Нурийла Анарбаева: Тартсам дагы мен тартайын эзели, Азабын сен тарта көрбө кусанын

Чай демдеймин ырлардан

Жамбаштап жатам жайлоо шиберинде,

Жакшы сап тапсам деген тилегимде.

Өрүлүп кыз чачындай тоодон түшкөн,

Бото көз булак ырдайт өз тилинде.

 

Көп гүлдөр жашыл жайдан төрөлүшкөн,

Ааламга атыр жытын жөнөтүшкөн.

Ийкемдүү ыргалышат желге бийлеп,

Сулуулук, аруулукка бөлөнүшкөн.

 

Көк тоолор булуттарды өңөрүшкөн,

Түн кирсе жылдыздарды көтөрүшкөн.

Бекемдик, токтоолук бар бойлорунда,

Бир-бирин кучакташып жөлөнүшкөн.

 

Ааламда бир Ай, Күн бар көк тирешкен,

Жөнөтөт нурун бизге ширелишкен.

Нур кошуп жан дүйнөмө кубат алам,

Жакшы ырдан чайга кошуп демдеп ичсем.

 

Куй шараптан

Мен түшүмдө сени көрүп кусамын.

Тартсам дагы мен тартайын эзели,

Азабын сен тарта көрбө кусанын.

 

Көрөр замат жипсиз байлап тушадың.

Жүрөгүмдөн отко түшүп кеткендей,

Алоолонот бар тарабым, туш жагым.

 

Кол башындай денемдеги эт туйлады.

Ансыз деле баратамын мас болуп,

Куйчу досум, куй шараптан куй дагы!..

 

Уят, уят

Саймедиреп безеленет чымчыктар.

Тоо жөлөнгөн  Күн көрүнүп Чыгыштан,

Нурлар сары көйнөк кийип чыгышкан.

 

Бүгүн мени атам келип ойготту.

Тур, тура гой алтын кызым эртерээк,

Күн мурутун эчак жерге бойлотту.

 

Көздөрүмдү ачкым келбей уйкудан.

Уксам сыртта апам жүрөт чай коюп,

Уят… уят… дароо турдум ордуман.

 

Эрк

Үмүтүмдүн кайыгы сынып жатат,

Багытынан адашкан мен олтурам.

Өлүүмүнбү?..

Жок, ойлор келип жатат,

Маңдайыма бүткөн күн Кудай урган…

 

Кыялдарым кайыктай сынган эбак,

Кечээкиме бүгүнүм жалгап, курап.

Өлүк деңиз денемди жашыраарда,

Албуут толкун абайсыз келип урат.

 

Жок, жок, жаным айдалып шамал менен,

Ак жарыгым коюу түн уурдап жеген.

Түпсүздүктөн арылып ыр көлүндө,

Толкундарды тоготпой жирейт денем.

 

Кечирбе

Ай болуп батып барам,

Ай эмес мени көрдүң.

Түн түшсө түндүгүңдөн,

Түшүңө мен киремин.

 

Аралык.

Деңиз.

Арал.

Дайынсыз сенден кабар.

Шоокумун мен деп угуп,

Сагынсаң деңизге бар.

 

Уйпалап жаздын жели,

Чачыңды тарткыласа.

Учугун түй кыялдын,

Кеттим мен алыстарга.

 

Кечирбе, кежир элең,

Эссизге эгиз элең.

Кеттим мен коштошуусуз,

Желге окшоп жеңил элең.

 

Окусаң соңку катым,

Оргуштап толкугамын.

Оронуп көк деңиздин,

Ак жоолук толкундарын

Кош эми окулбаган,

Жоопсуз соңку катым.

 

Умтулуу

Түндүгүмдөн төгүлүп түшкөн жарык,

Чайпалбай да, төгүлбөй конуп алып.

Текши ороп тирүүлүк шаңын берген,

Оо, кудурет өзүңө сүйүүм анык.

 

Ала-Тоодой бийиктик мүнөз болгон,

Чачпак тагып, чокусу муз оронгон.

Чөгөлөтөр турмушуң эчен ирет,

Бирок эркти жеңе албас дене бойдон.

 

Экинчи өмүр

Түшүмдө өзүм өлүп кыйраптырмын,

Өзүмө жоктоо ырын ырдаптырмын.

Жылдыздар бут алдымда тебеленип,

Жыйноого чамам жетпей ыйлаптырмын.

 

Соңку дем, бар күчүмдү жыйнап анан,

Артымда эч бир жанды кыйбай барам.

Өлүм-ак, моюн сунуп далилдөөгө,

Өзүмдү ишендирип чыйрап алам.

 

Өмүргө тойбойт адам.

Суусап турам,

Өчкөн от.

Дене боюм муздайт улам.

Өлбөстүн ак желегин желбиретип,

Бир гана ыр өмүрүн тилек кылам.

 

Кетем сенден

Кетем сенден, кебелбейсиң баары бир,

Кечиримсиз каталарың тоо болгон.

Салкын, муздак мамилеңе түтүү-бул,

Азап болду төрөттөгү толгоодон.

 

Кетем сенден, сен сыйбаган көңүлдөн,

Кетик айдай толалбаган сүйүүңдөн.

Сенден бүткөн дүйнө мага сыйбады,

Мени издебей, өзүңдү тап өзүңдөн.

 

Бөлүгүмүн табияттын

Жаз сындуумун!

Жаңы ыр жазсам ошол түнүм уйкусуз,

Жакут тапкан кум учурган куюндан.

Жаш баладай күлүп, анан чыргоолоп

Күлкү тапкан ыйымдан да, сыйымдан.

 

Күзгө окшошмун!

