Нурлан Калыбеков: Топурак элем, топурак, Айландым нурлуу кишиге.

Кел…

(Калмурат Рыскуловго)

Комузду чаап ташка,

кылдарын аркан кылып,

жаштыкты асып салдың,

бул эмнең?..

Кайрыл артка!

Катуу айтчу эмес элем, бул дүйнөңдө,

кыйкырам арбагыңа тыяктагы,

кайрылгын, кайрылгының

жашоого быяктагы.

Сурангын, жалынгының,

көнгүнүң, макул болгун,

Кудурет койгон ар бир талап, шартка!

Кайра кел, кайра келгин,

тозоктун, бейиштин да,

бешиктин, бейиттин да,

мекени болгон ушул жер бетине.

Карачы, канчалаган жандар турат,

акыйып, кезек күтүп,

өтөбүз дешип жашоо сыноосунан,

жер бети – сыноокана,

көк бети – суроокана,

сен эмес кудайлар да,

самашып турат кайра төрөлүүнү.

Макулук жаныбар да түлөп түшөт,

дарак да, саргайган соң, кайра көктөйт,

Ай деле бирде толуп, бирде кемийт,

сен болсо – түгөндүм – деп,

жеп салдың өзүңдү-өзүң,

кыйнадың дос, тууганды, сүйгөн жарды.

Тозогу, бейиши бар,

жыргалы, кейиши бар,

жашоодон жададыңбы?

Жан болуп жаралган соң, кутулбайсың,

жашоо – бул айланкөчөк,

жашоо – бул оюнчугу Кудуреттин,

жашоо – бул түбөлүктүк,

жашоо – бул өзүң жана Кудай Теңир,

акыры билгендирсиң.

Кайрыл артка.

 

Көрүстөндөн кыйкырып турганым бул

Бактылуу бол, бактысыз сүйүүм менин,

Багым көрчү, байланып, түйүлгөнүн.

Түбөлүгүң бар го деп, түбөлүгүң,

Түбүң түшкүр, эрте не сүйүнгөмүн.

 

Жакшы калгын, жаштыгым арманы көп,

Жашоо чындык, а бирок, жалганы көп.

Жалындаган дооруңдан мээрим көрбөй,

Жаным чөгүп, куурадым дарманы жок.

 

Кара атына ажалдын учкашып да,

Сырдашып да, чырдашып, мушташып да.

Жашап жүрөм кансырап, эй тирүүлүк,

Кудугуңан суу ташып, уу ташып да.

 

Жыңайлакмын, жылаң баш, жылаңачмын,

Жакшылыгың менден не жула качтың?

Өчтү жанган үмүттүн ак шамдары,

Келип турат жашоодон тура качкым.

 

Багытым жок, кай жакка барарлыгым,

Белгисиз да кай көрдө каларлыгым.

Куу турмушка турамын тике карап,

Күтүп качан башымды аларлыгын.

 

Кечир, тагдыр, чынында жадаптырмын,

Жан-дилимди канча айрып, жаматтырдың?

Болуп турган дүйнөмдү, толуп турган,

Бута кылып, канча ирет жара аттырдың.

 

Кечир, өмүр, чынында чарчаптырмын,

Канча жолу Багымды калчаттырдың?

Утту тагдыр, утулдум, уттурдум чын,

Шор, азаптар дагы да жанчаттыр миң.

 

Утту тагдыр, утулдум, сүйүү, мээрим

Кетти качып. Чыркырайт Жаным, Дээрим.

Кайрымы жок жаштыктан не күтмөкмүн,

Эчак эле баскан ал азап мөөрүн.

 

Тирүүмүнбү?.. Жок, эчак өлүп калгам,

Тирүү бойдон тирүүлүк көмүп салган.

Көрүстөндөн кыйкырып турганым бул,

Кудуреттин жарыгын көрүп жанган.

 

Бактылуу бол, бактысыз сүйүүм менин,

Жакшы калгын жаштыгым, – үйүм менин

Мээрим күтпөйм силерден. О Жараткан,

Өзүң чечкин Багымдын түйүндөрүн.

