ТООЛОР ДА СҮЙЛӨЙТ

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин 60 жашта

Алыскы Алайкуунун биз али көрө элек турпатын көз алдыга тартып, сезбеген илебин сездирип акын Кожогелди Култегиндин ырлары алгач окуп баштаган күндөн бери жүрөккө жакын. “Жолчырак” (1985), “Шамалдагы үн” (1989) китептери жөнүндө кийин уктум, кийин колго кармап окудук. Биз алгач жүзүнөн сүйүп окуган китеп “Дарбаза жолго ачылат” (1993) болчу. Китептин жарык көргөн мезгили биздин алып учкан студенттик жылдарга туура келип, Союз жаңы урап, элдин көндүм жашоо эрежеси толук кыйрап турганын кайдан билет элек, өзүбүздүн өрөпкүгөн дүйнөбүз менен азыркы улуттук университеттин филфагында бир акын менен таанышсак, бир дүйнөнү ачкандай болуп удургуп турган кезибиз эле. “Дарбаза жолго ачылатка” ошондой учурда жолуктук. Менимче башына тумак кийип түшкөн сүрөттөгү акын ошондо Алайкуунун дарбазасын ачып эле, “мына мен” деп Алайкуунун тоолорунан, Алайкуунун кышынан, Алайкуунун бороонунан бери карай түшүп келаткандай болчу. Китеп менен тааныша келгенде ичиндеги Москва дагы эле болбой тоого башын ийип турган.
Акындын туулган жерин көргөн эмесмин. Бирок тоолуу жер деп элестетем. Анткени ар дайым туюмумда Кожогелди Култегин нагыз тоолуктарга окшош. Алгач Алайкууну коргоп турган сыяктанып сезилсе, калдайган карааны эми мага бүтүндөй кыргыздын адабиятын калкалап, сактап турган зор күчтөй сезилет. А кыскасы акындын поэзиясы канчалык бийиктеген сайын анын көркөм сөз алдындагы миссиясы дагы ошончо жогорулап бараткандай болот. 2017-жылы эл аралык ТҮРКСОЙ уюму уюштурган Түркстандагы акындардын кечесинде бүтүн түрк элдеринин өкүлдөрүнүн алдында тоодой болуп ыр окуп турган акынды залдан карап отуруп, сыймыгым жээгинен ашты эле. Акындын өз жеринен тыштагы бүгүнкү жашоосу өзү үчүн жашоого караганда элдин намысы, адабияттын намысы үчүн болгон жашоо экендигин, ошол зор озуйпа-милдет менен жүрсө дагы, аркасындагы адабиятка аралашкан ар бирибиз үчүн агалык камкордугун дайым сезем.
“Дарбаза жолго ачылат” символикалуу түрдө акындын тоодон аттанып, бүткүл ааламга, тактап айтканда, Алайкуунун ааламынан адамзаттын ааламына чыкканы болду. Ички мазмуну, образдуулугу, элестүүлүгү менен айырмаланган, өзгөчөлөнгөн махабат ырлары бир жагынан чыгыш акындарынын сүрөттөө стилин эске салса, экинчи жагынан кийин дагы акындын поэзиясындагы негизги сапаттык көрсөткүчтөрдүн бири болгон юмор, тамашөкөйлүк башталмаларын туюнтуп турат. Махабат алдындагы адамзаттык алсыздык бирде көрүнсө, бирде ашыктыктагы максимализм (“Экөөбүздүн сүйүүбүздүн табынан / эрте ачылып тураар эле гүл дагы”, “Балким сени гана көрөм деп / баткан күн да чыгат кайрадан!”) баш багып, “булар чыгыштын ырларына үндөш” дегенчеликтен алыс турган сүрөттөө манералары дүйнөлүк адабияттын дагы да башка бай тажрыйбаларын байкатат. Кыргыз сөз өнөрүндөгү оозеки чыгармачылыктын ашып-ташкан, оргуган кайрыгы бирде өзүн таанытып, айтор, биз алгач окуган бул жаңы