Кыял Тажиева: Унчуга албадым илебиңе, Уйкуда калды бир улуу мүдөө

Жоолугум желге дирилдейт…

Өмүрдүн кол жеткис кайрыгында,

Өрт койдуң тагдырдын айдыңына.

Махабат, карааным кайда жалгыз, жалгыз, жалгыз

Сен мени өзүмдөн айрыдың да, айрыдың да, айрыдың да.

Махабат өзүмдөн, Махабат өзүмдөн

Айрыдың да.

 

Унчуга албадым илебиңе,

Уйкуда калды бир улуу мүдөө.

Махабат, сен келдиң эле мага

Ааламды көтөрүп жүрөгүңө.

Махабат таарынам,

Махабат таарынам жүрөгүмө.

 

Жоолугум желге дирилдеп,

Жоголуп көөнүм бириндеп,

Жолуңдан кетип баратам

Жолумдан өмүр көрүнбөйт,

Жолумдан өмүр көрүнбөйт.

 

Сен эми айрыба таарынуумдан,

Сен мени айрыба сагынуумдан.

Махабат, түбөлүк издейм сени

Сен мени издебе жаңылуудан.

Махабат издебе

Махабат издебе жаңылуудан.

 

*****

Жылуу дүйнөм, жыргалым мелмилдеген,

Жыргал жайдан адашып келдиң белем…

Жаратканга кошулуп маңдайыман

Сылаганы тургандай эргүүң менен,

Мени кайда учуруп баратасың?

Жанга айлантып сен дагы, мен билбеген.

 

Кармоого да, көрүүгө болбой турган,

Көңүл гана тааныган бойдон турган,

Ичи алоо керемет жанды көрдүң

Аруу, аруу, апапак ойго тунган.

Оо жарыгым, бул демди кайдан таптың?

Аласалтып акылды айран кылган.

 

Жылуу дүйнөм, жыргалым мелмилдеген,

Жыргал жайдан адашып келдиң белем?..

 

*****

Бизге кандай толкуну күч,

Укмуш жашоо келгенин

Эми билдим…

А сен аны менимче

Биле элексиң,

Билбедиң.

Сени менен табыштырган өмүрдү

Өмүрүмдөй жакшы көрөм билгеним.

 

Көп учурда гүлдөй көңүл,

Күлдөй болуп күбүлдү.

Жагымдуу көп мүнөттөрдөн

Жанчылган бир азап күнүм көп болду.

Ушул тагдыр мага ушунча өч болду.

Биз убара болгон менен жакшысы,

Жөн жашаган жок окшойбуз

Башкысы.

 

*****

Бөлөксүнүү көргүм келбейт көзүңдөн,

А мен сени коргой алаар бекенмин?

Баарынан да өзүмдөн.

Сенден ысык,

Сенден суук да чилде көрбөсөм экен.

Сенден бийик мүдөө келбесе десең.

Сенден кызык дүйнө көрбөсөм экен.

Чоң капкалуу сырдуу калаам,

Кең жайылган кең талаам.

Бир өмүрүм жетээр бекен,

Сени таанып өтүүгө,

Жок дегенде

Табышмактуу кечиңе.

Сабыр жетпей адашып,

Сенден бөлөк адам сүйбөсөм экен.

12-май. 2021-ж.

 

*****

Жылынасың,

Жылынбайсың,

Оттун иши күйүп берүү жалбырттап.

Кудай мага ыйгаргандай,

Сени гана сүйүүнү.

Сүйүп келдим, сүйө берет окшойм ээ?

Сүйөсүңбү,

Сүйбөйсүңбү

Анда менин ишим жок,

Ансыз деле андан башка ишим көп.

 

Алдайм ооба, алдайм минтип өзүмдү,

Ушундай да жан кыйнаган

Жарым жашоо болчубу?

Мен чынында бу сүйүүдө

Жалгыз тартам араба,

Бир азабым – билбейм андан коркууну.

Жашай албайм жакшысыз.

А кургурум,

Сүйбөй туруп эркелетип,

Сүйбөй туруп эркелеп…

А сен менден эки эсе бактысыз.

12.05.2021.

 

 

Сыйкыр

Жөн гана күлүшүндөн,

Калдаңдап жүрүшүндөн

Жаным эрийт.

