Нуралы Капаров: Карл Маркс капа болгондо…

(даректүү аңгеме)

…Анан эле бир күнү базар экономикасы жетимиш жыл тынч жаткан элге чакырылбаган коноктой чапкан атынын оозун тарталбай дуулдап кирип келип, сарамжалдын сарымайдай сактаганын саттырып, чор тамандын чогултканын чачтырып, кымбат баадай кыйбас мүлктү кыйдырып, жулбас мүлктү жулдуруп, алынбасын алдырып, берилбесин бердирип, тополоң-тос түшүрүп, эгерим базарга буту баспаган курнамыс кыргызды колуна көр-жер карматып дүңүнөн базарга кууп чыгып, жоош-момурап оозун ачкан элди бир заматта шылуун соодагерге айлантып таштады. Козголбогон биз да — «Алатоо» журналында иштегендер да козголуп, алда кандай күн болот деп эртеңкинин камын жеп, эчен жыл жарык көрбөй быгып жаткан көөнө материалдарды көтөрүп чыгып, улама материалдарды улаштырып, курама материалдарды кураштырып «Үркүн», «Санжыра», «Шабдан баатыр» сыяктуу бир катар китептерди баса отуруп тез арада даярдап, басмаканадан өз каражатыбызга чыгарып, соода-сатыкка жөнөтүп турдук. Кийим-кече, тамак-аштай ылдам өтпөсө да, Жолдошбек Зарлыкбеков сыяктуу бирин-экин китепке кызыккан “апенди” кыргыздар аз эмес экен, өтө зарылтпай сатып алып, редакциянын казынасына саамыктатып болсо да аз-аздан акча каражатын түшүрүп турду.

Күндөрдүн бир күнүндө баш редакторубуз Кеңеш Жусупов агабыз журналдын кызматкерлерин чогултуп жыйын өткөрдү. Казынабызга жети миң рубль түшкөн экен, ошол акча каражатын инфляция деген желмогузга жедирип жибербей канткенде аман сактап калабыз деген орчун маселени ортого таштады. Базар экономикасынын аки-чүкүсүн билгенибиз да, билбегенибиз да ар кандай сунуш айтымыш болуп бири-бирибизден сөз талашып кужулдашып отурдук. Үнөмчүл Жылкычы Жапиев үстөгү чоң банкка салалы десе, шекчил Касым Кушубеков азыркы заманда банктан өткөн алдамчы мекеме жок, андан көрө таланттуу сүрөтчүлөрдүн сүрөтүн сатып алып, кийин ошол сүрөттөр кымбаттаганда сүрөт сатып оокат кылалы десе баарыга белгилүү өткүр жазуучу Баратбай Аракеев сатып берген кундуз тебетейин мурдуна жетээр-жетпес баса кийип олтурган таланттуу акын Шайлообек Дүйшеев боору эзилгиче каткырып күлүп, буту кылтың үстөлдөн кулап түшүп каларында катарлаш олтурган Каныбек Эдилбаев жөлөп-таяп токтотуп калды. Эмне мынча каткырдың Шаке деп эңкейип кулагына шыбырасам: «Мойнубузга сүрөт илип подземкада турганыбызды элестетип боорум эзилип жатпайбы» деп жаңы эле ээрип-эпчип күлүп токтогон Шакемдин көзүнөн кайрадан ысык жаш бууркандап атып, катуу каткырып чалкасынан кетээрде бу жолу буту кылтың үстөлдү өзүм жөлөп калдым.