 

Ажалга

Мен сени күткөм жаш туруп,

Жанчканда тагдыр башка уруп.

Эмнеге келдиң кечигип,

Азапты баштан кечирип,

Агарып араң турганда,

Актыкка жүзүм бурганда.

Кайт эми артка, кайтып бар,

Кудайга арзым айтып бар,

Бүтө элек али кызматым…

Сурады дегин туз татым –

Дагы да жердик өмүрдөн!

Өмүрдөн эмес көмүлгөн,

Өмүрдөн КУТУ төгүлгөн!

Өмүрдөн АККА чөмүлгөн!

Азапты болду, бербе де,

БАК менен жанын демде де,

Тынчтык бер жүрөгүнө де,

Каруу бер билегине де!

Кордукка болду, чыдабайт,

Так айткын, түз айт, чындап айт.

Болбосо баарын бүтүрүп,

Кол шилтеп, уруп, түкүрүп,

Чакыртпай келем деди де,

АКТЫГЫН берем деди де,

Каралар АКТЫ жеди де,

Чындыкты жалган жеңди де!!!

 

Жаңылык

Мына, мына, жаңылык!

Өзүмдү өзүм издеп жүрүп ак уруп,

Таптым, таптым акыры уф…

Абай салып карасам,

Муштумдай өз жүрөгүмдүн түбүндө,

Олтурупмун жашынган кейп түрүмдө.

Эй, бул кандай тамашаң?

Олтурасың бир жакшына жайланып,

Такта олтурган Ханга окшоп,

Баарын бийлеп жайгарып…

Кыймыл берип,

Жан берип

Боз топурак денеме.

Ушунчалык издеттирдиң эмнеге?

Чыкпадымбы Ааламды чарк айланып.

Айланганым курусун,

Тинтпедимби тоо-ташты,

Не бир ыйык мазарлардан булактуу,

Не бир ыйык адамдардын көзү өткөн,

Ата-бабам арбагынан Нур акчу.

Жарык ээси Күндөн да,

Жылдызы көп, Айы бирөө түндөн да,

Не бир ыйык китептерден, динден да,

Керек болсо кара шайтан, жинден да,

Иши кылып, бүт баарынан издедим,

Не бир сырлуу эшиктерди сүзбөдүм.

Эмне мынча тентиттиң да,

Кемсинттиң?

– Эмне дейсиң?

Кепти уккун!

Ачыла элек болчу анда Жан Көзүң,

Ачыла элек болчу анда Жан Сезүүң,

Тутана элек болчу анда Жан Отуң,

Жетиле элек болчу сенде Эс, Акыл,

Жуула элек болчу Күнөөң, кашайгыр,

Мына эми даңгыр жолдо жашай бил.

Сен өзүңдү таптым дейсиң,

Чындыгында,

Таптың Мени, Мени – Көкө Теңирди.

Демек, мына өзүңдү –

Демек, ички МЕНиңди.

МЕН баарында,

Дүйнөлөрдө, Ааламдарда, Асмандарда

Жана жердин шарында,

Көрүнгөн да көрүнбөгөн,

Бөлүнгөн да бөлүнбөгөн

Катуу, суюк заттарда.

Сени курчап турган бардык жактарда,

Акылдуу да, айбан да,

Чоң, кымындай жандар да,

Баары, баары МЕНИКИ,

Ашыгы жок, кеми жок,

Кыбыр эткен жандын баары эсепте,

Баары, баары көзөмөлдө, жетекте.

 

Эй, адамым, адамым!

Кирип алгам жүрөгүңө акырын.

Өзүн-өзү издегендер акыры,

Эгер жетсе аң-сезими, акылы,

Табат Мени,

Таппагандын өз шору.

Мейкиндиктин,

Чексиздиктин,

Ааламдардын

Чегиндеги, ичиндеги, ичиңдеги

Кирбейт Менин Үйүмө.

