Михаил Дымов: Балдар Кудайга жазышат. 3-бөлүм

Кайрадан көрүшкөнчө, Кудай!

– Менин Серёжка деген досум бар. Дайыма мээрим тилеп, жетпей жүрөт. (Костя, 2-кл.)

– Сени даңктаган, Сага жагабы? Мага абдан жагат. (Леня, 3-кл.)

– А Сен билесиңби, биздин Галя таеже үчүнчү күйөөсүн төрөгөнү калды. (Рая, 4-кл.)

– Мен ыр жаздым. Алар уяттуу. Мен аларды эч кимге көргөзө элекмин, бирок Сага, Кудай, мен көргөзөм. Мына:

Чоңдор ыйлайт жашы менен,

Чоңдор ыйлайт карек менен.

Балдар ыйлайт жашоо менен,

Балдар ыйлайт жүрөк менен.

Эгер чоң ыйласа баладай,

Анда ал чын ыйлап жатат. (Марик, 4-кл.)

– А Сен билесиңби, мен математикадан ой толгоо жаздым. (Люсик, 4-кл.)

– Бакчада кемпир скамейкада отурат. Үнүн чыгарып китеп окуп жатат. Элестет, эч ким жок, бирок апа дале окуп атат. Мен жакын барып сурадым: – Чоң эне, эмне үчүн үнүңүздү чыгарып окуп жатасыз? Эч ким жок го айланада. Эне басылып калды да, мени таң кала карап, күлүп жиберди: – көнүп алыпмын, кызым. Неберелериме окуп берчүмүн. Алар болсо чилдей тарашты, а адат мени менен. (Зоя, 4-кл.)

– Мен аны менен эки жыл бала бакчага, жарым жыл биринчи класста чогуу окугам. Бир күнү ал кыз: “сен экөөбүз эки башка адамбыз” – деп жарыялабаспы, элестет, мен өлгөндөн жаман болдум. (Аркадий, 2-кл.)

– Биздин үйдө жазуучу жашайт. Илгери түшкү тамагын машина менен ташышчу. Эми айтат: мен үч сыйра тамактанам – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күнү. (Вова, 3-кл.)

– Эмнеге конверттердин сыртына марка чапташат? Каттын ээсинин кичинекей сүрөтүн чапташса, дароо эле кимден экенин билгенге. (Толик, 2-кл.)

– Мен дагы деле кекс жей элекмин. Мүмкүн, жашым жете элек? (Валентин, 2-кл.)

– Кечээ мүрзөгө баргам, мени бир эстелик таң калтырды. Кара, чоң таш, анда болсо бир сөз гана чегилген: “Апа”. Болду. (Ваня, 4-кл.)

– Элестет кечээ токойго баргам жана кире бериште топтошкон, мага жашташ карагайларга жолуктум. (Зорик, 4-кл.)

– Апам менин колумдан бекем кармап, түбөлүккө кетип жаткандагы атамдын жалооруп караган көздөрүн мен эч качан унута албайм. Кудай, айтчы – жаштын салмагы канча? (Андрей, 4-кл.)

– Билесиңби, кээ бир адамдар Жерде жашап жүрүп, күндү тебелешет? (Аня, 2-кл.)

– Эх, эгер Сен мени бала бакчадагы кезимден таанысаң… Азыр бир аз токтолуп калбадымбы. (Света, 2-кл.)

– Кечээ сонун жаңылык укпадымбы. Бир мүрзө пайда болуптур. Ал жакта адамдар менен чогуу өлгөн, жакшы көргөн жаныбарларын кошо көмөт экен. Адамдарга ушундай ойду шыбырап койгондугуң үчүн азаматсың! (Люда, 3-кл.)

– Айтсаң, мен мурдакы жашоомдо ким болгом? Мүмкүн бекер эле адам кылып кайра жараттың? (Сеня, 3-кл.)

– Мага бай ата-эне бергендигиң үчүн Сага ырахмат. Өз ата-апамды эмес багып алышкандарды. Алар мени көптөгөн балдардын арасынан тандап алышты. Алар өтө кыйын, мээримдүү, берешен. Бирок өз апам менен жашыруун көрүшүп турам. Башында апама, элге кантип чыкканымды айтып, мактанганы баргам. Апам болсо кубанычтан сүйүнүп жана ыйлады. Эми аягандыгымдан жаңы апамдарга көргөзбөй тамак ташып турам. Апам мени “камкор”, “табышкер” дейт. Жок, бирок мени жакшы жайгаштырдың: бир үйдө мен жегичмин, а бөлөк үйдө – камкормун. Буга баарыбыз ыраазыбыз. А Сенчи? (Костя, 3-кл.)

