Курсан Пахыров (Чандеки): Ынтызарлыктын ырлары

Окурман ой бөлүшөт

Ынтызарлыктын ырлары

(Бүүрайма Худайбердиеванын “Сирень гүлдөгөндө” деген ыр жыйнагына пикир)

Колумдагы сырты жупуну “Сирень гүлдөгөндө” деген ыр жыйнакты окуп отуруп издегеним табылгандай, көңүлүм жайлана түштү. Атайын сатып алган сырты кооз 400-500 беттик олчойгон ыр китептерден көңүлгө болорлук, купулга толорлук эч нерсе таппай шаабайым сууп турганда, бул сырты көрүмсүз, арзан кагазга басылган ырлар топтому жан-дүйнөмдү жандантып, сезимдеримди бир кыйла сергитип кеткендигин белгилеп кетишим керек. Алдын ала эле айткым келгени, жыйнакка баш сөз жазган акын Бакытбек Мукарамов айткандай: “…Бүүрайма эженин ыр ааламы маңызындагы таасирдүүлүгү, фалсафалак ой жүгүртүүсү, жанга майдай жугумдуулугу менен өзгөчөлөнүп, ыр жыйнагын баштан аягына чейин окууга ынтызар кылган” бул жыйнакты чынында эле ынтызарлык менен баштан-аяк окуп чыккандан кийин жашоонун, бир өмүрдүн кылымга тете кыябын чагылдырган тагдыр сценаларынын татаал сюжеттүү лиро-эпикалык романын окугандай сезим пайда болду.

“Чынында эле чыныгы поэзия чыгармасы акындын адамдык, личносттук даражасынын көркөм суррогаты катары жаралып, анын айлана-тегерекке жасаган мамилесин, граждандык ар-намысын, рухий интеллектуалдык изденүүлөрүн туюнтат. Акындык пенделик тагдыры кандай калыптанса, коомдук-социалдык темпераменти канчалык өткүр болсо, анын ырлары ошого жараша чыгып, ошого жараша адамдар үчүн кызмат өтөйт, эл назарына түшөт, коомдук кадыр-барк табат”,-деп белгилүү сынчы О.Ибраимов айткандай, жыйнактагы ырлардан улам автордун турмуштан тажрыйбалуу, рухий интеллекти калыптанып, көөдөндө асыл сезимдери сыртка тебилип, ыры өзүнө – өзү ырына айланар даражасына жетип турганын байкадык.

Көптөн күткөн көңүлүмдү жай кылып,

Быйыл жаздын жакшы келди абасы.

Бүрүн ачкан багымдагы эки түп,

Сирень гүлүм жүрөгүмдүн дабасы.

 

Кечээ бүрдөп, бүгүн таңдан ачылып,

Күн нурунан кубат алып, чачылып.

Күздөн, кыштан аман чыккан жүрөктүн,

Калгансыды сагынычы басылып.

 

Колум менен түзөп, кармап сабагын,

Көпкө чейин жытталадым, аядым.

Кетким келбей айланчыктап жанынан,

Күн чыкканча кумарлана карадым.

 

Сирень гүлүм жүрөгүмдүн дабасы,

Айыккандай болду эски жарасы.

Көпөлөктөр кубалашып, айланып,

Айтышты алар: “кандай сонун карачы!..”

Бул ыр, биздин оюбузча, жыйнактын атынын коюлушуна себепкер болгон ыр, ал жыйнактагы ырлардын башкы темасы да сыяктанат. Анткени автор жыйнактагы бардык ырларын символикалуу түрдө ушул сирень гүлүнүн айланасына идеалдуу топтоштурат. Ыр бир дем менен окулуп, ашык-кеми жок, көңүлгө төп, издеген арзуулуу дүйнөнү ичкертен туйдурган өзгөчө илеби менен сезим аралайт. Адам маанайы анын тагдыр кечмелери табият көрүнүшү аркылуу, жаратылыш маанайы адам аркылуу параллель коюлуп, бул табыгий эриш-аркактык көркөм идеялык жактан жандуу, ишеничтүү жана таасирдүү чыгат.

