Нурлан Калыбеков: С.А.Б.А. (поэма)

“21” китебинен, 1999-жыл

С.А.Б.А.

/поэма/

Пролог

Сүйүү, Арман, Бакыт, Азап

Тагдырдагы бүтпөс казат.

Көргө башың кирмейинче,

Бербес жанга Тынчтык, Азат.

 

Сүйгөнүм!

Кармачы тамырымды,

Тыңшачы тынбай соккон тарсылдашын,

Жарчудай өңдөнөбү жан, денемди.

Карачы жалыныңды,

Тирүүлөй куйкалап бүт аяк башым,

Өрттөдүң араң турган делебемди.

 

Эх, эх, эх, эх, эх жаным,

Сыйкырлап алдың неге ушунчалык,

Күчтүүбү сыр ааламдай кудуретиң.

Унутуп баарын, баарын,

Ойлобой жаман нерсе кыпынчалык,

Ойлобой шок сезимдин акыретин.

 

Баратам эстен танып,

Ажырап намыс берген уятымдан,

Тумандап көк деңиздей акыл-эсим.

Баарынан алыс калып,

Ажырап күтүрөгөн кубатымдан,

Кул болуп бир өзүңө турган кезим.

 

Сүрдүгүп сүйлөй албай,

Көзүмдү күнөөм бардай ала качып,

Бут менен жаш баладай жерди чукуп.

Сезимди күүлөй албай,

Демимди чыгара албай ичке катып,

Тилимди дудук сымал алдым жутуп.

 

Кайдасын Сүйүү Кудай,

Өзүмдү курмандыкка чалайын бир,

Куткарчы дабдыраган шул учурдан.

Шумкардай көктө дуулай,

Канатым болушунча жаяйын бир,

Күндөрдү кайрып берчи мен кутурган.

 

Жок, жок, жок ажыратпа,

Кайылмын туткунуна махабаттын,

Турмуштун туткунунан Кудай сакта.

Бир гана жалдыратпа,

Туу кылып намыс-арды көккө таккым,

Келет эх, келет менин ушул тапта.

 

Махабат кандай жыргал,

Сүрдөнүп бирок, балкый көөдөн толуп,

Мээңден чыгып бүткүл кайгы-муңдар.

Магдырап жаның жыргап,

Аягың жерге тийбей учуп-конуп,

Кыңылдап обон созсоң асман тыңдаар.

 

Ааламда жалгыз өзүң,

Жүргөнсүп көзүңө илбей эч бир жанды,

Айлантып бул өмүрдү бейиш жайга.

Кирпигин какпай көзүң,

Күн менен кошо тосуп ар бир таңды,

Түн бою сырыңды айтып жылдыз, айга.

 

Оронуп ак булутка,

Каалгып асман менен киндиктештей,

Эргип бир жамгыр болуп төгүлөсүң.

Жашайсың ак уруп да,

Тунжурап дербиш сымал көктү тиктей,

Жиндидей башкаларга көрүнөсүң.

 

Караанын көрүп алып,

Байкамаксан болгонсуп, басып ары,

Алыстан магдырап бир жыргайсың эх,

Сыр бербей толкунданып,

Көз менен кароолуңа алып аны,

Күлкүсүн күмүш чачкан тыңдайсың эх.

 

Чагыла түшсө көздөр,

Тийише түшсө кокус кол, денелер,

Дирилдеп бүткөн боюң ток ургандай.

Чыңалып сезим бездер,

Козголуп араң турган делебелер,

Кош жүрөк бир көөдөнгө чогулгандай.

 

Айланып бир бүтүнгө,

Жан денсиз, дене жансыз болбогондой,

Иштелбеген сыяктуу ийне, жипсиз.

Сөз бүтүп, бир бүтүмгө

Келген соң, алда нени ойлонгондой,

Тунжурап табиятка сиңип жиксиз.

 

Көгөрүп асман менен,

Жер менен жашыл аалам сыяктанып,

Жаштыктын дүпүрөгөн дүбүртүндө.

Сырдашып аалам менен,

Махабат гимнин ойноп кыяк чалып,

Шумгуйсуң чет, түбү жок мухитинде.

 

А бирок, бирок, бирок,

Узакка созулбас ов мындай жыргал,

Бул дүйнөң ошондуктан жалган делет.

