Маматжан уулу Мелис: Мейман болуп өтөрүмө өкүнбөйм, Менин ырым менден узак жашаса…

Маматжан уулу Мелис – ырларынан адамдык тагдыр, ички сезимдер таасын чагылып турган ырлары менен окурмандарга таанылган жаш калемгер. Ал -Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму уюштурган республикалык “Беш акын” долбоорунун жеңүүчүсү болуп, Жусуп Баласагын атындагы төш белги менен сыйланган. Ошондой эле “Жылдын мыкты акыны” фестивалдарынын (2014-2015-жж.) жана жаш акындардын республикалык “Жаш толкун – 2021” сынагынын жеңүүчүсү.

Маматжан уулу Мелистин “Апакемдин алмасы” аттуу алгачкы поэтикалык ыр жыйнагы окурмандар арасында жылуу кабыл алынган.

Азыркы учурда Мелис Ош мамлекеттик университетинин ректорунун жардамчысы болуп эмгектенет.

 

Ыйла, бөбөк

Сыртта жамгыр мууну бошоп шолоктойт,

Тар бөлмөдө турмуш күүсүн тыңдаймын.

Ыйла, бөбөк, көз жашыбыз оппокшош,

Сен сыртыңдан, а мен ичтен ыйлаймын.

 

Бороон улуйт муңум менен эшикте,

Бекем турам муз күндөргө көшөрө.

Сенин ыйың мен терметкен бешикте,

Менин ыйым жарык жуткан көчөдө.

 

Туйлап, тердеп жуурканыңды ачасың,

Өзүңдү-өзүң таппай жаткан сыяктуу.

Жарык издеп балким ыйлап жатасың,

Жандырайын бөлмөдөгү чыракты!

 

Бөбөгүм ай, туйдуң бекен санаамды?

Буюккан күн чөк түшүрдү чамамды.

Бул бөлмөнүн ичи сага караңгы,

Бул бөлмөнүн сырты мага караңгы…

 

Чыгыш-батыш, түндүк-түштүк уюлдай,

Биз адамдар алыстыктан алыспыз.

Сенин ыйың тирүүлүктүн ыйындай,

Өлүү жандай биз ыйлабай калыппыз.

 

Жүрөгүмдө боздоп турат ыр-шамал,

Тазартайын көз жашыңан дүйнөмдү.

Ыйла, бөбөк, ыйла мейли, ыйлап ал,

Үйрөтүшөт кийин жалган күлгөндү.

Үйрөтүшөт сага жалган күлгөндү.

 

Кара чайнек

Түн ойгонуп дөбөттөрдүн тишинде,

Таң сүрүлсө айыл кирип күчүнө…

Коломтого от тутантса апакем,

Кайнайт эле турмуш чайнек ичинде.

 

Айыл, адыр, бозоргон там, таш коргон,

Түтүн булап турар эле таш жолдон.

Жоолугундай жаңы келген жеңемдин,

Кара чайнек бир мезгилде ак болгон.

 

Күндөр кагып баратса да канатын,

Калтырбады ышкырган бир адатын.

Кучакташып уктайт эле, катыгүн,

Кара чайнек, кара күчүк, кара түн.

 

Мезгил тартып жүзүбүзгө көшөгө,

Биз чоңойдук түтүн учкан көчөдө.

Түн агарды, дүйнө агарды бир мезгил,

Кара чайнек агарбады эч эле.

 

Оттуу күндөр оп жутулуп муңайды,

Отко төшүн тосуп чайнек улгайды.

Өмүр суусу кудум кара чайнектей,

Кайнап-кайнап соолуп калат турбайбы…

 

Акын досума

Бул дүйнөгө сыйбайт дүйнөң,

Жинди шамал-мүнөзүң.

Шаарда шашып жүрөсүңбү?

Боёгу жок тартып турмуш сүрөтүн.

…Толгоо тутуп асман бүгүн,

жамгыр жаады

сен дагы…

Тыңшадыңбы жаңы ырыңдын жүрөгүн?

 

Ыр деп жашап кеткиң келет…

Базар… Бала… ачкасың.

Термелесиң балкондо,

Төлөсөм деп батириңдин акчасын.

Билем ишиң… көмүлөсүң кагазга,

Көмүлгөндөй калыстык.

Костюм-шымың турган менен чыкыйып,

Бууп турат мойнуңдагы галстук…

 

Тиштенесиң теңсиздикке,

Сүртүп чындык чаңдарын.

Ичиңди өрт куйкалап,

Сыртыңа муз тоңсо да,

Каткырасың аялындай байлардын.

 

Түшүн, досум, бакыт сакоо,

Дудуктардын тилиндей.

Сен экөөбүз түшүнбөйбүз,

Дудуктардын тилине…

 

Кылы үзүлгөн комуз ойноп,

Күйүт күүсүн тыңдайсың.

Өзүңө-өзүң упчу салып,

Өзүңө-өзүң алдей ырын ырдайсың.

