Мээркан Токсобаева: Жаздыгымды суулаган күндөр өттү, бир жолу сүйүп калуу – миң жолу өлүү

*****

Булуттар туш-тушка чачылган,

буюккан бороон да басылган.

Баштарын көтөрдү кылтыйтып,

бакалар көлчүккө жашынган.

 

Аңгыча кызарып күн батты,

айлана мемиреп тим жатты.

Чалп этип секирип бакалар,

чурулдап хорлорун ырдашты.

 

Теребел тынчыды мемиреп,

түн дагы алдыга теминет.

Караңгы кең жайып кучагын,

келатат  дабышсыз берилеп.

 

*****

Агарып туш-туш жактары,

асманда нурдун ак шаңы.

Албырып атып келатат,

аяздуу кыштын ак таңы.

 

Эх, чиркин алды жактагы,

эң укмуш көрктүү бак дагы.

Элп эткен желге куланып,

эленет ак кар шактагы.

 

Чүмбөтү түндүн, түрүлүп,

чүрөк таң атат сүрүлүп.

Чар тарап келип  кыймылга,

жар  салат  өзүн тирүүлүк.

 

Шоокуму ырдайт асканын

Шуудурап жалбырактар жашыл ыраң,

шурудай кыз мойнунда тамылжыган.

Шуулдап жашыл кечтин ырын ырдайт,

шыбырын моокум канбай тыңшап турам.

 

Шааниси артып турган бар келбети

шайыдай түргө келген жердин бети.

Шыбырап тентек желге сырын айтып,

шынаарлап толкун ээрчийт көл бермети.

 

Шарпылдап толкун урат жээкке тынбай,

шолоктоп ыйлайт булут жашын тыйбай.

Шорголоп аска бетин жамгыр жууса,

шыбагаң, шыбагаң дейт көл шыбырай.

 

Шылдырап коктулардан кыян агат,

шыкалып буйткаларга тура калат.

Шыкаалап нурун төксө күн эгеси,

шооласын булут кайра жаап калат.

 

Шамалдан кайра үзүлүп, биригишип,

шакектей чокуларга илинишип.

Шамдагай булуттардын кыймылы да,

шаңшыган бүркүтүндөй бийик учуп.

 

Шоокуму ырдайт аска арасынын,

шоктонгон булуттун көр жарашыгын.

Шааниси артып турган күүсү угулат,

шумкардын шуулдаган канатынын.

 

Желбиресин  тынчтык күндүн  байрагы

(Улуу Жеңиштин 60 жылдыгына )

Бейкут жаткан элибизге кол салып,

чек арабыз душмандарга тапталган.

Төрт жыл бою жер солкулдап, ок учуп,

жүрөктөрдө өчпөс болуп так калган.

 

Биз согушту көргөн жокпуз, а бирок,

жүрөк менен сездик тозок экенин.

Ал тозоктон көптөр кайтып келген жок,

канкор фашист карайлатты неченин.

 

Кышкы аязда бороон тосуп, кар кечип,

кармаштарда кар жазданып уктаган.

Төрт жыл бою жай отурбай бел чечип,

төбөлөшкөн эрдигине суктанам.

 

Төштөрүндө орден, медаль жаркырап,

аталарым өчпөс тарых бир өзү.

Көңүлүмө көөнөрбөс из калтырат,

кан майдандын булар тирүү күбөсү.

 

Андан бери жылдар  өтүп бир далай,

карт тарыхтын барагына бүктөгөн.

Бирок өчпөй жүрөктөрдөн бул согуш,

айыкпаган жара болду бүтпөгөн.

 

Бүгүн көргөн эртең кайра табылбай,

жылдар жылып, катарлары суюлуп.

Жер бетинде мылтык үнү жаңырбай,

тынчтык болсун жеңип дайым улуулук.

 

Согуш азап, согуш кайгы экенин,

китеп окуп, кино көрүп сеземин.

Аталардын эрдигине суктанып,

аталарга миң жол таазим этемин.

 

Айылыбыздан орун алган эстелик,

ар дайыма гүл коёбуз эскерип.

Таш бетине ысымдары жазылган,

өчпөс болуп эстеликке беттелип.

 

Адамзатка кыргын салган алаамат,

кыл көпүрө кыяматты аралап.

Кырчылдашып, бет келишип душманга,

кыйын деген азаматтар бара алат.

 

Гитлерден тартып алып жеңишти,

аталарым келечекке беришти.

Андан бери алтымыш жыл өтүптүр,

бүгүн мына чоң майрамга келишти.

 

Согуш оту тутанбасын эч качан,

куттуу болсун алтымыш жыл майрамың.

Калың калкым ынтымакты сактаса,

ыйман болсо кудай берет калганын.

 

Куттуу болсун Улуу Жеңиш майрамы,

желбиресин тынчтык күндүн байрагы.

Жерибизди душман буту баспасын,

кайрылбасын кайгы-муңдар андагы.

