Лайли Үкүбаева: Чыңгыз Айтматовдун романдарында азыркы учурдун глобалдуу маселелеринин көркөм иликтениши

10-июнь Чыңгыз Айтматовду эскерүү күнүнө карата жазылган Филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаеванын “Ч.Айтматовдун романдарында азыркы учурдун глобалдуу маселелеринин көркөм иликтениши” аттуу макаласын сунуш кылабыз.

Чыңгыз Айтматовдун романдарында азыркы учурдун глобалдуу маселелеринин көркөм иликтениши

Чыңгыз Айтматов жазуучу-философ катарында чыгармачылык өмүрүндө дайыма адам жана адамзат жашоосунун эң бир терең сырларына сүңгүп кирип, алардын нары татаал, нары карама-каршылыктуу, өтө курч жагдайларын көркөм иликтөөнүн жардамы менен жогорку, эң жогорку көркөм-эстетикалык, философиялык деңгээлде ачып берүүгө аракет кылып келди. Өз чыгармаларында каармандарынын кубаныч, азаптарын өтө баамчыл, терең психологиялуу сүрөттөө менен гана чектелгени жок. Жазуучу аны менен катар эле коомдук карама-каршылыктарды, болмуштук коллизияларды көркөм сүрөттөп, алар аркылуу нравалык- философиялык, этникалык-дүйнөтаанымдык, жалпы адамзаттык курч проблемаларды көтөрдү. Көркөм-эстетикалык каражаттарды өтө чебер колдонуу менен ал көтөрүлгөн маселелерге принципалдуу, өзүнө гана таандык эрудиция, өзгөчөлүктө жооп табууга аракеттенди.

Адам жана коом маселеси Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын негизги темасы, проблемасы катарында анын алгачкы чыгармаларынан акыркы адабий мурасы болгон “Тоолор кулаганда” романына чейин жашады деп толук жоопкерчилик менен айтууга болот. Чыгармадан чыгармага, жөнөкөй турмуштук окуяны сүрөттөөдөн татаал, масштабдуу, кең понорамалуу сүрөттөөгө акырындап, табыгый өтүү менен аталган проблемаларды ар тараптуу, кылдат, терең көркөм иликтөө менен алардын бүгүнкү күндө философиялык, көркөм-эстетикалык эң жогорку чечилишине дүйнөлүк адамзаттын көңүлүн бурду. Өзгөчө белгилей турган нерсе, Ч.Айтматов адамга, коомго байланыштуу ар кыл маселени кароолуна алууда ага өзүнө гана таандык ченемсиз гумандуулук менен мамиле жасап, ар дайым адамзаттын цивилизациялуу, өнүгүп-өскөн бакубат турмушта жашоосу үчүн сарсанаага батып кам көрүп келди. Бүгүнкү татаал, чаташкан, карама-каршылыктуу, курч драмалуу ал гана тургай эбегейсиз дүйнөлүк трагедиялар менен коштолгон жашообуздан анын келечектеги бейпилдигине жол издеп келди. Адамзатты Адамдагы адамдыкка чакырып, өзүндөгү өзүмчүл эгосун жеңип, туура, таза жолго түшүүгө өз чыгармалары менен көмөк көрсөтүүгө бел чечпей аракет кылып, тынчы жок адамдык, сүрөткерлик, атуулдук азапты баштан кечирип жашап өттү десек болот. Бул айтылгандар жөн эле жалган пафос, жасалма, апыртып сыпаттоо эмес, ким улуу жазуучунун чыгармалары менен жакындан тааныш болсо, мындай сезимдердин, ой-тыянактардын жалган эместигине ишенет.

