Орхан Сөйлемез: Чыңгыз Айтматовдун романдарындагы тагдыр жана тагдырга болгон ишеним

Чыңгыз Айтматовдун романдарындагы тагдыр жана тагдырга болгон ишеним

Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” (Түбөлүк колукту) романынын башкы маселеси, “тагдырдын” адам жашоосуна тийгизген таасирин окурманга жеткизүү болгон. (Айтматов 2007) Романдын өзөгүнө үңүлгөнүбүздө тагдыр түшүнүгүн башкы бөлүмдөрдө аныктама берип, чечмелеп отурган жазуучу, кийинки бөлүмдөрдө ар кайсы каармандарынын өмүр жолунда бул ойлорун дагы да тереңдетип отурат.

Айтматовдун ою боюнча “тагдыр” аныктоочу жана тартипке салуучу жападан жалгыз күч. Анын иштөө принциби эч бир жан тарабынан жандырылып жиберилиши мүмкүн эмес; тек гана акыл-эстин күчү менен белгилүү бир өлчөмдө гана аңдап билүүгө боло турган нерсе. Ал дагы адамдын сырдуу эрки менен ишке ашырылышы мүмкүн. Адам аттуунун чектелген чечим кабыл алуу жөндөмү менен өз жазмышына багыт берип жаткан убакта, байкоосу керек болгон бир жагдай бар экендиги, бул болсо өз тагдыры менен башкалардын тагдырына таасир этип алуу чындыгы болмокчу. Мындай болгон соң, жазуучу, бардык тагдырлардын бири-бирине өтмө-катар байланышта экендиги жөнүндөгү ойду ортого салмакчы болгон. Табият мыйзамынын талабына жараша кичинекей эле бир жанып өтүүнүн жандыктарга чоң таасир тийгизүүсү, тагдыр түшүнүгүнүн да ушул сыяктуу өз ара таасир берүү мүмкүнчүлүгү боюнча ойлор тереңдетилген. Себеп дегенде мыйзамдарды ойлоп тапкан да, табияттын мыйзамдарына моюн сунуп жашаган да, дагы да болсо адам экен. Тирүү жандыктар жашап жаткан доордун шарттарына байыр алууга аргасыз экен. Бул жагдай тагдырга баш ийүүнү жаратат. Айтматов, тагдырына моюн сунбагандарды да чыгармаларында калемге алган. Арсен менен Жаабарс, алгач баштарына түшкөн тагдырдын жетегинде болсо да, анын күчүнө каршылык көрсөтө алышкан эмес. Жазуучу башка түшкөндү көрүп, өмүрүнүн соңуна чыгуунун да формуласын берген экен. Мунун эң таасирдүү жолу, жашоодо жолуккан белгилерди байкай билүү жана туура чечмелөө болмокчу. Туура чечмелөө ар дайым эле мүмкүн болбосо да, жазуучунун эң башкы баса көрсөткөн нерсеси, бул белгилердин бар экенин сездирүү жана тагдырдын чын чынында андай деле өз билемдигин жасабагандыгын, адам баласынын таасири менен өзгөрүп жүрүп отурарын жана ушул тапта белгисиз бир чындык ичинде орун алгандыгын окурманга жеткирүү болгон.

Айтматовдун тагдыр түшүнүгүн үч түрдүү каарман тарабынан чагылдыруусу да атайын композициялык өзгөчө ыкма болуп эсептелмекчи. Бул каармандардын бирөөсү адам, бирөөсү айбан ал эми үчүнчүсү болсо абстрактуу метафора, бир аңыз. Үчөөнүн тең тагдырларынын кесилиш чекиттери же болбосо, параллель өнүккөн убакыт бөлүктөрү бар. Айрыкча ар биринин жашоосуна таасирин тийгизген факторлордун да романда мааниси чоң. Бул таасирлердин эң башкыларынын бири “сүйүү” , экинчиси “акча” болмокчу. Сүйүү – адамдын сезим дүйнөсүндө чоң өзгөрүүлөргө жана чечимдерге себепчи болгон активдүү багыттоочу. Акча болсо ошондой эле күчкө ээ бирок, терс маанайда кабыл алынган таасир болмокчу.  Романдын түзүлүшү окурманды, сүйүүнүн тагдырды башкаруудагы таасиринин чоң экендигин ойлонууга чакырат. Коомдук көз караштан алып караганда, ошондой эле, Айтматовдун буга чейинки романдарын эске алганыбызда, адамдардын жеке тагдырларынан өтүп коомдук тагдырга таасирин тийгизген “акча” башкача айтканда “күч” фактору, бул романда да маанилүү орунду ээлеген.

2008-жылдын 10-июнунда сексен жаш курагында бул жарык дүйнө менен кош айтышкан Айтматовдун чыгармаларында “дин, ишеним, тагдыр” маселелери ар кандай эмгектерде изилденип келди.  (Jeziorska 1991: 45-70, Gökçek 1991: 12-15, Bice 1990: 44-48, Karakoç 1990). Исмаил Четишли “тагдыр жана ишеним” темасында маанилүү эмгек жазды. Четишли өз эмгегинде “тагдыр” темасын, жазуучунун акыркы романындагы “лейтмотив” же болбосо башкы “изилдөө объектиси” экендигин баса белгилеген. (Çetili 2008: 37-41) Айтматовду ой толгоо азабына салган “тагдыр түшүнүгүн” Ислам дини боюнча чечмелегенден кийин тагдырдын адам жашоосунда орун алып калуу себептерин, “тагдырдын буйругунан өз үлүшүнө түшкөндү орундатуу үчүн ” – деп бүтүм чыгарды. “Айтматовдо ишеним маселеси” аттуу макалада Айтматовдун бул акыркы чыгармасында, “тагдыр” маселесинин тегерегинде айланган жана чыгарманын каармандарын бир жерге чогулткан “тагдыр” темасы иштелди. (Söylemez 2008: 39-43) Бирок “тагдыр” түшүнүгүнүн биринчи жолу бул чыгармада сөз болуп жатпагандыгы да баса белгиленди, себеби “тагдырдан” качып кутулуу жок эмеспи.

Бул акыркы романына чейин “тагдыр” түшүнүгү менен окурмандар “Кыямат” романында биринчи жолу жолугушушту. (Aytmatov 2007: 171-236) Авдийдин образы менен Иса пайгамбардын жолун чагылдырды. Чыгармада өз дин таануу көз карашын коргоо үчүн алдын ала сезүү мүмкүнчүлүгүн колдонгон адамдын “тагдыры” чагылдырылган. Романдын башкы каармандары карышкырлар жана Авдий, окшош акыретке дуушар болушат. Себеп дегенде карасанатайлык уланып жатат. Карышкырлар жаратылыштагы табигый жандыктардын өкүлү катары орун алып отурса, Авдий дүйнөдөгү өзү өңдөнгөн ак ниет адамдардын типтүү образын чагылдырат. Жазуучу айбандарга айбанча мамиле жасалып жаткандыгын көрсөтүү менен, чынында жаныбарларга да адамдай мамиле кылышыбыз керек экендигин айтып отурат. Тагдыр жана тагдырга болгон ишеним жазуучунун ар дайым акыл-эсинен чыгарбаган түшүнүктөрдүн бири. Керек болсо бул романда Авдий менен карышкырлар үчүн атайы даярдалып коюлган “тагдыр” тузагына илинген экинчи бир каарман бул – Бостон. Эмесе,  бири биринен таптакыр башка, бири-биринен кабары жок, бири-биринен алыс өз тирилигин кылып жүргөн бул жандуу аттууларды жипсиз байлаган нерсе –  “тагдыр” деген эмне болду экен?