Мурунку күнкү чоң отуруштан кийин өзүнө келип-келалбай, коңул бурчта көрүнүп-көрүнбөй олтурган жазуучу Мамасалы Апышев оо бир кезде Архимед ачылыш жасап «эврика!» деп кыйкырып жибергендей, отурган ордунан капилет тура калып, аны-мунусун түшүндүрбөй «Арак! Арак!» деп айкырып жиберсе болобу. Плащынын жакасын тик өйдө көтөрүп, колун укалап, эки жагына кылдат баам салып олтурган сыйлуу сынчыбыз Каныбек Эдилбаев Мамасалы Апышевдин түшүнүксүз туюк сөзүн эле эмес, түндөсү көргөн түшүн да түбүнө чейин түйүн калтырбай жоруп берип көнүп калган жан экен: «Мамыш туура айтат, арак эле оң, арак эле оң» деп коомай олтуруп коштоп кетти. Жылкычы, Касым, Шайлообек да Какемдин командасындагы ынтымагы чың эргулдар экен: «Туура! Туура!» дешип чуулдап жиберишти. Көрсө ошол учурда инфляцияга кууп жеткирбей дараметтүү келаткан жалгыз өтүмдүү товар арак экен. Жети миң сомго арак алып, редакциянын муктаждыгы чыкса четинен сатып пайдаланып, муктаждыгы чыкпаса — акчабызды арак түрүндө сактап коюуга макулдаштык. Эми бул ишти ким жүргүзөт, ким жоопкерчиликти мойнуна алат деген маселеге келгенде жанагы топураган топ калемдештерим ичпеген мени көрсөтүп, өзүлөрү карышкыр тийген койдой дыркырап чет-четке үркүп чыга беришти. «Арак ичпеген, тамеки тартпаган Нуралыга ишенебиз» деп жалгыздай башташты. Чын-чынына келгенде менин арак ичпеген, тамеки тартпаган «иттигим» эле себепчи болгон жок, ошол учурда жеке фирмалар жаандан кийинки козу карындай жамырап, Элчибек, Келдибек деген агаларым, алтындай болгон Алтын деген жеңем менен мен да бир коммерциялык фирма ачып, катыра иштетип жатканыбызды «Алатоодогу» калемдештеримдин ичинен көбү билбесе да, азы билер эле. Жаза тайып жети миң рублдан банкрот болсок, кайра төлөп бергенге ушунун гана мүмкүнчүлүгү бар деген «жылт» эткен жылма куулук менен мени бул ишке чегерип жатышканын ичимен түшүнсөм да, сыртыман аркы-беркини түшүнбөгөн маңыроо байкуш сыяктанып аргасыз макул болдум. Кыскасы, баягы жети миң рублга ошол эле күнү он жашик «кымбат сорттогу» арак сатып келдик. Кабат-кабат жыйылган жашиктеги шагыраган аракты каякка коюп, каякка катабыз деген маселе чыкты. Отурган кабинетиме коеюн десем, бир кабинетте үч киши иштейбиз, үчөөбүздө үч ачкыч… Коңшу кабинеттердеги ахывал да ошондой. Ары кетип, бери кетип орунбасар редакторубуз Каныбек Эдилбаевдин кабинетине коймой болдук. Биринчиден, ал жалгыз олтурат, экинчиден жооптуу кызматта иштеген Какебиз жолдо жаткан бекер оокат көрсө да эңкейип алып койбогон ак сөөк, чынчыл адам. Кеңсебиз Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы ыраматылык Төрөбай Кулатовдон калган кеңсе болгондуктан, ал кабинеттин бир жак дубалы полунан шыбына чейин Маркс-Энгельс, Лениндин орусча-кыргызча томдору касс-катар тирелип тизилген бети “ачылып-жабылаар каалгасы” бар туюк текчелер эле, ошого жайгаштырсак туура болот деп чечтик.

«Эми Нукуш, түндүктөн түшкөн ууру болсо да табалбагыдай кылып катабыз» деп ыраматылык Какем баягы үч дөө– шаанын томдорун бери жылдырып, ар бир томдун артына үчтөн бөтөлкөнү кызыл аскердей касс-катар тизип, «атаңкөрү «кампанын» мыктысын таптык, ыя» деп каткырып койду. Берки бети Маркс-Энгельс, Лениндин томдору, аркы бети «Пшеничная водка» болуп жаркырап эле жатып калды…

Саат төрткө чамалап калганда Каныбек Эдилбаев баштаган «алатоочулар» жапырт кабинетиме кирип келишти.

– Ыя, Нукуш, башыңды өйдө көтөрүп, бери кара, — деди Каныбек адатынча эки ийнин бүлкүлдөтүп кыткылыктап күлүп.

– Ии, Каке, сүйлө, — дедим тигилердин жоонтоп болуп тим келбегенин түшүнүп.

– Буюрса аракты аман– эсен жайгаштырып алдык. Эми, Нукуш, өзүң ичпегенден кийин билбесең керек, арактын анты жаман. Жанагы кудага бараткандар да жашиктеги жыйырма бөтөлкөнү толугу менен алып барбай, бирөөсүнүн башын сындырып, он тогуз кылып кемитип алып барганы – жакшылыкка ыроологону… Чоң бизнестин алдында турабыз…

– Түшүндүм, Каке, түшүндүм. Улуулата баштайлы, Маркстын биринчи томунун артынан бир бөтөлкөнү алып ичкиле, — деп оозумду жыйып алгыча «уюшкан топ» ураалап жөнөп кетишти. Мен берки бөлмөдө. Арак аркы бөлмөдө. Алардын ыймандуусун карабайсыңбы, даяр аракты өзүлөрү билип бузуп иче бербей, менин уруксатым менен гана ичип жатышканын! Мен эмнегедир өзүмдү өзүм ичимен корстон сезгенсип, ыраазы болгонсуп, териме батпай сүйүнгөнсүп калдым…

Бет маңдайымдагы Жылкычы менен Касымдын кабинетинде стакандар кагышып, каткырыктар жарышып, күүлдөп жатышты… Оо, бир топ убакыт өткөндөн кийин ортодогусу түгөндү окшойт, бир аз дымый түшүшүп, анан күтүүсүз шып этип кабинетиме Шайлообек досум кирип келди. Барбайган таноолору баштагыдан да кеңейип, төбөсүнөн көк буу көтөрүлүп, боргулданып тердеп алыптыр. «Эми, Нуке, бул жерде экөөбүздөн жакын адам жок. Чогуу окудук, чогуу жүрдүк, дос болдук дегендей» деп боор тартып, эки көзүн кымыңдатып сөз баштады.