Адам жана коом маселесинин алака-катышын системалуу, концептуалдуу, философиялуу көркөм иликтөө айрыкча жазуучунун романдарынан ачык байкалат. Байкап карасак жазуучу кийинки мезгилдерде ушул теманы, ушул проблеманы романдан романга аң-сезимдүү, ырааттуу өнүктүрүп изилдеп, чагылдыруу менен өзүнчө эле бир роман-притчалар циклын жараткан экен. Өз учурунда адабиятчы А.Эркебаевдин бул туурасында жазган мындай бир пикири бар эле. Ал Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат”, романдарын “роман-синтез”, “роман-симфония”, “роман-полифония” деп абдан жогору баалап, аларды “автордун логикасы, проблематикасы боюнча өз ара байланыштуу өзүнчө эле дилогия-деп эсептейм” деген. (Эркебаев А. Элдик эпостон адабий эпоско. Ф.: Адабият. 1990. -220-6.).

А.Эркебаевдин жогорудагы пикирине толук кошулуу менен “Касандра тамгасын” жазуу менен жазуучу трилогия жазып салгандай десек да болчудай” деген көз карашты мындан бир канча жыл илгери айткан экем. (караңыз: Үкүбаева Л. Чыңгыз Айтматов жана кыргыз адабияты. -Бишкек. 2012. -201-6).

Албетте, бүгүн Айтматовдун романдарына кайрылып, аларды кайрадан окуп, алар тууралуу ой жүгүрткөнүмдө жогоруда аталган үч романды трилогия, болбосо романдар циклы деп айтуубузга толук негиз бар экендигине эч бир күмөнүм жок. Эмесе Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” жана  “Кыямат” “Кассандра тамгасы” романдарындагы гуманисттик философия, ааламдык чакырыктарга кыскача токтолууга аракет кылайын.

Эсибизге салсак, “Кылым карытар бир күн” романында Чыңгыз Айтматов космостук окуяларга байланыштуу фантастикалык сюжетти өз бет алдынча, өзүнүн башталышы, аягы бар окуя катары Эдигейдин Казангаптын сөөгүн коюуга арналган кылым карыткан бир күнүнө параллель сүрөттөп жүрүп олтурат. Турмуш чындыгын сүрөттөөдө мындай стилдик ыкманы колдонуу, биздин оюбузча, өзүнчө маани-максатка ээ. Фантастикалык жана реалдуу окуяларды жарыша берүү аркылуу жазуучу жеке адамдын кадыресе пендечилик көртиргилиги, тагдыры менен жалпы адамзаттык маселелердин дайыма бирге жүрөрүн (ошол мезгилде адамзат коомунда дүйнөлүк маанидеги маселе курчуп, каралып жаткан, жазуучу космостук окуяларды б.а. Токой-Төш планетасындагы адам, коом маселесинин цивилизациясын жер планетасындагы турмуштун метафорасы катары сүрөттөгөн -Л.Ү.), ал гана турсун ажырагыс байланышта экендигин ишарат кылат. Ушул жерде бир аз тыным кылып, атайын белгилей турган бир жагдай турат:

Ч.Айтматов XX кылымдын улуу ойчулу, улуу гуманист жазуучусу экендигин анын бүткүл чыгармачылыгы, инсан катары жасаган иштери далилдейт. Ал дүйнөдө акыл-эссиздиктен болуп кетүүчү ар кандай коо- калдалаңдан, дүйнөлүк катастрофадан, апокалипсизден коркуп, дагы тагыраак айтсак, тынчсызданып, санааркап, туңгуюктан чыгуунун жолун издеген. Алгач мындай тынчсыздануусу “Кылым карытар бир күн” романында метафоралык каражат аркылуу автор адамзаттын эсине салат. Анда Паритет-1, паритет-2 эл аралык космонавттар “Токой-Төш” деген  планетада жашаган адамдардын жасаган жер планетасында жашаган адамдардын жасаган иш-аракеттери боюнча таптакыр айырмалана тургандыктары тууралуу сөз болот. Биринчиден, “Токой-Төштүктөр” мамлекет деген эмне экенин, согуш деген эмне экенин билишпейт экен. Экинчиден, алардын баш оорутуп изденүү менен алек болуп жаткан маселелери: кантип жаратылыштын стихиясын болтурбай коюу жана күндүн энергиясын башкарып, аны адамдын жыргалчылыгы үчүн максаттуу пайдаланууга жетишүү.