Ислам энциклопедиясы “тагдырды” “Алланын нерселерди жана окуяларды айрыкча жоопкерчилик менен жараткан инсандык кыймыл-аракеттерди эзелтен мерчемдеп убагы келгенде ишке ашыруусу” деген маанини билдирген түшүнүк катары чечмелеген. (Yavuz 2001: 58-63) Четишлинин билдиргени боюнча да алдын ала белгиленген убагы келгенче калтырылган, колдонула келген “каза” менен “тагдырды” Ислам энциклопедиясы “Алланын жараткандарына карата планы жана табияттын иштөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашыруусу” катары көрсөткөн. Куранда “тагдырга” байланыштуу көптөгөн ойлорду жолуктурууга боло тургандыгы айтылып, өз ишинде Четишли булардын айрымдарына токтолуп өткөн. “Тагдырга” байланышкан бир жагдай, бул “тагдыр” менен “казанын” өзгөрбөстүгү болмокчу:

“Алланын өз заты илиминен жаралган тагдыр өзгөрбөйт, аракеттердин илиминен турган тагдыр өзгөрүүлөргө дуушар болушу мүмкүн, бул болсо тагдыр тактасында же болбосо периштелердин колундагы жазууларда адамдардын жасаган аракеттерине жараша формаланып өзгөрүүсү болмокчу” (İA., s. 62).

Бир жактан ошол эле жазуунун кийинки саптарында “…болмуш сферасына чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн турган тагдыр казага айланганга чейин өзгөрө берет” деген билдирүү да орун алган. Ушундан улам “бир нерсенин болмуш сферасына чыгуусу үчүн анын пландалган гана болуусу жетиштүү” эмес экен. Жеткиликтүү болушу үчүн “шарт жана себептерге кайрылуусу” керек экен. (İA., s. 62). Айтматовдун романдарында да каармандардын тагдырларына жана тагдырларынын казасына байланыштуу алдын ала эскертүүлөр, кыйытуулар берилген, бирок себептер менен шарттардын жаралышы үчүн бир топ убакыт өтүшү керек эле.

Авдий үчүн бул “тагдыр” кандайдыр бир деңгээлде анын аракеттеринин акыбети катары кабыл алынышы мүмкүн. Бирок ушундай эле нерсени карышкырлар менен Бостонго да тиешелүү дей алабызбы? Авдий чиркөөнүн классикалык окууларына каршы чыккан, баш көтөргөн, анын артынан чиркөөдөн чыгарылган, айдалган. Эки миң жыл мурунку кудайдын окуусу, азыркы заманбап адамдын керектөөлөрүн канааттандыра албастыгын, алардын суроолоруна жооп бере албастыгын айтып чыккан эле. Анан калса ушул турушунда “дин” жана “анын үйрөткөндөрү”, Советтик коомду сазга батып бараткан абалынан куткарууга жетиштүү эмес эле. Мунун себеби тек гана “диндин” саясий режим тарабынан коомдук турмуштан “системалуу” түрдө алынып ташталышы гана эмес эле, анын өзөгүндө чиркөөлүк окуунун эскилиги турган эле. Авдийдин ою боюнча бул окуулар кайрадан каралып, замандын талабына жараша болуусу керек эле. Чиркөө да, коом да чириген эле. Мындай болгон соң жасала турган башкы нерсе, кармана турган багыт, адамдарды кайрадан туура жолго, жараткандын жолуна үндөө эле. Адамдардын жүрөгүнө, жан дүйнөсүнө кайрадан жаратканга болгон сүйүүнүн үрөнүн себүү керек болчу. Муну Авдий өзүнүн жазып жүргөн гезиттик макалалары менен ишке ашыра алар эле. Бирок ага да жол берилбейт. Андай болсо адамдардын ар бирине айтып, насааттоосу керек. Бирок Авдий а дегенде эле катуу каршылыктарга дуушар болот. Баңгизат чабагандары аны сабап, “намазын окутуп” коюшат! Ал аз келгенсип кудум Иса пайгамбарды арчындалган устунга кагып салышкандай, Авдийди да чала өлүк кылып сөксөөлгө керип кетишет. Жан шериги, бөлтүрүктөрү өлтүрүлгөн карышкыр аны беттеп келип, тиктешип калышат. “Тагдыр” экөөнүн тең күнүн бүтүргөн өңдөнөт. Алардын “тагдыр такталарында” жазылгандардын “каза” болуу мезгили келип жеткен өңдөнөт. Себептер менен шарттар ишке ашып бүткөн. Карышкырлар, эт планын толтурмакчы болуп автомат куралдар менен сайгактарды кырып жүргөн ашынган аңчылардын алдынан чыгып калуу себебиндей, Авдий да нашакорлорго жолугуп отурат. Романдагы акыл менен иш кылган Бостон аттуу каармандын бул “тагдыр” тузагына илинип калышынын да башка бир себеби бар. Ал да өз доору үчүн жат, башкача айтканда радикалдуу деп эсептелген ойлору менен башкалардан айырмаланып турат. “Жеке менчик мүлк” боюнча пикирин жактоо менен өзү жашаган саясий режимдин негизги тирөөчүн, пайдубалын уратканы отурат. Ушундан улам “тагдыр” аны да жазага тартышы керек эле. Анын да маңдайына ушул эле “тагдыр” жазылган эле. Карышкыр өлтүрүлгөн өз бөлтүрүктөрүнүн ордуна Бостондун баласы Кенжени алып тынгысы келет. Бостон карышкырды атам деп экөөнү бирдей атып алат. Өзү да бу октон каза тапкандай болот. “Тагдырдын буйругу” ушу, суроо-сопкут болбойт. Тагдырдын казага айланганы ушу, өзгөртүү мүмкүн эмес. Бирок алар бу тагдырдан кабардар беле? Жок. Аалымдардын айтымында “тагдырга болгон ыйманды” төрт деңгээлде чечмелөөгө болот. Булардын биринчиси жана эң маанилүүсү “Алланын нерселер менен окуяларды алдын ала билүүсү” болуп саналат. (İA., s. 59-60) Себеби “кудуреттүү күч катары Алла алдыда ишке ашуучу окуялардын баарын эзелтен билет…” (İA., s. 60) Ал эми адам баласычы, келе турган же боло турган, башына түшө турган нерселерди билип же сезе алабы? Белгилүү бир даражада мүмкүн, муну “алдын ала сезүү” десек болот. Бул романда муну түшүнгөн жалгыз каарман балким – Авдий. Бирок жазуучу муну өтө байкатпайт, тек гана “диндин” коомдук жашоодон сүрүлүп калганына, чиркөөнүн адамдардын муктаждыктарына жооп бере албагандыгына токтолот. Муну айрыкча баса белгилеген чыгармасы “Кассандра тамгасы” романы. (Aytmatov 1997)