– Нуке, ичкиликтин жайын өзүң билесиң. Жанагың чала жан кылып койду… Айлык аларыбызга аз күн калды…

– Түшүндүм, Шаке! Маркстын биринчи томунун артындагы экинчи бөтөлкөнү алгыла, – дедим жалдыратпай.

Шакем буту-бутуна тийбей шуулдап чыгып кетти.

Баягылар коңшу бөлмөнү башына кийип гүүлдөп турушту. Өзгөчө «узакка эс алып», жаңыдан «ашка» аралаша баштаган Мамасалы Апышовдун күлкүсү таш жарат…

Дагы бирөөсү шарт кирип келерин туюп турдум. Жылкычы келди. А-бу дегиче эле: «Маркстын биринчи томунун артындагы үчүнчү бөтөлкөнү алгыла» дегенимде, кекеч неме кекечтенип жинине тийбейин дедиби, үнү жок эрдин бүлкүлдөтүп, бир ооз сөз айтканга үлгүрбөй сыртка бет алды.

Башкасын билбейм, совет өкмөтү чыгармачыл жарандарды өзгөчө эркелеткен өлкө эмес беле! Жазуучулар союзу сыяктуу чыгармачыл союздарда, «Ала-Тоо» сыяктуу адабий журналдарда, Илимдер академиясы сыяктуу илимий мекемелерде иштегендерге эртең менен эрте келип, кечинде кеч кетип иштегиле деп катуу талап койбой, чыгармачылык жигер менен кең-кесири, ээн-эркин иштегенге шарт түзүп берген. «Алатоодо» айлык нормаңды бир жумада бүтүрүп коюп, калган учурда жай-чарба болуп каалгып, өзүңдүн чыгармачылык ишиң менен алектенип жүрө берсең болот. Кызматка эң эрте дегенде саат он, он бирде келебиз. Кечинде кээси саат төрткө, эң кыйын дегени саат бешке жетпей көздөн кайым болот. Майрамкан эжеге болсо айла жок. Редакциянын эрке кызы. Өмүрлүк жары Сагын Наматбаевич атайын заказ менен Москвадан алдырткан улам бир жаңы шляпасын койкойто кийип, казы-карта, коньягын көтөрүп, жумасына бир жолу “отметка” кылып кетет.

Эртеси жумушка адатымча шашпай саат он бирде келдим. Демейде ээн турган коридорубузда эмнегедир кирип– чыгып котологон эл көп. Мени көргөндө атасын көргөндөй дуу жарылып, сүйүнүп тосуп алышты. Бир гана Какем:

– Ээ, Нукуш, сен фашисттен да жаман турбайсыңбы. Карачы кебетебизди. Эртең мененки саат сегизден бери күтүп атабыз… Оорутканды билгенден кийин, айыктырганды да ойлой жүрүш керек да, – деп Какем кадимкидей кабагын түйүп, “каардуу” тосуп алды.

– Ээ, Каке, ак чөп башта! Мен ал жагын ойлогон эмес турбаймынбы. Маркстын экинчи томунун артындагы биринчи бөтөлкө менен баш жазгыла, – деп айтып оозумду жыйып алгыча Какем:

– Аа, мунуң дурус, дурус… Кемчиликти курулай сөз менен эмес, кызылдай иш менен моминтип моюнга алып оңдогонуң жакшы, — деп топурап тургандарды коңшу бөлмөгө ээрчитип кирип кетти.

Арадан бир саат өтүп-өтпөй Мамасалы Апышов кирип келди:

– Ээ, сволуч, бул жерде эмне жалгыз жашынып олтурасың?– деп адатынча демдүү жөөлөй баштады.

– Жашынбай эле олтурам, — дедим камырабай.

– Жашынган– машыңганыңды билбейм, келе, катардан калтырбай мага да бирди бер!

Кызый түшкөн неме баары бир жанды койбойт деген ой мээме шак дей түшүп, дароо эле макул болуп, Маркстын экинчи томунун артындагы экинчи бөтөлкөгө уруксаат бердим. Беш мүнөт өтүп-өтпөй Мамасалы көк бөтөлкөнү койкойтуп колуна кармап, коңшу бөлмөдөгү калемдештерди топуратып ээрчитип, кайрадан кабинетиме кирип келди.

– Ээ, Нуке, эки күндөн бери өзүбүз эле күжү-күжү той түшүп жатабыз. Ушул бөтөлкөнүн башын бүгүн өзүңдүн кабинетиңен «сындырып», өзүңө бир каалоо айтып коелу деп келдик…

– Келгиле, келгиле… – деп кучак жайбасам да, калп күлүмүш этип тосуп алдым.

