Михаил Дымов: Балдар Кудайга жазышат 2-бөлүм

2-БӨЛҮМ

Арбын  жашоо, Кудай!

–Күзгө караганда, жазгы жаратылышты сен кооз кыла аласыңбы? Жаанды өчүрчү. (Яна, 3-кл.)

–Кудай, жекшембиге чейин үч долларды алты кылганга ой жөнөтчү. Бирок бирөөдөн карыз алганды жөнөтпө. Бул идеяны биринчи үч долларга жөнөткөнсүң. (Алик, 4-кл.)

–Суранам, биздин үй бүлөнү тиги дүйнөдө да чогуу болгудай кылчы. Болбосо апам үчүн бейиш да бизсиз тозок. (Саша, 4-кл.)

–Жаз биротоло келгидей кылчы. (Жора, 4-кл.)

–Мага үмүт берчи. (Зорик, 4-кл.)

–Суранам, күндү күйгүзчү, биздин үйдө жылыткычты өчүрүп салып, энем үшүүдө. (Рая, 3-кл.)

–Мени автоматка айландырып салсаңчы. Эчтеке кылбай эле акча алып турган. (Федя, 2-кл.)

–Сен түбөлүк жетишкендикте жашагандай, үйүң жана көп акчаң болгудай кылчы. Айтмакчы, ушунун баарын сага мен тиленгенимди унутпа. (Дима, 3-кл.)

–Сен мени сыйлашыңды каалайм. (Жанна, 3-кл.)

–Кудай, бардык жертөлө жана контейнерлерде селсаяктар тыкан жашагыдай кыл. (Элеонора, 4-кл.)

–Мектепти бүткөндөн кийин, жогорку окууга өткөнгө жардам берчи. (Костя, 4-кл.)

–Жараткан, апам канча жашашымды кааласа, ошончо жашатчы. (Вера, 1-кл.)

–Биздин мектеп урабай жана бузулбай тургудай кылчы. (Ираклий, 2-кл.)

–Мектепте өмүр бою жакшы окуганга жардам берчи, суранам. (Верочка, 1-кл.)

–Апама, энеме, Федя акеме, Саша акеме, Боря акеме жана бөлөк менин аталарымдын ден соолуктарын чыңдап, бакыт берчи. (Никита, 2-кл.)

–Жерди сен жасадың, ошого жараша адамдар аны кыйратпагыдай кыл да. (Родион, 2-кл.)

–Жакында менин отуз беш сомумду уурдап кетишти. Ошол уурдаган кайра жоготуп жибергендей, а мен таап алгандай кылчы. (Сенин Олегиң, 4-кл.)

–Кудай, сен мага мурда кылган жакшылыктарыңа ыраазымын. Бирок азыр дагы мага жардамдашчы. Менин атамды жөн гана 8 айга камап коюшту, түрмөдө отурат. Мен атамды дайыма күтөм. Менде мүмкүндүк болсо бошотмокмун. Мен сенден суранам, жардам берчи. Бул өтө чоң өтүнүч. Кийин өлүп баратсам да сенин тынчыңды албайм. (Ира, 4-кл.)

–Мен ата-энеме акыл сурамакмын, болбосо алар мени такыр түшүнүшпөйт. (Надя, 3-кл.)

–Арбын жашоо, Кудай! (Миша, 3-кл.)

–Сен менин атам болушуңду каалайт элем. “Ауди 100” унаасын сатып алмакпыз. (Валентин, 4-кл.)

–Витькага “мушташпа” деп буйрук берчи. (Артем, 3-кл.)

–Элдин баарынын бактылуу жашашын жана бардык балдар шылуун болбой, ата-энесине жакшы мамиле жасашын каалайм. (Женя, 2-кл.)

–Мага эми бир кап акча жөнөт. Осуятта айтылат го: өзүңө жакыныңды канча сүйсөң, сага ошол жүз эсе кайтарылат. Эсептесең, ошондо сен канча таап жатасың. (Шурик, 4-кл.)

–Мага сыйкыр таякчаны берсең, мен сага экинчи жолобойм. (Гарик, 2-кл.)