Бул романда ишеним маселеси да чагылдырылган, бирок мында диндер айры-айры ар кимдин өз түшүнүгүнө карата берилген. Дагы эле ошол кейпинде “тагдыр” “Кассандра тамгасы” романындагы космос кечили Филофейдин алдынан чыккандай байкуш аял Рунаны, футуролог Роберт Борк аттуу окумуштуунун да алдын торой чыккан эле. Дал ошол соңку романында Арсен менен Жаабарстын “тагдырларын” бириктиргендей, Арсендин алдынан эч күтүлбөгөн жерден Элести чыгаргандай болду. Айтматов бир саясий режимдин урашын “динди” адамдардын жашоосунан алып койгондон улам, же чыныгы “диндин” ордуна жасалма жаңы ишенимдер менен түшүнүктөрдү ойлоп табуу, орнотууга тырышкан системанын кыйрашын баяндоо менен, ошол эле учурда кандай болгон күндө да ыйык “диндердин” керек экендигин баса белгилеген. Бул бийлик башында тургандарга айтылган маанилүү кеңеш эле. Ошол эле учурда ыйык диндердин бирине ишенүүсүн жана бул ишенимдин негизинде “тагдырга” ыймандуу мамиле кылуусун, башкача айтканда “тагдырга болгон ишенимди” осуяттаган эле. Айтматов өзбек жазуучусу Пиримкул Кадыровго жазган катында “адамдардын руханий жактан биримдикте болууга болгон муктаждыктарын” баса белгилеген жана адамдар бул руханий биримдикке умтулуусу керек эле, себеби ошол күндөрдүн бүгүнкү күндүн шарттарында да азамзаттын жан дүйнөсүнүн саламаттыгына мүмкүнчүлүк берген жалгыз жол, ушул эле. (Kadirov 1990: 157-163).

“Тоолор кулаганда (Түбөлүк колукту)” романындагы “тагдыр” түшүнүгүнүн бир белгисиздик философиясына таянгандыгы байкалат. Романдын башкы сүйлөмдөрү менен жазуучу окурманына чыгарманын дайынын билдирген карта карматкандай болот. “Тагдыр! Өзгөрүүгө жана алдын ала билүүгө мүмкүн болбогон чындык” (DDEN, s. 5) Ушундан улам тагдыр белгисиз жана аргасыз бир жол экендигин көрүүгө болот. Беттегенинен кайтпайт; бирок урунттуу учурларда жолун аныктоо адамдардын өз эркине берилген эле. Мындагы эрк дегенибиз акыл-эстин жападан жалгыз жол көрсөтүүчүсү экендигин билдирет. Түрк адабиятына көп жаңылык киргизген Шинасинин тагдырга болгон көз карашы да буга окшош. Шинаси тагдыр түшүнүгүн аныктоодо позитивизмден таасирленген. Анын ою боюнча, дүйнөдө бардык социалдык түзүлүштөрдү жана жаратылышты башкарган нерсе Жараткандын эрежелери болуп саналат. Бул эрежелердин тегерегинде бардык нерсе “себеп-натыйжа” байланышына жараша жүрүп отурат. Жараткандын жасаган бул түзүлүшүн түшүнүү үчүн акылга ээ болуу жетиштүү. Шинасинин бул жерде тагдыр менен акыл-эсти бириктиргендигин көрүүгө болот. “Мүражат” чыгармасындагы;

Жараткандын аалам менен билимге кажети не,

Жетет далилине адамдагы бир атом деле (Kaplan 1978: 29-36, Aydın 2000: 119-122) бейти анын тагдырга жана Жаратканга карата мамилесин, көз карашын тагдырга болгон ишеним аркылуу чагылдырса, башка бир касидесинде;

Тагдыр дегендери калктын, мүдөөсү го Актын,

Эзелтен эткен экен го, ар иште эркин (Kaplan 1988: 491) – дейт. Мындагы “ эл оозунда тагдыр деп айтылып жүргөн нерсе Актын/Жараткандын максат-мүдөөсү экен го/Эзелтен бери эле биз өз иш-аракеттерибизде эркин экенбиз го” -дейт.  Жараткандын бар экендигине акыл менен күбөгө өтүүгө аракет кылган Шинасинин ою боюнча “тагдыр” Алланын каалоосунун натыйжасында адамдардын өз иш-аракеттеринде эркин экендиги корутундусу чыгат, башкача айтканда адам өз тагдыры менен өз бетинче тирилик кылып, аны каалагандай өзгөртө алат. Мехмет Капландын ою боюнча бул ой толгоо тек гана Шинасиге таандык эмес. Танзиматтан кийинки түрк адабиятында мындай “дин менен акыл, акыл менен ыйман, көзгө көрүнгөн менен көзгө көрүнбөгөн аалам арасындагы” тартышуулар батыштын таасири менен актуалдуу боло баштайт. (Kaplan 1978: 34) Ошондой эле Зия Пашанын “Terc’-i Bend” чыгармасында да ушуга окшош жагдай жөнүндө сөз болот. Ырда “жаратылышка дыкат көз салган” акындын байкоолорунан “жаралган таңыркоо жана өз алсыздыгын” моюндоо сезими күчтүү чагылдырылган. Өз алсыздыгын моюнга алуу менен Теңирдин алдында тизе бүккөн адам, тагдырдын колуна түшүп берип, тагдыр ишенимин кабыл алат, себеби “көк асман алдындагы адамды каза окторунан коргоп кала тургандай аңгек жок”.

Жок аңгек бу көк асман алдында

Жаамы журт кабылат каза огуна. (Kaplan 1978: 46-67)

Теңирдин алдында алсыздыгын моюндап тизе бүккөн Зия Пашанын “тагдырга болгон ишеними” менен Айтматовдун “тагдыр” түшүнүгүнүн кесилиш чекиттери, аныктоочу жана тартипке салуучу жалгыз күчтүн Теңир жана анын буйруган тагдыры экендигин кабылдоолору болуп саналат. Адам баласы акылдын жардамы менен түшүнгөн тагдыр жолунда, алдына чыккан тандоолорду көрө алат жана өз бетинче алардын бирин тандай алат. Жада калса тагдырдын жашоо-турмушта ишке ашырылуу үчүн сунулган каалгалары босогосун аттап өткөндөн кийин гана билинип, байкалып отурат. Бул жагдайды Айтматов төмөндөгүчө баяндап берет:

«Тагдырдын ар бир буйругунун алдын-ала даярдалган, алдын-ала бир аз ачылган көрүнбөс эшиги бар, жана ал эшиктин босогосун аттоо кимдин маңдайына жазылган болсо, бул жөнүндө ал тиги дүйнөнүн туткуну болгондо гана билет. Туулган адам баласы энесинин жатынына кайра кире албаганы сыңары, опурталдуу кадам жасагандардын эч кимисине артка карай жол жок. Ушинтип тагдырдын буйругу орундалат. Үмүтсүздүктүн формуласы ушундай. Кирүү гана бар, чыгуу – жок…» (DD-EN, s. 103-104)

Мындай учурда чечим кабыл алуу ар кимдин өз колунда болсо дагы, тагдыр дале сырын сактап турат. Айтматовдун тагдырга карата пикири, сырдуу окуяларга толгон, тек гана Жараткан көзөмөлдөй ала турган спектакль:

“Жан бүткөндүн баары үчүн дайыма бирдей болгон талашсыз бир чындык бар – маңдайына жазылганды, тагдыр деген эмне экенин алдын ала эч ким биле албайт – кимге эмне буйруганын жашоо гана көрсөтөт, болбосо тагдырдын тагдырдыгы кайсы … Дүйнө жаралгандан тартып дайыма ушундай болгон, бейиштен куулган Адам ата менен Обо энеден бери – бу да болсо тагдыр – ошондон тартып, тагдыр сыры баары жана ар бири үчүн кылымдан-кылымга, күндөн-күнгө, ар бир саат жана ар бир мүнөттө табышмак бойдон калууда…” (DD-EN, s. 5)