Жөн гана бир сөзүңө уча түшүп,

Жөн гана бир сөзүңө жаным кейийт.

 

Эмнеге

Келбейт ал

Башка жандын

Колунан эч.

Эмнеге мага кыйын

Башкага үн каткандай,

Жөн гана сага сүйлөп

Бирдеме деш.

 

Ким сени жүрөктү эз деп,

Жиберди бул дүйнөгө?

Эх каралдым!

Кудайбы?..

Колунан келмек эмес

Башка жандын.

 

Ырахмат!

Сууп калган сулуу сезим мендеги,

Дүлөй жүздөн дүйнөм нени көрбөдү.

Курч параңа чала-була талкалап

Кайра башка азап салгың барбы эми?

 

Мейли азгыр, мейли назик үйлөбө,

Каакымчалык корогум жок дүйнөңө.

Бут алдыңа бүк жыгылган сүйүүнү

Билбес сендей шордуу барбы дүйнөдө.

 

Ураганым улам бирден кынаптап,

Дүйнөм жакшы жыйнап алдым ырастап.

Чагылгандай жарыгы кооз көлөкөм

Чачып-бузуп кеткениңе ырахмат!

 

Жакпайт мага

Жакпайт мага өтө жакшы адамдар,

Чын, булардын жүрөгүндө мандем бар.

Жакшы болуу мүмкүн эмес жалганга

Булар чындап жакшы болбой калгандар.

 

Жакпайт мага өтө таза адамдар,

Оо булардын көңүлүндө жалган бар.

Сүртүп, түртүп, жышып турат өмүрүн

Тирүүлүккө ишене албайт андайлар.

 

Жакпайт мага акылдуулар ашынган,

Билбегенин билгениндей жашырган.

Мүмкүн эмес билип өтүү дүйнөнү

Бир ката бар өмүрүндө басынган.

 

Ыйманына миң тирилип миң өлөөр,

Жагат мага оң-тетири бирөөлөр,

Жашыра албай жамандыгын жалганга

Карс-карс күлсө күбүлгөндөй күнөөлөр.

 

Жакшы экенин жашырат да, мертинет,

Жүрөгүңө жылуү чындык чертилет.

Бу жалганды жамаганга чакырып

Бу дүйнөнү оңдогуңду келтирет.

 

Билесиңби, булар жаман неликтен,

Бү жалганды түздөө үчүн келишкен.

 

Ыза

Муң толгон сайын ичиме батпай,

Күлкүмдүн дагы добушу бийик.

“Көп” жерде жүрүп, көп калдым таппай

Өзүмдү өзүм көтөрүп жүрүп.

 

Токтобой кантип айланат жер ээ

Тытылып түшкөн денесин сезбей?

Сапарын унтуп  калдыбы же ээ

Конушун таппай калган бир көчтөй…

 

Жүрөгүм согот… түшүнбөй койгом,

Сөздү көтөрүп түбүнө жеткен.

Жер турат анан айланган бойдон

Тешилип түшүп, өрттөнүп кеткен.

 

Билдим анын не кыймылы бүтпөйт,

Ал бизден эми эч нерсе күтпөйт…

 

Ичинен ыйлап, жашы тыйылбай,

Сыртынан жалган жай боло берет,

Токтото албай өзүн-өзү анан

Айлана берет, айлана берет.

 

Ичинен алсыз, сырты кыйындай.

Ызамдан бүткөн каткырыгымдай.

 

Бизди билбей жоготуп албасын деп…

Арылтып азаптардан буюктурган,

Сезимдер көкүрөктө уюп турган,

Бийик бир жай бар эле ортобузда

Жалгандын жалгандыгын унуттурган.

 

Эреркөө, эргүү менен жаралгандай,

Сезилээр эле башка дүйнө бардай.

Көкүрөк ишенимдүү кулаар эле

Деңизге дили менен таянгандай.

 

Чайынаар эле жүрөк жанды жыга,

Чаңкаган сезимдердин жамгырына,

Бизди билбей жоготуп албасын деп

Кудай катып койду окшойт сандыгына.

**

Бир карааның чындай ушул жалгандан,

Эмне менин жашоом сага байланган?