нерселер, сүрөттөөлөр кадим азыркы күнгө чейин эсибизде жат болгон образдарды берген. Анын ичинде ашыгын “кирпиктердей кайтарган жигиттердин” катары, “чөйчөктөп тамак ичирип, чөнтөккө катып, көлөкөсүн көтөрүп алгыңды келтирген” арык кыз, “чайнек-чынысы менен кошо” сагындырып, “тамыр болуп жерде кармап турган” асыл жар, “дааратка чыгаар маалы эле” деп алыстан саат тиктеткен эне, “сабиз кейпте самсаалаган муздар”, “Ф” тамгадай көрүнүп” чөп артынып кайткан атчандар, “керзовой өтүктүн кончуна тыгылган” гезиттер, “ат үстүндө колгап чечпей кол койгон” актиптер, “өзүнө чак кызы барлар жолукканда” олуттуу салам берген боз улан ж.б. Ал эми ушул элестер көзүнө төнгөн акын алыскы зор калаада “Ата-Журттан Адабият-Журтуна арык алып өтүш үчүн” алек. Зор калаа, чакан айыл… Кимисинде кандай мүмкүндүк? Бирок баарыбыздын моюнубуз бурулган Москванын көчөсүндөгү акын көргөн опурталдуу митинг, талаштардын чечилишине “алайкулук аксакалдар жетишпей…” тургансыйт. Эмне деген сөз? Элеттик карапайым карыялардын кадыры. “Өзүмдү келечекки чет элдиктей сеземин” деп доордун күрөө-тамырын кармап, акын Союздун эртеңки тагдырын боолголойт (“Бүгүнкү ыр”, “Коркуу”, “Бороон” ж.б. ырларында 90-жылдардын картинасы астейдил берилген). Акындын “Москвадан Алайкуга жазган кат” аттуу жогорку шедеври – өзүнө чейинки да, өзүнөн кийинки да адамзаттын туулган жерге болгон сагынычынын мыкты үлгүсү.
Кожогелди Култегиндин акындык кудурети – өзүнүн жеке нерсесин жалпы адамзаттык кылып бере алгандыгы. Калеми кайсы темага түшпөсүн, көңүлүн эмнелер бурбасын, ар бир андан чыккан ой көңүлгө түнөйт. “Ат үстүндө уктап калсаң эгерде / атың келип эшигиме токтосун!” – аталган китептеги “Досторго” деген ыры ушундайча аяктайт. Эмне дейсиң? Достуктун урматын, бийиктигин мындан артык ким айта алат? Кудай акы, мен бул ырларды маңдайыма акындын ыр китебин коюп алып, ичинен сап издеп убараланып жазган жокмун. Булар – менин эсимде калган саптар. “Дарбаза жолго ачылатты”, ырас, кайра баштан барактаган учурларым болгон, ага деле көп болду. Бирок Кожогелди Култегин дегенде эсиме эң алгач ушул саптар келет.
Баса, аталган китептеги жайлоо тууралуу бир ырында “Оо, керемет! – Окшой түштүм тактыга. / Олтур, уулум, олтур, Кайнар, астыма! / Алтын таажы хандар жетпес бул орун / арналып тур азыр сенин бактыңа”, – деп жазганы бар. Мобул жарыкчылыкта, мобул ааламда кыргыздын ар бир сөзүнүн, кыймылынын, турумунун өзгөчө мааниси барын акын ушул бир ойго келгис салыштыруу аркылуу ачып берет. Мандаш токунуп отурган кыргыздын алды хан тактыга окшошуп калганы… “Дарбазада” беле, эсимде жок, “Кошуна кыз” аттуу ырында: “Кыйналдым сырым айталбай, / классың улуу үчүнбү? / Түтөп мен ичтен байкалбай, / түтүндү тиктейм, түтүндү! Түтүндөр кайда качышты, / дүйнө бү-үт – ага мекен бейм? / Баратып экөө – капыс бир / байлана түшсө экен дейм?!” – деп жадагалса түтүндөрдүн кошулуп кетүүсүнөн тагдырына бир ылаажы издеген саптар бар. “Мейилкан” сыяктуу ырлары чыныгы элдик, кыргыздык кыртыштан өнүп чыккан. Удаалаш чыккан “Айданекчи”! Бул өзүнчө кыргыз кызынын образын ачкан символдук сүрөттөөгө айланып, элге тарап кеткен.