Албетте, бул маселелер-чындыгында да адамдын бейпил жашоосуна, өмүрүнүн узак болушуна, экономикалык-социалдык кризистердин көбөйүшүнө алып келүүчү чечилиши кечиктирилбей колго алынуучу маселелер. Ч.Айтматов учурунда өзүнүн тигил же бул эл аралык чогулуштарда, ар кандай жыйындарда, журналисттерге ж.б. берген интервьюларында “мамлекеттер менен мамлекеттердин ортосунда мунаса келишпегендиктен” согуш чыгып, канчалаган бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылып, адамдын акыл-эси жараткан цивилизациялуу жашоо-шарттар кыйрап, жок болуп кетип жатканын ачуу чындык катары айтып, жазып келди.

Адамдын эркине баш ийбеген жаратылыштын ар түрдүү кырсыктарынан улам дүйнөдө канчалаган жоготуу, азаптар болду. Күндүн табына байланышкан кургакчылык, же анын тескерисинче жаанчыл аба ырайынан болгон кырсыктар… Айтор бүгүнкү адамга адамзаттын келечеги үчүн баш катырып ойлонууга жогорудагыдай маселелер азбы? “Токой-Төштүктөрдүн” гумандуу, келечектүү иш-аракеттеринде берилген жогорудагыдай кабар-баян Ч.Айтматовдун жер планетасындагы адамзатка айтайын жеткирейин деген улуу, гумандуу чакырыгы болгон. Согуш бири-биринен куралдуу күчтөрдүн артыкчылыгын арттырууга жасаган көшөргөн аракеттер, анын да ар кандай идеологиялык чүмбөттөлүү менен ишке ашырылып жатышы-Жер планетасындагы адамдардын аң-сезиминдеги чектелгендиктин руханий жардылыктын айкын күбөсү. Ч.Айтматов бул романы боюнча өткөн ар кандай жыйындарда чындыгында реалдуу “Токой-Төш” деген планетанын жок экендигин жана анын ойдон чыгарылып, фантастикалык сюжет катары чыгармасына киргизилгени тууралуу айтып да, жазып да жүрдү. Бул жердеги автордук максат жазуучу “Токой-Төш” планетасына байланышкан кыялый оюн, көксөгөн тилегин жер адамдарына өнүгүп-өскөн цивилизациялуу аӊ-сезимдин үлгүсү катары кою болгон.

Дүйнөдөгү тынчтыкты сактоо, жер планетасындагы жашоонун тыптыйпыл болуп жок болушуна тынчсыздануу Ч.Айтматовдо “Кылым карытар бир күн” романын жазып, жарыялоосунан алда канча эле мурда пайда болгон экен. Мындан бир канча мезгил илгери дүйнөдө кубаттуу социалисттик системага катар эле капиталисттик күчтүү система да жашап турган мезгилдерде эки система тең жарыша куралдануунун артынан түшүшүп, ал гана турсун ядролук куралдарды даярдашып, адамзаттын алдына согуш коркунучун алып келишкен. Мына ошол мезгилдерде, т.а.
1977-жылдын жазында Болгария Эл республикасынын борбору София шаарында “Жазуучу жана дүйнө: Хельсинки духу жана маданият чеберлеринин милдети” деген темада жазуучулардын Эл аралык симпозиуму өтөт. Ч.Айтматов да ал жыйынга катышып, сөз сүйлөгөн. Анын сүйлөгөн сөзүнүн ар бир интонациясынан дүйнөнүн коопсуздугу үчүн тынчсыздануу сезилип турган. “Биз тарыхтын татаал сотуна калтырып коюуга мүмкүн болбогон, ал жөнүндө азыр, так мына ушул саатта айтууну талап кылган нерселер бар. Эгер биз өз колубуздан келгендин баарын жасадык деп, ошого чын дилден ишенгибиз келсе, аны азыр, нак ушул саатта жасашыбыз зарыл, анткени сөз эң башкы нерсе жөнүндө жүрүп жатат. Жер бетинде турмуштун салтанатташын жактаган художниктин образдуу сөзү кийинкиге калтырылууга тийиш эмес. Эгер биз жазуучунун парзын жана милдетин ак атоого умтулган болсок-иштин жайы мына ушундай”-деген Айтматов.