–Менин кол жазмамды жакшыртсаң, текшерүүнү дагы ырас жазып калам, өзүңө дагы менин каттарымды окуганга жеңил болот. (Соня, 2-кл.)

–Баары бири-бирине орун бошотуп тургудай кылчы. (Мила, 3-кл.)

–Дүйнө жүзү ынтымакта жашашын каалайм. Согушпасын. Согушканын каалабайм. Мейли, жакшы жактарына өтөлү. Бай болгум келет. Оомиин. (Степа, 4-кл.)

–Мага элпек ата-эне берчи. (Алеша, 2-кл.)

–Мен жакшы жашагым келет, өтө жакшы деле. (Стася, 3-кл.)

–Кудай, мен аябай жакшы окуганды жана ыйлабаганды каалайт элем. (Уля, 4-кл.)

–Улуу урматтуум, мага кайгы-муңду жеңгенге жардам бер. (Евгений, 3-кл.)

–Ирена менин жанымда отурушун каалабайм. (Тося, 2-кл.)

–Менин апамды жана атамды ук. (Аня, 4-кл.)

–Сүйүктүүм, мага мышык жөнөт. Жана аны бардыгы Вася деп аташсын. (Нелли, 3-кл.)

–Суранам, сенден, Жараткан, апам эч качан таблеткаларды жебегидей кылчы. (Люся, 3-кл.)

–Жер бетинде тынчтык өкүм сүрүп, баары жакшы жашашын каалайм, үчүнчү класска көчүшүмдү тилейм, учкай велосипед жана туалетке барышты каалайм. (Эдик, 2-кл.)

–Жаш кезимде жакшы жана бактылуу жашоону каалайм, а карыганда бактылуу гана жашасам болот. (Вера, 3-кл)

–Суранам, жашоону жөнөкөйлөтчү. (Павел, 4-кл.)

–Негизи мен сенден көп нерсе сурамакмын. Мисалы; окубай эле коюу. (Максим, 4-кл.)

–Урматтуу Жараткан, кол менен буттарыбыз түбөлүкө таза болгудай кыл. (Боря, 2-кл.)

–Мага акырын байкатпай бир эле периштени көрсөтүп койчу. (Рая, 2-кл.)

–Карыганга чейин менин чыгашаларыма акча берип тургудай шарт түзүп койчу. (Олег, 2-кл.)

–Чернобылдын үстүндөгү радиацияны үйлөп салчы. (Оксана, 3-кл.)

–Жер жүзүндө эч ким эч качан ыйлабасын. (Ася, 1-кл.)

–Мага апамды кайтарып бер. (Роман, 1-кл.)

–Экинчи өмүрүмдө мени Францияда эркек кылып төрөлт. (Кира, 4-кл.)

–Мага жаккан кыз мени сүйсүн, а мен анүчүн ал кызга көп убакка үйлөнөм. (Вася, 2-кл.)

–Менин келечегиме кам көрүп кой. Суранам. (Шурик, 3-кл.)

–Качан мен эркелеп жатканымда мени урушпашсынчы, мен деген өзүмө ырахат тартуулаш үчүн эркелейм да. (Саша, 4-кл.)

–Мени кошуп, чокунбагандардын баарын кечир. (Филипп, 3-кл.)

–Дүйнөдөгү бардык курал-жарактар сынып калгыдай кыл. (Костя, 4-кл.)

–Кудай, мен эч жерим оорубай өлгүм келет. (Таня, 4-кл.)

–Менин бизнес-атам болсо жакшы болмок. (Эдик, 1-кл.)

–Сүйүктүү Кудай, мени кайра алып кетчи, бул жактан аябай зериктим. (Вася, 2-кл.)

–Мени бардык тармакка шыктуу кыл. (Саша, 3-кл.)

–Мени бейишке алып бар. (Женя, 2-кл.)

–Өтүнөм, апам атама ашкан тыйынды дайыма бергидей кылчы. (Игорь, 2-кл.)

–Мен сенден эмне сурамакмын. Сен, баарын билесиң да. (Алик, 4-кл.)

–Мен көп күн ыйсыз жашагым келет. (Костя, 2-кл.)