– Эми бизде стакан да жок эле, — деп ордуман оор козголуп тура береримде:

– Жо– жок, Нуке, отур, отура бер. Мен өзүм… — деп Мамасалы буту– бутуна тийбей тызылдап, коңшу бөлмөнүн «дасторконун» биздин бөлмөгө ташый баштады.

Мамасалы окумал жигит, мыкты прозаик. Ичкиликти бир жолу оозуна албай койсо – жылдап жүрө берет. Бир жаман жери — ичкилик ичпей жүргөн күндөрү жумшасаң кичүү экенине карабай кашайып карыш баспаган жанда жок кежир. Качан «ашка» аралаша баштаганда гана моминтип буту-бутуна тийбей тызылдап чуркаган элпек жанга айланат. Бирок аракка гана тил алчаак. Башка маселеге соо кезиндегидей эле кежир, кыйды.

Бир колуна арагын, бир колуна закүскөсүн көтөрүп, тызылдап чуркап дасторкон даярдап жүргөн Мамасалы жакка кайран Какем көз ымдап:

– Ээ, Нукуш, байкадыңбы Мамышты. Алты айдан бери ичкилик ичпей буулугуп калган неме, карачы, тим эле бала кочкордун белдигин алгандай кетти, — деп кыткылыктап күлдү.

Кабинетимдин ичин үч көтөрө дуулдашып, баштаган бизнесиң өркүндөй берсин, он беш жашик арак бат эле отузга жетсин, отузуң алтымыштан ашып кетсин деп балпылдатып бата беришип, айтор, эрибей турган көңүлүмдү эритишип, «түйүлүп калган тарамышыман» түйүн калтырбай түбүнөн бери жибитишип, ал күнү Маркстын үчүнчү жана төртүнчү томунун артындагы кас-катар тизилип турган алты бөтөлкөсүн толугу менен «шыпкап» кетишти.

Улам арылаган сайын Маркстын «окула элек томдору» тездик менен «окулуп», адегенде «алатоочулар» бир күндө бир том «окуса», кийин бир жарым, эки томго чейин «окуганга» өтүшүп, эртең мененки сегизден кечки он-он бирге чейин бака-шака түшүшүп, айтор, катуу уюмдашкан, бекем биримдешкен коллективге айландык. Эң жаман жери – ээн-эркин баспай, кайтарууда калдым. Мындай эле жумуштап басайын десем, кайда баратасың деп үрпөңдөп чуркап алдыман тосуп чыгышып: «Сен кабинетиңде эле ишиңди кылып отура бер, ал жерге биз эле барып келе коелу» деп менин ордума өздөрү чаап барып бүтүрүп келмей адат табышты. Эртеден кечке кеңсенин ичинде эч жакка жылбай камоодо калдым.

«Алатоодогу» чоң томдуктардын кабары акырындап алыстагыларга да угула баштаптыр. Бир күнү таң атпай келсем өзүбүз ардактап-сыйлаган Ашым Жакыпбеков агабыз баш болгон, Кудайберген Жуманазаров агабыз төш болгон «Кыргызстан маданияты» гезитинин кадырлуу делегациясы чоң сый көрүп отурушкан экен, эки редакция биригип бир дасторконго баш кошкондо редакция редакция эмей эле ресторанга айланып кеткенсиди. “Күч бирдикте” дегендей, ал күнү Маркстын үч томдугун чыпчыргасын коротпой “окушуп”, тогузунчу томду томкоро жыгып токтошту…

Андан кийинки күнү Жазуучулар союзунун “тандалмалары” келип оюлбаган томдордун бир тобун оюп кетишти.

«Алатоо» журналынын редакциясынын кеңсеси сырттагы арагы жок айрым кеңселердин көзүнө ошол күндөрдөгүдөй эч качан жагымдуу, шаңдуу, сүйкүмдүү көрүнбөгөн чыгар. Ичинде иштеген өзүбүзгө да өзгөчө жагымдуу, шаңдуу, сүйкүмдүү көрүнүп турду. Атүгүл айрымдарынын оюна койсоң жатып иштегиси да келгенсиди. Кирип-чыгып кагаз карап, стакан кагыштырып, кычкыл даам закуска ашап, келген конокту тосуп, кеткен конокту узатып, барбалактап пейил чечип, редакциянын улуу-кичүү жигиттери телегейи тегиз бир чо-о-оң ынтымактуу үй-бүлөгө айлангандай ахыбалга жеттик.