Жаңылып жүрөккө ок,

Төрөлүп жан дүйнөңдө куса, куурал,

Түшүрүп дүрбөлөңгө Арман келет.

 

Арманым!

Карачы турпатымды,

Көрдүңбү көздөн аккан жамгыр жашым,

Майышып бүткүл денем жашып барат.

Канжарың урбадыңбы,

Көрдүңбү муун-жүүндүн калчылдашын,

Жан чыгып бараткандай жүрөк кагат.

 

Кубарып кызыл жүзүм,

Ичкерип кан тамырым кан айланбай,

Жүлүндөн суу алгандай шалдырадым.

Кашайып кара көзүм,

Жан алгыч чыркыратып жан алгандай,

Сүйүүмдү кайра сурап жалдырадым.

 

Талаада калдым окшойт,

Жоргодон шыпырылган ээр токумдай,

Адамдай чөйрөсүнөн чыгып калган.

Күйүтүм бороон коштойт,

Төбөмдөн чагылганы чок ургандай,

Тарсылдап мээ тундуруп, кулак жарган.

 

Бул эмнең о табият,

Тирүүлөй өлүк болуп турганымда,

Өчөшүп сен да мага жинденесиң.

Жашымды ким, ким тыят?

Сүйүүмдү Арман колдон жулганында,

Кана ким, кимиң мага дем бересиң?

 

Ушундай экен дүйнө,

Жакшылык келген кезде түгөл келген,

Жамандык баскан кезде түгөл баскан.

Олтурам муздак үйдө,

Атууга кетер жандай кишенделген,

Үңкүйүп ажал күтүп өңдөн азган.

 

Көөдөндө үшкүрүгүм,

Толтуруп таштоочудай муң-арманга,

Тоголок топтой болгон бүт жер шарын.

Үзүлүп баш жүлүнүм,

Калчудай өңдөнөмүн бу жалганда,

Калтырып тирүүлүктүн жалын чагын.

 

Кайдасың асыл күндөр,

Тулпардын туягынан от чагылтып,

Кыз куумай оюнундай кумар кууган.

Кайдасың айлуу түндөр,

Шыңгырап каткырыктар түн жаңыртып,

Шыбырап кулагыма сүйүү куйган.

 

Камыштай дүрт дей түшүп,

Артынан кара күйүк из калтырган,

Сүйүүнүн аттиң, изи ушундайбы?

Дубалы күп дей түшүп,

Кайра урап түшкөн тамдай иш арттырган,

Кайрадан чиркин сүйүү курулбайбы?

 

Куурулган жүгөрүдөй,

Парсайып жаман ойдон мээ каканап,

Ириген аппак сүттөй бузуламбы?

Боорум, жүрөгүм ай,

Эзилип бүттүңөр өх, атаганат,

Кайрадан топуракка жууруламбы?

 

О дүйнө, кудуретиң

Билдирип берчи сыйкыр аяныңдан,

Кайрыйын ак сүйүүмдү узап кеткен.

Алсырап куруп кеттим,

Арылып нар көтөргүс арманымдан,

Кайрыйын күндөрүмдү шапар тепкен.

 

Кайдагы кайрылуулар,

Билесиң, билем мен да сырлуу аалам,

Сааттын жебеси артка айланбасын.

Жашасын айрылуулар,

Ачты элең кенен кылып муңдуу каалгаң,

Мынакей билдим эми сүйүү баасын.

 

Дуулдап жүргөн кезде,

Махабат балын татып бал аарыдай,

Ойлобой шок сезимдин тетир жагын.

Санаалуу сары күздө,

Саргайган сар жалбырак жараатындай,

Сезбепмин куураарымды, кежир жаным.

 

Сүйүүнүн арты Арман,

Мыйзамы ушундайбы табияттын,

Карылык менен бүткөн жаштыгындай.

Чындыктын арты жалган,

Чыркырап отко күйүп аттиң, аттиң,

Акыры күлгө айланган актыгыңдай.

 

Мынакей баары бүттү,

Булагым тунук кашка соолуп барат,

Арзыбай тыйынчалык тирүүлүгүң.