“Көптөн күткөн көңүлүмдү жай кылып, быйыл жаздын жакшы келди абасы”,-деген саптар ылайык поэтикалык ыргагы менен, катмарланган маанилер жүрөк күүсү аралаш назик сезимдерге оронуп чыгат. Саптардагы катмарданган маанилер “адам үмүт менен жашайт, мезгилге мезгил, жылга жыл окшошпойт, өмүр өткүн, анын тирүүлүктөгү ырахаты чексиз”, ал эми “бүрүн ачкан багымдагы эки түп, сирень гүлүм жүрөгүмдүн дабасы”, “күздөн, кыштан аман чыккан жүрөктүн, калгансыды сагынычы басылып”, “колум менен түзөп, кармап сабагын, көпкө чейин жытталадым аядым”, “көпөлөктөр кубалашып айланып, айтышты алар: – кандай сонун, карачы”-деген саптарды өмүрдүн кымбаттыгын, жашоонун көз тойбос кызыгын ичкертен туя билген, сулуулукту көрө, баалай билген лирикалык каармандын сезимтал дүйнөсүнүн чагылышы катары кабыл алабыз. Бул ырдын обьективдүү каарманы – сирень гүлү, ал эшик алдында турган кадимки гүл эмес, ал бүт табияттын өкүлү, ал адамзат үчүн анын өмүр жашоосу үчүн зарыл болгон идеял гүл. Бул гүлдү автор өзүнүн аялзаадалык сезими менен өзүнө өбөк-жөлөк кылат, өзүнөн башка эч ким туйбас көңүл көксөөлөрү менен нурдантат.

Ыр касиети – туйбаганды туйдуруу, сезбегенди сездирүү, “кеңге-кең, тарга-тар дүйнө бу”, “көрүп-көрүп жаша, туюп-туюп жаша, сүйүп-сүйүп жаша” демекчи…

Анан да:

“Үйүмдүн ичи тар,

Жакындап келди ызгаар.

Жагаарга отун да жок,

Муздасам, өзүң жоксуң жандап уктаар.

 

Дартыма ырым шерик,

Шыкаалайт эшигимден ызгаар келип.

Жөтөлүп турсам күрс-күрс,

Жактырбай жалгыздык жатты жерип.

 

Ойлорум бороонго окшоп, чапкын, чапкын,

Өңүм да тартып азгын.

Тезектен алып келип,

Акырын мешти жактым.

 

Бир топко күйбөй түтөп,

Үй ичи ыска толуп турдум жүдөп.

Тажатты кыш азабы көңүлүмдү,

Карды үйүп чапчыйт. Сыртта бороон күчөп.

 

Жалгыздык жанга тийип,

Айла жок тагдырыма башым ийип.

Бүжүрөп уктай албай узун түндө,

Бут үшүйт, жатсам дагы байпак кийип”.

Илим –техника өтө бийиктеп адамдардын жашоо турмуш деңгээли болуп көрбөгөндөй “комфорт” болгон бүгүнкү заманга бул ыр бап келеби? Кайсы заманды айтып жатат? Азыр деле тезек жагып ыска толуп турган үй барбы? Башка жакта болсо болгондур, бирок Кыргызстанда мындай көрүнүш жок деши мүмкүн. Бирок бул турмуш чындыгы, тагдыр таразасы. Иштерге иш жок, иштесе да арзыбаган маяна, чет өлкөлөргө барып иштеп акча жөнөтөр эр жеткен уул-кызы жок үй-бүлөлөрдүн үй-жайын оңдомок турсун эптеп жашап жаткандар канча… Бул ыр кашкайган чындыкты, тагдырга туш келген акыйкатты күүгө салып жатат.

Ырдагы каармандын турмуштан жолу болбой, каар-заар күндөрдү баштан кечиргени, анын үстүнө алган жары эрте кайтыш болуп, өзү оорукчан, чиедей жаш балдары менен турмуштун оор күндөрүнө калган абалындагы бир көрүнүшү поэтикалык тил менен элестүү, жандуу чагылдырылат. Бирок ыр саптары жалаң гана кайгы, жүдөө, чөгүү эмес, лирикалык каармандын кыйынчылыкка бош келбеген өжөр пейли, көкүрөгүндө жашоого ынтызарлык, оттуу үмүт жанып турган оптимисттик маанайын да туйдуруп турат. Ыр – эркин формада, троп түрлөрү менен шөкөттөнбөгөн жөнөкөй, бир караганда жалпак тил менен жазылып калгандай туюлганы менен ички динамикасы күчтүү, мазмуну оригиналдуу.

Адатта акындар эмнени айтпасын, эмнени жазбасын барып-келип өзүнүн дүйнөсүн, өзүнүн образын ачат эмеспи. Биз сөз кылып жаткан автордун чыгармаларында да абал ошондой, бирок бир айырмачылык бар, ал анын ырларынын образ берүүдө башка темалар аркылуу келбей, лирикалык каармандын накта өз турмушунан тээ балалык чактан, бүгүнкү күнгө чейинки тагдыр таказаларын ирети менен бир бүтүн сюжеттик линияга салып баяндап бериши. Бул жагынан ыр жыйнак турпаты көркөм автобиографиялык чыгармага окшоп кетет.

“Кыздар менен сүйлөп өткөн кеткенди,

Турам жолдо балалыкка чөмүлүп.