Буту-бутуна тийбей тызылдаган Мамышым кезектеги «заказга» келиптир. Маркс-Энгельстин томдуктарын толугу менен бүтүрүп, В.И.Лениндин орусча-кыргызча томдугуна кызуу кирип калган кезибиз эле. Лениндин жыйырма тогузунчу томунун артындагыны ал десем, учкан бойдон кеткен, бир пастан кийин алаңдап кайра жетип келиптир, жыйырма тогузунчу томдун арты бош экен деп. Анда отузунчу томдун артынан ал десем, бир пастан кийин дагы жетип келиптир, отузунчу томдун да арты бош экен деп. Экөөлөп барып текшерсек, кырк бешинчи томго чейинки томдуктардын артында кылайган бир бөтөлкө калбаптыр. Анда ошол кырк бешинчи томдун артындагыны ал десем, үрпөңдөп коркуп алыптыр: «Эй, мунуң түгөнүп калса, кийинки көргөн күнүбүз кантет?» деп. «Буюрганын көрөбүз, ал, ала бер» десем Мамыш ыраазы болгондой келечектен үмүт үзбөгөн түр менен жайдары бир жылмайып алды да, куйруктуу жылдыздай куйругун үзүп «жылт» койду.

Мурунку жумада Кыргыз ВААПта, соңку жумада «Ден соолукта», «Кыргызстан», «Мектеп» басмасында, ИИМдин басма сөзүндө иштеген кыраандар келип кетишкен. Алар да колдон келишинче жакшылап майкандап беришти. Күргүчтөгөн коноктун аягы тыйылбайт… Жаңы «заказ» түшкөнүнөн В.И.Лениндин орусча элүүнчү томунун артынан алгыла десем, ал жер эбак жылан сыйпагандай бошоп, кыргызча кыркынчы томдугуна чейин ныпым эч нерсе калбай, так адрестен ажырап, кайсалактап ар кайсы томдун артын алтын жоготкон немедей сүзгүлөп издеп калчу болдук. Арак бизнестин аягы куржалак бүтөрүн башында эле түшүнгөн жаным мага тапшырылган иштин тартибин биротоло эле бошоңдотуп, кош көңүл карап калганымды байкаган досторум бирин-экин конокторуна өзүлөрү билип тууралап жиберсе керек, бир топ томдордун арты бат эле «көңдөй» калганын билбей калыптырбыз. Тиги томдун артын ачсак да бош, бул томдун артын ачсак да бош…

Эмнегедир көрбөй аттап кеткен экенбиз алтынчы томдун артында бир бөтөлкө арак алынбай калыптыр. Коңшу кабинеттеги кайран досторум ошону тууралап бака-шака түшүп ичип жатышкан.

Кыраан-каткы күлкү басылбайт. Какем кыйын сүйлөчү эле, болду-болбоду ошол күлдүрүп жатат деген түкшөмөл ойду ойлоп мен болсо өз бөлмөмдө кагаз карамыш болуп олтурам. Тигилердин кайтаруусундамын. “Чыкпа эле, чыкпа! Баспа эле, баспа! Сен кетип калсаң биздин көргөн күнүбүз эмне болот? Сенин ордуңа биз эле жүгүрүп барып, жүгүрүп келебиз. Кыймылдабай отура бер”, – дешип, бура бастырбаган баягы талап, баягы эле өтүнүч. Бирге иштешип жаткандан кийин баш ийбеске чара жок. Кээ күнү таңдан кечке, кээ күнү таңдан түн ортосуна чейин кабинетимде тигилердин “заказын” күтүп камыгып олтурмай. Улам бирөө далдалаңдап энтигип чуркап келип, үйүндөгү чырылдап ыйлаган чиедей балдарына сүт сурап келген коңшудай: “Айланайын Нуке, эми бирди…” – дешет. “Карл Маркстын отуз тогузунчу томунун артындагы биринчисин” – дейм. Кандай далдалаңдап энтигип чуркап келишсе, ошондой далдалаңдап энтигип чуркап кетишет. “Булардын ыймандуусун карабайсыңбы” – дейм ичимен. “Мен бул бөлмөдө олтурам. Арак аркы бөлмөдө. Кийин эсептешебиз деп менден сурабай-этпей эле иче беришпейби. Антип ээнбаштык кылышпай ар бир бөтөлкөнү менден сурап ичип жатышканы эле кандай ырахат, кандай кубаныч! Карачы советтик тарбиянын чынчылдыгын! Баарыбыз совет доорунун кулунубуз да деп тажаганыма, чарчаганыма карабай өзүмө– өзүм дем берип баягыдай эле сыймыктуу ойлорду ойлоп койсом чынында эле кадимкидей жеңилдей түшөм.

Бул жакта мени менен иштешкен калемдештеримдин көбү коммунисттер. Коммунист болгондо да төш чөнтөгүнөн белети түшпөгөн кызылдай коммунисттер.

Бир күнү кабинетимде камыгып күтүп олтуруп көзүм илинип кетиптир. Түш көрдүм. Ыраматылык Карл Маркс, Фридирх Энгельс, Владимир Ильич Ленин баягы арак катылган Каныбек Эдилбаевдин кабинетинде олтурушуптур. Кебетелерине караганда оо бир топтон бери катуу талашып-тартышып жаңы эле басылгандай түрлөрү бар. Талаш өзгөчө Карл Маркс менен Владимир Ильичтин ортосунда катуу жүрсө керек, экөө тең бири-бирине сурданып алышыптыр.