Тагдыр ар дайым көзөмөлдү өз колунан чыгарбай кармап келет. Билинбеген бир бийлөөчү сыяктуу дүйнөдө болуп жаткандардын баарына катышы бар. Чыгармада мезгил мезгили менен кээ бир жагдайлар, белгисиз бир күч тарабынан токтотулат же болбосо ишке ашырылат. Романдын баш каармандарынын бири Жаабарс аттуу илбирс, өткөн күндөрүн санааркоо жана тагдырына жеңилүү ызасы менен жупташкан жаш илбирстерди көргөндө башта аларга жетип барып кол салууну ойлойт, бирок белгисиз бир күч аны токтотуп калат. Балким бул жаратылыштын күчү чыгар; себеби жаратылыш, өз тагдыр тууралуу принцибинде тукум улоо максатында жаш жана күчтүү болгондордун таламын талашат. (DD-EN, s. 10, 13) Ушундай эле жагдай тагдырлары параллель баяндалган романдын кийинки баш каарманы Арсендин башына да түшүп отурат. Евразия ресторанынан сыртка чыгарылышынын аркасында базар экономикасы – акчанын жаткандыгын билген Арсен, баштан өткөн ушунча нерседен кийин бул окуя кошул-ташыл болуп, мындан кийин эч кандай үмүтү деле калбагандыгын түшүнөт. Тагдырдын бул окуя менен акыркы жолу оңкосунан түшүргөнү айдан ачык болду. (DD-EN, s. 86) Буга каршы Арсен өзүн ресторандан чыгарып салган “күчтөргө” ачуусу келип, чатак чыгарууга далалаттанат, бирок жеңилүү күчү аны токтотуп калат, кудуретти түшүнүү, тагдыр талабына моюн сунуу же анын буйругун орундоо орун алат.

Өз көзөмөлүн колдон чыгарбаган тагдыр сызыгында окуялар, адамдар, мезгилдер менен мейкиндиктер кесилиш өтүп, кездеше алат. Романдын ар кайсы бөлүктөрүндө бул кездешүүлөрдөн пайда болгон, жазуучу тарабынан “альтернативдүү тагдырлар” да жаратылганын көрүүгө болот. Баш каарман Арсен тагдырын талкалаган Эрташты өлтүрүүнү көксөйт; бирок бул оюнан баш тартууга мажбурлаган жана тагдырын башка жолго салган агасы Бектур Саманчиндин телефон чалуусу болду. Бул телефон чалуунун артынан Арсен илбирстерге болгон аңчылыкка катышып калат, айылдык классташы Ташафгандын каргашалуу планына катышып башка тагдырга дуушар болот:

“Эгер таң заардан бул телефон чалуу болбогондо бул эркти жана аң-сезимди арылгыс эзүүлөр, бул жан дүйнөнү кыйноолор, ал үчүн эмнеге айланат эле ким билсин…” (DD-EN, s. 90) Арсен «Көрүнбөс эшиктер же үмүтсүздүктүн формуласы» аттуу кол жазмасын жазган үчүн жазуучу,  “Бирок мындай кол жазма Арсен Саманчиндин калеминен жаралганы, алдыда болор нерсенин жышааны болчу.” (DD-EN, s. 104) -деп, ушундай “альтернативдүү тагдыр” да белендеп койгон эле. Жазуучунун “алдыда болор нерсенин жышааны болчу” дегени албетте Арсендин аман калуу мүмкүнчүлүгүнө карата бир белгилер эле. Жазуучу, Арсен өзүнө түшкөн тагдырды эмес башка бир тагдырды аркалаган болсо, ким билет балким аман калат беле деп, бирок ошол эле учурда тагдыр өзгөрүлбөс, артка кайтпас, беттегенин бербес бир түзүлүш деген ойду бергиси келген. Ошондой эле Ташафган менен Арсен, бирге окуган классында көп жылдан кийин кайра кездешип, ушундай бир иш үстүндө көрүшүп отургандарына таң калып отурушат. Тиги тарапта болсо илбирстер, эгер алар өздөрүнө аңчылык уюуштуруп, канча күндөн бери план түзүп аткан жоон топ адамдар бар экенин билишсе, алыска качып из суутуп кетишер эле. (DD-EN, s. 105) Мунун баары тагдырдын, кээде адамдын көзөмөлүнө өтсө дагы, баары бир өз программасын жүргүзүп жаткандыгынын бир көрсөткүчү болуп саналат, себеби: “Бизден узак бир жерлерде болуп өткөн кээ бир нерселер, бизге эч кандай тиешеси жок сыяктуу көрүнсө да, бу дүйнөгө таасирин тийгизген окуялар болуп саналат” (DD-EN, s. 216).

Ушундай бир алкакта “тагдыр”, өмүр өмүрлөр тарабынан өзгөрүүгө мажбур болот, жада калса эч күтүүсүз натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Аккан суу акыры жолун таап деңизге жетет, башкача айтканда тагдыр токуган торунан өз сүрөтүн жаратат. Тагдырдын өз чындыгы болорун белгилеген жазуучу, бул чындыкты табуу үчүн болсо да жашоо керек экендигин айтуудан жазганбайт.  Эмесе адам баласы, өз тагдырынын чындыгына жетүү үчүн жашайт экен, бул милдет ага эзелтен Жараткан Эге тарабынан берилген экен. (DD-EN, s. 17) Пауло Коэльо “Алхимик” аттуу чыгармасында Сантиаго аттуу каарманынын тагдыры менен ар адамдын өз тагдыры болорун, ал тагдырды түзгөн жашоо баянын ишке ашыруу үчүн жашаганын белгилейт. (Coelho 1996). Мында Айтматов менен Коэльо, тагдырдын өз чындыгына жетүү үчүн аракеттенгендигине болгон ишенимдери боюнча параллель түшүнүктөргө ээ экендигин көрүүгө болот. Романдын композициясына караганда тагдырлары кесишкен же параллель өнүктүрүлгөн жашоолордун кандайдыр бир деңгээлде өз чындыктарына жетүү үчүн жашагандыгын көрүүгө болот. Бул жолдо жүрүп отуруп кабыл алынган чечимдер да алдын ала сезүү чындыктын тууралыгын көрсөтө алат, бирок бул так эмес.