 

*****

Сөз кадырын билген бар, билбеген бар,

иш кадырын биле албай кирдеген бар.

Өз колунан эч нерсе келбей туруп,

өйдөсүнүп, өрөпкүп сүйлөгөн бар.

 

Элим деген нечен бир азаматтын,

эңсесин кесип коёт айрым аксым.

Эки элди бириктирбей ажыраткан,

эпчилдин кылган иши кимге жаксын.

 

Жок болгондо билебиз бардын баркын,

токтолгондо билебиз жардын баркын.

Ак эмгегиң арнасаң жерде калбайт,

айкөл келет эзелтен кыргыз калкым.

 

Кудай дебей кутуруп жүргөндөрдү,

кулу болуп байлыкты сүйгөндөрдү.

Карыштырып тизгинин тартып коёт,

каран калгыр ошентип дүйнөң да өлдү.

 

Өксүгөн өмүр өзү сараң экен,

байлыгың кабат эмес жалаң экен.

Азуусун шакылдатып жалмап турган,

адамдын карышкыры адам экен.

 

Сүйүү азабы

Кайгымды кайра баштан козгобочу,

кайрадан жүрөгүмө орнобочу.

Бир жолку жалыныңа күйүп кеткем,

бар экен деп дагы эле ойлобочу.

 

Көз жашыңды суранам көрсөтпөчү,

көңүлүмдүн дагы эле бар бөксөсү.

Көздөгөнгө жете албай тилегинин,

кабыл болбой калганга бар өктөөсү.

 

Менин бактым колуңда турбады беле,

мээримиңе көз жашым кургады эле.

Жүрөктү тыз дедирген бир сезимди,

жалынып, жалбарсам да туйбады дебе.

 

Билемин көз карашың өрттөйт мени.

билгемин бир жалынды сезимдеги.

А бирок баш бура албай тагдырымдан,

азап тартып келемин андан бери.

 

Жарым кылым өтүптүр андан бери,

жазылбады сырдашып көңүл чери.

Жаздыгымды суулаган күндөр өттү,

бир жолу сүйүп калуу – миң жолу өлүү.

 

Сүйөм бирок, жек көрөм

Жашооң  өзү жалган деген чын тура,

жүрөгүмдө арман кайрык толтура.

Жакын жерде жүрсөң деле сагынам,

жароокерим сен тарапка умсуна.

 

Эмне мынча азап тарттык экөөбүз,

кезигишсек тик карашпай өтөбүз.

Ээлик кылат куру намыс ортодо,

кастыгыбыз жок эле го өтөгүс.

 

Жүрөгүмдө жек көрүү бар, сүйүү бар,

сүйүү өзү кайгы-муңдан турат го.

Каалагандай жашайм дейсиң, а бирок,

тагдыр деген өз билгенин кылат го.

 

Мен сени жек көрөмүн, демек сүйөм,

мен сени сүйөм, бирок жек көрөмүн.

Биздин жол кесилишпейт аны билем,

билгеним – эңсеп күндү өткөрөмүн.

 

Сүйүүгө күбө  өзүбүз

Жаркоокер элең, жакшы элең,

өзгөчө элең, башка элең.

Өзүңдүн жаккан отуңа,

өрттөнүп жүргөм башта эле.

 

Кызгылтым кышкы кечтеги,

кыялың эстен кетпеди.

Кынала баскан күндү эстейм,

кырчындай жаштык кездеги.

 

Серпилип оюм түрүлө,

сени эстеп жашайм күнүгө.

Сергитип адам көңүлүн,

себепкер болдуң сүйүүгө.

 

Көөдөндө туйлап кош жүрөк,

көңүлдү көккө өстүрөт.

Тамылжып таттуу кыялдар,

таң  атып анан кеч кирет.

 

Сүйлөшсөк бүтпөй сөзүбүз,

сүрдөнө тиктейт көзүбүз.

Сезимди бийик көтөргөн,

сүйүүгө күбө өзүбүз.

 

Эски сүрөт

Сагынтып мени, саматып мени кайрадан,

элесиң келди жаздагы гүлдөй ачылып.

Сары оору болуп, кусага батып сандаган,

сабылып жүдөп кетпедим беле басынып.

 

Ушул жай мени жетелеп сенин айлыңа,

убайым салган түйшүктү алды жүрөктөн.

Үмүтүм жанып, үйүлбөй санаа калды да,

ак таңдар атты жүрөккө сүйүү түнөткөн.

 

Тагдырым мага элести гана буюрган,

арадан канча жаз өттү билбейм, күз өттү.

Сүйүүбүз биздин эскирбес болуп туюлган,

сагынып карайм саргайган эски сүрөттү.

 

Кайрылгыс болуп кетпедиң беле кап-качан,

элесиң менен жашаган дагы көңүлдүү.

Ушул жай сени өз жүрөгүмдөн таппасам,

баалабай калмак экемин кызык өмүрдү.

