Омор Султанов: Өмүрүмдө жаңылышкан кездерим, Жолдон калган жүргүнчүгө окшошот

Акындар

«Акындарга кыйын го,

Түнөрүшүп жай басат?

Дайым ойлоп жүрүшүп,

Калышат го аз жашап?»

 

Жаңыласың, жан досум,

Оорубасын көңүлүң:

Акындар бизден көп жашайт,

Ырына берип өмүрүн.

 

Сүрөтүмө

Көз айырбай неге тиктеп турасың?

Эгер сага айтсам сөздүн ырасын:

Кылым кыркып, далай жылды кайчылап,

Мен картайып, сен керектен чыгасың.

 

Сонун жылдар келет, кетет, күтөбүз,

Сен да эскирип, мен да эскирип бүтөбүз.

Эгер менин жакшы ырларым бар болсо,

Эскирбейбиз узак жашап үчөөбүз.

 

Ак кууну көрүп…

Ысык-Көл жайытына ак куу жайып,

Көңүлдүн кирин жууп, жээкке чайып.

Эреркеп өрдөктөрү алдейленип

Толкуну койчумандай астын кайрып.

 

Бул көлдө кээде турат толкун кычап,

Удургуп кылаасынан кумду жышат.

Көрк берип көлдүн сулуу жамалына,

Шарп этип, канат шапшып куулар учат.

 

Түшүмдө

Жашыл дарак, жел менен шыбырашкан,

Өрттөнүп, күлү көккө сапырылды.

Жол жүргөн маршруттук автобустар

Консерва банкасындай кабырылды.

 

Асмандын түркүгүндөй трубалар

Салынып үйлөргө арта сулап жатты.

Быркырап кат-кат үйдүн кирпичтери

Жер-жерде күкүм болуп урап жатты.

 

Тыптыйпыл. Айлананын чаңы уюлгуп

Болгондой жер-планет үстүм-асты.

Мындагы шумдуктардан көңүлү айнып

Жер куту келбес жакка уча качты.

 

Бул ырас, көзүм менен көргөн сүрөт:

Шыркырап таштар эрип, суулар күйдү.

Сурасам мен бирөөдөн түшүналбай:

–Бир айбан от тутантып өрттөп ийди.

 

Көргөнүм өңүм эмес, түшүм экен,

Ойгонсом күйбөй этпей аман-эсен,

Жер-Эне бешигине бөлөп алып

Терметип баарыбызды турган экен.

 

Эй, тарыхка күнөкөрлөр,

Шумдуктуу ишиңерди карап турам,

Тарткыла, атом өртү тутанбасын,

Адамзаттын атынан талап кылам!

 

Толкундар

Кулагына суу толуп керең болуп,

Көл жатат түбү өзүнчө дүйнө болуп.

Төрөтүнөн калбаган карт энедей

көл төрөйт толкундарын,

башына секунд сайын бакыт конуп.

Тэ-э ортодон толкун төрөлдү.

Төрөлдү да, турмуш издеп жөнөлдү.

Кубалап көз жарган көл перзентин

долу шамал чыкты чурап.

Ансайын шамалдын жашын сурап,

Жаш толкунга кирет күч, кирет кубат.

Толкун келет

торолуп ашып-ташып,

Кубалап алдыңкыны, келаткан арттан

качып.

–Толкунга

көлдүн чеги

тар – деп айтып,

тиреген жээк-жарга боюн уруп,

толкундар өлүп кайтат.

Ал өлбөйт

өмүрүнөн кемиш үчүн!

Ал өлөт

кайра туулуп келиш үчүн!

 

Кышындагы батар күн

(Элегия)

Кышындагы батар күндү карасаң

Алсыз нуру зеригүүнү туудурат.

Тагдырына моюн сунган дарактар

Томсорушат жалбыраксыз куудурап.

 

Кышындагы батар күндү карасаң

Муздак булут болор-болбос кызарат.

Тептегерек күндү чала кызытып

Кимдир бирөө балка чаап узанат.

 

Кышындагы батар күндү карасаң

Жайдагыдай ак булуттар жошулбай;

Кароолонуп өчүп калат дайынсыз,

Тартып бүткөн тамекинин отундай.

 

Кышындагы батар күндү карасаң

Унут калган учурларды эстейсиң.

Ушул тоолор, ушул жылган булуттар

Сени узатып келатканын сезбейсиң,

 

Кышындагы батар күндү карасаң

Коштошуунун белгилерин көрөсүң.

Бирок дагы айрылуу жок күн менен

Сен кайрадан жолугуша бересиң.

