Мар Байжиев: Ажырашуу сотунда

Ажырашуу сотунда

(Бир көшөгөлүү тамаша)

Бопуш Монколоев- Күйөөсү

Күкүш Монколоева- Аялы

Акыйкаттуу сот

Окуя райондук эл сотунда өтөт. Бүгүнкү күндөр… Сот бир нерсе жазып отурат.

Бопуш: (эшиктен баш багып). Мүмкүн бекен?

Сот: Келиӊиздер.

(Бопуш  Күкүштү жетелеп кирет. Колунда чоӊ сетка анын ичинде газетага оролгон папкелер)

Сот: Отурунуздар, кулак сизде.

Бопуш: Биз жанагы… тиги… ажырашабыз деп арыз бердик эле.

Сот: Арызды ким берди эле?

Бопуш: Мен жолдош сот!

Сот: Турмуш курганыңарга канча болду?

Бопуш: Отуз жыл.

Сот: (жазып). Канча балаӊыз бар?

Бопуш: Беш.

Сот: (жазып). Эмне себептен ажырашууга бел байладыӊыз?

Бопуш: Азыр. Садагасы! Бардыгын айтып берем. (Күшүлдөп, бышылдап сеткадан кагазга оролгон папкаларын алып чыгып үнүн оӊдоп окуй баштайт.)

Акыйкаттуу сот! Мен Монколоев Бопуш Монколоевич бир миӊ тогуз жүз отузунчу жылы, жайдын бир толук кезинде, адырлуу тоонун бетинде, таӊ алдындагы үрөӊ-бараӊда элибиз үчүн адал эмгек кылган айыл чарбабыздын өрнөгүн байытып, ар бир тубар койдон экиден козу алган койчу-чабан Моӊколойдун үй-бүлөсүндө туулгам.

Сот: Кечиреесиз, сиз өмүр баяныӊызды өтө эле толук айта баштадыӊыз…

Бопуш: Азыр-азыр… Кыскартам (окуп). Ошентип бир миӊ тогуз жүз элүүнчү жылы оору-сыркоодон оолак болгон соӊ, аман- эсен жыйырма жашка чыктым. Ошондо картайган атам түлөө берип, туш тараптан таяке-жээндер келип, акча-пул чогултуп мени окуп чоӊ болуп кел деп шаарга жиберишти. Мен шаарга келдим да биринчи эле экзаменден шалак этип куладым. Бирок душманга шек алдырбай, зыӊкыйган бойдон шаарга жүрө бердим.

Сот: (сөзүн бөлүп). Кечиресиз, сиз алдагы токтомдун баарын окуйсузбу?

Бопуш: И!

Сот: Анын барын бүткөнчө кеч кирип, таӊ атат. Ал эми эшикте дагы бир далай адам өзүнүн кезегин күтүп отурат.

Бопуш: Болуптур, андай болсо мындай. Мен отузунчу жылы туулдум, элүүнчү жылы жыйырмага чыктым да мынабу отурган аялды алдым, беш балалуу болдум, эми ажырашам.

Сот: Отуз жыл бирге жашап, беш балалуу болуп, улгайганда ажырашпай эле койбойсузбу.

Бопуш: Жок! Болбойт! Ажырашам. Кетем. Өлөм. Тентийм. Талак! Талак! Талак!

Сот: Сабыр кылыӊыз аксакал.

Бопуш: Жок сабыр кыла албайм. Айтканым- айткан, дегеним –деген. Шиши толду мунун. Талак катты колума берип ажыраштыргыла. Же болбосо мунуӊарды муунтуп салып, так! Үй ичин бүт өрттөп, балдарды детдомго берип, так! Короонун ортосуна отуруп алып так! Эки жашик пивону жаныма коюп алып, ошонун бардыгы бүтмөйүнчө тынбай жута берип, өзүмдү өзүм күм-жам кылам да тентип кетем.

Сот: Ошондойго жеткендей эмне себеп болду?

Бопуш: Ой мунуӊар суу кошпогон жезкемпир да!

Сот: Суу кошпогон жез кемпир?

Бопуш: И! Нактасы!

Күкүш: (күйөөсүнө) Ой, бай болгур, мен жезкемпир болуп сага эмне жамандык кылдым?

Бопуш: Мына, көрдүӊүзбү, такымы жок!

Сот: Жок. Эмне үчүн жок.

Бопуш: Жеп койгон да!

Сот: (түшүнбөй). Ким?