Жазуучунун тагдырды шамалга салыштыруусу бир кокустук эмес. Өз программасында бир да бир артта калуу, аксоого учурабаган; бирок жашоочулар үчүн күтүлбөгөн бир “сырдын” ачыкка чыгышы катары кабыл алынган “тагдыр түшүнүгү” дүйнөдөгү жашоонун бардык тармагында, жан дүйнөдө, ой-сезимдерде, адамдык мамилелерде эмне болуп жатканын көрүү үчүн аралап жүргөн шамалга окшошуп кетет. Себептер жана кокустуктар тагдырдын жумушун жеңилдетет. Өз тагдырынын жолу менен жүргөндөр үчүн “себептер менен кокустуктар” бир өтмөккө окшоп кетет; бирок эч бир убакта алдын ала билинген бир натыйжа эмес (DD-EN, s. 33). Айтматов көзөмөлдү өз колунан чыгарбаган тагдырдын сырдуу дүйнөсүнө, жашоо/жашоолор үчүн өзгөргөн бир чындыкка жетүү үчүн ачылган жол катары; бул жолдо кездешкен себептер менен кокустуктардын тездеткич күчүн да белгилеген:

“Эч ким – адам да, айбан да – алдыда эмне күтүп турганын билишкен эмес. Алардын тагдырларынын ортосунда эч кандай байланыштыруучу себептер, эч кандай дал келүүлөр болбогондой туюлду, бирок бири-бири тууралуу эч нерсе аңдабаган эки жанды, адам менен жырткычты бир тагдырдын көз алдында калууга түрткөн окуялар алардын жашоо шарапатында жетилип келе жатты…” (DD-EN, s. 65).

Романда чагылдырылган “тагдыр тогошууларынын” жана бул тогошуулардан жаралган кокустуктардын “көпөлөк таасири” принциби менен бири-бирине байланыштуу экендигин айтууга болот. Америкалык математик жана метеоролог Эдвард Лоренстин ойлоп тапкан көпөлөк таасири, чынында аба ырайындагы эң кичинекей бир өзгөрүүнүн, башка жерлерде, таптакыр башка жагдайларга себеп болору жөнүндөгү заманбап физикалык түшүнүк болуп саналат. Джеймс Глейктин “Хаос” аттуу чыгармасында Лоренстин “көпөлөк таасири” мындайча жыйынтыкталат:

“Бүгүн Пекинде канаттарын каккан көпөлөктүн абада жараткан толкундары келерки ай Нью-Йоркто бороон-чапкынга айланышы мүмкүн” (Gleick 1995: 8-15). Глейк, Лоренстин бирдей шарттарда баштаган аба ырайын байкоолорунда бирдей жагдайлар түзүлсө дагы баары бир кичинекей бир таасирдин, абанын айлануу процессинде өзгөрүүлөргө дуушар болорун белгилеп, аба ырайын болжоонун жарактуулугун алсыраткан. Эдвард Лоренс “The Essence of Chaos” аттуу китебинде “көпөлөк таасири” түшүнүгүнө байланыштуу бир көпөлөктүн канат кагуусу дагы бир канча убакыттан кийин атмосферанын абалын таптакыр өзгөртүп жиберерин айткан (Lorenz 1995: 6-15). Айтматовдун “тагдырды” шамал менен салыштыруусунун аркасында, Лоренс ачкан бул илимий көз караш жатат. Жазуучу канчалык романдын мазмунунда тагдырдын колдоочу жана бириктирүүчү ролун окурмандарына жеткирүүгө аракет кылса да, чынында “шамал” символу менен берилген, ар башка келки-келки көрүнгөн окуялардын кичинекей таасирден улам өз ара байланышта болуу идеясы турат. Ушундайча, бири-биринен кабары жок, бири адам бири жапайы жырткыч болгон эки башка жандыктын бир чекитте тогошуусу; түшүндүрүлө турган же түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон кокустуктардын бул тогошууга түрткү болуусу романдын композициясындагы көпөлөк таасирине бир мисал болмокчу.

Ар түрдүү себептер/кокустуктар, тагдырдын өз чындыгын табуусуна таасирин тийгизген сыяктуу эң маанилүү ааламдык таасир бул – рухтун дал өзү. Айтматов бул аныктамасында адамдын бейаң-сезиминде долбоорлогон жана ишенгендеринин өөрчүп отуруп жайылгандыгын баса белгилейт. Ар инсандын рухунун айла-амалдары убагы келгенде тарыхый окуяларда дагы “тагдырды” аныктоочу бир факторго айлануусу мүмкүн. Анын ою боюнча рух – бейаң-сезимдин азыктандыруучусу болуп саналат. (DD-EN, s. 41) Инсандардын бейаң- сезимдеринде түзүлгөндөр, дүйнөнүн бейаң-сезиминде топтолуп, ал жерден ааламдын рухуна жүктөлүп турат экен. Жазуучу бул пикирин “Кассандра тамгасы” романында карасанатайлыктын муундан муунга өтүп отуруп, ар бир төрөлгөн эмбриондун тагдырын аныктоочу кодго айлангандыгы менен түшүндүргөн; ойлорунун алдыңкы катмарларында, рухтун түпкүрүндө пайда болгон нерселерден сак болууну, бул нерсенин бир гана адам баласынын жеке тагдырына гана эмес, бүтүндөй дүйнөнүн тагдырына таасирин тийгизерин алдын ала айткан эле. Тагдырдын башкарылбай калышына рухтун көз жаздымда калтырылбашы керек болгон салымы бар экенин жазуучу баса белгилеген. Тагдыр өз билгенин жасап жатканда, аны жашаган өмүрлөр ар жолкусунда ага каршылык көрсөтсө да бир учурда кайра тартууга аргасыз болушат. Каршылык көрсөткөн өмүрлөр үчүн, тагдыр дайыма өз күчүн көрсөтүүнүн жолун табат:

“Дайыма ушундай болсо, тынчтыкта жана эриш-аркак дүйнөдө жашасак. Бирок булуттар арасынан бизди дайыма бир ачуулуу көз карап турат деп айтышат…” (DD-EN, s. 101).

Айтматовдун романынын биринчи бөлүгүнө жайгаштырган “тагдыр түшүнүгү” романдын башкы сүйлөмү менен бирге чыгарманын өзөгүн түзүп турат. Жазуучунун тагдыр түшүнүгү, чыгармада орун алган каармандарды курчаган алкакка окшош. Айрыкча, романдагы каармандардын өмүрлөрүнүн бул тагдырдан таасирленүү жолдору маанилүү.

Тагдырдын адамды азапка салган учурлары

Ар бир жандыкка энчиленип берилген тагдыр – бири-биринен башка. Тагдырдын чоң чеңгээлинин ичинде бир-бирине тогошкон, мезгил-мезгили менен өз ара аралашкан, кээ бир учурларда таптакыр бири-бирине жакындабаган миллиондогон тагдыр жолдору бар. Бул акыркы романда бири-бири менен өтмө катар байланышкан ар түрдүү тагдырлар орун алган. Романдын баш каармандары эркин журналист жана Жаабарс аттуу илбирс. Бул эки образдан тышкары үстүңкү катмар каармандардын моделин түзгөн “Түбөлүк колукту” (DD-EN, s. 66-77)  да өз бешенесине жазылган тагдыры менен чыгармадан орун алып отурат. Үч ар башка каармандын тагдырларынын негизинен турган роман, ар биринин тагдырынын өз башына алып келген параллелдер жана чагылышууларды, схема түрүндө көрсөтүүгө болот:

(Схема №1)

Схемага көңүл бура турган болсок, Арсен менен Жаабарстын тагдырларынын параллель өнүккөнүн көрө алабыз. Бул параллелдик, жазуучунун тагдыр түшүнүгүнүн негизинде себептер менен кокустуктар аркылуу тогошуп жана бири-бирине таасирин тийгизип отурат. Схемадагы орток тагдырды чагылдырган “Түбөлүк колуктунун” “тагдыр жолу” да өтө маанилүү. Тагдырдын чоң алкак катары бардык жандыктарды өз ичине камтып турушун эске алсак, анда “Түбөлүк колуктунун” тагдыр жолунун дагы роман үчүн жалпылоочу бир функциясы бар деп айта алабыз. Романдагы бардык каармандардын тагдыр жолун өз ичине камтып турган нерсе бул – Түбөлүк колуктунун жеке тагдыры болуп саналат:

