Мехмет Акиф Эрсой: Чанаккале шейиттерине

Мехмет Акиф Эрсой – (20.12.1873 – 27.12.1936) түрк акыны. Ветеринар, педагог, эл өкүлү, котормочу кызматтарын аркалаган. Түркия Республикасынын Гимнинин автору. М.А.Эрсой 1873-жылы Стамбулдун Фатих районунун Сарыгүзел махаллесинде туулган. Алгачкы ырларын мектепте окуп жүргөндө жазган. 1889-1893-жылдары ветеринардык колледжде окуп, 1906-1907-жылдары айылдык мектепте сабак берген. 1908-жылы египеттик акындардын ырларын которуп жарыялаган. “Себилүррешад” журналынын башкы редактору кызматын аткарган. 1913-жылы ветеринардык кызматтын директорунун орун басарлыгынан кетип, адабият менен алектенген. Түрк, арап, перс жана француз тилдерин жакшы билген акын 1925-1936-жылдары Египеттин Каирдеги “Жамиатүл Мысыриййе” университетинде түрк тили жана адабияты сабагынан дарс окуган. 1930-жылдары боордун циррозу дартына чалдыгып, 27-декабрь, 1936-жылы Стамбулда көз жумган.

Белгилүү чыгармалары “Чанаккале шейиттерине”, “Булбул”, “Эркиндик маршы” (Түркия Республикасынын Гимни)” ж.б.

“Чанаккале шейиттерине” чыгармасы Чанаккале согушунда курман болгон жоокерлерге багышталып жазылган. Бул согушту чагылдырган мыкты адабий чыгарма катары шейиттерди эскерүү күнү, 18-мартта көпчүлүк жерде көркөм окулат. Согуштун ырайымсыз жүзүн, түрк жоокерлеринин өз мекенин душмандардан каармандык менен коруп, кан жанын аябастан салгылашкандыгын, майдандагы эрдиктерин даңазалап, дастан кылган бул чыгарманы, көзгө жаш албай окуу кыйын.

М.А.Эрсойдун “Эркиндик маршы” чыгармасы Түркия Республикасынын гимни үчүн жарыяланган конкурста жеңүүчү деп табылган. Гимндин текстти Түркия Жогорку Улуттук Кеңеши тарабынан жактырылып, 12-март, 1921-жылы бекитилген. Акын бул ырында көз карандысыздык менен эркиндикке калк кандай кыйынчылык менен жеткендигин, бул азаттык оңой-олтоң келбегендигин таасирдүү, ары курч чагылдырган.

Чанаккале шейиттерине

Бу капчыгай коогалаңы, дүйнөдө жок теңдеши,

Жоон топ аскерлерден жүктөшүп төрттү, бешти,

Дөбөдөн жол таап өтүү үчүн Мармарага,

Нечен кеме кенедей жабышкан бир чыйырга.

Кандай арсыз кыйанаттык көк кыйырлар жабык,

Көрүнбөйт кайда кеткен «Мына бу Европалык!»

Аныңар жырткыч, таш боор, таз жору уюткусу,

Келген экен көз артып, ачылып арааны, өтүп сугу.

Эски дүйнө, Жаңы дүйнө адамзат ак-кара дебей,

Быкылдайт батпай жерге өлүүлөр тура келгендей.

Жети бөлүгү дүйнөнүн турат маңдайыңда

Австралия менен бирге карап турасың Канада!

Жүздөрү башка, тилдери, терилери миң түркүн,

Ортодо ачык бир сыр бар, эки бет бирдей үркүн.

Бири Инди, бири жинди, бири белгисиз ким билди,

Кара тумоодой соккусунан канча киши жан берди.

Эй, бу жыйырманчы кылымдын жокпу асыл адамдары?

Улуктары болсо да алардын түбү тексиз, арсыз, жарды.

Жоокердин маңдайында ай бою тынбай кусту,

Калтырбай ичиндеги ачыган заар ууну.

Бет кабы жыртылбаса дале аруу эле ал бизге,

Маданияты бар дебе ал нагыз бетсиз шерменде.

Каргыш тийген шайтандай жексур карааны,

Укмуш эми, бирөөсү бир өлкөнү кылчудай уранды.

 

Тээ алда чагылгандар, талкалайт көк кыйырды,

Тигинде зилзалалар, солкулдайт жердин бети.

Жарыгы түшүп бомбанын төбөсүнөн аңгектин,

Өчөт куйкалап көкүрөгүн ал арстан аскердин.

Жер алдында миңдеген мина, баскан ар бир кадам,

Жарылган ар минанын жыкканы жүздөгөн адам.

Өлүм жаткан көк жүзү, өлүк кускан кара жер,

Устукандай тартылат киши этинен жиликтер.

Куйкалуу баш-көз, кол, төш, бармак, аяк, жаак, шыйрак,

Төгүлөт түздүктөргө, өрөөндөргө кучак-кучак.

Ок өтпөс зоотко оронуп алган зөөкүрлөр,

Топон суудай каптап, тынымсыз жалын чачат.

Жылаңач көкүрөктү кызарта куйкалап,

Көктө тобу менен айланат сансыз учак.

 

Замбиректер тыным албай жаадырат коргошун…

Шылдың кылат аны, эр жүрөктөр кайдан корксун!

Кереги жок болоттон коргондор курал жыйган,

Бузула турган чеп эмес көөдөндөгү ыйман!

Аны душман колу кыйратып жок кыла албайт,

Анткени сабыры Улуктан, анда бек кайрат.