“Көпчүлүктүн арагынын милдетин мойнума алып, ушул кабинетке каттырдым эле. Суроо– сопкуту жок булар бул жерде эмне олтурушат” деген ойдо тартынбай салам айтып кирип барсам ооз учунан алик алышканы гана болбосо, мага окшогон “кожоюнду” тоготуп да, карап да коер түрлөрү жок. Бу саксайган, кашкайган улуу кишилерди урматтап же сыртка чыгып кете албай, же жакындап баралбай, Какемдин анда-санда эс алганда олтура калчу босого бурчтагы креслосуна айласыз көчүк бастым.

– Кана, айтчы өлүгүңдү жер албаган чулдурум, — деди үн-сөзү жок сурданып олтурган Карл Маркс Владимир Ильичке сурданып карап. — Мен силерге кандай керээз калтырдым эле? Социалисттик революция бир учурда бир канча өлкөдө жеңгенде гана түбөлүк жеңишке ээ болот дебедим беле?!

– Ооба ошенткенсиз.

– Анан эмне болду?

– Социалисттик революция бир учурда бир канча өлкөдө гана эмес, бир өлкөдө жеңсе да болот деп сиздин теорияны өркүндөтүп– өнүктүргөм.

– Эй, чулдур! Өркүндөтүп-өнүктүрбөй эле, өлтүрбөдүңбү!

– Кантип? Социалисттик революцияны бир өлкөдө жеңбедикпи?

– Макул жеңдиңер. Жеңгенден кийин эмне болдуңар?

– Жетимиш жылдан кийин кулап калдык.

– Көрдүңбү, чулдурум, кандай гана жаңылыш иштерди жасагансыңар. Социалисттик революцияны бир өлкөдө жеңип, жетимиш жылдан кийин кайра кулап калганыңар – социализмдин жана социалисттик революциянын кадырын катуу кетиргениңер… Баарынан жаманы – коммунисттик идеалдарга башкалардан озунуп коммунисттериң биринчилерден болуп өзүлөрү чыккынчылык кылды. Башкасын койдум, мынабу “Ала-Тоо” журналындагы Касым Кушубеков жетектеген коммунисттериңдин жосунсуз жоругун кандай бааласак болот? Буларың биздин томдуктарды башына жаздап, ардактап окугандын ордуна артына арак катып ичишип, абийирибизди айрандай төгүп, арбагыбызды тебелеп-тепсеп жатышпайбы! – деп Карл Маркс ачуусуна чыдабай акыркы сөздөрүн айтып жатканда койгул көгүш көздөрүнүн агына кан толуп бакырып– бакырып жибере жаздады. Владимир Ильич да оңойлук менен жемин жедирбеген өжөр, кайраттуу адам көрүнөт, болгон жообун тайманбай какшап айтып турду.

– Жо-жок, урматтуу Карл Маркс мырза! Бул иштерди коммунисттер жасаган жок. Безпартийный, буржуй, оппортунис акын– жазуучулар жасады.

– Кайдагы безпартийный, буржуй, оппортунисттерди айтып жатасың?

– Ушул “Ала-Тоо” журналына топтошуп алгандарды.

– Мисалы, алардын ичинде биз билгендерден кимдер бар?

– Шайлообек Дүйшеев, Нуралы Капаров, Мамасалы Апышов…

– Адашкансыңар, адашкансыңар! Адашканда да катуу адашкансыңар! Касым Кушубеков, Жылкычы Жапиев, Эсентур Кылычов үчөөнү коммунист кылганча жалгыз Шайлообек Дүйшеевди коммунисттердин катарына алганыңарда сапаттык чоң өзгөрүш болбойт беле! Карачы, иттин гана баласы, компартияны кандай гана өткүр тил менен туздап-сындап, чучукка жеткире сайрап-ырдап жатканын. Эгерде ал Назым Хикметтей коммунист болгондо компартияны барктап-даңктап асманга чыгарып ырдабайт беле да, чаар баш демократтарды жерине жеткире сындабайт беле!

– Жо-жок. Андан коммунист чыкмак эмес – деди Владимир Ильич.

– Кайдан чыкмак эмес! Орто мектепте окуп жүргөндө комсомолго өтүптүр, мектепти аяктаганда пионер вожатый болуп иштептир. Томолой жетим экен… – деди Карл Маркс Ш.Дүйшеев менен чогуу жүргөндөй чыпчыргасын коротпой чынын айтып.

– Баары бир андан коммунист чыкмак эмес, – деди Владимир Ильич биротоло эле көжөлүп. – Арстанбек, Калыгул, Кет Бука өңдүү реакционер акындардан таалим-тарбия алып, бала кезинен эле аң-сезими ууланып калган жаран экен.

– Тандаганыңардын көбү татыксыз болуп чыкты. Тетир кеткендердин ичинен дагы кимдерди коммунисттердин катарына кабыл алалы дедиңер эле?

– Бул жердеги Касым Кушубеков баштаган коммунисттер гана татыктуу.

