Мырзаян Төлөмүшевдин 80 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында акын, жазуучу жана котормочу Мырзаян Төлөмүшевдин 80 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Аталган иш-чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл жазуучулары К.Ашымбаев, М.Абакиров, КР Эл акындары Т.Самудинов, Т.Мамеев, М.Мамазаирова, Л.Үкүбаева, О.Ибраимов, Б.Усубалиев, Э.Кылычев ж.б. адабиятчылар, акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү катышты. М.Төлөмүшевдин өмүр баянын чагылдырган документалдуу тасма көрсөтүлүп, чыгармачылыгы боюнча кеңири сөз болду.

Мырзаян Төлөмүшев кыска аңгемелерден турган “Деген экен” аттуу китеби менен окурмандарга кеңири таанымал. Мындан тышкары “Жан эрмек”, “Тоолуктардын эрмеги”, “Кечки серенада” китептеринин автору.

Р.Жованьолинин “Спартак” тарыхый романын, Ч.Айтматовдун “Кассандра тамгасы”, В.Распутиндин “Акыркы мөөнөт”, Н.Доможаковдун “Ырааккы айылда”, Г.Мишевдин “Чала жетим”, С.Шелдондун “Асман жерге түшөрдө” ж.б. дүйнөлүк адабияттын классикалык үлгүлөрүн кыргыз окурмандарына жеткирүүдө зор эмгек жасаган.