–Мага жакшы баалар өтө керек. (Аркадий, 4-кл.)

–Мени таң калтырчы, Кудай. (Артур, 3-кл.)

–Мага узак жана шайыр жашоо тартуулачы. (Ольга, 2-кл.)

–Адамдар эмес, сен жараткан Жерге баргым келет. (Андрей, 4-кл.)

–Мен сизден велосипед сурап алып, Москвага барып жашагым келет. (Сергей, 4-кл.)

–Колуңдан баары келери чын болсо, менин да колумдан баары келгидей кыл. (Игорь, 3-кл.)

–Качан мен мерт болгондо бейишке же тозокко да баргым келбейт. Сага баргым келет. (Вера, 3-кл.)

–Күнөөлөрүмдү буулантып салчы. (Толик, 3-кл.)

–Кел өлгүчө бир кезигебиз. (Юра, 2-кл.)

–Атам менен апамды кайра табыштыр. Кудай, жардамдашсаң тамекини таштайм. (Юра, 3-кл.)

–Өзүм үчүн эмес, адамзаты үчүн суранам. Жарыктыкта бардыгы жашоочу чегинен 11 жыл көпкө жашашсын. (Артур, 2-кл.)

–Адамдар тынч жана бактылуу өлгүдөй кыл. (Юля, 2-кл.)

–Менин атам жана чоң атам периштеге айланышсын – алар мени коргошот. (Женя, 1-кл.)

–Ишкер жашоону каалайм. (Жора, 2-кл.)

–Суранам, мени бүт дүйнөгө көргөз. (Алла, 2-кл.)

–Мага 1000000000000000000 доллар бер. (Эрик, 4-кл.)

–Эжейим мени түбөлүк окутсун. (Радик, 3-кл.)

–Сыйкырчы болгум келет. Болобу? (Андрей, 1-кл.)

–Өтүнөм, мага бактылуу үй бүлө берчи. (Радион, 3-кл.)

–Мени кандай сүйөөрүңдү көргөз. (Эрна, 2-кл.)

–Адамдарга кабак бүркөбөңүз. (Юра, 3-кл.)

–Сеникине бир жумага конокко баргым келип жатат. (Алёна, 1-кл.)

–Адамдар бири-бирин өлтүрбөсүн. (Олег, 1-кл.)

–Сага Антон жазууда. Эгер мүмкүн болсо, менин сүйүктүү оюнчуктарым тирилишсин. (Антон, 2-кл.)

–Андроновдордун үй бүлөсү эч качан өлбөгүдөй кыл. (Андронов Коля 2-кл.)

–Бир китептен каргага сен кесим сыр жөнөткөнүңдү окудум. Мага жөнөтө аласыңбы? Мага аябай жагат. (Вовка, 2-кл.)

–Менин күнөөлөрүмдү кечирип, жаш чагымдан ыйык кылчы. (Александр, 4-кл.)

–Мага карындаш төрөтчү, болбосо иним менен зериктим. (Люба, 2-кл.)

–Сенден көп сүйлөбөгөн кыз сурагым келди. (Вася, 3-кл.)

–Мени өзүң жакка Россияга алып кетчи. (Павлик, 2-кл.)

–Менин ата-энемди бала кезине кайтарсаң, апам менен достошуп, атамды токмоктоп алмакмын. (Гоша, 4-кл.)

–Билесиңби, Кудай мен мышык өңдүү досум болушун каалайт элем. (Дима, 3-кл.)

–Менин туулган күнүм жылына бир эмес, беш жолу болушун каалайт элем. Белектер үчүн эмес. Атамды көп жолу көрмөкмүн. (Нина, 2-кл.)

–Кимди карасам, баары күлүшсүн. (Тима, 2-кл.)

–Тынч жана жай карылыкты каалайм. (Юра, 1-кл.)

–Балмуздак жеген сайын ал түгөнбөсө. (Дима, 2-кл.)

–Теңтуштар капа кылбасын, а чоңдор – элжирешсин. (Шурик, 2-кл.)

–Апам качан оюна келгенде мушташа бербесин. (Владик, 1-кл.)