Ажал оңой, ажал оңой сезилет

Бу жарыкта а мен сенсиз калгандан.

 

Билип-билбей бир чимирип жашоону,

Сөзүң, өзүң жандын бейиш-тозогу.

Падышалык кылып алып багыма

Сенин шоруң – билбегениң ошону.

 

*****

Жакшылык күтпөй гана

Жадырап, жанымды эзип жакшы көрдүм.

Унчукпай улутунуп, эрдимди тиштегенге жакшы көндүм.

Мени эми эмнегедир

Сүйүнтө албайт дагы,

Ыйлата албайт дагы

Жаман да, жакшы кебиң.

Жакшылык күтпөй гана

Жөн гана келе берет

жанымдай жакшы көргүм.

 

Билбес бийлик

Кечээ мага жашоо укмуш бар эле,

Кана эми ошол дүйнө

Жанды сабап таппай калдым жаңы эле.

 

Сенин кантип күчүң жетет,

Бу дүйнөнү өзгөртүүгө бир паста?

Кечээ эле бейиш элем,

Жашачудай эмес элем

Жүрөгүмө ый батса.

 

Мына бүгүн,

Ыйсыз жашай албачудай,

Көңүлүмдө миң сынык.

Таштап баса бергендейсиң

Колго тийген жерден баарын сындырып…

 

Эх, жан аргам!

Сен жашоомо ээ экениң

Өзүң деле билбейсиң.

Бирде түруп каалашыңча

ачылып,

Бирде туруп

жүрөгүмдүн күлүн көккө сапырып,

Билбей туруп өмүрүмдү

ушунчалык бийлейсиң…

Эй өмүрүм!

Эми эмне кылайын.

Бу “сүйүүдөн” жыргаган ким бар дейсиң?..

 

Сен жоголбо

Сен жоголбо,

Көңүлүмдөн жоголбо.

Кымыз жыттуу, кытыгылуу карааның.

Канча ирет көздөрүңдү кылгыртып,

Жүрөгүмдү эзип-эзип карадың.

Мен ааламды асман-жердей кенен-чексиз деп жүрсөм,

Аалам сенин карегиңе караандабай калды да.

Сен дүйнөгө

Көзүм жетпейт, акыл жетпейт

Уч кыйырсыз, баш аягы белгисиз,

Анан муну адамдарга түшүндүрүп бергисиз.

А аларга жеңил айтуу

Асмандагы Айды да.

А сен мага өмүрүмдү

Түшүнтүшүң керек үчүн келгендей.

А сен аны түшүнбөйсүң өзүң да.

Буга кыска сөзүм да.

Тагдыр болду-болбоду.

Сен жоголбо болгону.

 

Кудайдын бардыр билгени

Жүрөккө каршы чыгууга мүмкүн эместей,

Тек койдум эми, тек койдум эми күрөшпөй.

А балким чыны сезимден качуу күнөөдүр

Сезими тунук, акылман жоктур жүрөктөй.

 

Чыкпа деп күндү чынжырлап алган экенмин,

Өчөшүп кайра эсимден кетпей көшөрдүң.

Өмүр аз экен жайына коюп эңсөөнү

Жашай береличи, ансыз да баары өчөөр күн.

Коркпоймун эми бир башка үйүп күнөөнү,

Кыйнаган бизди кудайдын бардыр билгени.

10.05.2021.

 

*****

Эңшерилген бойдон калды көкүрөк,

Эчен жолку коштошуудан көбүрөөк

Азап тартып калды окшойт аруулук

Же чын эле акыркыбы бул ирет?

 

Көмкөрүлгөн көңүлүмдү жүз сурап,

Көз жашыма тил албаган бук турат.

Көйнөгүмдү кийип алып сурабай

Күлмүң этип күтүрөгөн күз турат.

 

Мейли, мейли, мезгил бизди миң бөлсүн,

Мейли биздин сезим ыйлап кор болсун.

Мен төрөлгөн күнү сага арналып,

Сен төрөлгөн күнү мендик болгонсуң.

 

Аппак жарык, ай турмуштуу жайында,

Махабаттуу дүйнө ээрчийт дайыма.

Кеп эместей биздин бул оор коштошуу

Бизге келген бир тагдырдын жанында.