 

Кайда жүрсөм жанымдасың

Баары бир кайда жүрсөм, кайда барсам,

Бир мүнөт өскөн жерди унутпадым.

Жазылып кетет азга эстей калсам,

Жүзүмө эрте түшкөн бырыштарым.

 

Эстесем жайкы күндөй кетем жылып

Тоодогу тууган жердин калың карын.

Алгачкы айнек-жука муздар сынып,

Мен барам көк мөңгүдөй калыңданып.

 

Чөгүштү тереңдерге жылдар, айлар

Таптакыр унуттуруп балалыкты.

Алгачкы тунуктугум ылайланып,

Көрүнбөйт айнегинен аралыктын.

 

Адатым – алыстардан келсем кайтып

Турпагын тууган жердин уучтай бермей.

Өмүрдө канча курдай сынды шагым,

Келем деп кеткендерим кайтып келбей.

 

Тууган жер, кайда жүрсөм жанымдасың,

Андыктан көңүлүм ток олтурамын.

Кусамды эч айыкпас айыктырар

Тепселип жаткан бир ууч топурагың.

 

Айыл сүрөттөрү

Андагы – айылдагы жайкы түндөр

барчубуз ат откоруп беде аңыздан.

Чур-р этип бут алдыдан учуп чилдер,

Кыргоолдор үн алышып жаныбыздан.

 

Башыңа ээр жаздап, тердик салып

Жатасың, жамынганың көпкөк асман.

Жылдыздар жуушап калат чачырашып,

Коюңдай корооңдогу жайнап жаткан.

 

Өрдөктөй күүгүм талаш көлгө конгон

Белгисиз каяктандыр уйку келет.

Куткарып жаман-жакшы бардык ойдон

Бир назик магдыраткан тынчтык берет.

 

Жүзүңдөн эркелетип жумшак сылайт

Апакай серүүндүктүн алаканы.

Беделер башын ийип таазим кылат,

Улуу деп адамзатты санашабы?!

 

Бир күүнү нечен кайрып таң азандан

Ар жерде бөдөнөлөр бытпылдыктап.

Баладай жайлоодогу жорго тайчан

Алышта чыйрыккан суу кыткылыктап.

 

Эртелеп сен да ойгонуп уйку канып,

Абайлап карап көрсөң айланаңды:

Дүнүйө сулуу болуп ушунчалык,

Жарыктык ушунчалык болот татты?

 

Бышкырып суулуктарын шылдырата,

Бедени күрт-күрт чайнап аттар чалып.

Турушат үргүлөшүп таң атканча

Жаш беде-азууларын камап калып.

 

Токунуп тойгон атты бастырасың

Ошондо айыл жактан иттер үрүп.

Жеңеңди кымыз куй деп шаштырасың,

Кетесиң чөп чөмөлөп ойноп-күлүп.

 

Жеңелер талаа жарып каткырышат

Жаштыктын суусунунан жуткурушуп,

Оюнду жок жеринен таптырышат

Атайлап утар жерден уткурушуп.

 

Сен жаткан төшөгүңдөй жылуу талаа

Шыкырап күн нурлары калат жерде.

Жыгылып чөптөр солдо салаа-салаа

Эмгектин түсү чыгат тунук терге.

 

Ден таза, таттуу чарчап үйгө тарап,

Эмгектен акыбетиң кайтып толук.

Боюңду салмак басып магдыратат,

Салкындык бал сыяктуу коюу болуп.

 

Мал таңда чыгар күнгө утур басат,

Козу-улак ууз ээмп чопулдатып.

Эшектер айкырышып учурашат,

Үстүндө минген ээсин солкулдатып.

 

Жамгырлар

Жашоого тоюп, тажап бүткөн сымал

Асмандын түпкүрүнөн жамгыр кулайт.

Сан жетпейт жамгырларга, мен олтурам

Жетим күкүк өңдөнүп жалгызсырап.

 

Жолдоштор кайда калат мындай кезде!!

Каламдан бөлөк азыр жолдошум жок.

Дарчадан жамгырлардын үнү келет,

Угулар-угулмаксан шыбыр окшоп.

 

Дүйнөдө ар нерсенин сыры бар дейт.

Сырларын тыңшап угуп жамгырлардын!!

Адашкан ботосунан инген окшоп

Мен бүгүн эмнегедир каңгырадым.

 

Кыялдар көкөлөгөн учалышпайт,

Ойлорум самсаалашты мусапырдай.

Сөздөр да баш ийбеген солдаттардай

Турушту моюн толгоп тилимди укпай.