–Менин сепкилдерим жоголгудай кыл. (Галя, 3-кл.)

–Жаңы жылда биз жакка энемди жөнөтчү, суранам. (Рая, 2-кл.)

–Бул жарыктыкта түбөлүк ыракат тартуула. (Андрей, 3-кл.)

–Качан мен сени биринчи жолу көргөндө, сенден эч нерсе сурабайм. Анда сен, кандай оор басырыктуу бала деп ойлойсуң дагы мага “Мерседес” белек кыласың. (Атон, 4-кл.)

–Сен алсыз жана капа болгондорду коргойм деп сөз бергенсиң, эмнегедир байкалбайт. (Рома, 3-кл.)

–Менин канаттарым болушун каалайм. (Ивона, 1-кл.)

–Менин тыйын чычканым болсо. Мен аны менен циркте балдардын алдында чыкмакмын. (Максим, 4-кл.)

–Качан менин итим жерден кеткенде, өзүңдүн жаныңа алып ал. Чыныгы достуу болосуң. Бошонгонго саат жетиде алып чык, тандабай жейт, ага кыйкырба, тытып алышы мүмкүн. (Жора, 2-кл.)

–Жерге өзүңдүн балаңды жөнөт, биз аны какпайбыз. (Павлик, 3-кл.)

–Мен бала бакчадагы балдар өзүнө жайлуу ата-энелерди табышын өтө каалайм. (Даша, 4-кл.)

–Бардык жакырлардын өз наабайканасы болсун. (Надя, 1-кл.)

–Көп акча, ден соолук жана эмгекчил болсом. (Руслан, 3-кл.)

–Сыйынууга кеткен убакытты жашалган жашоодой эсептебе. Ойлонуш керек да. (Янис, 3-кл.)

–Мага боюнда бар куурчак бер. Ошондо менин 9 айдан соң куурчак жана куурчакчаларым болот. (Маша, 2-кл.)

–Мен бизге атамдын кайтышын өтө каалайм. Жана ал келгенде кыйкырып, урушпасын. Эгер болбой кыйкырса, анда дудук кылып сал. Дудук менен жашаган жакшы. (Рустам, 4-кл.)

–Менин бир туугандарым болушун өлө каалайм. (Наум, 3-кл.)

–Бизге бизди аччы. (Вова, 4-кл.)

–Бардык адамдарга мээрим таратсаң. (Катя, 2-кл.)

–Мага жашоодо мыкты жар ойлоп тапчы. (Маша, 3-кл.)

–Мен дайыма 16 жашта гана болсом. (Лева, 2-кл.)

–Эң чоң жайды уюштурчу. (Галя, 2-кл.)

–Суранам, адамды өлбөгүдөй жасагыла жана курт-кумурскалар болбосун. (Алик, 3-кл.)

– Кудай, чоң атам жана чоң энемдин жүздөрү асманда чагылышып жана мага жылмайып тургудай кылчы. (Кира, 4-кл.)

–Мага жашоо белек кыл. (Стасик, 1-кл.)

–Мен сенден бут кийим сурамакмын. (Саша, 2-кл.)

–Сурагам, карышкыр – Анатолий Папановду, Винни-Пух – Евгений Леоновду жана Мышык Леопольд – Андрей Мироновду тап дагы, биз аларды жакшы көрөрүбүздү айт. (Ося, 4-кл.)

–Адам төрөлгөндө запаска: кол, бут, чочо ж.б. керектүү дене мүчөлөрүн бергидей кылчы. (Юра, 3-кл.)

–Акыр кыямат күнүнөн сакта. (Миша, 2-кл.)

–Сен менин жакшынакайым болушуңду каалайм. (Настя, 2-кл.)

–Булутта чалкалап жаткым келет. (Толик, 2-кл.)

–Мен, тоту куш жана апам менен атам ден соолугу чың болсун. (Тося, 2-кл.)

–Сенин Жерде жашашыңды каалайм. (Антон, 3-кл.)

–Мен сенден аквариум периште-балыгы менен сурайын дедим эле. (Родион, 3-кл.)

–Адамдар көп акчалуу болушун каалайм. Жана ошолордун бири болсом. (Рома, 1-кл.)

