Ли Бо: Чөктү недир көңүлүм, Жүрөгүмдө – кусалык

Москвада, орус тилинде “Детская литература” басмасынан 1987-жылы Ли Бо и Ду Фу “Избранная лирика” деген аталышта жарык көргөн китептен

Ли Бо

 I

Табият жөнүндө ырлар

 

Лушань тоолорунда Түштүк-чыгышка

Беш карыя чокусуна карап турганым

Турам карап чокусун Беш карыя,

Лушанга, түштүк-чыгыш жагына.

 

Ал асманга көтөрүлө бой керип,

Алтын гүлдөй жаркырайт нур чагыла.

 

Анда болсом, айлана бүт көрүнмөк,

Көз кубантып, олтургандай тагыма.

 

Арман болбос, ошол жерде мен жашап,

Анан өлсөм, тагдырыма багына.

 

Тоонун чокусундагы храм

Мен тоонун чокусунда

Түнөймүн ээн храмга.

 

Жетчүдөй созсом колум,

Жылтылдак жылдыздарга.

 

Чочуймун өз үнүмдөн:

Жер сөзүн урдуртканга

 

Асмандын тургундарын

Акым жок тургузганга.

 

Жайдын күнү тоодо

Кайнайт денем ысыктан –

Шайым калбай желпүүргө.

 

Эптеп-септеп, кантсе да

Жетээрмин дейм мен түнгө.

 

Чечип бардык кийимим,

Туума болгом энеден.

 

Бадал жыттуу желаргы

Сылап өттү денемен.

 

Дайтянь тоосунда элден безип жашаган жанга барганым,

Бирок аны таппай калганым

Суу шылдырайт,

Ит үрөт.

 

Жаан сугарган

Шабдалы.

 

Бугу өтөт

Дүпүрөп,

 

Бул токойдо угулбайт,

Коңгуроо кыр жактагы.

 

Жиреп суюк түтүндү,

Бамбук көңүл муңайтат.

 

Ашууларга асылат,

Шаркыратма салаңдай.

 

Кайда кеткен жан досум,

Кана, мага ким айтат?

 

Жалгыз турам токойдо

Мен досумду табалбай.

 

Юань Даньцю элден безип тоодо кантип жашагандыгы жөнүндө

Чыгыш тоолорунда

Үй салган жай-кыш.

 

Үлүлдүн үйүндөй –

Асканын түбүндө.

 

Жаз менен жатчу эле

Токойдо жалгыз

 

Күндүз да турбай

Жатчу ал үйүндө.

 

Жатчу ал тыңшап

Шылдырын суунун

 

Шамал да ага

Берчүле ыр ырдап.

 

Болгон жок ичинде

Ыр-чырдын, чуунун –

 

Ушуга жарашмак

Жашаса кылымдап.

 

Кечил Цзюнь ШУлук Лютнада кантип ойногондугун укканым

Укмуштуу лютнасы менен

Келиптир менин досум,

 

Мына түшүп келатат

Эмэйдин чокусунан.

 

Алгач мен уктум бүгүн

Зарлаган анын доошун –

 

Онтогон окшоп кетти

Дарактар кокусунан.

 

Таштан-ташка урунган

Суу шылдырап,

 

Коңгуроонун үнүндөй

Бир билгеним

 

Күзгү түнү туманда

Күү куюлат…

 

Мен, байкуш чал, билбепмин,

Түн киргенин.

 

Жаздын күнү Лофутань дайрасынын жээгинде сейилдемин

Жалгыз тоодо,

Ичимден кайрып ырды,

 

Бир да жан жок

Акыры жүрөм жалгыз.

 

Беттер типтик,

Аскалар сүрдүү, сырдуу,

 

Капчыгайда

Тоо суусу, өтө алгыс.

 

Булут калкыйт

Беттерде жай агылып,

 

Гүлдөр жайнап

Алтындай нурун себет.

 

Кетким келбейт

Калыпмын мен сагынып –

 

Кеч да кирди,

Айла жок, кайтуу керек.

 

Цзинтиншань тоосунда жалгыз олтурам

Аптаптан соң

Булуттар эс алууда,

 

Учту соңку

Үйүрү чымчыктардын.

 

Мен тоолорго,

Тоолор маа көз салууда,

 

Тажабай биз

Карашып, тынчтыктамын.