“Кылым карытар бир күн” романы ошол мезгилдеги жазуучунун кийинкиге калтырбай айтылган “образдуу сөзү” болгон. Бирок дүйнөдөгү согуш коркунучу токтобостон уламдан улам күчөй берген. Ошондо адамзаттын тагдырына, келечегине, коомдун бейпил өнүгүшүнө кабатыр болгон Ч.Айтматов адабият менен искусствонун дүйнөлүк дөө-шаалары болгон: Ольвин Тоффлер, Александр Кинг, Артур Миллер, Питер Устинов, Инга Миллер, Хайди Тоффлер, Лисандро Отеро, Яшар Кемаль, Федерико Майор, Клод Симон, Аугусто Форти, Джейми Болдуин, Афеверк Текли, Нараяна Менон, Омер Ливанели, Девид Болдуиндерди 1986-жылы 26-октябрда Ысык-Көл шеринесине чакырып, “мезгил жаңыча ойлоону талап” кыла тургандыгы боюнча көптөн бери жан дүйнөсүнө тынчтык бербеген оюн ортого салып, дүйнөнүн өкүлдөрү аркылуу прогрессивдүү адамзатты диологко чакырган. Ал диологдун өзөктүү маселеси да дүйнөдөгү тынчтыкты, жер планетасындагы жашоону сактап калуу болгон. Форумга ЮНЕСКОнун өкүлү катары келип катышкан Аугусто Форти “Ысык-Көл форумунун негизги тыянагы тууралуу “Адамзат акылы ал өзү жашап тургак жердеги тиричиликтин сакталып калышына жоопкер, -бул бүгүн тарыхый болуп калган “Ысык-Көл форумунун билдирүүсүндө” көрсөтүлгөн. Мына ушул чыгармачылык маектин түпкү тыянагы” деп белгилеген (Ысык-Көл форуму. Ф.: Кыргызстан. 1987, -116-6.).

Адамзаттын келечеги-бүгүнкү адамдын акыл-эсине байланышкан, ал гана эмес андан тикеден тике көз каранды. Бул маселе албетте, бүгүн эле чыга калган маселе эмес, ал-адам адам болуп жашоого келген алмуздактан берки жашаган маселе. Бул-аксиома, далилдөөсүз чындык. Аталган маселе боюнча Ч.Айтматовго чейин да далай акылмандар, ойчулдар, гуманисттер баш катырып ойлонуп келишкен. Ч. Айтматов-азыркы күндөн күнгө татаалданып, адамзаттын рух дүйнөсү жакырланып, “адалдыгынан арамдыгы” күн санап өсүп бараткан адамды өзүндөгү адамдыкка келүүсүнө чакырып, адам өзү жакындатып келаткан кыяматынан сактап калууга далбас уруп аракет жасап, өз чыгармаларында кыска нуска адамдыктын формуласын түзгөн жазуучу. Ал формула-“Канткенде адам уулу адам болот” жана “Адамга баарынан эӊ кыйыны-күн сайын адам болуу”. Жогорудагы формулалардын чечилиши Ч.Айтматовдун көркөм изилдөөлөрүнүн тереңинде катылган. Зирек, интеллектиси жогору окурмандарга багышталып жазылган философиялык романдарында жазуучу аталган маселенин ар кыл аспектилерине, катмарларына окуучусунун көңүлүн тынбай буруп келди.

