Марк Твен: Калети окшоштук

Калети окшоштук

(аңгеме)

Анча жылдар мурун Нью-Йорк штатындагы Соломонка вокзалына келдим. Ал жерден башка бир поездге отуруп, алыска сапар чекмекмин. Жанымда шеригим да бар эле. Вокзалда жык-жыйма, шашылган эле адамдар, байкашымда алар деле мен чыга турган поездди күтүп турушкандай. Кассага бардым да абдан шашылыш экенимди айтып тезирээк мага бир билет таап бер деп өтүнүч кылдым. Кассир айым башын чайкап, билет таба албай турганын айтты. Аламан элдин арасынан кысылып, кыйналып аралап жүрүп вокзалдын бир кызматкерин таап, мага бир орун таап, ушул поездде жөнөтүп коюшун сураныч кылдым. Ал чекесин чүрүштүрүп мени карап туруп, “мүмкүнчүлүк жок, поезддин бурчуна чейин адам толуп калганын айтып, өзүң деле көрүп турбайсыңбы? Сага бир орунду кайдан тапмак элем”,-деп тескери басып кетти.

Булар менин ким экенимди билбейт да,-билсе гана дедим өзүмчө сүйлөнүп.

Жанымда турган шеригим

-Кейибе, эгер сенин ким экениңди билген күндө деле мына ушунча тыгылыш болуп, адам өлдү-өлдү болуп жатканда сага кантип жардам бермек эле.

Туура эле мындай шартта айла табылышы кыйын. Элге кызмат көрсөтүп жаткандардын арасында вокзалдын кызматкеринин формасын кийген эки адам негедир мен жакты жаңсап, мен тууралуу бир нерселерди сүйлөшүп жаткандай болду. Мен тарапка колун жаңсап, сүйлөшүп жатты. Бир кезде элдин арасынан бир формачан жигит суурулуп чыгып менин жаныма келди да.

-Урматтуу мырзам, сизге кандайдыр бир жардам керек болуп жатабы, сизге жөнөй турган поездге орун керекпи,- деди?

-Албетте,-дедим, кубанып кеткенимди жашыра албай.

-Мага кандай шартта болсо да бир орун таап берсеңиз жакшы болмок, шашылыш кетишим керек эле,- дедим.

-Бизде үй-бүлөлүүлөр үчүн бир бөлмөлүү гана бир чоң бөлмө калган,-деди жүзү албырып. Жумшак керебеттүү, ичинде андан сырткары эки креслосу да бар. Мына жүрүнүз.

-Кана Том, бул мырзанын жүктөрүн көтөрүп узатып жүрчү деп буйрук бере сүйлөдү, ал жигит башындагы шляпасын колуна алып ийилип таазим кылды да чемондандарымды көтөрүп жөнөдү. Жигит өзү баштап келип бир купеге жайгаштырды да өзү эшикти ачып сыртка чыкты. Мен эми жанымдагы адамга мактанайын деп кайра ойлонгончо тигил жигит кайра эшикти ачып кирип келди да.

-Урматтуу мырза, сизге дагы кандай кызмат кылуум керек,-деди.

-Кичине кайнак суу табылар бекен ,-дедим.

-Албетте, сиз үчүн дароо таап келемин.

-Чоң рахмат, мына бул жанып турган лампа бийигирээк жерге коюлуп калыптыр да, ылдый түшүрсө болор бекен, мен жүрүп бараткан поездде китеп окуганды абдан жакшы көрчү элем,- дедим.

-Эң сонун болот. Сизге ыңгайлуу кылып жайгаштырып берем, таңга чейин өчпөй турат, мен да китеп окуган адамды абдан урматтаймын. Түн бою окусаңыз да болот, деп шыпылдап лампаны ыңгайлуу кылып жайгаштырып берди.

-Урматтуу мырзам сизге дагы эмне керек болсо айтсаңыз, вагонду аңтар теңтерин чыгарып болсо да таап келип берем деди тигил жигит.

-Мына көрдүңбү сен менин сөзүмө ишенбейсиң, Булар менин Марк Твен экенимди таанып кандай гана шарттарды жаратып берди. Өз көзүң менен көрдүң,-дедим көтөрүлө сүйлөп. Шеригим да эми өзүн эркин сезип калды.

-Сага көрсөтүлгөн кызматтарга ыраазысыңбы? Коркпой айта бер анын баары билеттин баасына киргизилген, бул кызматтарга кошумча пул төлөбөйсүң, -дедим.

Мен ушинтип мактанып турган учурда вогонду тейлөөчү жигит эшикти ачып кирип келди да.

-Ооба жигит, мен сизди вокзалда шашып жүргөнүңүздү көрүп эле тааныгамын.

Аңгыча поезд ордунан козголуп жөнөдү.

-Ооба, ооба, бир көрүп эле тааныгамын деди. Жетекчибизге да сизди өзүм көрсөттүм. Туурабы, азиз мейман,-деди кызматкер.

Мен ага чай үчүн акча сундум да мен киммин?- дедим.

-Урматтуу Марк Каллен-Нью-Йорк шаарынын мэрисиз!

-Бул сөздөн кийин шеригим мени карап, мен шеригимди карап аңкайып туруп калдык.

Которгон: Абдымомун Калбаев