 

Акын досум муштумуң жаз,

Муңуңду жаз.

Чалсам өчүк телефонуң, жооп берчи.

Дасторконум ырга жаям, кел бүгүн,

Дарегим:

Каримов көчөсү, үй номерим 17.

 

Адырым

Азыр кечтим жыңайлак турпагын ай,

Амансыңбы, төрөлгөн кыштагым ай.

…Маңдайымда үйүмдүн дөңчө турат,

Боюнда бар аялдын курсагындай.

 

Тыңшап уктайт чөбү да жамгыр ырын,

Төлгөөсүндөй таштары тагдырымдын.

Кыйма – чийме жолдору түшүп турат,

Бырыш болуп бетине адырымдын.

 

Күч-кубаты жуурулуп демге бүткөн,

Калдай болуп сезилет жерге бүткөн.

Койлор оттойт алыстан караганда,

Кайноолудай күбүлүп жерге түшкөн.

 

Мезгил – шамал токтобойт жарышам ээ

Балалыкка баралбай алышам ээ.

Кусаланып жүргөнчө бөтөн жерде,

Кучагында адырдын карысам не?..

 

Ырларыма түшүрүп саймаларын,

Тирүү кезде көркүнө байланамын.

Сендигимди далилдеп көз жумганда,

Сенин да бир дөңчөңө айланамын…

 

Кыш айы

Бардык жанга бирдей берип өкүмүн,

Бубак басып дарактардын көкүлүн.

Кычыратып теребелди кыш айы,

Кирип келди кийип калың өтүгүн.

 

Катуу шамал ырдап муңдуу ырымды,

Күндүн нуру жерге жетпей жыгылды.

Муздап калган асман менен сырдашып,

Морлор тартып жаткан өңдүү чылымды.

 

Кыйынсынып жүргөн менен бурганак,

Күн чыкканда көлчүктөрдө булганат.

Чана тээп, суукка тоңгон батектер,

Чарчап келип меш түбүндө курганат.

 

Жашы сымал ылдый аккан ээгимдин,

Жашып, эрийт кар бетинде жеримдин.

Там башында мейман болгон муздардан-

Тамчы түшөт сөйкөсүндөй келиндин.

 

Суктандырган көркөмүнө жан үрөп,

Суукту сүйбөйм, сүйөм кышты а бирок…

Жашынгандыр тазалыктын астында,

Жаштыгымды издеп жүрөм, кар күрөп…

 

Апакемдин алмасы

“Амансынбы, айланайын кичинем,

Алаксытып койдум бекен ишиңен.

Эмне берип жиберейин” – дегенде,

Мээримиңиз керек деймин ичимен.

 

Күйпөлөктөп кыйгач байлап жоолугун,

Күндө эстеп жатса керек жоругум.

Дүйнөдөгү таттуулардын ичинен,

Наныңыздын даамын таппай оорудум.

 

Салганыңыз келди жарып булутту,

Сезимиме чачылгандай тунук суу.

Өмүрүмдү узартчудай сезилди,

Өрүк кагы, таза балы, куруту.

 

Сагынычтан көтөрүлүп “кан басым”,

Суусаганда жуткум келди жармасын.

Апакемдин тийген үчүн колдору,

Айылымдын жуубай жедим алмасын.

 

Жаштык

Чок сымал шамал болсо тарадыкпы?..

Чогултуп коё албадым аралыкты.

Жашынмак ойнойбуз деп, эх, ошондо,

Жашырып коюптурбуз балалыкты.

 

Уйкудан турган өңдүү чала бойдон,

Сагыныч катып калган жара бойдон.

Мендеги пенделикти силкип таштап,

Мен бүгүн калгым келди бала бойдон.

 

Жабышкан тамандарга жолдун кири,

Жуурулган топуракка колдун кири.

А азыр дене таза, бирок аттиң!

Тазарбай турат неге ойдун кири?

 

Таштабай ырыскымдын жарты нанын,

Таптаза канат бойдон талпынамын.

Боюмду чоңоюуга тапшырсам да,

Жүрөктү “бөбөк” бойдон калтырамын.

 

Кош жаштык, коштошомун жашып дагы,

Күндөргө көчө берем ашып дагы.

Тек гана сен бөлүнүп кеттиң менден,

Төгүлгөн таза сүттөй кашыктагы.

 

Көтөрүп күлкү толгон баштыгымды,

Күн санап сезем сенден пастыгымды.

Жүрөктүн түпкүрүнө катып койдум,

Жоголуп кете турган жаштыгымды…

 

Токто, өмүр

Обону: Т.Колдошовдуку
Токто, өмүр, токто кайда шашасың?

Топук кылчы, бул жолду да басасың.

Жүгөнүңдү тарта турчу азыраак,

Жок дегенде, апам узак жашасын.

 

Өмүр өзүң тосмосу жок кашаасың,

Өргө карай канча белди ашасың.

Жип аркандап тушап турчу туягың,

Жок дегенде атам узак жашасын.

