Муратбек Рысбеков (РУМ): Миң шайтанга мингизсең да, кыйшайбоого даярмын!

… “Кыскалык – таланттын белгиси!” дедик. Байыркы Сафодон тартып, ХХ кылымдагы Гарсиа Лорка, Исика Токубокуга чейин кыска саптарга эң чоң ойду батыра алган зергер акындар болгон. Японияда Басё же Токубоку ырларды үч гана саптан же беш саптан жазышкан. Беш саптан турган ырларды Японияда “танка” деп аташат. Мына, ушул ыкма, ушул манера акынга эң жакшы атакты камсыз кылган. Муратбектин ырлары да кыскалыгы жана ойду каймана маанисинде айтуу жагынан ошол Басё менен Исика Токубоконун ырларына окшоп кетет…

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Эрнис Турсунов

“Үндүү жарык” китебинен

Акылдуу көз

Акылдуу көз

Континенттен,

континенттер аралык.

Бир адамдын эки көзү, –

Нени (?) гана

батырбайт!

Аалам, аалам,

Небескроб;

Тоо, токойду,

талааларды,

аскаларды,

көк мээлеген

пирамида,

океанды,

сууларды…

Не бир кооз,

Ажайыптуу

Жай-жайлар.

Адамдардын

өңүн,

жүзүн,

көз карашын,

турпатын.

Сүйлөгөнүн,

сүйлөмдөрүн

речтерин.

Көөдөндөгү

Ойлорун…

Кыйма-чийме жолдорун…

Жүрөгү шаар, – көз аркылуу

Көкүрөктө дүкүлдөп

Эстөө ирмем

кербен көчтөй

баскан сайын,

күн сайын:

агылышат

көөдөндөгү калаага!

 

Акылдуу көз…

Континенттер аралык!

 

Ыр жаратуу

Сызылып чыкпай,

эргүүлөр мокоп,

эргүүлөр токтоп

калганда!!!

Кыйнаган болбос…

Жан дүйнөң!

 

Козгоор суроо

Калбагандай (?)

Бардыгынан алыста;

Жумшай албай

Назик болбой,

Катуу да эмес

Жан сырың, –

Тоңгондугун кантесиң!..

 

Аалам,

Дүйнө алааматта!

А, акын, –

Тиешеси жоктой,

Неге?…

Алыссың!?..

 

Тарткылык

Кайдан-жайдан?

Азгырыкпы?

Түшүп алды

“Кемеге”.

Кеме кайык…

Учту кайып

Алды жакта

бурумдан;

астын-үстүн

түшүрүп,

кырсык басты

заматта…

…Бу кандайча?..

Тууралыктан

кеткенденби?

Туура жүрбөй

койгондонбу?..

Кандай болду?

Не себеп?…

Баскан изин

тизмектей,

көз алдынан

өткөрөт.

……………………………………

Кайдан, жайдан?

Азгырыкпы?

Түшүп алды

тетир сүзгөн

“Кемеге”…

 

Жазмакерлер

Күчүн берген аттардай

Жазмакерлер болгон дитин,

Жан дүйнөсүн ала чаап,

Көп учурда талантын, –

“Шеф” – редактор

“төрөсүнө”

беришет.

Аброй керек шефине, –

Басылмасы:

Эң белгилүү

Эң окумдуу,

сенсация

Жараткан!

Бүйрү кызып

көпчүлүктүн,

талашып…

“Элиталар” майданына…

“чок” салып,

Байма-байдан

жүн тыткандай

“тарашып”.

Ушактардан

Ушактарды жараткан да

Тараткан,

колдон түшпөй

басылмалар заманында:

кан базарда,

дыйкандарда,

тоо-токойдо, түзөндө,

депутаттык сөөрүдө,

Ак үй, Көк үй далай

Элдин,

Назар-туюм,

Дит көөнүнө алпарат.

 

… Жазмакерлер,

Күчүн берген аттардай!

 

******

Неге мынча?!.

Көңүл өчөт,

Көкүрөктө

от жанбай.

Ойлор самсып,

Ар кандай…

боштук орноп,

ааламдагы

бүт кызыктар

кызыксыз!

Жадагалса

кыймылдагың

келбегендей

таризде…

Үйгө кирбей,

сыртта калган,

дализде.

Жетим бала

сыяктуусуң,

кай бирде…

 

Эшик

Ар ким,

ар кыл

ачат турган

эшикти…

 

******

Аялзаттын

Кыял-Назы

Бир орунда

турбаган,

туйлап турган

кулундай!…

Тереңирээк

түшүнөмүн дей көрбө?!

Анда эле:

Тегирмендин барасына

тушуктуң…

Татаал, кымбат

мүнөзү:

нөшөрү бар,

күнөсү,

көлөкөсү, түпкүрү…

Кээсиндеби?

Тереңдеби?

Чынында (!)

Жактыраары,

күтүп сени тураары

жактым десең,

көп узатпай

Өзөгүңө өрт коюп,

Ач дөбөттөй улутуп,

Ар-намысың курутуп,

Жай чилдесин

кыш кылып,

Акыл-айлаң чогултуп,

Алеки саат

мыш кылып,

“каап” кетет капыстан,

Сак болосуң

сагызгандан,

А суктугуң…

Напсиңден…

Турмуш кургур

үйрөтөт,

Бирок,

коркпо!

Коркуп жашоо

Жашообу?..

Кыялынан

Аялзаттын:

Азем букет,

Азап букет

Чогулткун!

 

******

Сезимдесиң,

Акыл-Эсте,

Ойдосуң…

Баскан изден

байкалат;

Сен кеткени,

ойду жүктөп

алганмын!

Жан дүйнөмдүн

Ээси болдуң

шекилдүү,

эстеп коём:

Жан дүйнөндө

Бар бекен?..

Бир билгеним,

Көңүлүңдүн

өндүрүндө

Бардырмын?!

 

…Сезимдесиң,

Акыл-Эсте,

Ойдосуң!..

 

*******

Талкаладың,

“бөлөктөрдү”.

Жан дүйнөмдө

Сулуу Храм

Тургуздуң!..

 

*******

Дүйнөнү жыргап

Кабыл алуу

Ал

Сенден.

 

*******

Миң шайтанга

мингизсең да…

кыйшайбоого

даярмын!