Назгүл Осмонова: Керемет ушул дүйнөдөн, кете албай турам тушалып…

*****

Көрүнбөй учу узарып,

Көңүлгө толсо кусалык

Кейишке толгон дүйнөдөн,

Кете албай турам тушалып.

 

Асылдык толгон ааламды,

Айнектей аяп кыйбадым.

Чындыкка көзүм жетсе деп,

Чымындай жанды кыйнадым.

 

Буулугуп жаным кай бирде,

Булуттай көчөм дүйнөдөн.

Жабыкса жаны жанчылып,

Жан жок го түтөп күйбөгөн.

 

Көрүнбөй учу узарып,

Көңүлгө толсо кусалык.

Керемет ушул дүйнөдөн,

Кете албай турам тушалып…

 

*****

Ай көрдүңбү, асманынан ал жактын,

Сагындырар биз жактагы көктөмдөр.

Элес болуп эске түшөр кээ бирде,

Тагдыр бөлгөн, жазымыштуу өткөндөр.

 

Кетким келип ушул шаардан чарчадым,

Сен тараптын сагындырып асманы.

Буулукканда жамгыр болуп төгүлөт,

Ээ-жаа бербей кусалыктын жаштары.

 

Жылдар өтсө билем, сезим азыраак,

Күйбөстүрбүз бул учурда күйгөндөй.

Бейтааныштай баш ийкешип өтөрбүз,

Мен сүйгөндөр жана мени сүйгөндөр…

 

*****

Кусалыкпы бүгүн күтпөгөн,

Неге мынча көңүл жанчылат?

Түйшүгүндө күндүн бүтпөгөн,

Өмүр өтөт атын камчылап.

 

Чети оюлбай асыл максаттын,

Бошко кетет асыл мүнөттөр.

Булбул сымал тилим так катты,

Көкүрөктө таттуу тилектер.

 

Чеги барбы асыл максаттын,

Ойлор кайда, кимге умтулат?

Мен канчалык батсам кайгыга,

Ошончолук жашоо кулпурат…

 

*****

Ким бирөөгө бейтаанышмын, таанышмын,

Жолдорунда тагдырымдын аялуу.

Бирде күлсөм, дүйнө сырын билчүдөй,

Көп учурда жүрөк сыздап жаралуу.

 

Ушул азыр тана албасмын күркүрөп,

Келип турат келкелим да кемелим.

Ким бирөөгө түн күзөтүп ыр жазган,

Акын болсом, ким бирөөгө энемин.

 

Жылдар өтсө картайбаган жаш бойдон,

Ким бирөөгө сүйүктүү жар сезилем.

Түндөрүнө бүлүк салып, ойлонтуп,

Ким бирөөгө бакыт болуп кечигем…

 

*****

Күз келеби? Дарактарды боёгон,

Күн нуруна сары, сары, сапсары.

Көңүлүмө салган бүтпөс сагыныч,

Кусалыкты күчөткөн шок шамалы.

 

Күз келеби? Асман тунук күлүңдөп,

Гүлдөр болсо бажырайган кыш алды.

Жароокерим, көздөрүңө чөксөмбү,

Басыш үчүн дил ооруткан кусамды?

 

Күз да келет. Келет мага бир сүйүү,

Шыбырынан аалам миңге бөлүнгөн.

Жүрөгүмө бекем катып кылымдар,

Ал сүйүүгө жамгыр болуп төгүлгөм.

 

Күз да келет. Сагынычым басылган,

Мен жашоого кумарланган эркелеп.

Жолум улап чыгам таңды күтпөстөн,

Күздү тосуп алыш үчүн эртелеп…

 

*****

Жаралып жарык дүйнөгө,

Дүйнөдөн бир күн кетемин.

Өмүрдүн көркөм башаты,

Биле албай турам этегин.

 

Жашоонун келем жайында,

Булбулу бакта сайраган.

Жол катар өсүп сеңселип,

Гүлдөрү кооз жайнаган.

 

Суулары тунуп… жүдөткөн,

Шамалы жулуп этегим.

Күз келет мына жакында,

Жай бүтүп жаркын кечээги.

 

Сезимдин кечпей өртүнөн,

Болсо да кээде көңүл суз.

Максаттар ашкан жүзөгө,

Өмүргө келет алтын күз…

 

*****

Жан дүйнөм бөлүнүп сан миңге,

Жашоого жалбарып карадым.

Мен эртең жарыктан кетчүдөй,

Күн эмес, ирмемди санадым.

 

Күнөө көп, агартчу иштер аз,

Деги эмне турмуштан табарым.

Өзүмдү көзүңдөн көрүү үчүн,

Өзгөчөм, өзүңө барамын.

 

Кайгыны ийинден ныгырган,

Айдачы белгисиз жактарга.

Айрылгым келбес эч азизим,

Өзүңдү мен эми тапканда.