 

Ээктен ылдый кулап түшкөн жаш таза,

Эх, балалык өттү бизден таптаза.

Мейман болуп өтөрүмө өкүнбөйм,

Менин ырым менден узак жашаса…

 

Бөлүнбөйлү

Эзелки улуу жолду көмбөгүлө,

Эки көз. Бирин сокур көрбөгүлө.

Кыргыз – бул согуп турган жалгыз жүрөк,

Суранам, тең экиге бөлбөгүлө!

 

Суу деле тамчы болсо акпайт тура,

Күн деле жарты болсо батпайт тура.

Бүркүт да сынган канат менен учпайт,

Бир буту майып болсо баспайт тура.

 

Көөдөндү жукартпайлы кажып жатып,

Кербейли кучактарды ажыратып.

Суудайбыз чыныдагы толуп турган,

Албайлы кокусунан чачыратып.

 

Айткыла, ортобузда бөлүк барбы?..

Аруулайм Нарындагы өөп карды.

Түн бою Ысык-Көлдү ойлоп жатсам,

Түш көрөм Баткендеги өрүкзарды.

 

Бүктөлүп жүрөбүзбү бырыш сымал?..

Бириксек курч болобуз кылыч сыңар.

Ала-Тоо жалгыз бизде, бөлүнбөйлү,

Анткени, кыргызсыңар, кыргызсыңар!

 

Эртең кеч, эң жакшысы бүгүн ойгон,

Урпакка барабызбы күкүм бойдон.

Каныбыз сөөгүбүздөн ажырабай,

Кантсе да, өлгөн жакшы бүтүн бойдон!

 

М+Т= ..?

Чуркап ойноп жүгүрсөм да кой менен,

Чайкачу элем элесиңди ой менен.

“М+Т” барабар деп сүйүүгө,

Дубалдарга жазар элем бор менен.

 

“Тапшырмаңды” жүргөн үчүн көчүрүп,

Таңчу дайым экөөбүздү көпчүлүк.

Араң жазсам ток урчудай атыңды,

Аркасынан салчу элең өчүрүп.

 

Андан бери канча жамгыр куюлду,

А жазуулар өчпөөчүдөй туюлду.

Аруу, таза сезимдерим, эх аттиң,

Апалардын чачтарындай суюлду.

 

Багын ачтым деген менен эчендин,

Бир өзүңө жетпей калып кекендим.

Дарбазаңа жазамын деп ысымың,

Жүрөгүмө жазып алган экенмин.

 

Бул жашоодо көрсө дагы көз көптү,

Бузбай тагдыр өз мыйзамын көздөттү.

Ошондогу “ + ” деген белгини,

Тагдыр азыр “ –” кылып өзгөрттү…

 

***

Доошун угуп турдук үнсүз жамгырдын,

Дүкүлдөгөн мезгил сааты шашпачы!

Өкүмүнө моюн сунуп тагдырдын,

Өмүрүңдүн түшкөн тура ак чачы.

 

Жолугуштук ый көчөдөн. Айыптуум,

көрөр замат жүрөк сынды, Күн сынды.

Кечки күздөй салкын тартып калыпсың,

Өзгөртүптүр мерез турмуш күлкүңдү.

 

Кир дүйнөнү каректерде тунутуп

кобураштык. Бирок баары кеч дедим.

Ак жоолукчан турганыңды унутуп,

Шарф оронгон мезгилиңди эстедим.

 

Мейли мени айыптасаң айыпта,

Жеңилсек да сүйүү үчүн күрөштүк.

Биз экөөбүз жетпеген соң бакытка,

Неге бакыт туурасында сүйлөштүк?!

 

Өткөн күндү ырлар менен өгөөлөп

жүрсөм дагы бакыт конбойт туурума.

Биз бакытка жетпеген соң экөөлөп,

“Бакыт” деген ысым койгун уулуңа.

 

Бак-таалайдын бар экенин билдирип,

“Бакыт” деген ысым койгун уулуңа!

 

Дарексиз сүйүү

Илкип соккон шамалды да тийгизбей,

Издерибиз калган эле талаада.

Кайда кеттиң кабарыңды билгизбей?

Карааныңды издеп жүрөм калаада.

 

Тротуар жалгыз менин досумдай,

үт сырымды айтып алам ичтеги.

Тирүүлөрдүн агымына кошулбай,

Жашап жүрөм элес менен түштөгү.

 

Башкаралбай сагынычтын унаасын,

Басып калган азаптарга көндүмбү?

Светофор дайым жанып турасың,

Айтчы менин сүйгөнүмдү көрдүңбү?

 

Колдон келсе убакытты токтотуп,

Кетким келет кайгылардан кыйнаган.

Чачы узун кызды көрсөм окшотуп,

Чачы узун кызды көрсөм кыйналам.

 

Дареги жок издегендей бир үйдү,

Дареги жок издеп жүрөм сүйүүмдү…