–Биздин карыздарыбыздын баары жоголсун, ошондо карыз алганга болот. (Олег, 1-кл.)

–Верка Рогозинага ал сураганды бербе. (Оля, 3-кл.)

–Элдин баары бактылуу болсун, ошондо алар ачууланбайт экен. (Вася, 4-кл.)

–Кудай, кел сүйлөшүп алалы, мен сага ишенем, сен болсо мага. (Ляля, 2-кл.)

–Менин сага бир нече сурачым бар. Мен аба ырайынын ачык болушун каалайм. Качан бүркөк болсо менин да кабагым бүркөө. Жана дагы, менин иним жиниме тийбесин, себеби ал мени тажатты. (Света, 4-кл.)

–Жакшы – жакшыдай, а жаман – жамандай болсун. (Вика, 2-кл.)

–Мага сенин ыйык жүзүң жөнүндө көп айтышат. Байка, мени капа кыла көрбө. (Андрон, 4-кл.)

–Биздин жаныбызды инвалид болгондон сакта. (Изя, 4-кл.)

–Наталья Николаевнага болгон тартылууну жеңгенге жардамдаш. Ал карыбадыбы. (Ваган, 2-кл.)

–Эгер менин мээлейимди таап алсаң, суранам кайтарып берчи. Бирок чын. (Аня, 3-кл.)

–Мени бала кылып багып ал. Качан сен карыганда чөйчөккө суу сунганга жарайм. (Олег, 2-кл.)

–Менин артыман жакшылап көз салып жүр, жаман иш кылбагыдай болоюн. (Алик, 1-кл.)

–Мени суперменге айлантчы. Бирок машыгыш керек, ар күнү жүгүрүп, ар таңда зарядка жасап тур дебе. Ансыз да күнүгө атамдан угам. (Моня, 4-кл.)

–Мугалимдерге кантип жагам ойлоп тап. (Ира, 3-кл.)

–Мага өзүнчө дуба бер. (Игорь, 3-кл.)

–Кудай, апам өлбөс болсун. (Роза, 3-кл.)

–Мага кандайдыр бир кирешелүү иш берчи. (Гриша, 4-кл.)

–Мен сизден бир жаныбар сурамакмын, үйгө үйрөтүлгөн болсун. Эгер сизге оор болсо, анда мен жумшак оюнчукка деле каршы эмесмин. (Дайым сиздин Сема, 3-кл.)

–Күлкү боюнча теңтушум Лёшага жардам берип койчу. (Миша, 3-кл.)

–Менин атам моряк болуп иштейт. Толкундар ага мээримдүү болушсун. (Катя, 3-кл.)

–Бардык тирүү жандардын, жаратылыштын жада калса менин мүнөзүм жакшы болушун тилейт элем. (Аня, 1-кл.)

–Менин душмандарыма, өз душмандарын кечиргенди үйрөт. (Гера, 4-кл.)

–Сен деген ар бир адамда барсың да, ошондуктан, ал селкиге мага кандай жагарын айтып койчу. Мен өзүм сүрдөп жатам. (Коля, 3-кл.)

–А класста күнүгө цирк болсо болобу? (Юра, 2-кл.)

–Мени бир саатка балалыгыма коё берчи. Ал жакта биздин бала бакчадагы Катя жашайт эмеспи. (Артем, 1-кл.)

–Мен кааларым, акыркы адамдар биринчи болушса. (Толик, 2-кл.)

–Мага түйшөлткөн жоруктардан берчи, суранам. (Георгий, 2-кл.)

–Эки жыл мурда Аяз Ата маша велосипед белек кылган, бирок мен андан өстүм, мага чоңурак керек. Сен Аяз Атадан байсың да. (Роберт, 3-кл.)

–Кудай, менин апам дагы тукум улап жүрөт. (Игорь, 4-кл.)

–Мен Пушкинди жазуудамын. (Стасик, 3-кл.)

–50 жашты тапкым келүүдө. (Эрик, 2-кл.)

–Элди күнөөдөн эмес, жалгыздыктан сакта. (Сергей, 3-кл.)

Которгон: Улан Дөөлөтов