“Манас” эпосунун Самар Мусаев агай тарабынан кара сөзгө айландырылган вариантында өзөктүк окуялар менен образдардын берилиш өзгөчөлүгү

“Манас” эпосунун Самар Мусаев агай тарабынан кара сөзгө айландырылган вариантында өзөктүк окуялар менен образдардын берилиш өзгөчөлүгү

(4-макала)

Албетте, залкар манастаануучу өзүнүн кара сөз вариантында улуу эпостун өзөктүк окуяларын мүмкүн болушунча толук камтуу менен аларды жетишерлик түрдө баяндоого чоң күч жумшаган. Мунун айкын мисалын жогоруда “Баатырдын балалык чагы, алгачкы эрдиктери” деген негизги сюжеттик линиялардын бирин эпостун тексти менен салыштырып кароо аркылуу көрдүк. Улуу Сөздөгү өзөктүк окуялардын эң негизгилеринин бири болуп, албетте, “Чоң казат” эсептелинет эмеспи. С.Мусаев агай “Чоң казатты” кара сөзгө айландырууда да бөтөнчө бир изденүүнү, өзүнүн теориялык билими менен көркөм сөздү туюнуу жөндөмүн ширелиштире айкалыштыра билгендигине күбө болобуз.

Өзгөчө баса белгилеп айта кетүүчү бир нерсе – залкар манастаануучу Самар Мусаев агай өзү түзгөн кара сөз түрүндөгү баянга кайсы манасчылардын айтуусундагы варианттар негиз болгондугун так, даана көрсөтүп кеткен. Бул тууралуу окумуштуу минтип жазат: “Кара сөзгө” эпостун колдо бар материалдарынын ичиндеги салттык туруктуу окуяларды кеңири камтыган, көркөмдүк деңгээли жактан башкалардан жогору турган эки вариант – Сагымбай менен Саякбайдан жазылган тексттер негиз болду. Бирок ал варианттар бири бири менен аралаштырылбай, алардын өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү сакталуу менен, бөлөк-бөлөк пайдаланылды, б.а. эпостун биринчи бөлүгүнүн баш жаккы окуялары “Чоң чабуулдагы” чечүүчү салгылашууга чейин Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча алынып, андан улай бөлүмдүн аягына чейин Саякбай Каралаев айткан вариант боюнча түзүлдү.” (1, 158-б.). Көрүнүп тургандай, илимпоздун “Кара сөзүндөгү” “Чоң казат” жөнүндөгү баян улуу манасчы Саякбайдын вариантынын негизинде жазылыптыр. Бул улуу баяндын Самар Мусаев агайдагы аталышы – “Чоң согуш”.

Бул улуу алааматты, кыргыз кошуну, дегеле атпай кыргыз журту үчүн улуу трагедия болгон бул окуяны Самар Мусаев агай мындайча баяндайт: “Эки кошун беттешип, кызыл кыргын кандуу чоң согуш башталды: айбалта жандан чечишип, аманат жандан кечишип, аралашып кетишип, найзалуу найза сундуруп, айгай кулак тундуруп, кылычтуу кылыч чабышып кыргыз кытай салышты. Саадакка жебе чалышып, жан аябай чабышып, салгылашып калышып, жебенин огу кыркырап, тийген жери быркырап, кан куюлуп шыркырап, мылтыктуу мылтык атышып, маңдай-тескей жатышып, төө мылтык атып күркүрөп, уккандын бою дүркүрөп, жазайыл үнү жаңырып, койчагар үнү чаңырып, баран мылтык бадырап, басылбай добул дабырап, айбалта башка шак этип, найза төшкө так этип, күрсү башка күп этип, темири жок найзалар муштаганда дүп этип, обонун баарын чаң алды, асмандан күндү көрө албай адамдын баары таң калды”. (1, 381-б.) Көрүнүп тургандай, бул жерде С.Мусаев агай Чоң казаттын учурундагы жоо-жарактарга басым жасап жатат, эпикалык доордогу курал-жарактын түрлөрүн баса көрсөтүп жатат. Эпостун өзүнө назар бурчу болсок, уютулган коргошундай болуп бир жерде чогуу боюнча баяндалган бул согуштук куралдар үч, төрт жерде бөлөк-бөлөк ырга кошулганына күбө болобуз. Бул да болсо, С.Мусаев агайдын – өзү баса белгилегендей – артыкбаш кайталоолордон арылууга болгон аракети, ал аракеттин ийгиликтүү натыйжасы болуп эсептелет. Албетте, текстти ушундай багытта түзүү менен залкар манастаануучу өз “Кара сөзүнүн” таанып билдирүүчүлүк озуйпасын да ар качан көңүл чордонунда тутканын байкабай койбойбуз.

