Москвада Өктөм Калыеванын чыгармачылыгына арналган “Кыргыздын-куту энелер”- аттуу кече болуп өттү

2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарындагы коомдук байланыштар комитетинин Ресурс борборунда көп кырдуу талант, Маданияттын мыктысы, “Алтын калем” сыйлыгынын ээси, эл аралык М.Шолохов сыйлыгынын лауреаты Өктөм Калыеванын чыгармачылыгына арналган “Кыргыздын-куту энелер”- аттуу кече болуп өттү.

Бул жолугушууга КР Президентинин кеңешчиси Медетбек Омошевич Букуев, Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин кеңешчиси Эрмек Кыштообаев, экс-элчи Райымкул Аттокуров, Кыргыз диаспорасынын жетекчилери, Москва жана Москва областы боюнча Аксакалдар кеңешинин төрагасы Эртабылды Шамилов, Австриянын, Россиянын, Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Асатилла Тешебаев, “Мекеним Ала Тоо” коомдук уюмунун жетекчиси Жамиля Бегиева, Менделеев атындагы жогорку окуу жайынын профессору, философия илимдеринин доктору Кулуйпа Алиева, физика-математика илимдеринин кандидаты Айнура Усубалиева, Элчиликтин алдындагы балдарды окутуу борборунун жетекчиси Роза Адышева ж.б. катышты.

Анда жазуучу, акын, котормочу жана обончу Өктөм Калыева Москвадагы кыргыз коомчулугунун өкүлдөрүнө өзүнүн “Жашоонун – куту энелер” – аттуу сыясы кургай элек китебинен жаңы ырларын окуп берди. Автордун аткаруусундагы жагымдуу обондору менен учкул поэзиясы угармандардын бүйүрүн кызытып, жүрөктөргө жылуу сезим тартуулады. Ө.Калыеванын 60 жылдыгынын босогосунда өткөрүлгөн бул кечеде аны өмүрлүк жубайы, “Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер” Атантай Акбаров да коштоп барып, куттуктап, өзүнүн ырларын окуп, обондорун аткарып берди. “Кош жылдыз” чыгармачыл инсандардын талантына тамшанып, кубанычтан ыйлагандар да болду. Кеченин жүрүшү толугу менен КТРКнын Москвадагы корпункту тарабынан тартылды.

Кеченин аягында А.Акбаров менен Ө.Калыеваны куттуктап Гүлбара Абдракманова О.Айбашевдин “Энекем” деген ырын аткарып берди.

Мигранттарыбызга руханий азык берген бул чыгармачылык жолугушуунун долбоорун жазган жана кечени алып барган – тарых илимдеринин кандидаты, журналист Чолпон Субакожоева болду.