Күлгөнүмдө карегиме Күн түнөп,

Жүрөгүмдө турат сүйүү уялап.

Жалбырактар…

Көңүл назик үлбүрөк

тамчы тамат, карек ылдый куланат.

 

Кышты сүйөм!

Кар оронгон тоолорго окшоп бийикмин,

Этегине таштар келип урунган.

Оо, чексиздик! Жаным сага бириксин,

Туздуу көлдүн даамын таткын ырымдан…

 

Соңку кат

Сынып түштүм.

Бырчаланып чачылдым жыйнала албай,

Не деген опаасы жок бул өмүрүң?

Жакшы кал, акыркы кат жаман жандан

Окулбай калган жазуу-өткөн күнүн.

 

Ач, оку!

Өйдө-ылдый жолдордой түшүп улам,

Катта жазуу сулуудур же иретсиз.

Жашоосу анын бир нукта өтпөгөн, бил

Коштошуусуз кеткендер кечиримсиз.

 

Туясыңбы?

Ак толкундун сызыгы жээк жиреп,

Тыңдаганын шоокумун улуу тоолор.

Ийне сызык ийрилип ойноп жүрөт,

Балким таңда муң коштоп обон созор.

 

Кандай азап!

Асман тиреп өспөгөн чырпык сыңар,

Же мөмөсү төгүлгөн күздө убал.

Ак жарыктын баасы өтүп коюу түндө,

Тагдыр күткөн жандар бар.

Муздак дубал.

 

Же күлөрсүң…

Түбү түшкөн кудуктан суу ичкендей,

Из калбаган тагдырым жазганына.

Тапканы жок, а бирок андан кымбат,

Жазганы бар ыр дүйнө баалуу мага.

 

Ошондуктан

Күүгүм түшкөн таңыма көз жиберип,

Өчкөн көздүн нурларын издебегин.

Кара деңиз толкуну текши каптап,

Сиңип бүткөн денеңе. Не билбейсиң?

 

Ырас, билем.

Текебердик, жек көрүү жолдош сага,

Тегеренет.

Өзүңдү тебелетет.

Сезим жалган. Жашабайт эми сенде,

Себеби аны сүйгөндөр алып кетет.

 

Билгин, анан!

Түккө турбас дүйнө бу шум экенин,

Өмүр оттой бир күйүп жалп өчөрүн.

Сезимдерди түгөлдөп карасаң, жок

Бут алдыңда кат ээси жер экенин!

Соңку каттын ээси эбак жерде экенин!..

 

Жолон акын-бийиктиктин эгизи

Отту сүйгөн жүрөктөн, отту сүйгөн,

Оттой ысык ырлар көп агылышкан.

Оттуу жүрөк капилет өчкөн менен,

Ал ырлар,

Ала-Тоону байырлап жай кылышкан.

 

Сүйүп ырдап сүйүүнү, махабатты,

Ырдан бакыт, үй-бүлө, бала тапты.

Ыр шиберин жайкалтып төрүбүзгө,

Ырга айланып өзү да бара жатты.

 

Поэзия төрөсү – Жолон акын,

Ырдан бүткөн өмүрү – обон акын.

Башат болуп агылып ыр көлүнө,

Мухит болуп кыргызга толгон акын.

 

Учуп өткөн шамалдай эчен жылдар,

Сагынычтын саамайын эзген жылдар.

Ыр ордуна муң сунуп атпай журтка,

Мамытовсуз окулуп жатат ырлар.

 

Эрксиз эми көз жумуп баарына биз,

Элесиңди эстейбиз дагы да жүз.

Булут минген ак тондуу ырларыңдай,

Бийиктикке биз сени эгиз дейбиз!

Акыретте жатсаң да бизден алыс,

Алыстарга биз сени кетирбейбиз.

 

Бир бүлөбүз

Кыялыңа кыйрасам да сынбасам,

Көлдөп жашым, көмүскөдө ыйласам.

Изим жууган жамгыр өөп жүзүмдү,

Күлүп кайра сүйүү оронгон ыр жазам.

 

Текеберсиң, терикпей да жерибей,

Түгөнөрдө түгөл болуп кемибей.

Түндүгүңдөн төгүлөт күн жарыгым,

Түтүү үчүн сага жаным эгиздей.

 

Ал анткени эки жарым, бүтүнбүз,

Бирибизсиз бүтөлбөгөн тирүүлүк.

Бирибиз-жер, бирибиз-күн үчүн биз,

Бир бүлөбүз, бул биздеги бийиктик.

 

Асылкечим

Ошол кеч жыбыраган жылдыздардын,

Жарыгын ырга жазып бүтө элекмин.

Ай тийип, мажүрүм тал шагын ийип,

Сен болбой анан мени күт демек ким?..

 

Кыялда канча баккан асылкечим,

Кыйбаска сөз беремин ушул бешим.

Көпүрө экөөбүзгө ушул ырлар,

Көркөмү-асыл сөздүн бал ширеси.

 

Мен издеген бир кайрык

…Жылдыздар жаап жаткан асманымдан,

Жарык нур төрөп берген жаштыгымдан.

Жылдыздуу бир кайрыкты издеп жүрөм,

Көрдү ким, тапкан барбы араңардан?

 

Жылдыздар жаап жаткан асманымдан,

Жыргалын желге сүртүп алып учкан.

Жадымдан чыгып кеткен бир обонду,

Даректейм, барбы бирөө жолуктурган?

 

Ал кайрык балалыктын ууртап балын,

Асманым булутсуз көк сыяктанган.

Ай түнөп түшкө кирген ошол кечте,

Баёо кез жылдыз ороп бара жаткан.