Бопуш: Ким бомок эле? Өзү да!

Сот: Ал эмне дегениӊиз?

Бопуш: Ал тили ачуу, тапан дегеним.

Сот: (түшүнүп). А-а! (жазат).

Бопуш: Жазыӊыз, жаза бериӊиз. Анан дагы долу албуут жана машке.

Сот: Машке?

Бопуш: И. Кенедей эле бир нерсе ооз тийсем. “Дагы ичиптирсиӊ!” – деп тээ бир чакырым жерден мурун чүйрүп турат. Ал анан баягы ата-тя-патя-тясын баштайт.

Сот: Ал эмне дегениӊиз?

Бопуш: Мени ошентип жемелейт, урушат. Анан дагы калпычы, ушакчы, жалаачы, кошоматчы, мыкаачы, жана… жана… ургаачы!

Сот: Ургаачы?

Бопуш: И!

Сот: Аял болгон соӊ ургаачы да.

Бопуш: Туура, бирок ошонун чийкиси болуп жатпайбы!

Сот: Сиздики бүттүбү?

Бопуш: О, кайдан. Мунукун айтып отурса өзүнчө эле миӊ бир түн… Менин ага туугандарымды көзүнө илбейт.

Сот: Мисалы.

Бопуш: Мисалыбы? Мисалы өгүнү эле айылдан окууга өтөбүз деп жети бала келиптир. Бутуӊар шыбоо жыттанат экен деп жетөөнүн теӊ байпактарын өздөрүнө жуудуруп, батинкелерин оозгу үйгө чечтирсе болобу?!

Сот: Балким. Бул туура болуп жүрбөсүн?

Бопуш: Ой, жетөө теӊ мага айылдаш туугандар да, ошолордун жытына бир жолу чыдап койсо уугуп өлүп калмак беле. Ошол эле жетөөнөн бир кезде айланып жүрүп жети козу келет да!

Күкүш: А өзүӊ эмне кылдыӊ эртеси?

Бопуш: Э-эмне кылыптырмын?

Күкүш: (сотко). Эртеси менин жетимишке чыккан тайэнем келсе, анын көлөч маасысын терезеден ыргытып жиберсе болобу, бетим!

Бопуш: Сен менин туугандарыма кандай мамиле кылсаӊ мен да ошентем.

Күкүш: Ме-ен тамтаӊдап бешинчи этаждан түшкүчө , кошунанын ити кемпирдин бир көлөшүн тиштеп кетиптир. Таяэнеме жаӊы көлөч маасы алып бербедимби, уятыман.

Бопуш: Мына көрдүӊүзбү, урматтуу сотум. Менин туугандарым келсе батинкелерин эшикке чечтирет, ал эми өзүнүн туугандары келсе жаӊы бут кийим алып берет. Анан кантип күйбөгөн жериӊ күл болбойт.

Сот: (Бопушка). Сиздики түшүнүктүү. (Күкүшкө) Сиздин кандай дооматыӊыз бар?

Күкүш: Балдарыбыздын алды отузга келди. Жыл сайын муну, ана оӊолот, мына оӊолот деп жүрүп мынтип апсайып карып да кеттим. Үй-бүлө үчүн кыбыр этип койбойт. Бардыгын өзүм жасайм. Кызматтан келет да, шалак этип диванга жыгылат. Меккеден таш көтөрүп келгенсип.

Бопуш: Ой сабатсыз! Мен иштеп жүрөм да!

Күкүш: Мен эмне иштебей оромпой тээп жүрүптүрмүнбү? (Сотко) экөөбүз бир цехте иштейбиз. Бул менин звеномдо мастер. Мен нормомду жүз жыйырма бешке аткарсам, бул эптеп-септеп сексен- токсондун ичинде. Мен айына эки жүз сом алсам, бул жүз жыйырма анын да бир тобун небак шимирип койгон болот.

Бопуш: Ой сабатсыз! Өндүрүштүн үй-бүлө турмушуна кандай тиешеси бар?

Күкүш: Сен бардык жерде бирдей болуп жатпайсыӊбы? Былтыртан бери ажырашам деген бир балекетти таап алды. Же түгөнгүр, аркы цехте бир ойсоктогон неме бар эле, ошону байкап калдыӊбы?

Бопуш: И-ий! Күйгүзөсүӊ да, күйгүзөсүӊ!