“Кайып колуктунун учуп бараткан элесинде, бул насаат эпосунда адамдар дүйнөсүнүн ар дайым кастыгынан улам түбөлүк ажыроонун азабы жана курмандыкка чалынып жазалануу калбай келет. Жакшылык акыры жамандык үчүн жооп берет. Кайып колукту жек көрүү жана көрө албастык менен жасалган жамандыкка баш ийе албайт, ал мерген-күйөөсүн жалгыздыктан жашоого кайрып, сактап калгысы келет, анын бул турушунда, бул куткаруу далалатында, чындыкка умтулуусунда убакытта да, мейкиндикте да адамдык эрктин чеги жок. Адамзат тукумуна дайым ушундай болгон жана ушундай боло берет. Ошондуктан дарыя аман алып калган Кайып колукту бардык мезгилдерге шарттуу кейипкер болуп калган” (DD-EN, s. 79).

Арсендин бул сөздөрү, “Түбөлүк колукту” романынын тагдырларын өз ичине камтыгандан тышкары, метафоралык маанини да алып жүрөт.

Арсен, Жаабарс жана Түбөлүк колуктудан башка романда тагдырдан жабыр тарткан жана баш каармандардын тагдырлары менен өз ара таасирленүү абалында болгон башка каармандар да орун алууда. Булардын чыгармадагы милдети тагдырдын таасирлерин дагы да даана ачып берүү болмокчу. Негизги каармандардын тагдырларын иликтөөгө алганыбызда алардын тагдыр менен кандайдыр бир деңгээлде күрөшүн көрө алабыз. Жаабарс мурдагыдай каруу-күчү жок, эңсеген ашууларын аша албагандыгы үчүн өзүн бактысыз сезет. Жашы өтүп, белгисиз бир күч аны өз үйүрү менен түгөйүнөн бөлүп, Үзөңгүлөш тоолорунун этегине чейин сүрүп, ал жерден аракеттене албай турган кылып салат. Мурун дайыма колдоп жүргөн тоолор менен көк асман кандайдыр азыр ага сыртын салып калгандай. Бул чынында табияттын ага таарынгандыгынын белгиси эмес. Жаабарстын башына түшкөндү кабыл албагандыгы үчүн тагдырдын ага берген сабагы болуп саналат. Жазуучу бул жерде окурмандарына маанилүү бир ойду айтып отурат: “Акыл жетпеген сырларын ачуу мүмкүн болбогон тагдырдын буйруганын көрүү үчүн кабыл алууга даяр болуу керек”.

Башка түшкөндөрдүн чечмелениши да берилет; бирок башта сабырдуу болуп, белгилерди жоруганды билүү керек. Жашоо, өз бешенесине жазылганга моюн сунгандарга айрым белгилерди берет. Буларды байкай алган адам тагдыр менен тирешпестен жашоосун уланта алат. Кээ бир нерселерди адам канчалык көксөсө да тагдырдын өз билгени, өз жолу бар. Жаабарс, тагдырдын бул өз нугунан кайра тартпастыгын билбей келгендиги үчүн, табияттын ага жардам бербей жаткандыгын ойлоп, өткөнүн эңсеп, жапа чегүүдө. Болбосо анын башына түшкөн трагедиянын чечими өтө жөнөкөй, жашы өткөн жана белгисиз күчтөр тарабынан ошол ашуунун алдына чейин сүрүлүп чыгарылган. Жаабарстын муну түшүнүп, ой жүгүртүүсү күтүлбөсө дагы жазуучу анын тагдырга каршы чыкпашы керектиги жана анын жолу менен жүрүүсү керек экендиги жөнүндө окурмандарга эскертүү берип, бул тууралуу ойлорун илбирс менен окурмандарга жеткирет. Тагдырдын, адамдын эрки менен чектелген акылына салыштырмалуу чоң пландары бар. Жаабарс алгач башына түшкөн тагдырына моюн толгоп жүргөн болсо, кийин тагдырдын мыйзамына көнөт:

“Эмне үчүн тагдыр бул тоо илбирсине ушул арзыбаган нерсени ыраа көрбөдү? Анын көксөгөнү, бар болгону – ашуудан ашып, анын ары жагында жок болуу, түбөлүккө калуу гана эмес беле… Тагдырдын мындай кыянаттыгына өзгөчө бир себеп бар беле? Ал ага так ушул жерден, Үзөңгүлөш тоо кыркаларынын этегинде керек болдубу? Тагдырдын оюнда эмнелер бар эле?” (DD-EN, s. 40).

Окурмандар Жаабарстын бул кичинекей каалоосун ишке ашырып койбогон таш боор тагдырга нааразы болушуп, баяндоочунун ойлоруна ортоктош болушат. Бирок жазуучу айткысы келген нерсе тагдырдын чексиз экендиги. Ар дайым бир жамандык ойлоп тургансыган тагдырдын жашоодо улам бир жерден чыга калышы, анын жашоо панорамасында дагы да чоң белгисиз пландары бар экендигин билдирет. Айрыкча адам баласы өз жашоосунда үстөккө босток келген каршылыктардан улам эмне кылар айласын таппай калууда. Бул учурда “Эми эмне болот?”, “Кайда барсам?”, “Мен эми кантип жашайм?” деген суроолор адам баласынын акылын айраң кылат. Чаңгыт ой толгоолордун коштоосунда жандырмагын таба албаган табышмакты кабыл алууга, адам баласы ошону менен жашоого көнө баштайт. Тагдыр адам айласыз калган учурда өз күчүн көрсөтө баштайт. Өзүнүн жолунда кандай болбосун адамдарды бул жолго, бул буйрукка баш ийүүгө мажбурлайт. Жада калса тагдырына баш ийбегендердин акыркы кадамы өлүм: “Же душманыңды өлтүрөсүң же өзүңдү!” (DD-EN, s. 52). – деген жазуучу, романдын башкы каармандарын да бул нерсе үстүндө ойлондурат. Арсен – капитализмге жана капитализмдин туткуну болгон таалайсыз ашыктык баянына жеңилген адам. Бул эки жеңилиши кудум илбирстин трагедиясында да айтылгандай аныкталышы оңой: Дүйнөнүн тагдыры – акчанын башкаруусу алдында тездик менен өзгөрүп жатат. Сүйүү болсо бир шанс оюну сыяктуу. Кимди кайда, кандай таасир этери дагы да болсо тагдырдын колунда. Арсен да илбирс сыяктуу жеңилгенин кабыл ала албайт, тагдырга каршы чыгып тынымсыз өз кыйроосун анализдейт. Илбирс менен Арсенди айырмалаган нерсе адам менен айбандын башкы айырмасы болгон ой-жүгүртүү жөндөмү. Арсен кабыл ала албаган тагдырынан кутулуунун жалгыз жолу “өлүм-өлтүрүү” деп ойлойт. Мындагы тагдырдын адамды азапка салган айласыздык жагдайы көңүлдү бурат. Бир жактан дагы да болсо тагдырдын сыры катары чечмелене турган бул жагдай, адам баласы үчүн башка бир күрөш, бир башка тандоо болуп саналат. Өз эркин колдонуу жагдайы десек болот. Дүйнөнүн тагдыры өзгөргөн сайын адамдар да мындан өздөрүнө буйруганын көрүп жатышат.  Жазуучунун “Дүйнө өз ордундабы?” деп кабатырланышы буга ачык далил. Адамдарга таандык баалуулуктардын да сатылып жатышы Арсен сыяктуу идеалист жана кыялкеч бир каарманды дүйнө ордундабы же жокпу деген суроону сурашына мажбур кылат (DD-EN, s. 158). Өзгөрүп жаткан жашоо шарттарына байыр албай коюу мүмкүн эмес. Идеалдар канчалык бекем болбосун тагдыр жолу ушундай бир учурга кептелиши мүмкүн, бардык нерсе өз маанисин жоготуп коет:

