Мамат Сабыров: Кампа

Кампа

(аңгеме)

“Алиаскар ака өтүп кетиптир” деген кабар кечке маал угулду. Мен кезүүдөн келген койлорду короого камап, эми үйгө кирдим эле. Аңгыча эле дарбаза жактан бирөөнүн чакырган үнү угулуп калды. Чыксам, бизден бир көчө ылдыйда жашаган Султанбек акенин уулу Абай турат.

-Алискар ака өлүп калыптыр-деди чачы үрпөйгөн тестиер бала алыстан.

-Биргат сизди тез келсин деп чакырып атат.

-А бечара…Качан өтүптүр?

-Билбейм.

Абай чуркаган бойдон кетип калды.

Алискар ака жашы элүүлөрдөгү бою шыргыйдай киши эле. Мурда трактор минчү. Он жылдай мурун кырсыкка кабылып, буту майып болуп калгандан кийин тамекиде кароолчу болуп жүргөн. Кечээ эле көчөдөн көрдүм эле. Аса таягын таянып алып, эчтекеден бейкапар төкүрөңдөп бараткан. Адам жаны аманат деген ушул экен да.

Мен батинкемди бутума иле салып, көчөгө чыксам өйдө жактан классташым Жоробек келатыптыр. Ар качанкыдай эле оозунда сигарет. Паровоздой бурулдап, түтөп келатат. Мени көрүп, токтоп калды.

-Алискар акани уктуңбу? –деп сурадым учурашкан соң.

-Уктум. Шояка кетпартам.

Эми экөөбүз чогуу бастык.

-Билбедиңби, ниме болуптур?

-Көчөдөн келип эле “жаман болуп атам, кичине жатып турайынчы” деген экен. Шо бойдон кайра турбаптыр.

Экөөбүз жарым чакырымдай аралыктагы Алиаскар аканин үйүнө жетип барганыбызда тобулгу саптуу камчысын эки бүктөп, өтүгүнүн кончуна тыгып алган бригадир Абдыганы ака ар кимге буйрук берип, ар кайсыл иштерге жумшап жаткан экен.

-Өмүрзак, тай, сен Аравандагы кызына кабар айттир. Тагиңда машинаң бар, өзүң эле “гыз” эткизип барып келсең жакшы болот эле. Эртең анан “маңа кабар жетпеди” деп жаңжал кылып жүрбөсүн. Абдырасул, сен Тайторуңду чапкын дагы Маматкалилдин үйүнө барып кел. Абдыганы ака айтти, эртең Алискар акани жайга сиздин машинаңыз менен алып барат экенбиз дегин. Силер тайлар-деди анан Жоробек экөөбүзгө кайрылып.

-Очок, казан, самавар таап келгиле. Бүгүн таярлап койбосок болбойт.

Бригадир айткан буюмдар дароо эле табылды. Бүт айылды кыдырып, жакшылык-жамандыкта кызмат кылып жүргөн орток казан, очок, самоор бар (башында ээси болгон деңизчи, бирок, бара-бара кимге таандык экени унутулуп, ортолуктуку болуп калган). Жакында ким той бергенин, ким кудайы кылганын сураштырсак эле дайыны чыкты. Очокту, самоорду көтөрүп келип, орнотуп, казанды асып, анан отун жарып коелу дегенде балта таппай калдык. Жоробек эшиктин алдын эки айланып, издеп келди. Ушу тапта бир жака шашып бараткан Алиаскар аканин жээни көзүмө урунду.

-Эй, Сали, балта барбы?

-Болсо керек.

-Каякта?

-Устаканада.

-Устакана жабык турат. Калити каякта?

-Үйдө болсо керек.

-Бар, апчыккын.

Сали ичкери кирип кетип, көп өтпөй кайра чыкты да колундагыны мага сунду. Мен кыска кара боосу бар, учу көңдөй ачкычты алып, устакананын эшигин ачсам, ичи капкараңгы. Чырагы бардыр деп дубалды сыйпалай баштадым. Чын эле эшиктин сол жак капталында өчүрүп – жандыргыч бар экен. Бассам устакананын ичи жапжарык боло түштү. Мен башка дүйнөгө туш болгондой бир саам аңырайып туруп калдым. Биздин айылда тириликке тың, пукта кишилер көп эле. Бирок, мындай идеалдуу, немистердикиндей ирээттүүлүктү эч кимдикинен көргөн эмесмин. Устакананын эки капталына узун тактайлардан текчелер жасалып, ага болсо яшиктер коюлуптур. Ар бир буюмга өзүнчө ящик. Балта өзүнчө, балка, теше өзүнчө. Ширетүүчү аппарат, биз мектепте окуп жүргөндө мастерскойдон көрчү тискалар турат. Аларды карап туруп, бир жолу атам достору менен чай ичип отурганда айтып берген окуя эсиме келди. Атам дагы ДТ трактор айдачу эле. Адырда тоңдурма айдап атсам лемехим сынып калды. Жаңысын салайын деп болт таппайм десең. Шунча чоң колхоздун, миллионер колхоздун скалатинда болт жок. Кайым чаначка (механик) кайта-кайта айттим, Ысак ака (инженер) келгенде огоям айттим. Экөөвү ям “билесиң да, азыр лемих болттун аты Аптикарим болуп атат, бирар аптада келип калар” деп кутулушту. Тали Тырышты (кампа башчысы) болсо бараверип турумуну тешвердим. Огочеле Аптикайым “бир болсо Алиаскарда болот, сурап көргүн” деп калды. Тайир чабандарга суу жеткирип барган экен, шонун машинасына отуруп алып, атайин Чакмактан түшүп келдим. “Жок, эй. Менде болт ниме кылсын” дейт. Келатканда Дүйшөнүн магазинине токтоп, бир ише вермут алып алдым эле. Ма, мынаны ичип кой деп колуна берсем үтүрөйүп турган Алиаскардын кабагы жарк ачылып, “жүр” деди. Устаканасына ээрчитип кирди. “Вай, кысталаак! Колхоздун складында жок запчасттын бардыгы турат. Лемех болттор, первичный вал, сцеплениенин дискасы… Ма, дагы вино алып ичесиң деп колуна 5 сом берип, өзүмө керектүүлөрдүн бардыгыны алып кеттим” -дегени эсимде.