Эпикалык поэзиянын табиятын изилдеген улуу окумуштуулардын дээрлик баарысы – Шеллинг да, Гегель да, Белинский да – бул жанрдагы чыгармалардын өзөгүн эл башынан өткөргөн улуу согуштар, кандуу конфликттер түзөрүн бир ооздон баса белгилешкен. “Только в военных столкновениях по-настоящему мог раскрыться нравственный облик “младенчествующего народа” и могли получить отражение существенные особенности его жизненного уклада”, – деп баса белгилеген улуу сынчы В.Г.Белинский (2, 35-б.). Арийне, ал согуштар менен ал конфликттердин чордонунда АДАМ турат эмеспи. Искусствонун, анын ичинде адабияттын да башкы предмети адам экендиги баарыбызга белгилүү. Эпикалык поэзияда да бул башкы сапат, бул негизги касиет бекем сакталат. Ошондуктан ар кандай кан күйгөн кызыл кыргындардын жүрүшүндө адамдын аракети, ой жоруму менен жасаган иши улуу жомокчулардын көркөм баянында бөтөнчө бир эргүү, өзгөчө бир шыктануу менен сүрөттөлөт. Эпосто мындай кызыл кыргын төмөнкүдөй баяндалат:

Күндө тынып калбастан

Түндө токтоп албастан

Чыканактап тынч албай

Чырым этип уйку албай

Буурул сакал кары өлүп,

Буудандардын баары өлүп,

Нечендин башы кесилип,

Керилген нечен жан өлүп,

Келберсиген кырчындай

Жаш жетпеген бала өлүп.

Өлгөнүнөн калганы

Кызыл канга бөлөнүп,

Жаралуу болгон андан көп

Атка араң жөлөнүп.

Куюшкандар үзүлүп

Көктөй албай жүргөн көп.

Басмайылы үзүлүп

Эки көзү чачырап

Эптей албай жүргөн көп.

Нече күлүк тулпардын

Ээри түшүп бооруна

Коштоп жүргөн мындан көп.

Эсил кайран бир боорум

Балан жерде өлдү деп

Боздоп жүргөн андан көп.

Найза менен көзгө жеп

Олок болгон мындан көп,

Колун эрге жулдуруп

Чолок болгон мындан көп.

Айбалта менен башка жеп

Качып жүргөн мындан көп.

Алапайын табалбай

Кайра качып кетсем деп,

Шашып жүргөн андан көп. (3, 175-б.)

Залкар манастаануучу С.Мусаев агай да инсан тагдыры, адам өмүрү баарынан жогору турарын, канчалык кан күйгөн алаамат согуш болбосун аны кыймылга келтирген, ал алааматты ичкериден ишке киргизген адам баласы экендигин (“Чыканактап тынч албай // Чырым этип уйку албай” согушкан адам баласы экендигин) бекем көңүлгө түйүү менен ошол кызыл кыргын учурундагы пенде баласынын иш аракетин (“Кызыл канга бөлөнүп,// Атка араң жөлөнүп // Жаралуу болгон…”, “Эсил кайран бир боорум // Балан жерде өлдү деп // Боздоп жүргөн…”, “Найза менен көзгө жеп // Олок болгон… // Колун эрге жулдуруп // Чолок болгон… // Айбалта менен башка жеп // Качып жүргөн…” абалын) эң сонун баяндап берет.