– Кудай, менин ушунча жолум болбойт, мен эмне адам эмесминби? (Михаил, 3-кл.)

– Мени бир суроо кыйнайт: асманда жылдыздын баары беш бурчтуубу? (Надя, 2-кл.)

– Мына айтышат: “Ал жакка баарыбыз барабыз!” Эмне, кайра чогулабызбы? (Рустам, 2-кл.)

– Төрөшөт, төрөшөт, өлүшөт, өлүшөт. Шайтан алгыр! (Коля, 1-кл.)

– Сага бир сыр айтам, Сен эч кимге айтпа. Мени Женька өптү, эми биздин балдарыбыз болот. Ырахмат, кандай болсо да. (Зоя, 1-кл.)

– Ошондо, Жараткан, эгер Сен жок болсоң, ошол тейден эч нерсе болбойт беле?! (Сергей, 2-кл.)

– Билесиңби, мен Сени тааныгандан бери, такыр көчүрбөй калдым. (Инна, 2-кл.)

– Уксаң эмне дешкенин: Кудайдын жарыгы, а караңгы кимдики? (Лена, 4-кл.)

– Мен алманы өтө жакшы көрөм. Бул да бабалардан калганбы? (Нина, 3-кл.)

– Мен жайды бакчада өткөрөм. А биз менен кошуна акын жашайт. Баары аны апенди, ичкич, келесоо эсептешет. Кечкисин ичип алып, короого чыгат да, айды карап: “Эй жарыкты өчүргүлө!” – деп кыйкыргандыктанбы? (Марик, 4-кл.)

– Эми биз чоңдорчо жашайбыз: бөтөлкө чогултабыз дагы акчасына чардайбыз. (Янис, 3-кл.)

– Сени менен мен чогуу тыңчылыкка бармакмын. (Гарик, 1-кл.)

– Бир жолу атам келип мага: канчанчы класста окуйсуң? – деди. Төртүнчү дедим. Болду, тапшырмаларды чогуу аткарабыз. Босстун баласы да менчик мектепте, төрттө окуйт экен. Кээде сабакта чогуу отуруп, сурап калат. Сен да мени уят кыла көрбө, туура аткар! Менин билимим жетпейт, сенден сурап турам. (Жора, 4-кл.)

– Кудай, Сени – сүйүү дешти. Мени кечирип кой, бирок сүйүү – Ира. (Алик, 2-кл.)

– Кана, түшүндүрчү бул жеринин эмнеси күлкүлүү: мен ага айттым, сен менин бырышымсың. (Коля, 3-кл.)

– Мен ата-энемдин кечиккен баласымын. Алар дагы мага эрте келген эмес. (Юра, 3-кл.)

– Ата-энелер чогулушунда, мугалимим мен жөнүндө көп жакшы нерселерди айтты, кудум мен өлүп калгандай. (Олаф, 3-кл.)

– Сүйүктүү Кудай, жакында көрүшкөнчө. (Яша, 2-кл.)

– Сен жаанды музыка менен жаагыдай кылып койсоңчу. (Ася, 2-кл.)

– Кудай, Федькага жолуксаң, топту таап алганымды айтып койчу. (Гена, 1-кл.)

– А эмнеге биздин чиркөөдө отургуч жок? Сага бетме-бет отурганга уруксат бербей жатасыңбы? Ал жакка карыгандар көп келишет эмеспи. (Олег, 4-кл.)

– Эгер Сен да муну көргөнүңдө үшкүрүп, жашымаксың. Мен базардын жанынан өтүп бараткам. Дарбазанын жанында баланын коляскасы турган, анда сапсагай кандек отурат. Алдында өткөн-кеткендер тыйын таштап өтүп жаткан табак жатат. Кандек үшүп жаткансып, эски жоолукка оролгон. Жанында жашы өткөн аял жатат – иттин ээси. Эл сууп калганда итке келип, жоолугун оңдоп кайра кеткенче шашат. Кандек болсо кыймылсыз отурат, аны көргөндөр аяганынан майда тыйын таштап жатышат. Анан колясканын жанында бир кара дөбөт пайда болду, ал кандекке үңүлүп карап калды. Кандектин ээси дөбөттү кубалаганга үлгүрбөсө тиштеп алмакпы, билбейм. Дөбөт базарга кире качты. Бир аздан соң базардын дарбазасынан баягы дөбөт чуркап чыкты. Ал табакка жакындап келип, чоң, эттүү сөөк таштады да көздөн кайым болду. Кандек болсо ачка экен, мүлжүп жатып калды. (Федя, 4-кл.)

Которгон: Улан Дөөлөтов