Курчалат, түшүрүлөт тосулган коргон жерлер,

Адамды эркинен айрый албайт көр пенделер.

 

Бул көкүрөк Кудайдын түбөлүк коргон-чеби,

«Менин ыйык түнөгүм» аны тепсетпе деди.

Ашымдын мууну азамат экен бали,

Намысын тепсеткен жок, тепсетпейт дагы.

Окко учкан денелер карасаң толо тоо-таш,

Ал Аллага сунулган, башкага ийилбейт баш.

Ок тийип маңдайына суналып дене жатат,

Ай-жылдыздуу туу үчүн, Кудай ай канча күн батат!

Эй, бу жер үчүн жер коюнунда жаткан аскер!

Арбактар түшүп ак маңдайдан өпсө жарашат.

Кадырлуусуң каның сактайт ыйык Динди,

Бедирдин арстандары сен сыңар даңктуу эле.

 

Сага тар болбоочу жайды кимдер казсын?

«Көмөлү кел сени тарыхка» десем батпайсың.

Астын-үстүн кылган дооруңдан артат ал китеп,

Сени жалгыз түбөлүктүүлүк калат кучактап.

«Мазар ташың» деп Кабаны тургузсам башыңа,

Жан дүйнөмдүн аянын туюп, чегерсем ташыңа,

Көңдөй көк асманды алып сенин урматыңа,

Көмкөрүп жаап койсом кан аккан мазарыңа.

Кара көк булуттарды күмбөзүңө кылсам дөбө,

Жети шамдуу үркөрдү орнотсом анда өйдө,

Сен бу жарыктын алдында оролуп каныңа,

Жатканыңда ай жарыгын алып барсам жаныңа,

Күмбөзүңө кароол кылып таңга чейин түнөтсөм,

Агарган таң менен шам чырагың үйлөтсөм,

Түрмөктөлгөн булутту ороп таңсам жаратыңа…

Дале, айта албайм жеттим деп кадырыңа.

 

Сенсиң акыркы кресттүүнүн тобун талкалаган,

Чыгыштын эң сүйүктүү султаны Салахаддинди,

Кылыч Арстандай эрлерди өзүңө суктанткан,

Сенсиң Исламды курчап муунтарда душманың,

Темир чынжырды көкүрөгүңдөн жулуп алдың.

Сенин арбагың менен чогу жүрөт түбөлүк атың,

Сен чыгармаларга көмүлсөң ашасың… Укмуш!

Сага келбейт көк кыйыр, сени албайт бу согуш…

Эй, шейиттин уулу шейит менден сураба мазар,

Сага кучагын жайып өзү турат Пайгамбар.

 

Эркиндик маршы  

(Түркия Республикасынын Гимни)

Коркпо, өчпөйт таңдагы бүлбүл жанган «кызыл от»;

Өчпөй туруп журт ичинде түтүн чыккан соңку очок.

Ал элимдин жылдызы, балбылдап жанат жарык;

Ал меники, ал менин элимдики. жалгыз анык.

 

Кабак чытпа, кагылайын, эй, назданган сулуу Ай!

Баатыр элге күлүмсүрө! Көктө туруп муңайбай!

Сен үчүн төгүлгөн кан болсун кийин адалдык

Акысы бу, «Алла» деген, улутумдун азаттык!

 

Мен эзелтен эркин келдим, эркин жашайм дайым.

Кайсы көркоо мага кишен салат имиш? Бар таңым!

Күркүрөгөн селдеймин, тосмолорду жулам, ашам,

Жарып өтүп тоолорду, жайыктарга батпайм, ташам.

 

Батыштын көк жээгин ороп турса болоттон дубал,

Менин ыйман толгон көөдөнүм, болот мага курал.

Улуусуң, коркпо! Дарманы жок бул ыйманды бузар,

«Цивилизация» дегениң тиши түшкөн жаныбар.

 

Сакчым! Журтума адепсизди жолотпо жакын.

Тосмо кыл төшүңдү, токтосун бу арсыз агын.

Тилеген күнүңдү да берет, буюруса, Кудайым

Ким билет, балким, эртең, балким андан жакын.

 

«Кара жер» дебе жалаң, тааны баскан жериңди,

Ойлодуңбу, анда жаткан кепинсиз аскерлерди?

Сен шейиттин уулусуң, капа кылба атаңды,

Ааламды алсаң да, бербе бу ыйык мекенди.

 

Ким бу ыйык мекен үчүн кыйбайт жанын ага?

Шейиттер чыгат, топуракты сыксаң шейиттер гана!

Жанымды, асыл жарымды, калтырбай баарын алса да,

Жараткан мени мекенимден айрыбасын бу жалганда.

 

Рухумдун сенден, Эгем, ушул жалгыз арзуусу:

Тийбесин конушта калгандарга чоочундун колу,

Бу, жаңырган азандар – диндин пай дубал жолу-

Түбөлүк журтумдун асманында оболомокчу.

 

Ошондо толкунданып, миң жүгүнөт-болсо-ташым,

Ар бир жаратымдан, Улугум, агат кандуу жашым,

Жалгыз рух сындуу жарып чыгат жерди денем;

Анда көтөрүлүп башым, балким, көккө тийем.

 

Желбире сен да таңкы желге эй, даңктуу байрак!

Болсун эми төгүлгөн кандын баары адал, ак.

Жок болууну жок кылып, жашайт элим ар убак:

Акысы бу, эркин учкан асабамдын эркиндик;

Акысы бу, «Алла» деген улутумдун азаттык!

Даярдаган жана ырларды которгон:

Филология илимдеринин кандидаты М.Текешова