Бирге окуган курбулардын алдында,

Калыптырмын картайыңкы көрүнүп.

дагы,

Издеп келем Кулундунун жолунан,

Жамгыр жууп, өчүп кеткен изимди.

Кыздар менен чыгыша албай урушуп,

Жүргөн кезди, кир кылганым киймимди”.

Бул ырлар автордун укканынан, көргөнүнөн, окуганынан алган жасалма таасирлерден эмес, жеке керт башынын таасирлеринен жаралган. Ал турмуш чындыгын таанып-билүүнүн тээ тереңине, өмүрүнүн, тагдырынын аялуу сырларына чейин тереңдеп кирип кеткен. Өзүнүн жеке тагдырын берип жаткан менен, андан сезимтал окурман өз тагдырын, өз өмүрүн, өзүнүн аялуу сырларын кайрадан өз башынан өткөргөндөй болот. Адатта жакшы чыгарма окурмандын да менчигине айланып кетет. Анткени чыгарманын касиет-сапаты окурмандын да ой-сезимине айланып, автор менен пикирдеш, сырдаш тагдырлаш абалга өтөт.

“Шашылдың сен неге шашылдың,

Коюу кашың жерге жашынды.

Санай берем түндө уктабай,

Ар бир кечте төккөн жашымды.

дагы ,

Сары ойлордон көңүл эзилип,

Келүүчүдөй өзүң сезилип.

Тийип жатты жамгыр тамчысы,

Тереземе улам чертилип”.

Автордун өз тагдырында өткөн жана азыркы пенделик тирилигинде болгон, болуп жаткан кубанычтуу жана кейиштүү, үмүттүү жана өкүттүү, жыргалдуу жана азаптуу учурлар, ой-сезимдер аркылуу түпсүз толгонууларын сыр жашырбас досундай окурмандар менен бөлүшүү – анын поэзиясына интимдүү мүнөз берип, окурман менен анын ырларынын субъектисин жакындатып турат.

О дүйнө кеткен түгөйүнө кайгы-касирет тартып, аны жоктоп, аны ойлоп, эгерим эсинен чыгарбаган опоолуу өмүр шериктин акыбети ушунчалык болоор…

Акындын ырлары нукура, турмуштун өзүндөй. Жараткан ырлары мода кууган ырлар эмес, заман өзү мажбурлаган, ички эстетикалык зарылчылыктын диалектикалык түрдө агып чыккан ырлар. Ырларынын идеялык-көркөмдүк мааниси салмактуу, ырларда кадыресе гана деталдар жөнөкөй ойдон жаралган сюжет аркылуу жаркын поэтикалык жалпылоолорду алдыга тартат.

“Жолдон өтөт күбүрөшүп адамдар:

– Баланчанын күйүп өлдү аялы.

Күйөөсүнөн кордук көрүп акыры,

Тагдыр экен… оттон тура ажалы!

 

Бир аздан соң кайра өтүшөт баш чайкап,

– Балдарына кыйын болду, баары жаш.

Күйөөсүнө аялы эмес, бүт дүйнө,

Күйсө дагы, келет бир күн каламкаш.

 

Акырында кары барат сүйлөнүп:

– Аялдардын кемтик болот акылы.

Ажырашып, кайра дагы жарашып,

Кесепети башына жетти акыры!

 

– Беш баланын ойлобогон тагдырын,

Эне деген айкөлдүгү, кана анын!

Карлыгачтай балапанын калкалап,

Эр жеткирип берсе кантет, өз жанын?

 

Тагдырына наадан эркек жазылса,

Кудай берет эле анын жазасын.

Шордуу балдар бүжүрөшөт чымчыктай,

Чоңойгончо тартышат эми азабын.

 

Ооруп көңүл, күйүп өлгөн келинге,

Наалып кеттим, жаалым чыгып Теңирге!

Багы жокко, дагы жок бул тагдырын,

Эрмек кылып сөз кылдырган элдерге.

 

Гыйбат кылат экен арттан пендеси,

Тирүүңдө эмес, өлгөнүңдүн эртеси.

Ал көргөндүн көрбөй туруп бир учун,

Сүйлөйт экен келбей оозго келмеси!”.

