КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тенти Орокчиев каза болду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, котормочу жана журналист Т.Орокчиев 83 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Акын, котормочу жана радиожурналист Тенти Орокчу уулу Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында 1938-жылдын 8-сентябрында туулган.
1963-жылы Караколдогу педагогикалык институтту аяктап, 1963–1965-жж. Кочкор районундагы мектептерде мугалим, 1965–1969-жж. “Мугалимдер газетасында” 1969–1973-жж. Кыргыз Совет Энциклопедиясында (КСЭ) илимий редактор, 1974–2002-жж. Кыргыз Республикасынын телерадиокомитетинде иштеген.

Т.Орокчу уулунун 1978-жылы “Мекенимди даңктаймын” деп аталган алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Казак жазуучусу А.Шымбатыровдун “Ак-Сай жайлоосунда” деп аталган повесть жана аңгемелер жыйнагын казак тилинен которгон.

1991-жылы радиожурналист Тенти Орокчу уулунун кыргыздын акын, жазуучулары менен өткөзгөн радиомаектери өзүнчө том болуп жарыкка чыккан.
Т.Орокчу уулунун кыргыз радиосунун “Казына” чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесиндеги эмгек жолунда очерктер, радиоочерктер, радиокомпозициялар, радиоэсселер жана бир, бир жарым саатка созулган радиомаектери 3500гө жакын уктуруулар даярдалган. Алардын 300 саатка жакыны Улуттук телерадиокорпорация менен Мамлекеттик архивдин алтын фондунда сакталып турат.

1997–2002-жж. жумасына бир ирет жарым сааттан “Таберик” аттуу радиокөркөм жана публицистикалык радиотүрмөгүн эфирге чыгарып келген.
“Кыргыз руху” гезитинде баяндамачы жана “Манас” радиосунда “Таберик” уктуруусунун автору жана алып баруучусу болуп иштеген.
Радиожурналистик көп жылдык жана чыгармачылык эмгеги эске алынып, 1997-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, 1998-жылы “УТРКнын отличниги” деген ардак наамдар ыйгарылган.
1994-жылы Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, жазуучу Т.Сыдыкбеков менен болгон 25 сааттан ашык маеги үчүн “Эл аралык Түгөлбай-ата” коомунун сыйлыгын алган.

1994-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун, 1973-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.

“Закым” (1980), “Менин таңым” (1994), “Ысык-Көл, ырым да сен, ыйым да сен” (2003), “Алакан” (2006), “Дүйнө-өмүр” (2007), “Асылдар баяны” 1,2,3 (2003, 2004, 2005), “Тоолордо торолгон бакыт” (2004) ж.б. китептердин автору.

Акын, котормочу жана журналист Т.Орокчиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КРУЖС Башкармалыгы