Өзүнөн өзү ыр, обон менен кайрык сурап турган акындын ырлары экинчи жашоосун музыкада таап, бүгүн Исирадин Аманбаев, Адылбек Кыязов, Кубанычбек Осмонов, Сардарбек Жумалиев, Атайбек Бөдөшов, Болот Токтобаев, Сыймык Бейшекеев, Арзыбек Бедияров, Нуркан Турсунбаев, Абас Чикеев, Кенжекул Мендебаиров сыяктуу аттуу-баштуу обончу-композиторлордун кайрыктары аркылуу эл арасында кеңири жаңырып турган кез.
“Дарбаза жолго ачылат”… Символикалуу аталыш. Алланын кулагына илинген сөз ишке ашты. Акын бүгүн Алайкуудан башталган сапарын дүйнөнүн төрт бурчунда улады. 1983-жылы КМУнун журналистика бөлүмүн бүтүргөндөн кийин 1993-жылы Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтунун эки жылдык Жогорку адабий курсун аяктаган, өлкөдөн тыш жүргөн жылдарды эске албаганда ал 2014-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү катары дипоматиялык кызматты аркалап келет. Мунун өзү акындын поэзиясына түрк дүйнөсүнө жалпы орток баалуулуктарга байланышкан изденүүлөрдү берди. Биз акындын поэзиясы аркылуу бир кезги жабык, бүгүн ачык болсо да, чоң өлкөнүн али биле элек жактарын көрдүк. “Чет элдик Стамбулга жетип, бирок / Жеткиче отелине карыйт кыйла” деп, өлкөнүн бир эле шаарынын кенендигин айтып атат.
Акындын ырларынын географиясы абдан кенен. “Учакта”, “Бурсадагы чынар”, “Мүймүйгөн”, “Сени мында кайсы шамал апкелди?”, “Кыргыз-казак”, “Пажунун турналары”, “Түрктөрдүн Стамбулу”, “Эйфел мунарасында”, “Түркия чийимдери”, “Лондондо”, “Бир бүдүр таш”, “Ататүрктүн чөнтөк сааты”, “Жапондор”, “Чанаккеледеги баш”, “Кайырчы адам, кайырчы ит”, “Австралиялык чегарачы Генрихтин айткандары”, “Чегемге сапар”, “Хефей”, “Лена дайрасы”, “Нахчивандын Ача-Тоо”, “Анкаранын токою” ж.б. өңдөнгөн, айрымдарынын аты эле айтып тургандай, ондогон сапар ырларын жаратты. Ондогон өлкөлөрдүн өзү көргөн жаңылыктарын, дүйнөтаанымын, бүгүнкү ааламдашуу доорундагы абалын адаттагы өзү гана айта алчу сөз менен ачып берди. Ар бир көрүнүштөн кайталангыс образдарды тапты. Дүйнөнү түрө кыдырды, учакта учабы, кемеге түшөбү, туюмунда, менимче, атчан кыдырды (акындын 2019-жылы жарык көргөн “Атчан китебинин” аталышынан улам ойлогонум), бирок акын ошол сапарында ар дайым жүрөгүнүн түпкүрүндө өз элинин атын, элесин сактап, анын кечээги-бүгүнкүсүн таразалап жүргөнү ырларынан айкын көрүнөт (“Атчан китептеги” ырларды жана ага чейин жазылган “Ачка калдың дебеймин, ачка калдың, / алыс кетсең жанынан аскалардын – / кокуй-күн-ай, кокуй-күн, кетээриң чын / колтугуна көнүгүп башкалардын” деп иш издеп кеткендердин эртеңин, “Түз эле жылуу-жумшак төргө өткөндөр, / Түбөлүк мейман болуп батпай барат” деп келгиндердин кыргыздын эл катары өзүн-өзү сактап калуусуна тийгизе турган кедергисин алдын ала баамдаган ырларды эске алып атам). Мисалы, “Анкаранын иттери” аттуу ырында:

