Николай Заболоцкий: Бабалардан эмне калса – бүтүндөй, Демек, жаштар, бүт силердин энчиңер

Каркыралар

Апрелде Африкадан – алыстан

Биздин жердин кышы жазга алмашса.

Желе тартып үч бурч болуп алышкан

Каркыралар учуп келет ар жазда.

 

Жарк-журк этип күн нуруна чагылып,

Канаттары кудум күмүш өңүндөй.

Кең асманга жебе өңдөнүп сайылып,

Келатышкан тобунан эч бөлүнбөй.

 

Жеткен кезде көлгө ушул арада,

Дене боюн дүркүрөтүп адамдын.

Жылчыгынан түтүн бүркүп абага,

Ок атылды арасынан бадалдын.

 

Учкун жарк деп, тарс эткен үн угулуп,

Көк коргошун көзөп өтүп жүрөктү.

Көз ирмемде ажайып бир сулуулук,

Быт-чыт болуп бут алдына күп этти.

 

Бир серпилип, бүт кыймылын токтотуп,

Канаттары жатты көлдө жайылып.

Калгандары өксөп, ыйлап, коштошуп,

Бийиктеди закымдарга сайылып.

 

Каза жетсе ким тагдырдан кача алат,

Тээ алыста ажайып нур жайнаган.

Жаратылыш мерездикти жазалап,

Жоготконун таап берет дейт кайрадан.

 

******

Бийик сактап ар-намысты түшүрбөй,

Күрөштөрдө бошобосун эркиңер.

Бабалардан эмне калса – бүтүндөй

Демек, жаштар, бүт силердин энчиңер.

 

Күрөштөрдө ким жалтанбай туралат,

Түк унутпай бүт эсиңе ал муну.

Каркыранын канатына уялап,

Бекеринен төгүлгөн жок таң нуру.

 

Аялы

Үңкүйтүп эки далысын,

Сырт жакты тиктеп аялуу.

Кашыкка куюп дарысын,

Жалооруй сунат аялы.

 

Кер сары тартып шалбырап,

Чарчоо бар кабак-кашында.

Чачтары турат салбырап,

Эт качкан арык башында.

 

Тикеси менен тик туруп,

Жүгүрөт зайбы энтелеп.

Чарчаса мейли, иш кылып,

Сакайып эле кетсе деп.

 

Кыйч этет кээде не чара,

Тактайга тийип таманы.

Жыгыла жаздайт бечара,

Бүркөлсө эрдин кабагы.

 

Жооп бер, “гений”, сен мага,

Жооп бер, бери эңкейип.

Аялдан Данте, Гейне да,

Кам көргөн эмес сенчелик.

 

Ачылбай такыр кабагың,

Күн-түнү кагаз тиктейсиң.

Айтчы не сенин табарың,

Айтчы сен нени издейсиң?

 

Дүйнөңдө дүрт деп жанып от,

Тагдырын элдин эстейсиң.

Издеген жогуң, а бирок,

Кашыңда турса сезбейсиң.

 

Жаан

Булуттан аста куралып,

Жаңы эле таңдын алдында.

Бир тамчы миңге уланып,

Айланды анан жамгырга.

 

Тоскоолдук кылат ким ага,

Толкундап, кайнап аста-аста.

Кубаттуу симфонияга,

Кошулду келип бир паста.

 

Жалтырап дарак баштары,

Токойду жашка киринтти.

Кайыңдын жалбырактары,

Жабыла бийлеп киришти.

 

Жаткансып куду жер асман,

Миң сан жип менен чырмалып.

Тамчылар кулап келаткан,

Жанга окшойт кеткен кырданып.

 

Токой, тоо сууга киринип,

Чөптөрдүн башы ийилип.

Суусуну канбай калтырап,

Айкөл жер жатты шимирип.

 

Жай бербе такыр жаныңа

Эс алып жатар чагыңбы?!

Токтоткун оюн күлкүнү.

Камчыга алып жаныңды,

Күн-түнү иштет, күн-түнү.

 

Ал үйдө жатса эс алып,

Бул үйгө кууп киргизгин.

Баратса тоого бет алып,

Кокту, коо менен жүргүзгүн.

 

Төшөктүн жылуу койнунан,

Тургузгун болбой козголоп.

Жалкоолук курсун, мойнунан

Байлап ал бекем ноктолоп.

 

Жалган деп менден талашпа,

Ал билет талуу жериңди.

Эркине койсоң заматта,

Тескери сыйрат териңди.

 

Бир эмес аткарат миң ишти,

Сылаба такыр чачынан.

Адамча жашай билишти,

Үйрөткүн кайра башынан.

 

Бирде куу, бирде ал ханша айым,

Бүтпөсүн десең түйшүгү.

Жанга уруп жанды ансайын,

Күн-түнү иштет, күн-түнү.

 

Токойдогу жаз

О жан курбум, күнүгө

Таш кыяга барамын.

Жаздын жаркын түрүнө

Назарымды саламын.

 

Бак бүрдөп, чөп көгөрүп.

Курт-кумурска жөргөлөп.

Тирлик кайра төрөлүп,

Кайнап жаткан өңдөнөт.

 

Жаз койнунда термелет

Жаратылыш ымырсып.

Жолдо жүрөт термелеп,

Көгүш канат чыйырчык.

 

Өз сабагын кайталай

Тирүүлүктүн сабында.

Таңдан кечке чарчабай,

Балдарынын камында.

 

Түшүн сырын жакшылап,

Түнт токойдо сыр жатат.

Канаттарын чапкылап

Каракурлар ырдашат.

 

Коёнектер да кызык,

Байтеректин түбүндө.

Кол кармашып алышып,

Хор ырдашат бир үндө.

 

Бакырайып көздөрү,

Баары мында топтошуп.

Кудум эле өздөрү,

Бөбөктөргө окшошуп.

 

Кандай укмуш сулуулук

Күндүн нуру бутактан

Түшүп турат чубуруп.

 

Жомок го деп келишмек,

Көрүп турса ким муну.

Бутактардан жол издеп,

Тийип турду күн нуру.

 

Байкай билсең сен эгер,

Башын ийип бул тушта.

Балкып турду теребел,

Токойдогу укмушка.

 

Зоопарктагы аккуу

Жаз демине магдырап,

Көшүп турат айлана.

Көлдүн үстү жалтырак

Кош куу сүзөт жай гана.

 

Бул ажайып дүйнөнү,

Карап турам мен келип.

Кайың-талдын бүрлөрү

Турат сууда термелип.

 

Койкойтушуп моюнун,

Көл – күзгүгө каранат.

Каректери о мунун

Карда жаткан карагат.

 

Сүтпү калган уюлуп

же булутпу үзүлгөн?

Бул ажайып сулуулук

Кантип, кайдан түзүлгөн?

 

Жолдун тоому, кошулуш

Трамвайлар зыркырап.

Кооз канат тотукуш

Ачуу-ачуу кыйкырат.

 

Торчолордо топтогон

Айбанаттар жарданып.

Мойнун созуп тосмодон,

Бугу карайт таңданып.

 

Борбор шаар бой созуп,

Көргөн көзүң адашат.

А тигилер топтошуп

Паркка батпай баратат.

 

Артып улам арзуулар

Дене бойго жайылат.

Кошоктошкон аккуулар

Жаздын ырын кайырат.

Которгон: Эсенгул Ибраев