Ырды толугу менен мисалга тарттык, анткени бул ыр үзүлбөгөн чынжыр сымал биримдиктеги сюжеттик линиясы бар лиро-эпикалык планга умтулган чыгарма экен. “Турмуш чытырман токой”-дейт. Анын учу кыйырсыз токоюнда эмнелер гана болбойт. Жогорудагы ыр ошол турмуштан алынган катаал тагдырдын бир элеси, автор аны жан дүйнөсүнөн сыдыргылап өтөт. Окуя композициялуу, диалог, монолог формасы менен чебер чагылдырылган. Чыгармадан айыл сценасы көзгө тартылат: көчөдөн ары-бери өткөн адамдар бир-бирине сөз кылышып, жаш кетти, тагдыр экен да, “бирөөгө оттон, бирөө суудан” болуп дешип, анан куран окуп бата кылышып, балдарына убал болду, өлгөнгө кыйын, эри эрте эле үйлөнүп, бул мүшкүлдү унутуп, турмушун улап кетерине сүйлөшкөнү; дагы бири айыпты өлгөн келинге коюп, улам ажырашып, жарашып кесепети башына жетти” десе, дагы бирөө “беш баланын тагдырын ойлобой өз жанына кас туткан кем акылдык” деген сөздөр жүрүп, келиндин эмне үчүн күйүп өлгөнүн, анын мындай болушун тагдыр эле эмес, эли-журт бардыгыбыз күнөөлүбүз дегендей мааниде лирикалык каарман: “Гыйбат кылат экен арттан пендеси, тирүүңдө эмес, өткөнүңдүн эртеси, ал көргөндүн көрбөй туруп бир учун, сүйлөйт экен келбей оозго келмеси”-деп, өмүрдү, өлүмдү терең түшүнүү, жамандыктын алдын алуу, адамгерчилик, боорукерлик, бир-бирин гыйбаттоо эмес, бир-бирине өбөк-жөлөк болуу, адам-адам менен адам”-деген идеяны чагылдырат. Жыйнактагы көпчүлүк ырларда мазмундук-формалык, стилдик жагынан жаңылык бар. Ыр дүйнөсүндөгү заманбап мүнөз, көркөм табият бар. Ошон үчүн окурман табитине жакын, көңүлгө төп келип турат.

Ыр – ойдогу сулуулук. Аны кайсы кырынан карабагын көңүлгө төп келип, сезимди сергитет, анын илебинен эңсеген табышмагыңдын жандырмагы чечилгендей, дүнүйөң кеңейе түшөт. Баш-аягы жок ааламдын адам билбеген, туйбаган сырлары канча, акылда ачыла элек, арзууларда аян боло элек табышмактары канча? Ырдын касиети сезимге али аян боло элек. Акылга таңыла элек жаңы туйгуларды ачуу, көңүлгө, көзгө илешпеген акыл нурларын жаратуу. Бир адам бир өмүргө бир келээрин баары билет, ошол кайтып келгис кымбат өмүрдү ким кандай жашады, кандай сарптады, бул жарыкчылык дүйнөнүн кандай жактарын көрө алды, эмнеден ырахат алды, азбы-көппү, кайгысыбы, кубанычыбы, өйдөсүбү, пасыбы каниет кыларлык, ыраазы болорлук болдубу? Ыр жараткан акындын асылдыгы, даанышмандыгы – өмүрдүн, жашоонун мазмунун чечмелеп берүүсү, туйбаганды туйдуруп, сезбегенди сездирүүсү. Арийне, окурман дилиндеги дайыма жашап келүүчү табышмактар негизинен ушулар. Окурман ыр китептерден дал ушундай дил суроолоруна жооп издейт.

Акын – даанышман. Бул даражага жетпеген “акын” деген атка али татыксыз болот.  Акылга, сезим-туюмга кандайдыр бир жаңылык киргизбесе ал али ыр эмес.

“Сирень гүлдөгөндө” ыр жыйнагындагы ырлар белгилүү бир деңгээлде өзүнүн жылт эткен жышааналары менен окурман дилинен орун ала турган макамга жетиптир, алардагы асыл ой, аруу максаттар уча турган, туя турган, жаратуучусунун “акын” деген атка татыктуу экенин далилдеп тургандай… жыйнактагы ырлардын жөнөкөйлүгү, чын дилден чыккан аруу деми, ошондой эле ичкерттен чыккан сезим-туйгулардын жылт этип жанып өтчү касиеттер көңүлгө көрк, акылга азык болор дарамети бар.

Акындын ырларын чекеден мисалга тартып, алар жөнүндө айткым келет. Анткени “кыз жүрөгү – ыр түнөгү” дегендей, Бүүрайманын тээ кыз маалынан тарта азыркы маалына чейинки өмүрүн күүгө салган ырлары ыр сүйгөн адамдын жүрөгүнөн орун аларлык. Бул сызыкча бир беткей мактоо эмес, болгону болгондой. Көп эле акындардын ырларын окуп жүргөн окурман катары поэзия чыгармаларына сарасеп салып жүргөн адабиятчы катары оюбуз ушул.

Курсан Пахыров (Чандеки),

БатМУнун Кызыл-Кыядагы филиалынын

кыргыз тили адабияты боюнча кафедра башчысы.

Профессор, сынчы, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.