 

Жамгырлар кайда жүрүп, кайдан келди!!

Мынча эмне жандарынан аша кечет!!

Жамгырлар жерге канын төгө берди,

Өмүрдүн кымбатына бербей эсеп.

 

Жамгырлар, жамыраган тамчы суулар!

Ал ырас өлүү керек өлөр кезде.

Бирок да биз адамбыз, ошол кыйын,

Андыктан өлүм деген оор бизге.

 

Абышкалар

Кайгырсам, же бир жүрсөм ойноп-күлүп

Ар дайым мени менен болот алар,

Көчөдөн кармап алып жибиттирип

Чачымды алып берген абышкалар.

 

Кез келсем учкаштырып, же өңөрүп

Мейли алар келатпасын кайда барып.

Эч качан тил айтпады жаман көрүп,

Аттарын көп үркүттүм жата калып.

 

Аларда Ала-Тоодой бийик каада

Алышпай майдалыкты теңдерине,

Айтышып сөздөрүнөн жыгылганда

Атынан түшүп берчү жеңгенине.

 

Аларда таразадай калыстыктар,

Угушчу акыл чыкса баладан да.

Көрүнчү көздөрүнөн алыстыктар

Бир ирет сынай тиктеп караганда.

 

Мүнөзү чимирилген балалыктын

Бар туруп, жок болушту өчүргөндөй.

Мен билген ошол кызык абышкалар

Түгөнүп, же баратат көзү көрбөй.

 

Турмушту кайдан гана барып көрбө –

Көз ирмем токтолбогон айлампалар.

Басышты өткөндөрдүн ордун элде

Өзүнчө каадасы бар абышкалар.

 

Отузунчу станция

Илип койгон сүрөткө окшойт убакыт.

Уйкум келбейт. Ойгондум мен таң атпай.

Жаттым жалгыз алаканым жазданып,

Менин түрүм токтоп турган сагаттай.

 

Көз карашым бир чекитке кадалып,

Тунжураймын кирпиктерим ирмелбей.

Карагансыйт мага убакыт таң калып,

Сурайын деп кыйналгансыйт тил келбей.

 

Мен жатамын түшкөн таштай ордумда,

Максаты жок, билбей түшкөн себебин.

Жата берсе болот минтип он жыл да

Эч нерсеге тийбей эч бир керегиң.

 

Төрт жагымда тамдын төрт жак танабы

Кыймылдабайт, бар-жогу да билинбейт.

Мындай кезде баары токтоп калабы,

Кулагыма эч бир дабыш илинбейт.

 

Булут топтоп жаай турган күндөймүн,

Айтаар сөзүм жамгыр болуп суурулат.

Эмне болуп турганымды билбеймин,

Көңүл, айтор, бир демеге буулугат.

 

Мындай болуу жаш адамга жарабайт,

Ойго алдыруу өзүн өзү унутуп.

Өзүмө эмес, башкага да каалабайм,

Дурус эмес ушул менин турушум.

 

Таң шооласы каптап келет Жер шарын,

Караңгылык кетти качып кутулуп.

Караймын деп көз көргөндүн нар жагын

Өзүмө өзүм кетип барам жутулуп.

 

Зымыраймын канаты жок, үнү жок,

Түк билинбей кайда барып токтоорум.

Алыстыктар тигил качкан түн окшоп

Мен кубалайм, караан үзүп жок болуп.

 

Алыстыктар түш оогондо күн сымак

Түшүп барат жеткирбестен бат жылып.

Кыйкырамын. Суудагы нурдай үн сынат

Кыйкырыкка кыйкырыкты таптырып.

 

Чыккан үнүм мага кайра кайтышпай

Жолдор кезип жолбун болуп өтүшөт.

Жолугуу жок түбөлүккө жай-кыштай

Чыккан үндөр кайып болуп кетишет.

 

Кыйкырыктан алыстыктар берилейт

Кыйкырыкты кондургула ийинге.

Ал эч качан, эч кимиңди жерибейт,

Чочутпастан кайра учуруп ийгиле.

 

Уч, кыйкырык, Пикассонун кептердей,

Күнгө боё канатыңды, уч бийик.

Жаш сүйүүдөй күтөт жашыл жээктер,

Жыгылбагын канатыңа ок тийип.

 

Кыйкырыктан мокобосун каректер,

Кайра учурсун түшүнүктөн жем берип.

Мына ошондо биз самаган жээктер

Жашылданат, жагымдуу жаш жел келип.

 

Кыйкырыкты кыйкырыктар тозушат

Бирин бири арзып күткөн достордой.