Жетпей өтөт өмүр бою

Түбөлүктүү БАКЫТКА да, СҮЙҮҮГӨ.

 

Эй, адамым, адамым!

Көчүрмөмсүң сен МЕНИН.

Бергем сага

Өзүмдөгү болгон бардык касиетти,

Бийик коюп

Аруулукту,

Ыйыктыкты,

Ак ниетти,

Аткарышың керек Менин

Кызматымды жердеги.

Көрсөтүшүң керек Менин

Кудуретимди Дээрдеги.

Качан гана

Өзүңдү-өзүң толук ачып бүткөндө,

Качан гана

Адам-Кудай деңгээлине жеткенде,

Жашооң бүтөт дендеги.

 

Дух

Топурак элем, топурак,

Айландым нурлуу кишиге.

Сан жеткис аалам топурап,

Сыйышты түгөл ичиме.

 

Шарт ачып Аалам пардасын,

Теңирди көрдүм, Теңирди.

Сындырып чектөө каалгасын,

Таптым-ов, таптым Теңимди.

 

Сан жеткис санга бөлүнүп,

Бүт Аалам болду мекеним.

Туш-тушка кутум төгүлүп,

Көрүнбөй аяк-этегим –

 

Чексизге турдум айланып,

Жамынып нурлуу талаасын.

Төрүндө көктүн жайланып,

Айланттым Жашоо Барасын.

 

Эчен бир түркүн жандардын

Тездетип Айланкөчөгүн.

Боштукка, Жокко, Жан салдым,

Куйкалап шайтан өзөгүн.

 

Мезгилдин бурап кулагын,

Жок кылдым белги-жебесин.

Кудайлар көчүн уладым,

Тазалап жердин денесин.

 

Токтоттум азап күндү да,

Шарт койдум, бирок: “Аруу бол”!

Агарттым кара түндү да,

Мен мына – АККА жарык жол.

 

Топурак элем, топурак,

Айландым Теңир кишиге.

Түптүз кел, турба чоочулап,

Кептелсең тозок тишине.

 

Тамашаканаңан сенин

Оо, Кудурет, болду жетет,

мындан ары кайгырбайм,

Сени, эми түшүндүм,

өмүр деген оюнчугуң турбайбы.

Жаша, жаша Кожо Насирдин.

Жүрүптүрмүн өмүрүмдү кор кылып,

калдым азыр азаптарды мазактап.

Чоң клоун Өзүң тура дүйнөдө,

ыйлатып да, күлдүрүп,

так текедей секиртип,

өйдө калчап, ылдый калчап, шылдыңдап,

жыргай берет турбайсыңбы тагыңда.

Эй, Сен, улуу тамашакөй экенсиң,

тамашаңа тамашам.

Жашоо, сенин тамашаканаң тура,

тамашаканаңан сенин…

Макулсуңбу,

алмаштырып оюнчуктарды

мен, Сен болуп, Сен, мен болуп

ойноп – күлүп көрөлү.

Келип менин ордума

адамдарга үйрөт күлкү ыкмасын,

үйрөт кантип кайгырбоону өзүңдөй,

үйрөт, үйрөт кайфыңдан,

а, мен барып олтурайын тагыңа,

аз да болсо Кудай сезип өзүмдү.

Тамашалайм, өзүңө эле буйрусун,

экөөбүзгө андай оюн жарашпайт.

Өзгөлөргө өзүм эле үйрөтөм.

 

*****

Кто кроме Бога знает Истину?

Кому она еще нужна…

Вячеслав Тюрин

Мен билем Акыйкатты,

Ал мага, мага керек.

Сураарсың: Ал каякта?

Өң-түсү кандай анын?

Ал өзү кандай неме?

Жолуксам болобу ага?

Жолугаардан мурун –

Аны табыш керек.

Дарегин алыш керек.

Мен бирок,

Айтпайм, айтпайм!