 

Кыштын күнү тоодогу өзүмдүн эски үйүмө барганым

Чаалыккан кош көзүмдөн

Сыгалекмин көз жашым,

 

Мырзалык бул киймимдин

Кагалекмин чаңын да.

 

Жалгыз аяк чыйыр жол

Калган экен чөп басып,

 

Жаркыраган асманда

Көзүм тоонун карында.

 

Жалбырактар күбүлгөн,

Кычырайт кар басканда,

 

Бүт табият өңдөнүп,

Катып калган булут да.

 

Бамбук коюу каптаптыр

Жаштары бар аз санда,

 

Сууга кулап калыптыр –

Картаң дарак куруп кал.

 

Алыстагы айылдан

Ит үргөнү угулат,

 

Дубалдарды мох каптап,

Чаң басыптыр, Кудай ур.

 

Кулап калган аш үйдөн –

Кыргоол учту – тыбырап,

 

Чатырымда кыйшайган

Ыйлап олтур бир маймыл.

 

Жалбыраксыз бутакка

Конуп алган чымчыктар,

 

Карагайдын түбүнөн

Жол салыптыр жырткычтар.

 

Китептерим карасам –

Күбө түшүп жыртышкан,

 

Төшөгүмдүн алдынан

Чуркап чыкты бир чычкан.

 

Туура жашоом керек мен, –

Мүмкүн болом акылман?

 

Адам, жашоо, табият,

Баарын ойлоп башым маң.

 

Эми дагы кетишим

Керек болсо бир жакка –

 

Анда көргө кетип мен,

Айланайын турпакка.

 

Айвы тоосуна көз салып

Турганда эле –

Көрөм күндө:

 

Айвы тоосу.

Күнү бою.

 

Оюмдан да

Кетпейт түндө

 

Айвы тоосу

Дайым чогуу.

 

Боди шаарынан таң эрте чыгып баратам

Чыгып кеттим Бодиден,

Кооз булутка оронгон,

 

Сүзүп кеттик дайрада,

Кечке чейин миң ли бар.

 

Маймылдардын үндөрү

Жээктерде жоголгон –

 

Бурулдук биз булуңдан,

Тоолор калды кол булгап.

 

Ак илегилек

Аппак илегилек бир

Конду күзгү дайрага,

 

Канаттуудай сыйкырдуу

Сүзөт ана, жайма-жай.

 

Чөктү недир көңүлүм,

Жүрөгүмдө – кусалык.

 

Бирок кумдуу аралда

Турам карап тушалып.

 

Таза дайра жөнүндө ыр

Жүрөгүм менин тазарат,

Бул жерде, таза дайрада.

 

Суусу тунук мөлтүрөп –

Миң дайрадан башкараак.

 

Синьань жөнүн сурайын

Алыста аккан жай гана:

 

Кана, анын түбүнөн,

Кимдер көрүп таш табат?

 

Бүт турпаты адамдын,

Чагылышат күзгүдөй,

 

Чагылышып куштар да –

Кооз сүрөттөй керилет.

 

Жалгыз гана маймылдар

Чуу салышып күүгүмдө,

 

Жүргөндөрдү чочутат,

Ай нурунда сейилдеп.

 

Аккан суу

Аккан сууда жылтырап

Агып жатат күзгү ай.

 

Түштүк көлдүн жээктери

Бейкуттукта тынчыган.

 

Лотос бир сөз санаалуу

Айткысы бар мага да.

 

Ошентип ал мени да

Салгысы бар санаага.

 

Күзүндө Сюаньчэнде Се Тяо түндүк мунарасына көтөрүлүүдөмүн

Сүрөттөгүдөй

Түрткүлөшүп тоолор

 

Көз салууга

Көк асманга ашыгат.

 

Эки агым

Тосот шаарды жоодон,

 

Эки көпүрө

Күн желедей асылат.

 

Платан катып,

Санаа тартат сууктан,

 

Жалбырактар

Айтат күздүн жардыгын.

 

Ким болсо да

Мунарага чыккан, –

 

Се Тяо

Эске салат бардыгын.

 

Хуайхай жергесинде карды көргөндө

Фу Айга арналат

Тумандаган булуттан

Түндүк кары жаап жатат

 

Сапырылат шамалга

Деңиз жээктеп чамынган.

 

Жээктеги дарактар,

Жаздагыдай апаппак,

 

Жээк куму көрүнбөй

Аппак жабуу жамынган.

 

Яньси суусу менен мен

Эргүү менен байлангам,

 

Лянскилик княздын

Кайда эли, тың чыкма?