Шыбырды да түшүнүү шарт, билүү шарт

Акыл курган бийик чектен козголбой.

 

*****

Аба сыртта табышмактуу шуулдайт

Кабар өңдүү жиберилген алыстан.

Тегеренип келаткансып Жер шарын

Паровоздун үнү чыгат чаалыккан.

 

Ойлор жөнөйт паровоздой токтобой

Салмак менен тарткан жүгү барчылап.

Өмүрүмдө жетпей калган максаттар

Ташка тийген айнек болуп жанчылат.

 

Ойлор үркүп, жылкылардай кишенеп

Кайберендүү ээн төргө токтошот.

Учарында учпай калган сөздөрүм

Согушта өлгөн таланттарга окшошот.

 

Эмне айырма талант менен сөздөрдө:

Экөөндө тең баса турган жол татаал.

Бирок сөздөр сулуулардай өзгөрмө,

Талант – күзгү, жүзүн көрөр кылымдар,

 

Ойлор барат вагондордой чиркешип.

Станция көп. Улам жолго токтошот.

Өмүрүмдө жаңылышкан кездерим

Жолдон калган жүргүнчүгө окшошот.

 

Жөнөйт ойлор кош чийинде зымырап,

Дөңгөлөктөр жол үстүндө така-так.

Өмүрүмдө сезгендерим кечигип

Жети өмүрдү жерге кийре ардантат.

 

Шамал согот бет маңдайдан зуулдап,

Алды жакта тагдыр сыноо жолу бар.

Көздөрүмө конуп келет туурлап

Түшүмдөн да көрүнө элек сонундар.

 

Чимирилип чимириктер сыяктуу

Жол боюнда укмуш шаарлар калууда.

Обочодон жанган электр оттору

Жабырашат чачкан сары таруудай.

 

Жанган оттор – жанып турган өмүрлөр

Жазда ачылып, күздө гүлдөй соолушат.

Эми мага таанышсыңар көбүңөр

Бул бараткан жолум узак, эң узак.

 

Жанган оттор жер үстүндө жамырап,

Окшошсуңар кайдан гана көрбөйүн.

Жапжаш болуп нурларыңар чачырап

Тосуп турат качан гана келбейин.

 

Айтып берер ар бир ташы Тосордун

Болбогонун эч нерсеге кас санаам.

Силерге мен: «ВАССАЛОМУ АЛЕЙКУМ»!

Мага силер: «ВАЛЕЙКУМА АССОЛОМ»!

 

*****

Мен турмушка салам берип киргемин

Калп айтпоого өзүмө өзүм карганып.

Эгер күлсөм, жүрөк менен күлөмүн,

Ардансам да, жүрөк менен арданып.

 

Элестердин бири калса, бири жок,

Өттү, кетти бир кездерим түшүмдөй.

Кээ бир күндөр качып жүрдү талаалап,

Турмуш мага, мен турмушка түшүнбөй.

 

Ошол сезим сүйүү беле, жок беле?

Мен бирөөнү бир жыл тиктеп карагам.

Андан кийин көкүрөгүм бош калды

Театрдай көрүүчүлөр тараган.

 

Анан жүрдүм вино ичип дуулдап.

Болдум жаштык кафесинде күнү-түн.

Далай кыздар жүрүштү эле чурулдап,

А мен билбейм сүйгөнүмдү кимисин.

 

Бул турмушка отпускага келгенсип

Эртеден кеч мен бильярд атыштым.

Сүйлөймүн деп кол көтөрүп эрдемсип

Жыйналыштын бирин койбой катыштым.

 

Айтып анда ойдогумду жашырбай,

Ичимдеги түйүндөрдү жандырдым.

Кое турсам болмок эле шашылбай,

Мен сырымды бир аз эрте алдырдым.

 

Кежилдешип идеалымды талашып

Ылдамдыкты сезбей кызуу келаттым,

Отузунчу станцияга келгенде

Вагонумдун терезесин кеч ачтым.

 

Перронунда мага тааныш адамдар.

Мен аларга мөрөй утуп жарыштан

Келаткансып үмүттөнтүп көздөрүн

Тосуп чыгып, текши карап калышкан.

 

Мөрөй да жок, олжо да жок жанымда.

Чөнтөгүмдөн чыгара албай колумду,

Күн карама сыяктанып салаңдайм

Коргошундай салмак басып мойнумду.

 

Көздү жумуп кайра артыма карадым:

Качан, кайдан, кандай жолдор баскамын?!

Ушул беле шилтеп жүргөн кадамым?!

Ушул беле төбөмдөгү асманым?!