Өң-түсүн,

Кандайлыгын…

Каякта экендигин,

Жашаган жерин дагы,

Дарегин да.

Жана да жолуктурбайм,

Тааныштырбайм,

Табыштырбайм.

Тап өзүң, өзүң изде!

Тинтип чык, тытып чыккын

Аңтаргын, каңтаргының…

-Эмнеден? Кимден? Кайдан?

– Сурайсың да.

Айтпаймын дебедимби,

Айтпайм, айтпайм!

Кайда экен даяр оокат?

Кайда экен оңой дүйнө?

Сен эмне, аллейсиңби мамак эмген?

Издеген табат, табат,

Аракеттен.

Акыйкат маңызы ошол –

Издөө, Табуу.

Бирөөлөр салган даяр жолго түшпөө,

Өзүнчө издөө.

Болбосо издеп деле кереги жок.

Таап ал Акыйкатты,

Ал сага, сага керек!

 

Мезгил эмне?

Мезгил эмне?

Сөлкөбай жез тыйындай,

Колуңдагы жаман саат,

Чыкылдайт да, чыкылдайт.

Ары жорткон, бери жорткон

Сулуунун,

Карып бара жаткандыгын

Билдирбес,

Такасындай тыкылдайт да,

Тыкылдайт.

 

Туруксуздугун кантесиң,

Көйрөңдөрдүн элестетип

Көйнөк, шапке, папкесин.

Жаздан-жайга,

Жайдан-күзгө,

Күздөн – кышка

Алмаштырат кеңсесин.

 

Мезгил эмне?

Өтмө, кетме,

Ысык, суукка жараша

Ыңгайлашкан куштардай.

Топуракта тай-тайлап,

Топуракта темтеңдеп,

Топуракта тырп этпей,

Тынчып калган буттардай.

Мезгил ушу.

 

А менин түк

Эч бир нерсем коробойт,

Өмүрүмдү, тагдырымды,

Дегеле бүт бардыгыңды,

Ченебеймин жердеги убакыт,

Саат менен.

Мезгил мага

Көк менен жер түбөлүк,

Эриш-аркак жашоо сүргөн

Эгиз күн.

Мейкиндиги, чексиздиги созулган,

Көктө Күндөн санак жетпес

Жогору,

Бийик турган,

Күйүп турган,

Жарыгы зор тегиз Күн.

Мезгили жок,

Чеги жок,

Бир калыпта кармап турган

Обону,

Түбөлүк жаш

Жайы Көкө Теңирдин.

 

Ый гана акка жол табар

(адашкандар ыры)

Жамандап мени башкалар,

Кеп кылса, жаным, ишенбе.

Арам ой – барскан таш жарар,

Сен андай ойду кишенде.

 

Жаңылдым, ырас, тагдырдан,

Өмүрдө керек жаңылуу.

Өчүрүп, кайра жандырган,

Жашоонун өзү-жаңыруу.

 

Күнөөм бар, мүмкүн күнөөм жок,

Жараткан өзү тараза.

Актыкка сунсам арам жок,

Буйрубай калсын Жаназа.

 

Шолоктоп ыйлап жаш төгүп,

Шор баскан энем төрөгөн.

Курсакта жатып, жаш көрүп,

Өзүмдү ыйга бөлөгөм.

 

Ошондон бери ый менен,

Ый менен жашап келатам.

Ый менен өлөм, ый менен,

Ый менин теңтуш, тең атам.

 

Ый мени, балким, ошондон

Жаңылтып жаза тайдырды.

Күн келээр ыйдан бошонгон,

Бошоткон ыйдан тагдырды.

 

Кеп кылсын, мейли башкалар,

Ыйы жок жандар убайсыз.

Ый гана АККА жол табар,

Ыйы жок жандар Кудайсыз.

 

Ишенбе жаным, ишенбе,

Ыйы бар мендей Аруу кыз.

Ый-муңду салсак кишенге,

Экөөбүз жаным Аруубуз.

 

Ый

Кайдасың бадырагым,

Кой көзүм, бакыраңым.