 

Инчжундун ырлары

Калкыйт кылда, шаңдана.

 

Ырдап бүтүп кайрадан –

Кусаланам тынчтыкта.

 

Кулпурган лилия

Лилия гүлү түтүн болуп оролуп,

Көрктөп турат асмандаган өзөгүн,

 

Ушул гүлдөр өзгөчө кооз жазында –

Токой көркүн мен да карап өтөмүн.

 

Жаап турган чымчыктарды сайраган

Жалбыракты желпип жыттуу желаргы,

 

Сулуу кызды капысынан көз ирмем,

Аз болсо да бир токтотуп бере алды.

 

Түштүк верандадагы сосна

Түштүк верандада

Өсүп турат жаш сосна,

 

Бутактары бепбекем

Шагы коюу бир башка.

 

Жогор жагы акырын

Жүргөн желге шыңгырайт,

 

Күн-түн тынбай шыңгырак,

Музыкадай, ыр ырдайт.

 

Көлөкөдө, тамырда,

Жапжашыл чөп, мох турат,

 

Ийнелери жаркырайт –

Кочкул-көгүш ок сымак.

 

Өсө бергин, оо сулуу,

Жылдап өскүн, кылымда,

 

Төбөң менен булутту,

Тешип өтүп кымылда.

 

Тоодогу суроо жана жооп

Бир ирет кыйнашты:

ушинтип эмне азап –

Нефрит аскада

уяда сен жашап?

Жооп бербей унчукпай,

жылмайып тим болсом,

Жүрөгүм үн салды:

жашаймын мен азат…

Учунда жарбашы

шабдалы салаңдап,

Уччудай төмөнгө

капчыгай караңдап.

Бир мында – көк асман,

жер дагы – ушунда,

Аралап эл ичин

Аны эч ким табалбайт!

 

Эмэйшань тоолорунун айына ыр

Эмэйшань тоолорунун айы,

күздөгү бул жарым ай!

Токтоо тарткан Цяндардын суусунда

көлөкөлөр киринет…

Таза Суулар булуңунан сүзөмүн

Үч Түпсүздүн агымга.

Юйчжоуга агым менен түшөмүн

кусалыгым… билинет.

 

Цзиньлин шаарындагы

Батыш мунарада

Ай алдында ыр окуйм

Циньлиндин түнкү тынчтыгын

Тентек шамал бузат аралап,

Мунарага жалгыз мен чыгып,

У менен Юэни болдум карамак.

Чагылышат сууда булуттар,

Чөлдөгү бул шаар дымырайт.

Бермет дандай жанып шүүдүрүм,

Ай нурунда күзгү жылтырайт.

Сүттөй жарык айдын алдында

Кусаланып, көпкө кайтпаймын.

Көрүү мүмкүн эмес дайыма,

Байыркы акындын айтканын.

Бул дайраны айткан Се Тяо:

“Ак жибектен дагы тунук”, – деп,

Ушул саптын өзү сен туйсаң –

Кылымдарга калчу улук кеп.

 

Күндүн чыгышы жана батышы жөнүндө ыр

Чыгыштагы булуң жактан күн,

Чыгып келет жерден чыккандай.

Асман менен барып деңизге

Кулайт, алты ажыдаар жуткандай.

Байыртадан бери тынбастан

Эс алган жок бул күн таптакыр.

Күн артынан чыдап ким баскан,

Андай адам барбы, баш катыр?

Жайнап турган талаа гүлдөрү,

Алкыш айтар бекен шамалга?

Жалбырагы түшсө дарактар,

Жаны кейип, не дейт адамга?

Ким камчылап, кууп шаштырат,

Кышты, күздү, жазды, жайды да?

Табияттын гүлдөп, соолушу

Өз эркинче болчу заң тура.

О, Си Хэ, Си Хэ, күндү ташуучу,

Айтчы бизге, неден чөгөсүң?

Чексиз, түпсүз ташып жатуучу

Суу түбүнөн нени көрөсүң?

Кандай сырдуу күчкө ээ экен,

Луян деген? Күндүн кыймылын

Найза менен бузар эр экен,

Андайлар көп, асман сыймыгын

Алсам дешип, бийлик көксөшкөн.

Асман менен жерди бир жууруп,

Жаралган кезине өткөзсөм

Деймин түбөлүккө бир кылып.

Которгон: Жедигер Саалаев