калды да паспорттогу туш менен жазылган Чокоев деген жазууну чийип таштады. Ошондо гана өзүндөгү оор жүктү алып таштагандай жеңилдене түштү. Эркин дем алды. Көптөн берки бук болуу,ички каржалуу, чүнчүү кыйрап түштү.

Чакан бөлмө көлдөн соккон тунук абага толо баштады.

Аваз үйдөн чыгып ишке бет алды. Күн ага күлүп учурашты. Дарактар баш ийе таазим этип, жалбырактар шуудурап, жапырт кол чаап жатышкансыды.