Адам-жаратылыштын бир макулугу катары башка жан-жаныбарлардан айырмаланып акыл-эске эгедер. Акыл-эси менен коом түздү. Коомго, жашоого керек болгон бардык нерсени өз акылы, аракети менен түздү. Адамзаттын жыргалчылыгына керектүү болгон бардык нерсени өз акылына баш ийдирип Ч.Айтматовдун сөзү менен айтканда “бүгүнкү күндүн адамы-бүгүнкү күндүн кудайы” болуп турган кези. Бирок адам акылын дайыма эле ойлогондой, адамзаттын бакубат келечеги жашоосу үчүн жумшап жатабы? Албетте жок. Ч.Айтматов “Кыямат” романында адам коомунун бүгүнкү күндөгү экономикалык, социалдык, нравалык өксүктөрү барып келип эле адамдын өзүнө байланышып, чырмалышып калганын реалдуу турмуш чындыгынан алынган сюжет менен инжилден алынган сюжеттин синтезинде өтө курч, эмоционалдуу- эспрессивдүү таасын сүрөттөйт.

Адамзат коомунун азыркы турмушунда нравалык баалуулуктар кыйрап, адамдын элементардык социалдык муктаждыктары камсыз болбогондуктан, адамдар байлык менен бийликтин кол жоолугуна айланып, келечектен таптакыр үмүтүн үзүп, өзүндөгү келечекке карата ишенимин таптакыр өлтүрүп бүткөнүн автор Авдий менен Гришандын ортосундагы диалогдо жылаңач чындык катары берсе, (Гришан: “акча бүт баары, кудайың да сатылат да, сатылып алынат” ж.б.у.с. (Айтматов Ч. Кыямат, Адабият 1988. -129-130-66), Инжилден алынган сюжеттеги Иисус менен Понтий Пилаттын диалогунда адамзаттын азыркы учурдагы социалдык-нравалык, руханий кризистен чыгып, Адамча бакубат, өнүккөн цивилизация жолунда болушу үчүн эмне кылуусу керек экендигинин айтматовдук философиялык концепциясын мындайча берет.

Бийликтин кубаттуу эгеси болуп турган Понтий Пилаттын: “Сен элге убада кылган укмуш жашооң качан келет?” деген кекээрдүү суроосуна Иисус: “Жараткан бизге дүйнөдөгү эң бийик ырыскыны-акыл-эс берген. Анан акыл-эстүү жашоого эрк берген. Көктүн ырыскысын биз кандайча пайдаланар экенбиз, адамдардын тарыхы ошого жараша болот. Адамдын жашоо маңызы өз рухун жетилтип олтуруу-дүйнөдө мындан бийик максат жок. Буга сен каршы болбоссуң, Римдин өкүл-акими. Рухтун жаркыраган туу чокусуна жеткирер түгөнгүс тепкичтери менен күн санап бир тепкичтен өөдөлөсөң да умтулуп чыга бериш керек-акыл-эстин, жашоонун сулуулугу ушунда. Адамга баарынан эң кыйыны-күн сайын адам болуу. Андыктан, аким, алиги сен ишенбеген күндү канчалык узак күтүү адамдардын өзүнөн”-деп жооп берет. (Айтматов. Кыямат. Фрунзе. Адабият.1988, -160-161-66). Мынакей, “Кыямат” романындагы идеялык концепция айтматовдук гумандуу философия. Бүгүнкү күндөгү адамдын алдында турган улуу милдет “Күн сайын адам болуу, күн сайын адам болууга умтулуу”. Бүгүнкү күндөгү адамдардын адамдыктан кеткендигинин айкын көрүнүштөрүн автор Гришан башчысы болгон нашакорлор тобун, Обер Кандаловдун сайгактарга жасаган жана Авдийге жасаган ыймансыз, жемкор мамилесин, Базарбайдын Акбара менен Ташчайнарга, алардын бөлтүрүктөрүнө, акыры келип Бостонго жасаган зөөкүрлүк мамилесин чагылдыруу менен окурманына жеткирет, Гришандардын, Оберлердин, Базарбайлардын адамкерчиликсиз жолго түшүүлөрү алардын өзүнө эле эмес, алар жашаган коомдун социалдык-нравалык, ал турсун экономикалык, экологиялык саясаты, идеологиясы менен тыкыз байланыштуу, ал тургай көз каранды экенин жазуучу подтексттер аркылуу да, сырлуу туюнтат. Азыркы учурдагы биздин, адамзат коомунун терең драмалуу, трагедиясын жазуучу окуучусуна жеткирүүгө ар дайым далбас урат, аракеттенет. “Кыямат” романындагы башкы маселе-бүгүнкү күндүн кудайы болуп алган адамды адамдыкка чакыруу, ал аркылуу коомдогу терс көрүнүштөрдү жоюп, эч болбосо азайтып, коомду асылдандырууга адамзатты чакыруу. Албетте, адалдыгынан арамдыгы көбөйгөн азыркы заманда буга жетүүнүн жолу өтө татаал, азаптуу оор экендигин Ч.Айтматов Авдий жана Бостондордун тагдырында чагылдырат. Актыкка чындыктын өтөлгөсүнө чыгыш канчалаган таза, ак эдил адамдардын өмүрүн аларын автор бизге ушул образдардын трагедиялуу тагдырында ишарат этет.