“Адамдардан айбандар салам туйсун,
ана ошого жетсек деп иштейт баары.
Мыйыгыңдан күлөсүң – адам турсун,
мыйзам менен жүргөнсүйт иттер дагы.

Кабарларды окусам өлкөбүздөн:
каргыш, сөгүш, айкырык жанып-өчүп,
муштумдары нечендин өпкөнү үзгөн
мурунумдан кетүүдө кайып өтүп.

Аппак жака көрсө эле – күнөө айдамай,
арам сөзгө адал сөз ирип берген.
Эркиндикте итчелик жүрө албаган
элим үчүн уялдым тиги иттерден…” –

деп Түркиядагы тартиптин бекемдиги жадагалса иттеринин жүрүшүнөн байкалаарын айтып, өз өлкөсүндөгү мыйзамсыз башаламандыкка кейийт. (Кыргыз-ыйман”, “Кыргыз тили” ырлары өзүнчө сөз.) Болбосо:

“Түркиянын арбын сонун жактары-аа,
түшүндүргүм келип турат башкага.
Көп өлкө бар, карабайсың – шише эмес,
көчөсүндө киши сулап жатса да…” –

деп жөн гана ичимдиктин шишесинен келип да бир бүтүм чыгарат. “Жапондор” аттуу ырында: “Бир уча, кыргыз, жегиче, / бир учак, жапон, бүткөрөт”, – деп той-аш менен алагды болгон кыргыздардын жашоо образын сынга алат. “Бир бүдүр таш” деген башка бир ырындагы:

“Бир бутум күүлөнбөй тур сопсоо бойдон,
Бир бутум шилтенбей тур орто жолдон.
Бирөөлөр барбы дедим Кыргызстанда
Бир бүдүр таштай ушул жолтоо болгон”–

деп өз элинин өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип жаткандар ким деп ой жоромолдойт. Акындын ар бир ырында ой бар. Болгондо дагы күтүлгүс ой. Ырдын ыргагына арбалып окуп баратканыңда кайсы гана ырынан болбосун күтүүсүз салыштыруу, ойго келгис образ сөзсүз жолугат. Бул качантан баштап?
“Дарбаза жолго ачылат” акын Москадагы Адабият институтун бүтүрүп келген кезинде жарык көргөн. Поэзиясындагы ой тереңдиги, масшабдуулугу, өзүнчө сөз айта билүү өзгөчөлүгү – ошол чоң адабий мектептин бергениби? Антейин десең, “Дарбазага” чейинки китептеринен эле акын кыргыз поэзиясында өзүнө чейин айтылбаган сөздү айтып, кайрыла элек кайрыкты, угула элек обонду кайрып, адабиятка алгачкы күнүнөн эле башкача сүр менен киргенин байкайсың.
Алгачкы китебиндеги (“Жолчырак”) кайрымсыз коштошуу абалдары “Түнкү элегия”, “Жолугушуу” сыяктуу ырларында “Эркти билбес зордоп алган ал күйөөң / эркексинсе жүзүңдөн өөп аймалап, / колдон келген жардамын түн кылды го / көрсөтпөй саа анын жүзүн далдалап…” делип кымбатына жаны ачуу же “Арсыз десем арданууга акың жок – / жигит кезде баш бармактай бакыйган / жибите албай бир сулуунун жүрөгүн, / болгонуң чын – кур-дүрмөт калп атылган. / Бирге жашап калсаңар да – эмгиче / бир да сени өбө электир, балким, ал. / Менден салам айтып эми, мен үчүн / өпсөң – ал да өөп коюшу ыктымал” делип бирөөнүн намысына тийүү ирээтинде окурмандын көңүлүнө уюй тургандай элестүү жазылган саптар бар. ”Шамалдагы үн” китеби болсо:

“Кышкы элеси жагаар бекен жеримин –
кыймылы жок апакай бир жумуртка?
Күн-Эненин жылуулугун – мээримин
күндөп-түндөп күтүп жатат, унутпа.