Аңгыча сырттан Жоробек баш бакты.

-Эй, ниме болду?Бар бекен балта?

-Бар. Кирсең бери.

Жоробек дагы адегенде таң калганынан бир ышкырып алып, анан катып калды.

-Йе, мынавы менин күрөгүм го!

Жоробек дубалга жөлөнүп турган күрөктөрдүн бирин колуна алып, жарыкка тосту.

-Точно. Мына,карасаң, сабынын эки жерине бычак менен белги салып койдум эле…

Жоробек устакананын төрүн көздөй бет алып, улам бир буюмду кармап көрүп баратты.

-Мынавы кол ара дагы меники.

Эми мен да анын артынан ээрчип, өзүмдүн буюмдарымды издеп кирдим. Ящиктердин биринен былтыр табышмактуу түрдө жоголуп кеткен тешемди таап алдым.

Жоробек экөөбүз өз буюмдарыбызды көтөрүп, сыртка чыкканыбызда эшиктин алдына киши толуп калган экен. Унчукпай эле койсок болмок, бирок, ичине эчтеке батпаган шашма Жоробек чыдабай кетип, күрөгү менен араасын кантип тапканын сүйүнчүлөп ийди. Аны угар замат тургандардын бир тобу устакананы көздөй жөнөштү. Кирип кеткендердин улам бири өз буюмун таап чыгып атышты.

Биздин тамаркалар туташ, сугат суу баарыбызга бир арыктан келет. Көчөгө чыгыш керек болуп калганда, же дүкөнгө барганда бири-бирибиздин тамаркабызды аралап, эшигинин алдынан өтө беребиз. Алиаскар ака да биздин үйдүн алдынан далай жолу өткөн. Биз сөрүдө чай ичип отурганда, же тамаркада иштеп атканда “магазинге лампичкеге бардым эле, папырыска бардым эле” деп таягына өбөктөгөнчө бир саам токтоп, сүйлөшүп туруп калчу. Ошол өтүп баратканда бирөөнүн буюму бейжай жатканын көрсө, шып койнуна катып кете берчү экен да жарыктык киши. А балким, каерде эмне жатканын болжоп коюп, түн ката, же үрөң-бараңда алып кетип жүргөндүр. Устаканасына кулпу салып, ачкычын эч кимге бербейт деп айтышчу. Ошон үчүн жоголгон буюмдардын изи табылбай, ким колдуу болгону билинбей калчу тура.

-Күрөктүн өзүнөн эле тогузду санадым-деди Ишен агай Алиаскар аканин уулу дарбаза жакка басып кеткенде.

-Шунча буюмду чогултуп, ниме кылат десең?-деди мал дуктур Урайым.

-Гөрүмө ала кетем деп ойлоду бекен?

-Ич ким билбей калат деп ойлогон го -деди арабакеч Асранкул.-Билинбей калавеле. Кыңыр иш кырк жылда билинет.

-Өзү тагинан… -Эсепчи Шеркул ака да бирдеке айтайын деп келатып, бирок, бригадирдин ачуулуу түрүн көргөндө токтоп калды.

-Силер нимеге келгениңерди унутуп калдыңар окшойт а?- деди Абдыганы ака кабагын түйүп.- Буерде адам өлүп атат. Силер болсо буюмдун кайгысын кылып отурасыңар.

Тургандар дым болуп калышты.

-Мен кетменими кайта албайм-деди аңгыча суучу Ибрагим.- Кечтим.

Ал ушу саам эмнени ойлоду ким билсин, бирок, муну укканда башкалар да ыргылжың боло түшүштү.

-Менин дагы алгым келбей калды-деди Жоробек.

-Албасаңар бир жерге чогултуп койгула-деди Абдыганы ака.- Эртең Алиаскарды жайга апарганда кошо ала кетели. Шыйпаңга коюп койсок, кетмен, күрөк, теше гөр казганга дайыма керек болот…

Абдыганы ака баарыбызды тегерете бир карап алды.

-Бош турганыңар сабиз туураганга киргиле, тайлар. Биздин парз өлгөн адамды аруулап узатып коюш. Ояка барганда ар ким кылган иши үчүн өзү жооп берет. Кана, жөнөгүлө тайлар, турбагыла…