Өңүмбү, кыял, түшпү,

Карачы бүркөк көгүм жалт-жулт жанат,

Бакытым, бакытсыңбы тийчи Күнүм.

 

Бакытым!

Үмүтсүз шайтан болуп,

Жибек жиптей үзүлүп калаарымда,

Чебер уздай дүйнөмдү оңдоп кеттиң.

Армандын селин тосуп,

Агымга каршы урулган чабагыңа,

Ыраазы болуп сага таазим эттим.

 

Тирүүлөй союлаарда,

Ташка чаап жалаңдаган бычак мизин,

Башымдан жөлөп калдың асыл бактым.

Мүрзөгө коюлаарда,

Талкалап бирден күбүп ажал тишин,

Муздаган жан-денеме отуң жактың.

 

О чиркин, кандай бакыт,

Бир өлүп кайра баштан тирилгенде,

Көрүндү кереметтей шордуу өмрүм.

Кайрадан даамын татып,

Махабат дайрасына кирингенде,

Тазарды ышка толгон муңдуу көңлүм.

 

Денеме кубат кирип,

Кубанган жаш баладай шириндикке,

Таш жарып ышкырыгым тайраңдадым.

Көлкүлдөп жаным жибип,

Ыраазы болуп ушул тирүүлүккө,

Жүзүмдөн нур төгүлүп жайдаңдадым.

 

Жүрөгүм алып учуп,

Ааламды жөө басып кыдырчудай,

Тизгинсиз мезгил менен тең жарыштым.

Кыпкызыл жалын жутуп,

Оозунан кайра бүрккөн сыйкырчыдай,

Жаштыктын оту менен тең алыштым.

 

Дайрадай ташкындадым,

Жемирип жзэктерди көбүк чачып,

Тундуруп жымжырттыкты күр-шар аккан.

Жылдыздай жылтылдадым,

Ажарлуу айлуу түндүн көркүн ачып,

Жайнатып көк асманга шуру таккан.

 

Суктанып жаратылыш,

Шуудурап тал, теректер шыбырашып,

Суйкайган жашыл тоолор көзүн артат.

Карачы, карачы укмуш

Дегенсип, чымчыктары чырылдашып,

Кызганып түтөйт булут, чылым тартат.

 

Магдырайм анансайын,

Бакытка мас болбогон мурда жаным,

Өктөмсүп көзүн арткан табийгатка.

Чалыштап кадам сайын,

Тез иштеп кызуулуктан кызуу каным,

Жоголуп бараткансыйт тең салмак да.

 

О тагдыр, тагдыр, тагдыр,

Балыңа ууктурбай чениң менен,

Чөктүрдүң айлампалуу уюлуңа.

Кыпкызыл чоктуу тандыр

Өндөнүп, ыссык таптуу демиң менен,

Кызарта камап койдуң уюгуңа.

 

Жалындап чыктым ысып,

Кокустан колум тийсе дүрт дей түшүп,

Куйкалап ийчүдөймүн бул ааламды.

Калгының колум кысып,

Эй адам бак издеген, алгын күтүп.

Баратам чынга айлантып бул жалганды.

 

Уялтып күндүн көзүн,

Чагылтат күзгү дүйнөм тирүүлүктү,

Карачы жаркыраган бакыт нурун.

Күргүштөп кыял сезим,

Түбөлүк күнгө айлантып күнүмдүктү,

Баратам дүпүрөтүп өмүр кунун.

 

Дөөлөр жүрүшүндөй,

Жер бетин оё басып кош кадамым,

Баратам төбөм менен булут айдап.

Чоң алган үлүшүндөй,

Дыйкандай жаркыратып каш кабагым,

Кудуңдап бак-бак сүйлөп барам жайнап.

 

Улактай так секирип,

Эркелеп көк майсаңда оюн сала,

Чуркаймын жашыл бактуу тараптарга.

Бир тойсо карт кекирип,

Теңеген өзүн-өзү орто байга,

Кедейдей шүгүр деймин Жаратканга.

 

Багыма топук кылып,

Сыдырым жибек желдей абадагы,

Эркелеп табиятка турсам калкып.

Азаптын бороону улуп,

Бүлдүрүп гүл багымды талаадагы,

Тебелеп тамырларын кетти жанчып.

 

Азабым!