 

Жан жоктур жабыгып турганда,

Азабың бөлүшөр дилдеги.

Муңайба жаркын жаз, анчалык,

Муңайтты бул жылы ким сени?..

 

Жалгыздык аралы

Кол жеткис, ой жеткис көрүнгөн,

Сен үчүн кут элем төгүлгөн.

Бардыгым, барлыгым сага арнап,

Сен үчүн өздөрдөн бөлүнгөм.

 

Сезимди эң алгач билдирип,

Өзүңдү алганмын сүйдүрүп.

Толкундай толкуган ал адам,

Кетээрин билбепмин күйдүрүп.

 

Сөзүңдөн кумарлуу, кусалуу,

Айыккам оорумдан дары ичпей.

Эх, өксүп турганым карачы,

Күзүндө күбүлгөн бариктей.

 

Акылман ойлор көп элимде,

Сүйбө дейт адамды бүлөлүү.

Сезимим акылга баш ийбес,

Анда эле мен өзүм күнөөлүү.

 

Ажайып сезилген мүнөзүң,

“Сүйөм” деп айтканмын жарыя.

Алыстан сезилген деңиздей,

Экенсиң таштак бир дарыя.

 

А бирок азгырат ар качан,

Ой баскан жалгыздык аралы.

Жылдыздай кошулбас, бирикпес,

Жат элек, жат бойдон калалы…

 

*****

Жароокер жарың жаныңда,

А бирок, чоочун сезилип

Терезе тушта ай жарык,

Эстерсиң мени кечигип.

 

Жамгырлуу жаздын түнүндө,

Үңүлүп сыртка акырын

Терезең ачсаң бур этээр,

Себинген ошол атырым.

 

Кенемте толбой ойдогу,

Кайгырып өткөн өмүргө

Теңселип эстеп турарсың,

Жамгырлуу бир түн жөнүндө…

 

*****

Өттү жылдар, өзөк өрттөп,

Максаттарга жеткирбей.

Анда деле аруу тилек,

Көкүрөктө эскирбей…

 

Майыштырып тагдыр сынайт,

Мүнөт сайын эркимди.

Эсеп жеткис кыялдарым,

Ушул жолдо мертинди.

 

Жашап келем ыр дүйнөдө,

Күдөр үзбөй бир күндөн.

Жетиш үчүн ошол күнгө,

Аман чыгам миң түндөн…

 

Орусия

Баасы кымбат ушул өмүрдөн,

Анык дечи бир күн кетерим.

Жетегинде куру кыялдын,

Жыя албадым тирлик этегин.

 

Ак кайыңдар орус мейкинин,

Ээлеп өсөт кайгым туйбастан.

Шуудуруңар жаным алдейлеп,

Араладым улам кыйбастан.

 

Талыкшытып тирлик түйшүгү,

Таба албадым мезгил эсебин.

Көркүңөрдөн көздү талдырган,

Көп эргиген чыгар Есенин.

 

Жолум түшүп орус жерине,

Кыдырамын кооз жерлерин.

Толукшуган тунук асманың,

Жибиткенсийт көңүл черлерин.

 

Асман көздүү кызың ажарлуу,

Буудай ыраң кербез уланың.

Ахматова жазган баяндап,

Кылым үнүн сенден угамын.

 

Болсо болгон чыгар бактылуу,

Жашап өткөн сенде акындар.

Алар эми сенин жүрөгүң,

Алар эми бүтпөс закымдар…

 

*****

Күлсөм дегем мынча толкуп-тумчукпай…

Көөдөнүмдөн көптөн бери үн чыкпай

Ушул жолдор, ушул асман, көр тирлик,

Кайратымды сындыргансыйт курчутпай…

 

Аралжы жок, арга болор адам жок,

Азабыма. Мен күткөн бир караан жок.

Гүлдөр гана каршы алышат жылмайып,

“Алдыда деп, – али далай басар жол”.

 

Ырлар гана күч-кубатка толтурат,

Ырлар гана болбос ишти болтурат.

Адашпайын, жаңылбайын жолумдан,

Менин бактым – жүргөнүм го ой курап…

 

Канат баасы

Көөнүм сүйбөй тайызды,

Тереңдикке умтулдум.

Кечээкимди жоготуп,

Баркын билдим бул күндүн…

 

Мен Теңирден сурандым,

Канат бер деп учууга.

Болуш үчүн канаттуу,

Колу-бутум сынууда.

 

Көпчүлүктөн оолактап,

Жалгыздыкты эңседим.

Ойлор болуп сүйгөнүм,

Ырлар болду билгеним.

 

Жашоо – күрөш бүтпөгөн,

Максат барда тирүүсүң.

Ар бир ырга төлөймүн,

Жүрөгүмдөн бир үзүм.

 

Мен Теңирден сурансам,

Канат бер деп учканга

Сындырам дейт кол-бутуң,

Керексиз деп учканда…