Күкүш: Кызматта жүргөндө деле момун, жалдырап, көзүмдүн кареги менен кошо айланат. Үйгө келди эле болду. Каалганын оозунда турган базаркомдой бакылдап мага күн көрсөтпөйт.

Бопуш: Ой, өндүрүштө жүргөндө мен сени кантип тилдейм? Өкмөт сени пе-пе деп эле эркелетип, профком, фабком, районго депутат, көргөзмөгө лауреат кылып таптап турса. Он жылдын ичинде эки медаль, эки орден, канча ардак грамота алдыӊ. Адам болсоӊ; ой чоӊдор, мынабу байкуш күйөөм эле, буга деле жалтыраган бирдеме бергиле дебейсиӊби. Гезит ачсам деле бакырайып ушунун сүрөтү. Анан да жөн түшпөй; “Мени байкадыӊбы?” – дегенсип тиштерин арсайтат.

Сот: (күлүп). Бирок, аксакал сыйлыкты өкмөтүбүз ар бир адамдын адал эмгегине жараша берет да!

Бопуш: Ой кокуй оой! Ушундай катынга отуз жылдан бери чыдап келе жатканым үчүн мага кыргыз элинин баатыры деген наам берсе да аздык кылат.

Сот: Аялыӊыздын даңкы чыгып, сүрөтү газетага басылган сайын сыймыктанбайсызбы?

Бопуш: Кантип сыймыктанам? Мунуӊар көкөлөгөн сайын мен жепирейип жерге кирип жатпаймынбы?! Цехте жүргөндө, “Ой” десем мунуӊар: “ч-ш”- деп жыландай ышкырып, жаагыңды басып коёт. Анан мен отурам бакадай болуп жалдырап.

Сот: Коош. Канча балабыз бар дедиӊиз?

Бопуш: Беш! Үчөө эркек, экөө кыз.

Сот: Балдарыӊыз кандай?

Бопуш: Кандай болмок эле, менин балдарым? Сонун балдар да! Улуусу отузга чыга элек жатып, чоӊ курулушка директор болду. Сүрөтү ардак тактадан кетпейт. Экинчиси Академнаукта, окумуштуу, жанагы эски мүрзөлөрдү казып чоӊ-чоӊ китептерди жазып жүрөт.

Сот: Археологбу?

Бопуш: Ооба. Кызыбыз балдардын доктору, күйөөсү менен чогуу кетип, тээ Алайда оорукана башкарат. Кйинки кызыбыз энесинин жолун жолдойм деп, Маскөөдө окуп жүрөт. Бир уулубуз аскерде, өгүнү командиринен “Уулуӊузду жакшы тарбиялаганыӊызга ыракмат”- деген кат келди. Дагы бир уулубуз төрт жылдан бери Токтогул стипендиясын алып окуйт.

Сот: Ал да мыкты жигит деӊизчи?

Бопуш: Ой, кокуй оо-ой! Мага келин болуп берсем деген кыздар күндүр-түндүр жанды койбой жөн эле телефон боосун чайнайт.

Сот: Балаӊыздын адамдык сапаттары кандай?

Бопуш: Сонун да! Жакшы болгон үчүн ишинде да, жолдош-жоросуна да кадыр барктуу болуп жатпайбы!

Сот: Балдарыӊыз жакшы тарбия алган экен да!

Бопуш: И! Ал эми жанагы аскердегиси колуна комуз алып ырдаса, өзүнчө бир ырахат. Жанагы бир одурайган обончулар бар, го, Нарынга тыятыр ачса, поэздге түшүп алып ыйлаган ким эле?

Сот: Айталиевби?

Бопуш: И! Ошонун ырын ырдаса жөн эле көзүӊдүн жашы шорголойт.

Жаш элек шайыр шаттанган.

Алыска сапар аттанган

Кылдырап поюз баратса…

(жашын сүртүп) Иттики уулумду сагынып кетпедимби!

Сот: Балдарыӊызды өтө жакшы көрөсүз го.

Бопуш: Баласыз оокат курусун. Мындай алтындай балдар эч жерде жок.

Сот: Ошол балдарды адам кылып тарбиялаган ким, билесизби?

Бопуш: (шектенип). Ким экен?

Сот: (Күкүштү көрсөтүп). Мына бул кииш.

Бопуш: Мобу катынбы? А мен эшек такалап жүрүптүрмүнбү?

Сот: Албетте, сиздин да эмгегиӊиз бар, бирок баланын негизги тарбиясы эне болот. Кана айтыӊызчы балдарыӊыздын кимиси ичет?