– Татыктуу болсо, жок дегенде томдуктарыбыздын артына арак катып жатышканында коммунисттик бийик аң-сезим менен кой-ай деп койгонго жараган жок го аларың…

– Баары бир алар татыктуу. Коммунисттерге Касым Кушубековдун өзү үлгү болбосо да, кийген костюму менен тагынган галстугу үлгү.

– Болуптур чулдурум. Катарыңарга дагы азыркы тетирлерден кимди кабыл алалы дедиңер эле?

– Нуралы Капаровду.

– Кайсы? Арбактар менен сүйлөшкөн Нуралы Капаровдубу? Анда да жаңылмаксыңар. Ал менин арбагым менен да сүйлөшөм деп келиптир. Кой терисин жамынган коммунист Казат Акматовдун “Мезгил” романын мактап, коммунист Максим Горькийдин “Эне” романын боктоп, коммунисттерди жегиндей көргөн неме экен – деп Карл Маркс сөзүнүн аягына чыга электе ордуман обдулуп тура калсам, “Мына, дагы келген турбайбы!” деп үстөлдүн үстүндөгү көз айнегин колуна ала коюп көзүнө кадап, акырайган көзү менен мени жеп жиберчүдөй дааналап карап калганда сөзүн бөлбөй, жинине тийбей жөн олтурайын деп кайрадан жумшак креслонун түбүнө акырын жылмышып чөгүп, дабыш чыгарбай дымып калдым.

Фридрих Энгельс кой оозунан чөп албаган жоош неме көрүнөт, баятан бери унчукпай олтуруп: “Алым Ильичти алсаңар болмок” деп сөзгө кыпчылды.

– Кайсы Алым Ильич, сиздин бир тууганыңызбы? – деди Карл Маркс Владимир Ильичке карап.

– Менин андай бир тууганым жок. Коммунисттердин резервиндеги тизмеде да андай адам жок.

– Күндөлүк кара макалаларына классиктерден цитата алып жазып жүргөн акын-журналист жигитчи – деди Фридрих Энгельс.

– А-а, эстедим – деди Владимир Ильич салыңкы кабагы жадырап жазылып каткырып: – Отечествосу да өзүмдүкүнө окшоп “Ильич”, окуу жайын да өзүмө окшоп бүтпөй калып өмүр бою китепкана кыдырган “самоуч”, мен көргөн жакты да көрүп келген капастагы “ала куш”. Ооба, ооба. Катарыбызга алсак болмок экен. Коммунисттердин башын жеген демократтардын башын азыр Алым Ильич жеп жатпайбы – деп сөзүнүн аягын сыймыктануу менен аяктагансыды.

– Баарын бирден талдап чыктыңар. Балким Мамасалы Апышев мыкты коммунист болот беле? Сиз түзгөн компартия жетекчилери анын кандидатурасын неге көрбөдү экен? – деп Фридрих Энгельс Владимир Ильичке сылык суроо узатты.

– Коммунист Жылкычы Жапиевге караганда безпартийный Мамасалы Апышевдин артыкчылыгы көп. Биринчиден, орусча-кыргызча такалбай шыр сүйлөйт, мыкты жазат. Жылкычы Жапиевдей Бишкек жогорку окуу жайын заочный окубай, Москвадан очный окуп бүткөн. Билимдүү… – деп Владимир Ильич Мамасалы жөнүндөгү оң пикирин шагыратып санай баштаганда “Койчу, ошонуңду мактабай” деп Карл Маркс жактырбагандай кабак– кашын бузуп, колун силкип койду.

– Аныңан коммунист чыкмак эмес. Москва эмес, Нью-Йорктон окуп бүтсө да менин “Капиталымдын” бетин ачып карабаганы көрүнүп турат.

– Улуу урматтуу Карл Маркс мырза, жогорку билим алган совет жарандарынын ичинен сиздин “Капиталды” окубаган бир да жаран жок. Бардыгы окушкан.

– Башкасын койдум, ушул “Ала-Тоо” журналында иштегендерди эле алалы. Кыйын деген Касым Кушубековуң, Каныбек Эдилбаевиң же тиги Ленинградды кыйратып окуп келген Эсентур Кылычовуң менин “Капиталымдын” “Кошумча нарк” бөлүмүн окуган болсо, эмгек кылып энтеңдеп сатып келген арактарын той түшүп ичип албай, үстүнө үстөк кошуп сатып көбөйтүп, мынабу катуу үйлөп жиберсең “үлп” этип өчүп калчудай үлүрөйгөн журналдын материалдык байлыгын чыңдабайт беле!

– Биз совет жарандарына үстөк бул капиталисттердин, империалисттердин, буржуйлардын баюу жолу деп окутканбыз. Үстөк бул спекулянттардын жийиркеничтүү иши. Андай коомго жат элементтердин орду түрмөдө деп тарбиялаганбыз.