Аталган идеялык-философиялык концепцияны Ч.Айтматов “Кассандра тамгасы” романында мындан дагы тереңдетип, курчутуп, экстремалдуу кырдаал аркылуу сүрөттөйт. Азыркы учурдагы адам коому ушунчалык ыпластыкка баткан экен, эми эненин курсагында пайда болгон түйүлдүк эненин маңдайында сепкил-такты пайда кылуу менен өзүнүн тыш дүйнөгө чыкпастыгы, чыгууну таптакыр каалабастыгы жөнүндө ишаарат кылып, өз каршылыгын билдирүүнүн аракетинде болот. Бул эмне деген шумдук! Космостук монах Филофей өзүнүн тапкыч нурлары аркылуу жасаган экспериментинин жардамы менен кассандра-эмбриондорунун тилегин адамзатка жеткирүү максатында космостон Рим папасына кайрылып кат жазып олтурат. Филофейдин бул ачылышы асманда экинчи күндүн пайда болушуна тете эле. Эненин жатынында пайда болгон түйүлдүк “Эгер эрк өзүмдө болсо, мен туулбай коюуну артык көрөр элем. Силердин сурооңорго жооп кылып мен белги берем, силер андан мени, менин жакындарымды да, келечекте тагдырдын оор жазмышы, бөөдө кырсык күтүп турарын чечмелеп биле аласыңар. Эгер силер ал белгилерди чечмелей ала турган болсоңор, анда билип алгыла, мен кассандра-эмбрион, эч кимге артык жүк болбой, туулбай туруп туна чөгүүнү артык көрөм. Силер сурадыңар-мен жооп бердим. Менин жашагым келбейт. Бирок менин эркиме койбой, жарык дүйнөгө келүүгө мажбур болсом, анда мен, бардык эле адамдардай, маӊдайыма кандай тагдыр жазылса, аны дал ошондой кабыл алам. Эмне кылуу керек-аны өзүңөр чечкиле, баарыдан мурда мени боюна бүтүрткөн менин энем чечсин. Ага чейин менин айтканымды угууга жана түшүнүүгө аракет кылгыла. Мен-кассандра эмбрионмун! Менден кутулуу али кеч эмес, мен ага даярмын. Мен Кассандра-эмбрион, дагы бир топ күн силерге белги берип турам. Мен-кассандра эмбрион, туулгум келбейт, келбейт, келбейт, келбейт… Мен кассандра-эмбрионмун”. (Айтматов Ч. Чыгармаларынын 8 томдук жыйнагы. 6-т. Бишкек, Бийиктик -2008. 19-20-беттер).

