КР Баатыры С.Жусуевдин мемориалдык тактасы орнотулду

КР Баатыры, кыргыз эл акыны С.Жусуевдин жашаган үйүнө (Москва көч. 141) мемориалдык такта орнотулду. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С.Аманова, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков баштаган эл акындары, жазуучулар, маданият ишмерлери катышты. Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районуна караштуу Алай-Куу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар кыштагында туулган. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында 1943-жылы аскердин катарына чакырылып, согуштун акырына чейин Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөгөн. Майданда эки жолу жарадар болгон. Акындын “Алдыга жүргүн, кыргыздар!” “Биз жеңишчил”, “Жаркынга” деген алгачкы ырлары ошол кандуу 1943-жылы жаралган. 1950-жылы алгачкы “Эмгек күүсү” аттуу ыр жыйнагы басмадан чыккандан кийин, акындын дагы 30дан ашык китеби өз эне тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Ырлары казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдерине жана башка чет тилдерине да которулуп чыгат. Жусуев Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Шевченко, Абай, Мактымкули, Исаакян, Омар Хайам, Маяковский, Есенин, Гамзатов, Кулиев сыяктуу бир топ акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которуп, окурмандарга тартуулаган. Кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн 1981-жылы ага “Кыргыз эл акыны” наамы ыйгарылган. 2007-жылы “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наам ыйгарылып, “Ак шумкар” төш белгиси тапшырылган.