Көөдөндө бугуп жаткан,

Кусадан бакырамын.

 

Жүзүңдүн калы кандай?

Чачыңдын талы кандай?

Союлуп кетким келет,

Макулук жаныбардай.

 

Жамгырбы күздүн ээси?

Ак карбы муздун ээси?

Шор тамат карегимден,

Менминби туздун ээси?

 

Кайдасың жан берээрим,

Көөдөнгө шаң берээрим.

Бардыгын билген Кудай,

Билбеди бак берээрин.

 

Өмүрдүн көбү бүтүп,

Өзүңдү турам күтүп…

Кетпеди жер жарылып,

Кетпедим көргө түшүп.

 

Келатам өлүк жолдо,

Мен эми өлүк жорго.

Ач арбак сыяктанам,

Жараткан өзүң колдо.

 

Не жетсин көрүшкөнгө,

Муң-зарды төгүшкөнгө.

Илип кой жоолугуңду,

Мен жаткан көрүстөнгө.

 

Кусалык

Сен түшүмө кирипсиң,

жалгыз кирбей уул-кызыңды ээрчитип.

Олтуруппуз дасторкондун үстүндө,

жайнайт анда дүйүм тамак, шараптар.

Кайра – кайра кызыл шарап сунасың,

алып коём сунган колуң сумсайтпай.

Коём анан, эркелетип уулуң менен кызыңды,

өз уулумдай, кызымдай,

өзүң дагы аялымдай сезилип.

Олтурабыз жай гана, үй оокатын сүйлөшүп,

тиричилик жөнүндө.

“Түшкө чейин сасып уктап жатпастан,

тур батыраак, калды сыртта тирилик!”

Кеттим чоочуп ойгонуп.

Сыртка чыктым.

Баягы үй, баягы эле короо-жай,

баягы эле үй – бүлөм,

баягы эле, көр тирилик бүтпөгөн,

баягы эле, окшош күндөр тажатма,

баары өзүңсүз.

Калды үй – жай, тирилик,

чыкты баары, баары эстен,

жүрөгүмдө, мээмде жалгыз өзүң олтурган,

бешенеме жалгыздыктын мөөрүн,

небак басып койгонсуң.

Ичип кеттим жумалап.

 

Ала-Арчада…

Кызык эле, бу тагдыр, кызык эле,

Ортобузда бир сезим ысык эле…

 

Ыр жазчубуз экөөбүз, сырдашчыбыз,

Көкүрөктө катылган сырды аччыбыз.

 

Мен Алыкул, ал болсо Айдай болуп,

Эки бети албырып Айдай толуп…

 

Келээр элек акындын кабырына,

Суктанып да, кейип да тагдырына.

 

Чырайына суктанып көргөндөр да,

Турушчу эле көрүнөн өлгөндөр да.

 

Куруп калган өңдөнүп башка жерлер,

Кезикчү жер, арасы муздак көрлөр…

 

Муздак көрлөр, Күнгө да жибибеген,

Ысып турчу махабат деми менен.

 

Байкап, карап тургандай арбактар да,

Жарк-журк этип от жанчы нар жактарда.

 

Муздак көрлөр үйүбүз болгучакты,

Муздак ажал алкымдан соргучакты.

 

Ысык сезим ортодо жанат – деппиз,

Ысык сезим түбөлүк калат – деппиз.

 

Келечекти куруппуз кыял менен,

Жан болбоптур кыялың тый, ай – деген.

 

Жеп койду бейм, тилекти ач арбактар,

Күнөө кимде, келечек, мезгил актаар.

 

Көрүстөндө канатын жайган сезим,

Көрүстөндө көмүлгөн кайран сезим.

 

Келем кээде, жалгыздык жанга батат,

Айдайы жок, Алыкул жалгыз жатат.

 

Калам мен да, бир күнү жер алдында,

Айдайы жок жатамын көр алдында.

 

Буйрубаган бир сүйүү жер үстүндө,

Буйрумакпы катыгүн жер астында.