Бул-адамзатка карата ааламдык чакырык. Айтматов гуманист, ойчул, философ, эстет катары адамзатты эртең таптакыр кеч болуп кала электе акыл-эске, абийирге, адамдыкка келүүгө чакырган Айтматовдун-ХХ-ХХ1 кылымдын, Асанкайгысынын жан-дүйнөсүнүн ачуу чакырыгы!

Эмне кылуу керек! Биз жашаган коом кылмышкерлердин, киши өлтүргүчтөрдүн, алдамчы-арампөштөрдүн, абийир-ыйманын жоготкон саткындардын коомуна айланып бараткандыктан кассандра-эмбриондорду кандай жашоо күтөт?

Биз, бүгүнкү жер планетасында жашаган адамдар келечек муунга кандай коомду, жашоону мураска калтырып жатабыз? Айтор, суроолор көп, жооп жок. Айтматов да өзүнүн жашоосунда ушундай суроолорго жооп издеп, жан дүйнөсүн кыйнап, ыйлап өтүп кетти. Анын адамзат алдындагы турган бул коркунучту ааламдагы адамдарга жеткиребиз деп бел байлаган каармандары футуролог Борк, монах Филофейлер да Оливер Ордак сыяктуу бүгүнкү күндүн саткын, шылуундарынын элдин кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын жогору койгон айбанчылыктарынан ошондой эле массанын акыл-барасатынын төмөндүгүнөн улам кырдаалдын курмандыктары болушту.

Акырында Ч.Айтматовдун “Кассандра тамгасы” аркылуу эмне дегиси келгенине жооп издесек, анда аталган романды талкуулоо учурундагы айрым бир окумуштуулардын пикирин эске салсак жетиштүү болот. Казакстандык окумуштуулар Раушан Абдильдина жана Жабайхан Абдильдиндер: “жазуучу адам жүрөгүнүн эӊ бир талуу жерине тийип, сарсанаага салган жашоонун эӊ бир тагдыр чечүүчү суроолоруна жооп берүүнү көздөйт. Кассандра тамгасында Айтматовдун тынчын алып, сарсанаага салган бир гана жеке алынган инсандын, же бир элдин, бир улуттун тагдыры эмес-ал бүтүндөй адамзаттын тагдыры” деп романга баа беришкен. Албетте жогорудагыдай пикирлер өтө көп, алардын бардыгын келтирип олтуруу мүмкүн эмес.

Чыңгыз Айтматов өзүнүн бүткүл чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн жалпы адамзаттык, планетардык масштабдагы маселелерди көркөм изилдөөгө арнап, дүйнөдөгү прогрессивдүү адамзатка ааламдык чакырык жасап, артында акын Алыкул образдуу айткандай, “Бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс”, кыргыз эле эмес дүйнөдө канча улут болсо, бардыгы көтөрө алгыс адабий мурасын калтырып кетти. Айтматовдун асыл ойлорун улуу, гумандуу идеяларын, ааламдык чакырыктарын ишке ашыруу азыркы күндөгү адамзаттын моюнундагы парзы. Айтматов өзүнүн тынымсыз чыгармачылык изденүүлөрү менен кыргыз адабиятын дүйнөлүк деӊгээлге көтөрдү. Чындыгында да Ч.Айтматов кыргыз адабиятын жаӊы деӊгээлге, дүйнөлүк деӊгээлге көтөрүп кеткен бирден бир жазуучу болгондугун биз ар дайым зор сыймык менен эстешибиз жана эстен чыгарбашыбыз керек.

Лайли Үкүбаева

Филология илимдеринин доктору, профессор

Кыргыз-Түрк “Манас” университети