“Айдана жана анын кесепеттүү башчысы Курчал да эмнегедир ошол замат унутулду, аң-сезимден өчүштү, аларга көңүл бурганга ал жок… Кумирлер да кунарып, душмандар да унутта калат тура …” (DD-EN, s. 180). Арсен да тагдырдын буйруганын кааласа каалабаса да моюндоого аргасыз калган үчүн, жашоого баш ийип бул ойлорун айта алды.

Тагдырлардын өзгөрүүсүндө өмүр жолдордун тогошуусу маанилүү роль ойнойт. Бул тогошууну ишке ашырган бул тагдырдын “кокустуктары менен себептери” болуп саналат.

 

Тагдыр тогоштурган өмүрлөр

“Тагдыр” биринчи Арсен менен анын сүйгөнү Айдананын өмүр жолдорун тогоштуруп отурат. Айдана аттуу каарманынын образын ачууга жазуучу өтө көп токтолбойт. Бирок экинчи бир тагдыр тогошуусу болгон Арсен менен Элестин жолугушуусу, Элестин образы чыгармада өтө маанилүү роль ойнойт. Өмүр жолу Айдана менен да Элес менен да тогошкон Арсен өзү ким, кандай адам?

Романда каармандардын тагдырларына чоң таасирин тийгизген нерсе музыка болуп саналат. Арсендин чыгармачыл, баёо дүйнөсүнө музыканын тийгизген таасири такыр башка:

“Мына азыр музыка кубулжуйт жана ар бир адам үчүн башкача, эңсеген дүйнөгө көзгө көрүнбөгөн көшөгө ачылат, ал жакка музыка аркылуу гана кирүү мүмкүн, анан бушайман кылган бардык нерсе артта калат да, жалгыз гана ырдаган жан калат. Ал эми музыка анын туулгандан берки кумары, кол жеткис, ээ бербеген кубулуш эле. Анын музыкага болгон ышкысы жөн гана кызыгуу эмес, түшүндүрүлгүс, бир топ тереңирээк нерсе болучу. …Музыка – бул Жаратканга жол тартуу, жан дүйнө майрамы эмеспи” (DD-EN, s. 19-20).

Ушул пикирлерден кийин Арсен: “…бала чагымдан тоодо айылдын аттарын кубалатпай, музыкалык окуу жайга беришкенде, мен сөзсүз композитор болмокмун…” – деп тагдырга болгон таарынычын да билдирип өтөт. Арсендин музыкага мынчалык жакын болушунун себеби да тагдырдын атайын планы. Музыкага болгон ынтызарлыгы аны опера театрынын солисти Айданага жолуктурат. Айрыкча музыкага ушунчалык чоң маани берген кыялкечтиги; кыялкечтиктин бир натыйжасы катары идеалисттикти өз боюна сиңирип жүрөт. Арсен ошол эле убакта акылдуу жана намыскөй каарман. Ошондуктан анын идеалдары жөн гана намыскөйлүк эмес бекем пайдубалга таянат. Жан дүйнөсүндөгү эстетизм анын жашоо стилине жана  турмуштук мамилелеринде да чагылышып турат. Аябагандай ак көңүл жана сүйүүгө толгон Арсен, ар дайым өз абийиринин айтканын угуп, ошого жараша иш кылган, ошондон улам анын таасири менен трагедияга кабылып отурат. Бул өзгөчөлүктөрдүн баарын эске алганыбызда Арсендин андай деле катардагы бир киши эмес экендигин түшүнөбүз. Анын инсандык өзгөчөлүктөрүнүн баары жашоодо өзүнүн ким экендигин билген жана ал өзгөчөлүктөрү менен тагдырга тең ата болууга акылуу каарман катары көрүнгөн. Айтматов – тагдырдын адамдарга тийгизген таасирин чечмелөө үчүн грек трагедияларына тете трагедиялуу каарман жараткан.

Айдана менен Арсендин жолугушуусу сүйүүнүн күчү менен да байланыштуу; анткени мында тагдырга таасирин тийгизген дагы бир себеп сүйүү болуп саналат. Мындайча айтканда романды бир сүйүү романы деп айтсак да болот. Тагдырга таасирин тийгизген турмуштук бурулуш чекиттерде ар дайым бир кайгылуу сүйүү баяны жатат. Башкача айтканда чыгармада сүйүү, тагдырларды тогоштурган чекиттерде байкалган эң маанилүү кокустуктардан болуп саналат. Айтматов “Түбөлүк колукту” образы аркылуу идеалдуу сүйүүнү чагылдыруу менен бир жактан ал сүйүүнүн трагедиясын “караниет күчтөргө” байланыштырат. “Түбөлүк колукту” легендасы да “дүрбөлөң” деп символдоштурулган кара ниет күчтөрдүн же тагдырдын алдын ала билген бирок адамдар тарабынан билинбеген сыры тарабынан бирин-бири сүйгөн жуптардын айрылуусу берилген.  Базар экономикасынын, акчанын, атак-даңктын адамдарды башкарып калгандыгы; медиянын жападан жалгыз багыттоочу каражат болуусу, 21-кылымда дүйнөдө сүйүүнүн ыйык күч экендигин унуттурду. Сүйүү да башка нерселер сыяктуу сатылып жана сатып алына турган абалга жеткен. Арсенди Айдана менен тааныштырган чөйрө, музыканын, башкача айтканда ааламдын рухунун символу болгон адамзатка орток үн катары жаңырган жер болуп саналат. Ушундай жагдайда табышкан жуптар, кыялкеч Арсендин акылында жанданып жашоосунун философиясына айланып бараткан Түбөлүк колукту метафора катары анын дүйнөдөгү конкреттүү чагылышуусун элестетет. Арсен жан дүйнөсүндө жашаган бул сүйүү баянын өз жашоосу менен да байланыштыргысы келет; бирок жашоо –  тагдыр анын каалаганындай же идеал тутканындай боло бербейт.  Арсен канчалык кыялкеч болсо, Айдана ошончолук реалист. Тагдырлары тогошкон Хайдельберг багындагы жолугушуудан кийин Айдананын Арсенге жолуктурган улуу, эстетикалык руху, базар экономикасында өзгөрүүгө учурап, маңкурт кейпин кийген, медиянын материалдык байлыктын, акчанын кулу болуп калган (DD-EN, s. 83). Трагедиянын жеткен чеги Арсендин ушул убакка чейин кыялкечтик менен күн көрүп келгендигин түшүнүүсү, бир тараптан жакшы көргөн аялды колунан тарттырып алып, анын сүйүү антына бекемдикке болгон ишенимдеринин урашына себепчи болгон “бүгүнкү күндүн теңири” акчанын бийлиги алдында экендигин түшүнүүсү болуп саналат.

