Марс Арзымбек уулу: Төшөгүмдөн тураар замат чай сунган, Ата-энемден уккум келет жаңылык.

*****

Толкуну жашоонун өйдө-ылдый сүрүлүп,

Тунарган багытың, туруксуз үмүтүң.

Көркүнө мемирейм, түн сыры керемет,

Көргөзбөй жашырган бир сулуу уйкусун.

 

Түнөргөн түсүнө түн сыры не катат?

Түндөсү бүт өмүр “солк” этпей жай агат.

Тыным жок жүгүргөн күндүзгү көр турмуш,

Түн ичи жоголот, түгөнбөс машакат!

 

*****

Үзүк сызык узун өмүр,

Билинбейт башаты, бүтөөрү…

Бир күнүң- бир кесинди.

Бир четтен кертилет бүт эми

 

Өмүрүң өзүңдүкү…

Күндөрүң менчик эмес!

Ар күнү чебелектеп

Адамдар эркин эмес

 

Тулпардай таңдар атып,

Керкидей кечтер өтөт.

Бир күн жумуш,

бир күн тааныш

Бир күн ушак,

бир күн жомок…

Күндөрүң талап кетет.

 

Өзүңө эмне жетет?

Өмүрүң неге жетет…?

 

Мен билген бирөө

Мен билген бирөө,

Бир келген белек.

Күлкүсү тунук,

Дүйнөсү бөлөк.

Жоругу сонун,

Жок! Андай башка…

Добушу жумшак,

Жагымдуу жанга.

 

Эмнени ойлойт

Сыр бойдон калат.

Мүнөзү ачык,

Мага абдан жагат.

Не кылыш керек?

Талабы бийик!

Түтөдүм ага татыбай жүрүп…

 

*****

Кезек…

Караансың кайыптагы.

Калтаарып сени күткөн,

Караанмын кайыктагы.

 

Болмуштун башталышы

Бозоргон багыттарга

Боздотуп алып баруучу

 

Кезек…

Жаңыны жаратасың

Тамандан так из түшпөй

Жарга алып баратасың

 

Сан ойлор түбү туюк

Сүрүлөм толкун менен

Кезегим келет бир күн

Бардыгы орду менен…

 

Жаңылык

Көрүшкөндө көчө түгөл жаңырып,

Күлкүсүчү көзүңдөн жаш агызып,

Бүт дененди кубанычка бөлөгөн,

Курбулардан уккум келет жаңылык.

 

Турмушумдун түбүн чексиз шаң кылып,

Кээде сүйүп кээде ойноп, таарынып,

Жүрөгүмдүн жанар тоосу болуучу,

Сүйгөнүмдөн уккум келет жаңылык.

 

“Келээр бекен”- деп ойлонуп зарыгып,

Күндү санап күндө катуу сагынып,

Төшөгүмдөн тураар замат чай сунган,

Ата-энемден уккум келет жаңылык.

 

Жалгыздыктын төшөнчүсүн жамынып,

Жаным ачып кусалыкка багынып,

Бүдөмүкө кабылганда эрк берээр,

Жакындардан уккум келет жаңылык