 

Эх, сен мени сүйөм дейсиң

Эх, сен мени сүйөм дейсиң,

Көз жашыңды кылгыртып,

Тээ түпкүрдө жашынган

Жүрөктөгү МЕНиңди

Ай-ааламга чыңыртып,

Дараметиң жетээр бекен?

Жетээр бекен

Сендеги күч-кудурет?

Сүйүш үчүн сен мени.

О, ал үчүн

Болууң керек апенди,

Кетүүң керек баарын таштап,

Урук, тууган, эл-жерди.

Баш тартышың керек жана

Көр дүйнөнүн:

Кооздук,

Темир,

Сомунан,

Жана түптүз жолунан.

Жүрүүң керек ийри-буйру жолдордо,

Калууң керек чаң жутуп,

Чаң ызгыган чоң жолдо.

 

Ээ, сен мени сүйүш үчүн

Эң оболу тагдырыңдан жазалан,

Азапты көр,

Тозокту көр,

Тирил,

Өл,

Андан кийин тазалан.

Тааны, тааны чексиз Көкө Теңирди.

Көкө Теңир айла-амалы ушундай,

Ал таанытыш үчүн өзүн

Бере берет жер бетине сүйүүнү.

Жер сүйүүсү аркылуу:

Аруулукту,

Сулуулукту,

Ыйыктыкты,

Жана ӨЗҮН

Ал ошентип таанытат.

Керек болсо,

Эчен жолу сүйдүрөт да жаңылтат.

Анткени Анын,

Бир сапаты,

Бир аты,

Жана дагы бир заты

Турат билсең, СҮЙҮҮДӨН.

 

Ээ, сен мени сүйөм дейсиң,

Менин жолум түк башка,

Мейли ыйла, зар какша,

Менин сүйүүм чыгып кеткен

Асманга.

Менин ышкым чексиз Көкө Теңирде.

Сүкүт чалып олтуруп,

Алам Андан:

Сүйүү,

Ырахат,

Эбегейсиз зор бакыт.

Дене балкып,

Жан калкып,

Ааламдардан ааламдарга учамын.

Бүт ааламдар тосот мени

Кенен жайып кучагын.

Көкө Теңир Үйүндө

Болом дайым конокто.

Үр кызына,

Нур кызына жолугуп,

Түбөлүктүк ашык ырын ырдайбыз,

Кудуреттик сезим менен жыргайбыз.

Сен да ошондой,

Үр кызындай,

Нур кызындай бол, пери,

Андан кийин мейли, мейли, кел бери.

 

Эх, сен мени сүйөм дейсиң,

Сүйүп коём кааласаң,

Пендемин да – жүрөк бар.

А бирок ал сүйүү эмес,

Ал – кумар.

Убактылуу болом сага бой тумар,

Кетем анан жолум менен зуулдап,

Сен каласың уңулдап.

Анан, анан сен жек көрө баштайсың,

Атымды айтып какшайсың.

Каргыш чыгат сүйөм деген оозуңан,

Бул дүйнөдө каргыш октуу сөз жаман.

Сөз тамам!

 

Эскерүү түн

Улуу Айдын жарыгында,

Улуу Түндүн жарымында.

Таш үстүнө чыгып алып,

Таш астында калгандардын

Ырын ырдап,

Ырын эмес,

Ыйын ырдап,

Турдум сыздап.

 

Артка жылып заман нугу,

Жарык болуп Айдын нуру,

Түрүлүп тасмалардай,

Бүгүнкү күндөн баштап,

Байыркы таш дооруна чейинки бүт,

Көзү өткөн бабалардын,

Алар жүргөн,

Тоо, түз, суу, талаалардын,

Көрүнүп элестери,

Жоого чыккан,

Тоого чыккан,

Ашуулары, белестери,

Көзүмө элестеди.