Кабыгын «тырс» жарам десең жазды апкел –
каалайт чындап мамиленин асылын.
Баш көтөрүп чыгат анан тармал жер
балапандай тыбырчылап акырын”, –

делген жеңил, элпек, элестүү жазылган ар түрдүү тематикадагы ырлардан туруп, ал тургай “Оңой жолдор – олжо эмес” деп ыр аталыштарынын өзү дагы тулкусуна терең ой сыйдырат.
Деген менен, “Дарбаза жолго ачылат” өзүнө чейинки жана өзүнөн кийинки кылып акындын поэзиясын бөлүп турган сыяктуу. Чейинкилер акындын изденген, удургуган, алып-учкан сезимдерине көбүрөөк орун берсе, кийинкилер эмне айтса да окурманын ынандыра алган, ар бир ыры тургай, саптары, сап ичинде сөздөрү анын гана калеминен ушул турушунда жаралаарын айгинелеп турган өзүнчөлүү, оор басырыктуу, сабырдуу, ага болбой ааламды чарк айланып, ырдын тулкусуна батпаган ойлору ыр түрмөктөр менен поэмаларга айланып, кыргыздык көөдөнгө батпаган жүрөк боордош элдердин айта элек сөзүн алардан биринчи айтып (казактын скрипкачысы тууралуу поэма), адамзаттык сөз айтууга өсүп жеткен акынды таанытат.
Жогорку “Жолчырак”, “Шамалдагы үн”, “Дарбаза жолго ачылат” китептеринен тышкары “Бал ууртам” (2001), “Жүрөк конуш” (2008), “Бир чөнтөк ыр” (2009), “Салам менен аликтин ортосунда” (2010), “Тамырдан канатка чейин” (2014), “Каламдын учу – ааламдын учу” (2017), “Атчан китеп” (2019) – аталыштары эле бир топ ойду жаратып, көп саптарды эске сала турган ыр китептердин ар бири, китептен китепке тынымсыз өскөн поэтикалык туюму, стили, акындык дабышы атайын сөздү, поэтикалык дүйнөсүндөгү дайыма эле бир окуганда ачыла бербеген, өзүнчө ичтен дымыган подтекст терең анализди талап кылат. “Контаажынын сүйүүсү”, “Шыпыргы өмүр”, “Каректе калган жай”, “Мөөркан апа”, “Башка чабылган скрипка” өңдүү поэмалары, “Курманбек” дастаны – акындын эпикалык жанрда дагы белсенип иштеп келе жаткандыгынын далили. 2001-жылы Султан Ибраимов атындагы Ош кыргыз улуттук драма театры тарабынан спектакли коюлган “Түндүктү ким көтөрөт?” өңдөнгөн турмуштук драмасы, кыргыз поэзиясын өз тилинде өзгөчөлүү байыткан котормолору (акын өзү Афанасий Фет, Сергей Есенин, Арсений Тарковский, Андрей Возенесенский, Роберт Рождественский, Евгений Евтушенко, Юрий Кузнецов өңдүү орус акындарын, испан акыны Хуан Рамон Хименестин, түрк акындары Каражаогландын, Назым Хикметтин, Незип Фазылдын, балкар акыны Кайсын Кулиевдин, болгар акыны Любомир Левчевдин, азербайжан акыны Имадеддин Насиминин, казак акындары Магжан Жумабаевдин, Мухтар Шахановдун, Мукагали Макатаевдин, Темирхан Медетбектин көптөгөн ырларын кыргыз тилине которуп, китептеринде жарыялап келет), ар бири өзүнчө философиялык терең ойду камтыган, эл оозуна тараган “Кожо сөздөрү”, интеллектуалдык жактан бийик, терең маектери, өзүнүн бу жарыкчылыктын ак-карасын иргей, коомдун, адамзаттын көйгөйүн таразалаган публицистикалары ж.б. мынабу юбилейлик үстүрт макалада өздөрүнүн четин да ачып бербейт. Азыркы менин студенттерим жазып аткан “Кожогелди Култегиндин поэзиясы чыгыш адабиятынын контекстинде”, “Кожогелди Култегиндин поэтикалык изденүүлөрү” таризиндеги дипломдук, магистрлик иштер али акындын адабиятчыларды караандатпай кеткен бийик поэзиясын ачып бере коёруна күмөнүм бар. Акынды ачыш үчүн аны түшүнгүдөй атайын даярдык керек. Бул өңүттө азырынча академик Аскар Какеевдин, Кыргыз Республикасынын баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин, Кыргыз эл акындары Анатай Өмүрканов, Карбалас Бакиров, адабиятчы-окумуштуулар Пайзилда Ирисов, Кутубек Оморкулов, акын-жазуучулар Таш Мияшев, Барчынбек Бугубаев, Жаныбек Өмүралиев Атантай Акбаров жана башкалардын акындын ар кайсы китептерине жогорку баа берген макалалары бар.
Түркиялык адабиятчы-окумуштуулар Нажие Ата Йылдыз, Огузхан Айдын, Кенан Чарбога, Жамиле Кынажы жана башкалар да акындын түрк тилиндеги ырларынын өзгөчөлүгүнө дароо реакция жасашкан. 2018-жылы Түркиядан түрк тилинде акындын “Koklerden Kanatlara Kadar” аттуу китеби жарык көрүп, адабий коомчулукта кыйла кызыгуу жараткан. Учурда “Bursa Cinari” деген ат менен экинчи китеби жарык көрүүдө. Ошондой эле “Dunya Avucumda” аттуу ырлар жыйнагы Түрк дүйнөсүнүн 7 тилинде – азербайжан, түрк, якут, өзбек, казак, кыргыз, башкырт тилдеринде ТҮРКСОЙ тарабынан жарыяланууда. 2020-жылы казак жана азербайжан тилдеринде өз-өзүнчө ыр жыйнактары жарык көрмөкчү. Учурда филология илимдеринин доктору, профессор Үмүт Култаеванын акын Кожогелди Култегиндин чыгармачылык изденүүлөрү, бийиктиктери боюнча жазган макалалар сериясы мезгилдүү басма сөздөрдө жарыяланып жатканына күбөбүз.
“Дарбаза жолго ачылат”. Бул китеби үчүн акын 1995-жылы Алыкул Осмонов атындагы, “Бал ууртам” китеби үчүн 2002-жылы Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлыкты алган. “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, “Кыргыз Эл акыны” жогорку наамдарынын ээси. Ушул сыймыктуу акыныбыз Кожогелди Култегин 2020-жылдын 18-февралында 60 жашка чыгат. Мааракенин урматына Түркиянын Анкара шаарынын Этимесгут району чыгарып берип жаткан “Чыгармаларынын Беш томдугу” түрк тилдүү элдерге Кыргыз эл акынынын ысымын, кыргыз адабиятынын жүзүн дагы терең таанытат деген ишенич бар.