Кызыл кыргын учурундагы адам баласынын иш аракети баяндалган улуу жомокчу Саякбай Карала уулунун вариантындагы бул эпизодду эпостун өзүнүн баяндоо стилинен четтебей туруп Самар Мусаев агай төмөнкүчө сүрөттөп берет: “Туу түбүндө турушуп, туубуз качпай турат деп кубат кылып урушуп, аралашкан эки кол ач бөрүдөй жулушуп жүрүшөт. Ачуудан колтук чоюлду, уучтап жүрүп жарагын адамдардын алаканы жоюлду, канаттын баары кайрылды, чапандын баары айрылды, этектин баары түгөндү, ээрдин кашы үбөлдү, эриндин баары кесилди, эмчектин баары эзилди, тизенин баары созулду, тизгиндер колдо үзүлдү. Тон тосулуп электей, томуктай болгон курган баш жошолоп салган челектей болду. Айыгышып кармашкан эки колдун ичинде кылыч тийип мойнуна, кан төгүлүп койнуна, башын көтөрө албай көзүнүн жашын төгүп шылкыйгандар аз эмес. Жаны чыгып дени сууп зыңкыйгандар андан көп. Эки буту тең чыгып шалактаган сандан көп, эси чыгып уруштан алактаган андан көп. Бүткөн бойдо каруу жок шалдыраган андан көп, кыргынды көрүп эси ооп жалдыраган андан көп.” (1, 381 – 382-бб.)

Дегеле согуш деген бардык учурда согуш. Бардык учурда зор трагедия. Адам турмушун астын-үстүн кылган улуу алаамат. Ушундай учурда пенде баласынын мүнөзүндөгү анча көзгө көрүнө бербеген сапаттар, жай турмуш учурунда байкала бербеген тээ тереңдеги белгилер айкын болуп, ачыкка чыга баштайт. Жалпы журтка шардана болуп айкын көрүнөт. Кызыл кыргын улуу согушта адам баласы эрдикти кандай жасаса, чыккынчылыкты да дал ошондой эле жасайт. Муну жокко чыгарууга болбойт, танууга да болбойт. Калем менен мылтыкты бирдей кармап, бирдей пайдалана билген америкалык улуу жазуучу, Нобелдик сыйлыктын лауреаты Эрнест Хемингуэй адам баласындагы мындай сапаттар тууралуу минтип жазат: “Когда люди борются за освобождение своей родины от иностранных захватчиков и когда эти люди – твои друзья… и ты знаешь, как на них напали и как они боролись, вначале почти без оружия, то, глядя на их жизнь, и борьбу, и смерт, начинаешь понимать, что есть вещи и хуже войны. Трусость хуже, предательство хуже, эгоизм хуже.” (4, 90-б.) Биздин улуу эпосубуз да: “Алапайын табалбай // Кайра качып кетсем деп, // Шашып жүргөн…”; “…көзүнүн жашын төгүп шылкыйган”, “эси чыгып уруштан алактаган”, “кыргынды көрүп эси ооп жалдыраган” суу жүрөк коркокторду, чыккынчыларды, өзүмчүл эгоисттерди как жүрөккө ургандай таамай баяндап жатат. Демек, эпикалык доордогу согуштагы адам менен соңку тарых учурундагы согуштагы адамдын иш аракети анчалык деле өзгөрүп кетпептир…

Арийне, эпикалык чыгарманын усулдук өзгөчөлүгүнө жана да оозеки айтуудагы бөтөнчөлүккө байланыштуу мындай сүрөттөөлөр бир аз гана өзгөртүлгөн түрүндө Улуу Сөздө бир нече ирет кайталанып да берилет. Эпостун ушундай көркөмдүк жана стилдик бөтөнчөлүгүн көңүлгө бекем түйгөн Самар Мусаев агай алдын ала минтип жазат: “…оозеки чыгармачылыкта, айрыкча анын көлөмү чоң эпос сыяктуу үлгүлөрүндө материалдардын ооз жүзүндө аткарылышына ылайыкташкан зарылчылыктан келип чыккан атайын кайталоолор кеңири жолугат. Мүнөз жактан алардын түрлөрү көп… аны (эпосту – С.А.) ошол кайталоолордон такыр арылтып, “тазалап” салуу чыгарманын негизги маңызына зыянын тийгизет… Ушул абалды эске ала “Кара сөздө” эпоско мүнөздүү кайталоолордун айрым зарыл керектүүлөрү – анын негизги өзгөчө мүнөзү менен тыкыс байланыштуу болгон учурлары өз үлгүсүндө сакталды”. (1, 164-б.).

Мына ошентип, залкар манастаануучу Самар Мусаев агайыбыз өзүнүн “Кара сөзүндө” улуу эпостун өзөктүк окуяларын мүмкүн болушунча толук камтып берүү менен эпостогу окуяларды, негизги жана көмөкчү каармандардын өмүр-тагдырларын ар тараптуу көркөм баяндап берүүгө жетишкен.