“Бирок заманбап шоу – ишмердиктин аёосуз, буркан-шаркан түшкөн жүрүшүн Арсен Саманчин канчалык айкын түшүнбөсүн, өзүнүн аргасыз таттуу кыялдарынан эч кайда кете албайт эле. Ал өз эрки менен өзүнүн жеке идеясынын туткуну болгон жана аны менен байланган, аны менен бирге туңгуюкка камалды. Баштагы бардык кызыгуулар – ал жана Кайып колуктудан башкасынын баарысы – бара-бара тарап, тирүүлүктүн кайдадыр бир тиги тарабына өттү” (DD-EN, s. 56).

Арсендин өз кыялдарында жараткан Түбөлүк колукту образына туура келген образ ошол учур үчүн Айдана болгон. Романдын кийинки бөлүмдөрүндө Айдананын кайрылгыс болуп кетишин кабылдоого аргасыз калган Арсендин алдынан бу сапар тагдырдын жаңы тамашасы катары Элестин чыгышы менен анын образы Айдананын ордун басат.

Арсендин Айдана менен чогуу боло албастыгынан келип чыккан сабак балким анын ашыкча кыялкечтигин ооздуктабагандыгы жана дүйнө тагдырынын өзгөрүүсүнө кош көңүл калышы болмокчу. Буларды моюнга албаган Арсенге ошол эле “тагдыр” башта душманын өлтүрүү пикирин жылдырып, анын артынан Ташафгандын чыккынчы пландарынын чок ортосунан орун алууга түрткөн эле. Бул азаптуу өмүр жолунда тагдыр Арсенге бир “жакшылык” кылып коюуну да колдон чыгарган эмес экен, аны Элес менен жолугуштуруп отурат. Элес менен жолугушуудан кийин Арсен, бул жолугушуунун жашоодогу бурулуш чекит экендигин түшүнөт:

“Арсендин ийиндеринен оор жүк алынгандай сезилди, бул кандайча болуп кеткенине өзү да таң калды. Айдананын айынан жанагы шайтан Эрташ Курчалды ушунчалык жек көрүү, ушунчалык азап чегүү, өзүн камчылап сабоо… Таштанафгандын жүзү кара жана арам оюнунун аргасыз туткунуна айлануу… Жана бир сааттын ичинде эле анын ажырагыс бөлүгүнө айланган Элес менен, буга чейинки турмушта болгондун баарын дароо унутуу. Демек, ал аны сактап калуу үчүн, түпсүз жардын кырынан алып кетиш үчүн жиберилген окшойт” (DD-EN, s. 186).

Так эле ошол “Түбөлүк колукту” легендасында болочок жубайлардын жарык дүйнөгө келишинин себебин өздөрүнүн бирге болуулары менен байланыштырган сыяктуу Арсен менен Элес да өз жашоолорунун маңызын бирге болуу менен байланыштырышат. Айтматовдун бул өз ара байланышты жүргүзүүсүндөгү максаты – аргасыз ара жолдо калган трагедиялуу каармандарына чынында кыялдарында идеал туткан сүйүүнү баштан өткөрүүсүн ишке ашыруу болуп саналат.

Сүйүү себеп болгон бул тагдыр тогошуулары менен катар эле романдын эки баш каарманынын бири-бири менен байланыш чекиттери да өтө маанилүү. Жаабарс менен Арсендин романда биринчи жолугушуусу Айдананын бир поп-концертинде атылган салюттар аркылуу болгон. Бул салютту карап турган Арсенге, башка бир тараптан асмандын жаркырашынан жана салюттан чыккан ызы-чуудан ыңгайсыз болгон Жаабарс кошулат. Бул тогошуу, эки каармандын тең бири-биринен кабарсыз, бирок, көпөлөк таасири мисалындагыдай бири-биринин жашоосуна таасирин тийгизген абалда болушат. Чыгармада Арсен менен анын айланасындагылардын илбирс аңчылыгына даярдануусу учурунда жазуучунун камерасы мезгил мезгили менен Үзөңгүлөш тоолорунун этегине бурулат дагы окурман өз тагдырынын чындыгын күтүп жүргөн Жаабарсты көрөт. “Ошол учурда дагы бир жээренди, жырткыч Жаабарс, арбалган өңдүү, Үзөңгүлөш ашуусунун алдынан кете албай буйдалып жатты. Ал эмнени күттү? Аны эмне күтүп турду?” (DD-EN, s. 112).

Роман боюнча жашоолору параллель өнүккөн Арсен менен Жаабарстын өмүр жолдорунун тогошуусу алардын өмүрлөрүнүн акыркы мүнөттөрүндө ишке ашат. Экөөсү тең Туюк-Жар тоосунда тагдырларынын сырдуу кокустуктарынын коштоосунда бир үңкүрдө жан беришет. Экөөсүнүн тең тагдырдын жазганын көрүп, кош айтышууга убактылары келип жеткен эле: “Тагдыр буйруп алар – адам жана жырткыч – акыркы сааттарында асман астындагы бир мүрзөдө, үңкүрдө жанаша жатышты” (DD-EN, s. 232). Арсен өз трагедиясынын ичинде чөгүп баратып эң бир туура жолду тандады. Бир тараптан маанилүү илбирс аңчылыгында алган жоопкерчилиги, бир тараптан базар экономикасынын шарттарында жакырчылыкта жашап жаткан калк – Ташафган жана анын кишилери – күч (акча) табуу үчүн түзүлгөн чыккынчылык план жана бул пландын чок ортосунда Арсендин орун алышы турган. Жоопкерчиликти сезген жана боорукер Арсен, эки жакты тең кыя албай, экөөнүн арасынан бирин тандай албас эле. Анын тандоосу дагы да болсо идеалдарынын негизинде болуп отурат. Кайсы жагын тандаса да бир жагы үчүн зыяндуу иш болоорун түшүнгөн Арсен өзүн курмандыкка чалып отурат; баарынын көз алдында иштин баарын ойронун чыгарган киши катары кабыл алынса да, ал өз тагдырынан кечип кетти. Мында чоң тагдыр айлампасы менен тогошуу болгондугуна көңүл буруу зарыл. Тагдыр да өз алдын ала белгилегендери менен жан кашайткан нерсе катары көрүнсө да, бирок сабыр кылып караганыбызда, ага моюн сунганыбызда жан кашайткан учурлардын, башка бир тараптан бакытка карай ачылган жол экендиги аныкталат. Арсен өзүн курмандыкка чалуу менен көп адамдын тагдырына оң таасирин тийгизип, өз тагдырын да ойлорундагы метафора Түбөлүк колуктуга тууралап отурат.

Айтматов акыркы романы менен бардык романдарын бириктирген бир композициялык бүтүндүккө жетишкендигин айтууга болот. “Түбөлүк колуктунун” тагдыры – романдагы бардык тагдырларды бириктирген жана да жалпы тагдыр түшүнүгүн ортого салган сыяктуу, Айтматовдун бардык романдарынын да орток өзөктүү сөзүнө айлангандыгын белгилөөгө болот.

Проф., док. Орхан Сөйлемез

(Макала “Гази Түркият” журналынын №5 санына 2009-жылы жарыяланган. Кыргызчалаган: филол.и.к. М.Б.Текешова (12.12.2019)