 

Бабалар ай жарыктыктар,

Бир келип бул дүйнөгө,

Жашоого көзү тойбой,

Аңдашып жамандыкты, жакшылыкты,

Дүйнөгө устун болбой,

Түз кеткен жаны улуктар,

Бабалар ай жарыктыктар.

 

Улуу айдын жарыгында,

Улуу түндүн жарымында.

Тарттым да сырыңарды,

Ырдадым ыйыңарды,

Муңга толгон,

Жашка толгон,

Ырыңарды.

Жаш төгүп,

Бүткүл дүйнө,

Бүткүл аалам,

Ай, Күн, Жылдыз, Булут, Асман,

Эне, Жер да,

Көк Теңир да,

Чогулуп жоктоп турдук.

Ал тургай,

Урпактар да төрөлө элек,

Тамчыдай тып деп тамып,

Учкундай жылт деп жанып,

Келишти баары, баары,

Нурга айланып.

 

Ошондо бир ой келди,

Бабалар силер кайра,

Урпак болуп,

Төрөлүп жүрбөгүлө?!

А балким,

Мен дагы бир,

Көзү өткөн

Качандыр бир

Бабадырмын.

Бабалар үн бергиле?!

Кыйкырып суроо жаалап,

Эсиме келсем анан,

Таң атып баратыптыр,

Ай батып баратыптыр.

 

Мен ошентип,

Таш үстүндө турдум көпкө,

Көпүрө болгон сымал,

Улуу жер, Улуу Көккө.

Байыркыны келечекке,

Келечекти байыркыга,

Кошуп жууруп,

Бүгүнкү күн,

Болуп туулуп,

Улууланып,

Арууланып,

Турдум жанып.

Улуу айдын жарыгында,

Улуу түндүн жарымында.

 

Бийиктик

Рамиске арнайм.

1

Мен феномен, чанда келчү улуу жан,

Бийиктигим аскалардай шаңкаят.

Ой берметин түбүнө алган чөгөрүп,

Тереңдигим океандай чайпалат.

 

Идеялар чагылгандай чартылдап,

Улуу Көктөн турат мээме чагылып.

Ыйык нурлар дал төбөмдөн куюлуп,

Таманымдан турат жерге агылып.

 

Бүт турпатым нурга тунуп жалтырап,

Жан дүйнөмдү ээлеп алган улуулук.

Көкүрөгүм аруулукка жык толуп,

Жүрөгүмдө ойноп турат сулуулук.

 

Көтөрө албай өз кудурет күчүмдү,

Күндөр болот ташкындаган, толкуган.

Мен ошондо чексиз күчкө ээ болуп,

Турмуштагы болбостукту болтурам.

 

Чийип таштап пендечилик мыйзамын,

Жок кыламын майда барат жашоону.

Жер-дүйнөнү калп жашоого байланган,

Сунуш кылам чындык менен кароону.

 

Өмүрлөрдү махабатсыз жашаган,

Айрып таштап булганган ак барактай.

Адамдарды арамдыкка чыланган,

Адамдыктан чийип таштайм жаратпай.

 

Календердей жер кыдырып, эл кезип,

Бардык жанды аруулукка чакырам.

Бул дүйнөнү таза жандар сактайт деп,

Пайгамбардай сүйлөйм Теңир атынан.

 

2

Мен гигантмын пирамида сыяктуу,

Бүткүл космос нурталаасы чогулган.

Чордонумун бүткүл дүйнө, ааламдын,

Бүт турпатым ыйык күчтөн токулган.

 

Телемостмун планеттер аралык,

Спутникмин асман, жерди айланган.

Устунумун түбөлүктүү жашоонун,

Жердин огу бой тулкума байланган.

 

Тең салмакта кармап турам жер шарын,

Бир мезгилде чыгарбастан Ай, Күндү.

Таразалап ак, караны бипбирдей,

Кезек менен алмаштырып күн-түндү.

 

Планеттерди кагыштырбай тизгиндеп,

Жылдыздарды түбөлүккө жандырам.

Көк менен жер ортосунда жүрүүчү,

Жандар үчүн нур көпүрө салдырам.