Бопуш: Эч кимиси оозуна албайт. “Атабыздын анда-санда эле сеп эткени эле жетишет.”- дейт. Ысаптуу балдар да!

Сот: Ал эми аялыӊыз ичеби?

Бопуш: Ичмек тургай, жытына чыдабайт.

Сот: Демек, балдарыӊыз үлгүнү сизден албай, энесинен алган экен да?

Бопуш: Эми аны ким билсин!

Сот: Үй оокатыӊар кандай, начар дейт го?

Бопуш: Ким ботом?

Сот: Уктук.

Бопуш: Ушак, Көрө албастык. Ишенбесеӊ, кел үйүмө. Үй ичи күзгүдөй жаркырайт. Ттиги прансуздарча мойнуӊа салпеткадан суу-жоолук байланып, оӊ жагыңа сабы күмүш мокок бычак, сол жагыӊа жалтырак кашык, күмүш вилка коюп, первый, ыпторой, третий кылып тамак ичесиӊ. Крустал стакандан кымыз ичесиӊ.

Сот: Конуп калсамчы?

Бопуш: Акактай аппак шейшеп-жаздык, шайы жууркан!

Сот: Бул сарамжалдыктын баарын өзүӊүз жасайсыз го?

Бопуш: Жинди болуптурмунбу. Мен деген эркекмин да!

Сот: Демек, аялыӊыздын жумушу экен да!

Бопуш: И!

Сот: Ушунча болуп сизге орой сөз айтып, же болбосо одоно мамиле кылдыбы?

Бопуш: Антсе, тилин жулуп салбаймынбы?!

Сот: Эми дагы бир суроо, аксакал. Соттошуп жаткан соӊ, ачык сүйлөшөлү.

Бопуш: Сурай бер, садагасы сот. Эч нерсени жашырбайм. Улуу сөздө уят жок.

Сот: Аялыӊыз жаш кезинде, же кийинчерээк бирөөгө көӊүлү түшүп, же… кечирип коюӊуз, ушул сыяктуу шектенттиби сизди?

Бопуш: Андабы? Анда баягы катынын муунтуп салган негирдей болуп, мунуӊарды ошол эле жерден күм-жам кылбаймынбы?

Сот: Демек, ал жактан да шегиӊиз жок экен да.

Бопуш: И!

Сот: Аялыӊыздын кызматташ жумушчулар жана жетекчилер менен болгон мамилеси кандай?

Бопуш: Бардыгы Күкүш эже. Күкүш Курмановна, жолдош Курманова дешип кол куушуруп турушат. Ал эми сегизинчи мартта, анан төртүнчү февралда – бул түгөттүн туулган күнү – куттуктоолор, бадеркелер бир мүшөк болуп кетет. Анан мен жанагы фабкомго, же директорго барсам – олтурам үӊкүйүп, кезек күтүп, бул болсо сразум эле аралап, төрүнө чыгып кетет, чоӊдорубуз муну “кой, ай” демек тургай, буга тура калып кол беришет.

Сот: Демек, аялыӊызды жетекчилер да абдан урматташат экен да.

Бопуш: И! Анан чоӊ чогулуштарда соксоюп президиумга олтуруп алганычы мунун!

Сот: Сизге ошондо кандай ойлор келет.

Бопуш: “Байкабайсыңарбы, тетиги суйкайган аял менин байбичем” – деп кымыӊдайм, да!

Сот: Демек сыймыктанат экенсиз да!

Бопуш: Аны айтпа! Көөдөнүм толо өпкө!

Сот: Ал эми жоро-жолдошторуӊуз да ушундай сыймыктанабы аялдарына?

Бопуш: Ой , кокуй ой, ал шордууулар эмнесине сыймыктанышат?

Сот: Демек, сиздин гана аялыӊыз сыймыкка татыктуу экен да!

Бопуш: И!

Сот: (күлүп) А, кокус аялыӊыз башка адам менен жашайм деп, үйдөн чыгып кетсе кантээр элеӊиз?

Бопуш: Анда эле өлбөдүмбү?

Сот: Эмнеден өлөсүз?

Бопуш: Намысыман деле мүрт кетпейминби?

Сот: (Күкүшкө). Кана сиздин оюӊуз кандай?

Күкүш: Мен мунуӊар менен жашай албайм! Мындан дурусураак, акылдуурак, берешенирээк, сонунураак, жашыраак жигит табам да ошону ээрчип кете берем!