 

«Теледен көрдүм сени»

«Теледен көрдүм сени, жакшы болду»,

дедиңиз колдорумду кармап туруп.

Сиздин да кечеңизди көргөм дедим,

алдыңызда албырып жайнап туруп.

 

«Кечеге чакыргамын, келбей койдуң»,

дедиңиз көздөрүңүз муңдуу тиктеп.

Мен болсо чакыра албай калдым дедим,

күнөөлүү күлүмсүрөп шылтоо издеп.

 

Уланбай сөздөрүбүз андан ары,

угулуп жүрөктөрдүн дүкүлдөгү.

Үнсүз гана каректер сүйлөшүүдө,

сендик деп көңүлүмдүн бүтүн жери.

 

Кечени сиз өткөрүп, мен өткөрүп,

көп мезгил өттү арадан туюлбаган.

Пендебиз канча каалап турсак дагы,

кечени бирге өткөрүү буюрбаган.

 

Мончоктой чачылгым келди эле бир

Моюнуңа оролуп ошол күнү,

мончоктой чачылгым келди эле бир.

Көксөтүп кусалык толгон күүнү,

кечиктиң, кечиктиң эмнегедир.

 

Бөлмөдө жым-жырттык өкүм сүрүп,

бир гана сааттын чыкылдагы.

Шырп эткен дабышка кулак түрүп,

жан жолдош жалгыздык ушундагы.

 

Шоокуму ак таңдын шоола чачып,

шыбына бөлмөнүн шыбалууда.

Шыбырын жамгырдын улай басып,

шырп эткен дабышка чыгам удаа.

 

Тыңшатып күтүүгө толгон күүнү,

тымызын жүрөктү уулап кеттиң.

Таалайым толтура болгон күнү,

түбөлүк бөксөрбөй турат депмин.

 

Ушул кеч биздики болмок бүгүн,

кечигип келбедиң эмнегедир.

Моюнумдан ыргытып күтүү жүгүн,

мончоктой чачылгым келди эле бир.

 

Жамгыр  жана сиз

Жап-жалгыз отурамын,

өткөндөр эске келет.

Жүрөккө толтурамын,

өкүнүч жашын элеп.

 

Сиз мага табылгансыз,

түбөлүк бакытымдай.

Жамгыр жаайт чагылгансыз,

жамгыр жаайт такыр тынбай.

 

Ак жамгыр төгөт,төгөт,

өктөсү канбагандай.

Айнекти өбөт, өбөт,

аргасы калбагандай.

 

Сиз дагы бул жамгырдын,

шыбырын уктуңузбу.

Сүйүүнү мен жөнөткөн,

утурлап чыктыңызбы.

 

Ойлорум сиз жөнүндө,

түбөлүк убайымдай.

Сеземин өзүңүздү,

сүйүүнүн кудайындай.

 

Күмүш чач менин асылым

-Ырларың жагат,-дедиңиз мага,-ырларың,

ышкымды козгоп ыр уккан сайын жыргадым.

-ырахмат,-дедим,-ырахмат сезгениңизге,

ырларга ошол турпатым менен сыйгамын.

 

-Арнадың кимге ачыгын айтчы угалык,-

албырып жүзүң көзүңдө турду сураныч.

Арнагам сизге, батынып бирок айта албай,

армандуу дүйнө ай, айыптуу болдум кубарып.

 

Санаага салып саамайым буурул болгондо,

сагыныч ырын маңдайга жазып койгон го.

Бейпайга түшпөй бейкапар жүрмөк экемин,

бет алып сунган колуңду суутпай койгондо.

 

Кусалык басып курутту кайсы жазыгым,

кызытып сууткан темирдей болуп жашыдым.

Бактымды сынап баатырдык кылып барайын,

кубанып тосчу күмүш чач менин асылым.

 

Улгайган кездин сүйүүсү

Кайтайын деген көңүлдүн оту жанданып,

карыганда да сүйүүлөр келет экен ээ.

Кыз-күйөөм анан неберелерден жазганып,

кыйыла карап, кылчактап басып өтөм ээ.

 

Тагдырың сенин тараза болот турбайбы,

таамайлап туруп тарттырган анын күйүтүн.

Умсунуп татпай кусалуу жүрөк туйлайбы,

улгайган кездин укмуштай кызык сүйүүсүн.

 

Боздогон сүйүү бороонун тосуп келатам,

бой жеткен кыздай болочок аны талашат.

Кайылмын мейли кайрыгын ырдын таппасам,

бир гана сени тапканым кандай ырахат.

 

Бирок да бизге буюрбай сүйүү кызыгы,

эмнеге мынча кеч келдиң карек талытып.

Көп күтүп жүрүп кезиккен учур ушубу,

мезгилим койду мени да минтип карытып.

 

Карысак деле каректин оту жанданып,

кайрылып акыр махабат келет экен ээ.

Уятым кыйнап уулдарымдан жазганып,

уурдана карап унчукпай басып өтөм ээ.