 

Мен гигантмын пирамида сыяктуу,

Бүткүл космос нурталаасы чогулган.

Чордонумун бүткүл дүйнө, ааламдын,

Бүт турпатым ыйык күчтөн токулган.

 

3

Мен ыйыкмын Улуу Биримдик кутунун,

Касиетине жуурулушуп төрөлгөм.

Нур дүйнөнүн бейишиндей түбөлүк,

Көк асмандай көгөргөнүм, көгөргөн.

 

Бардык жерлер мен сүйлөгөн, мен жүргөн,

Тазаланат алтын түстөй жалтырап.

Ышка толгон көкүрөгү кир жандар,

Жолобостон качат менден калтырап.

 

Бүткөн мага бүт ааламдык касиет,

Улуу күндөй тегиз карайм бардыгын.

Наалыбаймын тагдырыма жердеги,

Жана да айтпайм бул дүйнөнүн тардыгын.

 

Топук кылып жашайм күндө тоюнуп,

Байлык дебейм буюмдарды жалтырак.

Андан көрө көөдөн толуп нурларга,

Дал төбөмдө турсун жанып шам чырак.

 

Анан дагы кырк чилтеним сүр баскан,

Айланамда жүрсө болду кайтарып.

Мен аркылуу арууланып башкалар,

Ыйыктыкка турса болду чайканып.

 

Мен ыйыкмын Улуу Биримдик кутунун,

Касиетине жуурулушуп төрөлгөм.

Нур дүйнөнүн бейишиндей түбөлүк,

Көк асмандай көгөргөнүм, көгөргөн.

 

4

Мен дербишмин бийиктиктин чегинен,

Чыгып кетип чектөөлөрдү талкалап.

Пендечилик мыйзамына баш ийбей,

Эркин жүрөм чексиздикте чалкалап.

 

Чуркап жүрөм жаш кулундай тайраңдап,

Жан дүйнөм бүт сулуулукка байланып.

Күчкө толуп жер бетинде учамын,

Көпөлөктөй сан гүлдөрдү айланып.

 

Көктөн учуп ырлар келет куюлуп,

Улуу, улуу ойлор келет дүңгүрөп.

Өзүмдү-өзүм башкара албай жинденем,

Так секирип, бийлеп, ырдап, күңгүрөп.

 

Бүркүт сымал шаңшып учам калдайып,

Мезгилдерден мезгилдерге сызамын.

Мен өзүмчө иштеп чыгып турмушту,

Калыптанган мыйзамдарын бузамын.

 

Адамзаттын кайгы-муңун, азабын,

Куржун сымал артып алып мойнума,

Пендечилик күнөөлөрүн көтөрүп,

Жүрөм тентип Ата-Журттун койнунда.

 

5

Мен гениймин узап кетип алдыга,

Өз доорумду койгом артка калтырып.

Келечектин колума алып камчысын,

Барам айдап мезгилдерди шаштырып.

 

Эрте жазда ташкындаган дайрадай,

Жарып өтүп чептей бийик тосмосун.

Көрүп бүтүп жердеги улуу жашоосун,

Учкам көккө башкарууга космосун.

 

Чексиздиктин мейкининде жол алып,

Жерди карап жети асмандык көз менен.

Акыл, ойду жетиле элек доорго,

Чачып турам ырдан турган сөз менен.

 

Ааламдардан ааламдарга учамын,

Бүт генийлик идеялар таратып.

Улуу Күндү жалтанбастан тик карайм,

Планеттерди таңгалдыра каратып.

 

Көктүн өкүм падышалыгын жоём да,

Эркин, бийик, аруу дүйнө курамын.

Жердеги бүт адамзаттын ойлорун,

Акыл-эстин асманына бурамын.

 

Мен гениймин, узап кетип алдыга,

Өз доорумду койгом артка калтырып.

Асман бийлеп, кут жаадырам жамгырдай,

Жылдыздарды урук сымал чачтырып.