Бопуш: (жалдырап). Э, Күкүш, бул эмне дегениӊ?

Күкүш: Айтканым-айткан. Дегеним-деген.

Бопуш: (ыйламсырап) Э, айланайын! Менчи! Мени эмне кыласыӊ?

Күкүш: Сени таштайм. Шишиӊ толду.

Бопуш: Кой, Күкүш, сабыр кыл. Карыганда мени тамтаӊдатпа!

Күкүш: Сен жанагы экинчи цехтеги ойсокеге бар.

Бопуш: Ой, өлүп кетейин, нан урсун эми ошол жакка барсам. Мени өлтүрбө.

Күкүш: Жок. Ажырашам! Кетем! Тентийм. Талак-бир! Талак-Эки! Талак-үч! Талак-төрт!

Бопуш: Ой! Ой! Болду.

Күкүш: Кечиресиз! Талак-беш! Талак-алты!

Бопуш: Ой келесоо! Эркекти талак дебейт.

Күкүш: И-и, мен келесоо болуп калдымбы? Талак-жети, Талак-сегиз, он, он бир, жыйырма беш! Отуз талак бардыгын бердим сага!

Сот: сабыр кылыӊыз, эже!

Күкүш: Жок болбойт. Ажырашам. Үйдөгү эмерек-семеректерди бөлгүлө. Же болбосо мынабу үӊкүйгөн немеӊерди муунтуп өлтүрүп салып, үй ичин бүт өрттөп, так! Балдарымды неберелерим менен кошуп туруп детдомго берип так! Короонун так ортосуна ич көйнөкчөн соксоюп отуруп алып, так! Төрт яшик пивону коюп, коюп так! Ошонун бардыгын шимирип, бошогон бөтөлкөлөрүн бычыратып чагып, так! Кыйкырып туруп басып кетем!

Бопуш: (ыйламсырап). Кой, Күкүш кой. Өлүп каласыӊ!

Күкүш: Мейли!

Бопуш: Анда мен артыӊан кошо тоголоном.

Күкүш: Мейлиӊ, тоголон.

Бопуш: Кагылайын сот-иним! Момунуӊ эмне дейт ыя?! Кой деп койчу.

Сот: Жок, аксакал, акыйкаттуу сот андай ишке бара албайт. Биздин максат сиздин арызыӊызды карап чыгып ажыраштырып коюу, Күкүш эжени башка адамга кошобуз, так! Үйдөгү эмерек-семеректи бөлөбүз. Эмерегин-эжеме, семерегин-сизге. Сизге талак кагазын берип , агытып жиберебиз…

Бопуш: (элге). Э, кагылайын эл журт! Ушундай да болобу? Булар мени дат баскан бычак менен тирүүлөй мууздаганы жатат го! Э, ага-тууган, барсыӊарбы деги! Кой деп койбойсуӊарбы? Э кагылайын сотум, бул эминеӊ?

Сот: Менде эч айла жок, аксакал. Мынабу арызды мен кабыл алып, ишиӊерди карап чыгып, силерди канааттандырбасам кызматтан түшүп калам.

Бопуш: Берчи өзүмө ошол арызды! (Арызды алат, окуйт). Тү-ү! Кудай урган. Ме! Ме! Ме! Ушул беле сен корккон арыз! (Тытып салат).

Сот: (калп каардуу). Бул эмне кылганыӊыз. Баалуу документти жок кылдыӊыз. Төрт сааттан бери эмне жумуш бүтүрдүӊүз десе, мен эмне дейм!

Бопуш: Кагылайын сотум, кечирип кой! Иттик менден кетти. Күкүшүм, берекем, сүйгөн жарым, үйүмдүн куту, балдарымдын энеси, өндүрүштүн ударниги , райондун депутаты, көргөзмөнүн лауреаты, бакытым, таалайым, сени менен түбөлүккө жашайм. Сен, сот-балам, бирдеме деп кой эми, агаӊа!

Сот: (күлүп). Ак жолуӊар ачылсын!

Бопуш: Ырахмат, ырахмат садагасы. Сен анык акыйкаттуу сот экенсиӊ. Кудай бакты берсин. Мындан да чоӊ сот бол!

(Күкүшүн кучактап алып чыгып кетет).

Сот: (саатына карап, башын чайкап, элге кайрылат)

Кана, дагы кимдин арызы бар?

Соӊу