Негизги жана көмөкчү каармандар демекчи, биз ушул жерде Алмамбеттин баарыга белгилүү өмүр-тагдырынын С.Мусаев агай тарабынан кара сөзгө айландырылышына кыскача токтолуп кетүүнү эп көрүп турабыз. Айта кетчү бир нерсе, Алмамбет жөнүндөгү баян улуу жомокчу Сагымбайдын варианты боюнча жасалган. Улуу жомокчунун вариантында Алмамбетке байланыштуу окуялар төмөнкүчө темаланып берилет:

1). Алмамбеттин окуясы.

2). Көкчөнүн тегерегиндегилердин бузукулугу.

3). Манас баатыр түш көрүп, той берип жорутканы.

4). Манастын кырк чоро менен ууга чыкканы.

5). Алмамбет баатырдын капаланып келе жатып Чүйдүн аягында Манас баатырга учураганы. Манас баатырдын кандай каршы алганы.

6). Манас Алмамбеттин келишине той бергени.

Ал эми Самар Мусаев агай өз “Кара Сөзүндө” бул окуяларды момундайча атап жайгаштырган:

1). Алмамбет жөнүндө баян. Алмамбеттин туулушу жана балалык чагы.

2). Алмамбет ууда жүрүп Көкчөгө жолукканы.

3). Алмамбеттин Бээжинден качып чыгышы.

4). Алмамбеттин Көкчөгө келгени.

5). Казактын билермандарынын Алмамбетке иштеген кастыгы.

6). Манас баатыр түш көрүп, той берип, түшүн жорутканы.

7). Манас ууда жүрүп Алмамбетке жолукканы.

8). Манас Алмамбеттин келишине той бергени.

Жогоруда келтирилген мисалдардан даана көрүнүп тургандай, Алмамбетке байланыштуу окуялардын темаланып бөлүнүшү эле атактуу манастаануучу Самар Мусаев агайдын “Кара сөзү” бир топ иш билгилик менен жасалгандыгынан кабар берип турат. Арийне, ар кимдин балалык курагы анын кандай инсан болуп бой жетишинде өзгөчө мааниге ээ. Мына ушул жагдайды эске алуу менен манастаануучу агайыбыз Алмамбет баатырдын балалык чагына өзгөчө басым жасап, баатырдын балалык күндөрдөгү турмушун өзүнчө бөлө баяндап берип жатат. Алмамбет баатыр Эсенкандын мамилесине, атасынын да кылыгына ичи жылыбай, келечек турмушун өзүнчө издеп Бээжинден – Кытайдын катаал бийлиги менен темирдей эрежесинин тушоосунан – качып чыгышы Алмамбеттин өмүр жолундагы тагдыр чечер иш болгондуктан бул окуяларды өзүнчө темалап берүү каармандын өмүр-тагдырын баяндап берүүдө өзгөчө мааниге ээ экендигин Самар Мусаев агай кылдат сезе билгени көрүнүп турат.

Алмамбет баатырдын трагедиялуу тагдыры эпосто кандай зор эрудиция менен ырга кошулса, улуу эпосубузду прозага айлантып жаткан агайыбыздын “Кара сөзүндө” да атактуу баатырдын өмүр-тагдыры дал ошондой эле деңгээлде жүрөк-жүлүндү эзерлик даражада баяндалган десек болот. Бир эле окуяга – ызгыч куш жөнүндөгү баянга кайрылып көрөлү. Атасы Соорондуктун ордун басып, бүт Кытайдын аскер башы болуп турса да Эсенкандын бийлигинин зордугуна чыдабай туулган жерин таштап качып чыккан Алмамбет казактардын баатыры Көкчөгө келип туруп калат да, ал жердеги кутумчулардын айынан Көкчөнүн ордосунан да чыга жөнөп, барар жери, конор үйү белгисиз келатып ийри-буйру кара суу аккан саздуу жерге туш болду. Анда суу куштары көп экен. “Уясын коруган ызгыч Алмамбеттин артынан ээрчип, тийип-качып, ызылдап тынчын алды. Сиркеси суу көтөрбөй араң келе жаткан Алмамбеттин кыжыры кайнап ызгычка карап мындай дейт:

-Ызылдаба ызгыч куш! Канаттуудан сен жалгыз, кара баштан мен жалгыз. Балаң менен ишим жок, бара турган кишим жок, армандуу наалыш сөзүм бар, оору тийбей соо жүрүп, ооп турган эсим бар. Койсоңчу, ызгыч, зордобо, жолумду тосуп торгобо, Айдаркандын Көкчөдөй жалгызсың деп кордобо!” (1, 245-б.). Мына ушундай армандуу тагдыр, мына ушундай өксөлүү өмүр!

