Назгүл Осмонова: Көз жашымды көрбөс үчүн башкалар, Кол чатырсыз бастым бүгүн жамгырда

Назгүл Осмонова − 1972-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында төрөлгөн. 1995-жылы Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин филология факультетин бүтүргөн. 2016-жылы Жусуп Абдрахмановдун “1916. Күндөлүктөр. Сталинге кат” автобиографиялык китебин кыргыз тилине которуп, “Улуу Тоолор” басмаканасынан жарык көргөн. 4 ыр жыйнактын, 1 котормолор жыйнагынын автору. Жолон Мамытов атындагы жана Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты. КР Жазуучулар союзунун мүчөсү, “КР маданиятынын мыктысы”.

 

Мекеним

Буюккан муңун көтөрүп,

Буулуккан ушул жылдардын.

Ата Журт күлсө мен күлүп,

Ыргалса кошо ыргалдым.

Кайгысы элдин каржалтып,

Калпынан качтым жыргалдын.

Кымбатым элим, кыргызым,

Кан менен кошо айланып,

Ырымда кошо ырдалдың.

 

*****
Унчукпайсың, үн катпайсың, жымжыртсың,

Билем, биздин коломтодо от болбойт.

Ошондо да жанды өрттөгөн өкүнүч,

Белгисизге сиңип кетпейт, жок болбойт.

 

Жалын жылдар, жаркын жылдар

Силерге,
Тапшырамын азизимди белекке.

Күтпөйм эми сирень гүлүн ачканда,

Айыл ичи, сен күтчү жер… терезе…

 

*****
Жароокер жарың жаныңда,

А бирок чоочун сезилип.

Терезе тушу, ай жарык,

Ойлорсуң мени кечигип.

 

Жамгырлуу жаздын түнүндө,

Тигилип түнгө акырын.

Серпилип эстейт чыгарсың,

Себинген ошол атырым.

 

Кенемте толбой ойдогу,

Ыраазы болбой өмүргө

Теңселип эстеп турарсың,

Жамгырлуу бир түн жөнүндө…

 

Жамгыр кусалыгы

Оорутпасын үчүн дилди сагыныч,

Таарынычым айтпаш үчүн тагдырга.

Көз жаштарым жуулуп кетип билинбей,

Кол чатырсыз бастым бүгүн жамгырда.

 

Асман неге бүгүн бүркөө түнөрөт,

Адамдарга ал да балким ачынат.

Жамгыр ыры жан дүйнөмдү алдейлеп,

Бирок, бирок эргүү гүлү ачылат.

 

Түндөр жаман… ойлор басып коргошун,

Ооруткансыйт назик, таза жүрөктү.

Жетиш үчүн кыялдагы бир күнгө,

Жан кыйнаган нечен мерез түн өттү.

 

Оорутпасын үчүн жанды сагыныч,

Кусалыгым айтпаш үчүн тагдырга.

Көз жашымды көрбөс үчүн башкалар,

Кол чатырсыз бастым бүгүн жамгырда…

 

*****
Бул жашооң кийим сыяктуу,

Жыртылат, бир күн эскирет.

Көңүлчөөк жаным чарчады,

Башканын тартып азабын.

Билбеймин, качан эс кирет.

 

Жашообуз жаздын көйнөгү,

Өңүнөн азат, эскирет.

Өмүрдөн өтүп баратып,

Эх, аттиң арман дедиртип

Ошондо балким, эс кирет.

 

Ишке ашыр асыл ойлорду,

Жашоого бир күн кеч кирет.

Чыдасаң түркүн мээнетке,

Тагдырдын таштак жолдору

Бакытка акыр жеткирет…

 

Буулугуу

Жаз жадырай албай кыйналса,

Бүркөк асман не деп унчугат?

Кыялдарым канат кере албай,

Көөдөнүмдө бир үн тумчугат.

 

Бактар неге быйыл капалуу,

Бүрүн ачпай үнсүз томсоруп?

Балапандай менде бир сезим,

Барам жанды кыйнап толгонуп…

 

Ал сезимде бардай баарысы,

Ал сезимде бүтпөс кусалык.

Мейкиндиктер кел деп азгырса,

Кете албастан турам тушалып…

 

Кетээр элем ушул жактардан,

Кетээр элем түк да ойлонбой.

Болбосо эгер ушул кусалык,

Болбосо ойлор менде толгонгон.

 

Жаз жадырай албай кыйналса,

Тургансыймын мен да тушалып.

Белгисизге дайым азгырган,

Бүтпөсүнчү ушул кусалык…

 

*****
Өттү жылдар, өзөк өрттөп,

Максаттарга жеткирбей.

Анда деле аруу тилек,

Көкүрөктө эскирбей…

 

Майыштырып тагдыр сынайт,

Мүнөт сайын эркимди.

Эсеп жеткис кыялдарым,

Ушул жолдо мертинди.

 

Жашап келем ыр дүйнөдө,

Үмүт үзбөй бир күндөн.

Жетиш үчүн ошол күнгө,

Аман чыгам миң түндөн…

 

*****
Биз жолуккан булак чети…

Суу шылдырап, чөп жашыл.

Жылдыз толгон асман бети,

Эстей берем көп жашып.

 

Колдорумдан колдоруңа,

Өтсө алоо от жалын.

Кызарамын байкатпаска,

Асте сылап ат жалын.

 

Андагыдай асман тунук,

Жаз да келди көк жарып.

Баары келет, сен келбейсиң,

Сурансам да жалбарып.

 

Биз жолуккан булак чети…

Суу шылдырап, чөп жашыл.

Жылдыз толгон асман бетин,

Эстей берем көп жашып…

 

*****
Кайра бороон, кайра мына дүрбөлөң,

Жан дүйнөмдө мүнөткө тынч жүрбөгөн.

Кетким келип белгисизге, алыска,

Эски жолду чанып улам күймөлөм.

 

Баскан жолум маанисиздей көрүнүп,

Жашоом болсо дал-далынан бөлүнүп

Турган болсо демек күтөт жаңылык,

Демек ырлар келет али төгүлүп.

 

Артыбызда ырас эски жол калсын,

Алдыбызда жаңы максат ыргалсын.

Асылдыгы, аруулугу ааламдын,

Кагазда эмес, көкүрөктө ырдалсын…

 

*****

Таштак жолдой чаалыктырып-чарчатып,

Жабыркатса жалгыздыгың жаныңды.

Муңга чөкпө. Унутса да адамдар,

Көк теңирим унуткан жок барыңды.

 

Сен бирөөнү көргүң келип, зарыгып,

Жүргөн болсоң сени башка сагынат.

Орун берүү үчүн гүлгө жайнаган,

Кези келип таш да бир күн жарылат.

 

Унуттуруп максаттарды кээ бирде,

Жабыркатса жалгыздыгым жанымды.

Чөгүп кетпейм. Унутса да сүйгөнүм,

Көктө Кудай унуткан жок барымды…

 

*****
Унутсам дедим, унутсам дедим бардыгын,

Унутсам дедим убайым дүйнө тардыгын.

Ар дайым ойго биринчи болуп келесиң,

Аңтарсам кээде ойлордун алтын сандыгын.

 

Эсимден кетпес эчен жыл сызып өтсө да,

Сен элең менин эч кимге айтпас жан сырым.

Жүрөккө алтын тамгалар менен жазылып,

Маңдайга бирок жазылбай калган тагдырым…