“Турналар не учту жерге жапжакын?
Турат неге кыйкуулашып так, бачым?
Түштүк Корей, Түндүк Корей тосмосун
түрт, жогот деп – мени айыптап жатпасын?” –
(“Пажунун турналары”)

деп өлкөлөрдүн биригишин, жакындашын ниет кылган акын ошол жакындашууну өз поэзиясы, андагы котормолор аркылуу ишке ашырып жаткандай.
Негизи ыр жазууда уйкаштык табуунун өз алакети бар. Акындын поэзиясында болсо туш келген эле сөздөр бири-бирине эп келишип, өзүнөн-өзү үндөшүп тургандай. “Эки жеринен илип” эмес, бабына келтириле кынапталган саптар окумдуулукту да, угумдуулукту дагы шарттайт. Акындын ырын тажабай окусаң да, уксаң да болот. Укканыңда сөз жөн эле сүйлөнүш үчүн эмес, угумдуу, жагымдуу чыгып, бирөөнүн кулагына сиңип, жүрөгүнөн орун алышы үчүн, көңүл отун жандырып, көңүл кушун учуруп сүйлөнүшү үчүн берилген нерсе экенин түшүнөсүң. Караанын калдайтып акын ыр окуганда тоолор да сүйлөчүдөй, булак, суу, дарыялар ырдачудай, жансыздар жанданчудай абал болот. Мага акындын өзүнүн ыр окуганы “Манас” уккандагыдай эле эффект берет.
Маараке акындын жеке өзүнө жана жалпы кыргызга кут болсун!

 

Аида Эгембердиева,
филология илимдеринин доктору,
И.Арабаев атындагы КМУнун профессору