Каарманды курчап турган табият менен, андагы бак-дарактар, өсүмдүктөр, ал турсун асман телолору менен сүйлөштүрүү аркылуу кейипкердин ички дүйнөсүн, тигил же бул учурдагы ал-абалын терең ачып берүү мына ушинтип тээ эпикалык поэзиядан бери келе жаткан көркөм ыкма болуп эсептелет десек болот. Эпикалык поэзиядан, элдик оозеки чыгармачылыктан тикеден тике таасир алган ырчылар поэзиясынын өкүлдөрүнүн көркөм туундуларында мындай ыкма өтө кеңири жана иш билги колдонулгандыгын да эсибизден чыгарбаганыбыз оң. Бул айтылган оюбуздун классикалык үлгүсү катары улуу ырчы Жеңижоктун “Жалгыз тал менен сүйлөшүү” деген ырын көрсөтүп кетсек болот. Пенде баласынын ички трагедиясын бөтөнчө бир бийиктикте көркөм баяндаган бул чыгармасында Жеңижок акын лирикалык каарман менен жалгыз талдын сүйлөшүүсү аркылуу инсан башына түшкөн муң-кайгыны жүрөк-жүлүндү козгой турган деңгээлде көркөм баяндап берген эмеспи. “Баарынан кызыгы, – деп жазат академик Абдыганы Эркебаев, – талдын жалгыздыгы да таш боорлук менен, адамдардын өз кызыкчылыгын гана көздөгөн мамилеси менен байланыштуу. (“Бул жерде жалгыз турганым, // Пендеге болсун убалым. // Аңгырап жалгыз турганым, // Адамга болсун убалым”, – деп датын айтат тал). Мазмуну гана эмес адам менен талдын аңгемелешүү формасынын өзү, көркөм ыкмалар, асыресе, психологиялык параллелизм, ошол мезгилдеги кыргыз поэзиясы үчүн сонун жана оригиналдуу болуп эсептелет”. (5, 138-б.) Арийне, адам (Алмамбет) менен канаттуунун (ызгыч куштун) аңгемелешүүсү жөнүндө да ушундай эле пикирди айтсак жарашат.

Ызгыч куш болсо “улам күүлөнүп келип тие качып… Алмамбетти жайына койбоду.” Ачуусу келген Алмамбет жаа менен канатка бир атса, топ этип жерге түштү. Боору ооруган “Алмамбет ызгычтын ок тийген жерине кайнатма кара дарыдан сүйкөп, сынган канатын жибек менен чырмап таңып, эс алдырып учуруп жиберди.” (1, 245-б.)

Ал эми атактуу аалым Мухтар Борбугулов болсо эпостогу бул эпизод тууралуу минтип жазат: “…чөлдө жашаган ызгыч Алмамбеттин өзүнүн аллегориялык образы деп эсептесек жөндүү. Анын Кытайдагы душмандары, Көкчөнүн жанындагы бузуктар сындырган канаты Манас баатырга келип айыгат. Бул окуя так Манаска жолугардын алдында болгонунун өзү да ушуну күбөлөйт.” (6, 66-б.)

Залкар манастаануучу Самар Мусаев агайдын “Кара сөзү” тууралуу кеп кылганда окумуштуу эпостогу ар бир сүрөттөөгө, ал турсун ар бир деталга чейин кылдат мамиле жасагандыгын атайын бөлүп айта кеткенибиз оң. Окумуштуунун кара сөз түрүндөгү баянын окуп чыккан адам муну ачык эле сезет. Жогорудагы сөздөрдөн байкалгандай, мейли эпостогу өзөктүк окуялар жөнүндө баяндайбы, мейли тигил же бул каармандын өмүр-тагдыры тууралуу кеп кылабы, мейли тигил же бул көркөм детал жөнүндө айтабы – бардык учурда улуу эпостун түпкү текстинен эч бир алыстабай, тескерисинче, мүмкүн болушунча Улуу Сөздүн өзүнүн баяндоо стилин сактап, андагы ыр түзүлүштөрүнөн бери чебер пайдаланып, натыйжада, окуган адамдын жан дүйнөсүн байыта турган өзгөчө дүйнө жарата алган.