– Кагылайын Владимир Ильич, катары калың коммунисттериң эле эмес, менин “Капиталымды” өзүң да кыйратып окуп түшүнбөптүрсүң. Болду, сөз бүттү, – деп Карл Маркс эки колу менен башын мыкчып тынчып олтуруп калды.

– Бирок биз канткен кундө да совет элине коммунисттик тарбия бергенге үлгүрдүк. Алар кандай гана иште иштебесин, чынчыл, ыймандуу, бири-бирине күйүмдүү, карамдуу… – деп Владимир Ильич эргип сүйлөй баштаганда Карл Маркс “болду эми” дегендей Кыялбек Урманбетовчосунан сөөмөйүнүн учу менен көктү сайып, өңүн бузуп бетин бырыштырып жаңсады эле, Владимир Ильич тык токтоду.

– Деги бу сенин коммунисттериңдин арасында кой-ай деп акыл айткан эстүү коммунисттер калбай калганбы?

– Кантип калбай калсын, бар!

– Мисалы ким?

– Акбар Рыскулов.

– Ким? Ким?

– Акбар Рыскуловду айтып жатат, – деди Фридрих Энгельс сөзгө аралашып.

– Мурда, Усубалиевдин мезгилинде Касым Кушубеков менен шахмат ойноп акылын айтып жакшы көзөмөлдөп жүрчү эле, Аскар Акаевдин тушунда миллиадга кирип кетип, колу бошобой калды.

– Миллиардга?! Коррупциягабы?

– Жо– жок! Оюнга, биллиардга!

– Биллиардга дегенге тили келбей, айталбай жатат, – деди Фридрих Энгельс Владимир Ильичтин сөзүнө арачы түшүп.

– А биллиардгабы, – деп көзүн чакчайтып чочуган Карл Маркс көңүлү жайланып билинер– билинбес жер карап жылмайды.

Бир саамга тунжурап, бири шыпты, бири терезеден сыртты тиктеп олтурган ортодогу тынчтыкты кайрадан Карл Маркс бузду.

“Болору болгон экен. Куй эми аркыныңан, биз да жүздөн жутуп алып жай-жайыбызга тарайлы” – деп Владимир Ильичти карады эле: “Калбай калыптыр” – деп Владимир Ильич эки алаканын жайды. Мындай жоопко канааттанбаган Карл Маркс: “Менин отуз жетинчи томумдун артын карачы” деп кудум мен Мамасалыга “бурк” эткендей “бурк” этти.

“Атка жеңил, тайга чак” чепеңдеген Владимир Ильич дубалдын боорундагы текчеден текчеге шыпылдап чыгып, шыпка такалган жерине чейин жетип барып отуз жетинчи томдун артын караса таш балекет да жок…

– Улуу урматтуу Карл Маркс мырза, – деп Владимир Ильич артына кылчайып караганча сөздүн төркүнүн түшүнгөн “сакал”:

– Элүүнчү томдун артын кара! – деп кудум мага окшоп кайрадан каардуу “бурк” этти.

– Таптым! – деп жаш баладай култуңдап сүйүнгөн Владимир Ильич бөтөлкөсү күнгө чагылышкан “Пшеничная водканы” жар боорундагы куркулдайдын уясынан жумуртка алып түшүп келаткан жаш баладай дубалдын боорундагы текчеден текчеге коомай жылмышып түшүп келип, бөтөлкөнүн башындагы “шапкесин” көз ачып-жумгуча жулуп ыргытып, үч кырдуу стаканга кулкулдатып куюп бүтө жаздап калганда эле жин ургандай бирөө эшикти тынымы жок дүкүлдөтүп ургулап калды. Үчөө тең отурган орундарынан жылбай бир саамга катып отуруп калышты да, баарынын сөзү бир жерден чыгып: “Мамасалы Апышев экен, бол, бол, алып жиберели!” дешип жоо кууган адамдай колдоруна алган стакандарын токтотпой тартып жиберишип, көздөн кайым болушту.

Ойгонуп кетсем, эшиктин жанын койбой бирөө дүкүлдөтүп койгулап жаткан экен, туруп барып ачсам Мамасалы Апышев анда-санда ыткытып ырсайып күлүп турат.

“Эй, суволуш, чак түштө эмне бекинип алгансың? – деди адатынча. “Атайын бекиткен жокмун. Уйкум келгенинен “чырм” этип алайын деп…” – деп мен да адатымча актана баштаганымда: “Аның жакшы, суволуш” деп үйүмө качып кетип уктабай, кабинетиме бекинип алып уктаганым Мамасалыга чындап эле жага түштү окшойт, жарпы жазылып жадырап– жайнап карады.

– Эй, сен эч кимге берген жок белең, Маркстын отуз бешинчи томунун аркасындагы бир бөтөлкө аракты жоготуп таппай жатабыз – дегенде ойлонбой туруп: “Элүүнчү томдун аркасын карачы” десем шашкан бойдон учуп-күйүп жөнөп кетип, көз ачып-жумганча бир бөтөлкө аракты көкөлөтүп көтөрүп жетип келди.