Көгүмдө күн тутулуп,

Каптады жан дүйнөмдү караңгылык,

Келмеси түшпөй ооздон махабаттын.

Калдымбы эх утулуп,

Жарааты оор жоокер сымал араң жылып,

Тагдырдын майданында сулап жаттым.

 

Кайгынын кузгундары,

Каркылдап дал төбөмдө айланууда,

Тирүүлөй жем болобу шордуу башым.

Бакыттын учкундары,

Жылт этип койгулачы жаралууга,

Кулатып өйдө карай тагдыр ташын.

 

Манжалар учтарына,

Сайылган ийнелердей заары жаман,

О тагдыр салдың неге ачуу азап.

Мык уруп буттарыма,

Сен неге душман болдуң каары жаман,

Кескилеп жан-денемди кылган мазак.

 

Баардыгы жайында эле,

Эх, чиркин асыл күндөр баасы жок,

Тамчыдай кумга сиңип тындыңарбы?

Махабат майында эх,

Топ таштай мөндүр түшүп топтоголок,

Гүлдөгөн шактарым ай, сындыңарбы.

 

Ак куулар көлүмдөгү,

Койкойуп көркүн ачкан көңүлүмдүн,

Силер да жылуу жакка көчтүңөрбү.

Жылдыздар көгүмдөгү,

Турбастан таңы атканча өмүрүмдүн,

Жайдактап асманымды өчтүңөрбү?

 

Сырдашып асман менен,

Теңирге жакын турган аскаларым,

Шаң берип турбай неге урадыңар.

Булуттар акка белен,

Айланып ак жамгырга акактарым,

Тыпырап силер да ылдый куладыңар.

 

Жолунан жаза тайып,

Сопудай касиетинен ажыраган,

Дабдырап ара жолдо калдым окшойт.

Ак сөөк, таза кайып Жан элем,

Бакыт нуру чачыраган,

Жаңылып калдым неден Рухум боздойт.

 

Тагдырым айтчы неге,

Тартуулап Бакытыңды алдың кайра,

Түшүрүп шор башыма Азабыңды.

Кеч эмес кайтчы дале,

Башыма Бакыт кушу кончу, сайра,

Же, эмне шор пендеңен тажадыңбы?

 

Чаңырат шордуу жаным,

Чыркырап отко түшкөн балапандай,

Жаштатып көргөн жандын каректерин.

Жылаандай чачкан заарын,

Тагдырга, барбы сөзүң жараткан ай,

Түгөнүп бүттү жашоо данектерим.

 

Үшкүрүп өх күнү түн,

Төшөгү тебеленген эркек сымал,

Чыланып шарап-ууга жинденемин.

Жашоодон жок үмүтүм,

Бир күнү кайран башым өлүп тынаар,

Сыздатып муун-жүүнүм зилденемин.

 

О тагдыр, тагдыр, тагдыр,

Жиликтеп чаап салдың касапчыдай,

Диркиреп аккан канга маашырланып.

О Теңир үмүт жандыр,

Жоготуп кайгы-муңду каракчыдай,

Сактачы, мен бейбакты колуңа алып.

 

Кызыксыз бирок дүйнө,

Кызыксыз бирок мага ушул аалам,

Калдайып басып калдым караан болуп.

Кайылмын, мейли күйбө,

Азаптар жанчыгыла кайтпай каардан,

Азапты башка түшкөн көрөм толук.

 

Ийилем бирок сынбайм,

Жанмын мен руху бийик асман челген,

Чыдаган өкүмүнө таш тагдырдын.

Өлбөстүк ырын ырдайм,

Жан чыгып баратса да Ажал Шерден,

Сен тагдыр маа демектен таш жаадыргын.

 

Көгөргөн асман барда,

Жапжашыл жер жатканда мага тирек,

Эркелеп ортосунда жашайм өлбөй

Сүйүүмдү Арман жанда,

Бактымды Азап жанда, мейли, бирок,

Ууланып калдым аттиң Ыйык-Көлдөй.

 

Эпилог

Сүйүүнүн өзү Арман, аттиң, аттиң…

Армандын өзү Сүйүү, аттиң, аттиң…

Бакыттын өзү Азап, катыгүн ай,

Азаптын өзү Бакыт, эми канттим!