Албетте, мындай ийгиликке жетишүү, биринчи кезекте автордун өзүнүн илимпоздук өзгөчөлүгү менен шартталган десек болот. Самар Мусаев агайыбыз – бүт өмүрүн “Манас” эпосун изилдөөгө, аны калктын калың массасына, чет элдик окурмандарга жеткирүүгө арнаган залкар окумуштуу.

Экинчиден, алдыга коюлган максат, аткарар жумуш так, даана айкын-ачык болгондугунда. Бул тууралуу Улуу Сөздү прозага айлантып жаткан агайыбыз өзү минтип жазат: “Кара сөз” оригиналдын нагыз өзү эмес экенин жакшы түшүнөбүз. Ошондой болсо да бул ишти аткарууда колдон келишинче оргигиналды тагыраак сактап, анын өзү болбогондо да негизги белгилери жактан ага жакын материалды берүүгө чын пейилден аракеттенгенибизди дагы бир жолу эскерткибиз келет.” (1, 165-б.)

Арийне, мыкты жетишкендиктери менен бирге эле залкар манастаануучунун “Кара сөзүндө” айтпай коюуга болбой турган айрым бир кенемтелер да жок эмес.

Биринчи кезекте эле көзгө урунчу нерсе – жакшы нерсени өтө эле ашыкча колдонуу. Кеп эпостун баяндоо ыкмасынын адаттан тыш колдонулгандыгы жөнүндө баратат. Дагы да тагыраак айтчу болсок, эпостогу ыр саптарынын келки-келки боюнча эле кара сөзгө айландырылып калгандыгы. Прозалык тексттин өзүнүн ички мыйзамченемдери, өзүнүн жанрдык талап-мүдөөлөрү бардык учурда эле сактала бербегендиги.

Экинчиден, айрым учурлада таптакыр эле оозеки речтин үлгүсүнө салынып баяндалып калган учурларга туш болобуз. (1, 251-б.)

Үчүнчүдөн, эпикалык доордун тилдик нормаларынын ар качан эле кылдат сактала бербегендигине да туш болобуз. Мисалы “Кара сөздөн” биз “корбашы” (1, 258, 259-бб.), “датка” (1, 269-б.) деген сөздү жолуктурабыз.

Жыйынтыктап айтканда, атактуу манастаануучу Самар Мусаев агайыбыздын “Манас” эпосун кара сөзгө айланткан прозалык эмгеги, биринчиден, Улуу Сөзүбүздү эл арасына кеңири жайылтуу багытында аткарылган иштердин эң мыктыларынын бири болуп эсептелет. Экинчиден, эпикалык поэзиянын үлгүлөрүн кара созгө айлантуу ишинде кийинки калемгерлер үчүн мыкты үлгү боло алат. Үчүнчүдөн, илимпоздун жеке өзүнүн илимий-чыгармачылык өмүр-тагдырында да өзгөчө орунга ээ болуп турган эмгек болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар:

  1. “Манас”. Кара сөз түрүндөгү баяндама. (Түзгөн Самар Мусаев). – К-те: С.Мусаев. Тандалма илимий эмгектеринин эки томдугу. Биринчи том. – Б.: 2015.
  2. Белинский В.Г. Полн. собр. соч. в 13-ти томах. т. 5. – М.: 1955.
  3. Манас. Эпос. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча. 2-китеп. – Ф.: Кыргызстан, 1986.
  4. Хемингуэй Э. Писатель и война. (Речь на IIКонгрессе американских писателей) – К-те: Писатели США о литературе. т. 2. – М.: Прогресс, 1982.
  5. Эркебаев А. Кыргыз адабиятынын аз изилденген барактары. – Б.: Учкун, 2004.
  6. Борбугулов М. “Манас” эпосу: башаттары, эволюциясы. – Б.: “Айат”, 2004.

 Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, профессор