Кожогелди Култегин: “Алайкунун кымызын Анкарада ичсең бар-рбы…”

“Алайкунун кымызын Анкарада ичсең бар-рбы…”

-Кожогелди мырза, маегибизди жакшы жаңылыктан баштасак. Кечээ жакында Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык академиялык драма театры “Шыпыргы өмүр” аттуу поэмаңдын негизинде спектакль коюп, ага Анкарадан ат арытып барып, өзүң катышканыңды окудук. Сурайын дегеним, адамга бир гана жолу берилүүчү өмүр – “асыл өмүр”, “баа жеткис өмүр”, “кымбат өмүр” деп сыпатталчу эле. Сен аны “шыпыргы өмүр” деп паска урганыңдын себеби эмнеде?

-Оболу мен акын катары Туу менен Шыпыргыда кандайдыр бир окшоштук ассоциациясы, ошол эле кезде кандайдыр бир каршылаштык ассоциациясы бар экенин байкаган элем. Туу бийикке, көккө көтөрүлөт, тазалыкта желбиретилет. Шыпыргынын да (көчө шыпырган шыпыргынын) ошондой эле сабы бар. Ошондой эле баш жагы кеңиш тартып турат. Бирок ал төмөнгө түшүрүлүп, жер сүздүрүлүп, чаңда, кирде иштетилет. Адегенде ушул жагдайды чагылдарган ыр жазмакчы болгомун.

Анан 2007-жылдарда Кыргызстанда эмгек миграциясы аябай күчөп, элдин баары жабылып эле Россия, Казакстан баштаган өлкөлөргө кете баштабадыбы. Көпчүлүгү шыпыруучу, тазалоочу болуп иштегенге. Бул акынды эле эмес, кимди болбосун арданта турган жагдай го. Кийин бир ырымда жазгамын:

Ойдо жокко, Кыргызстан, жанаштың,
орус, казак аймагында талашсың –
көчөлөрүн келесиң, эх-х, шыпырып,
көккө сунган колу менен Манастын! – деп.

Ошентип сүрүлүп эле кетип атышты. Жыргаганынан жыдыганы көп болду, тоюнганынан тозокко түшкөнү көп болду дегендей. Мыкты адистер кетип калды. Менин жанымды күйгүзгөн нерсе – ошол мугалимдер, медиктер 40 жашында кайтып келсе деле, 45 жашында кайтып келсе деле, 50 жашында кайтып келсе деле кесибин улантып иштеп кетсе болот экен. Ал эми спортсмендердики, поэмада сүрөттөлгөндөй, палбандардыкы өтө жаман. 40 жаштан кийин эч нерсеге жарабай калышат экен. 40 жаш деген көз ачып-жумганча келет эмеспи. Окурмандардын сезимине ачуураак тийиш үчүн поэмада кыргыздын Манаң деген айылдык келечектүү палбанынын тагдырын чагылдыргамын. Жүз миңдеген күйөрмандар катышкан чоң күрөштөрдө адам ишенбес жеңиштерди жараткан, байгелерди алган, бирок үй-шартынан улам күрөштүн артынан түшпөй, алыскы тоодогу үйүнө чыгып кетчү 25 жаштагы жаркырап турган жигит ал!

Эгемендик туусун булгалап-жирегендин ордуна шыпыргыны чаңытып-шилеген – шыпыргы өмүр эмей эмне? Шыпыргы шыпырып таап жиберген акчасынын күнүн энеси, бөбөктөрү, калп эле күйүмүш болгон Дөкү абасы, кетирген катынынын колундагы баласы тургай, кетирген катынынын ичкич эри да көрүп атса (Уулума деп жөнөткөндөн – ал тургай / уурдайт дайым ичкич эри беркинин) – ал шыпыргы өмүр эмей эмне? Палбан неме чатак окуяда орустун бир оңбогурун жыга чаап – абакка түшпөс үчүн эбегейсиз чоң акча карыз болуп, ошол карыздан кутулам деп нечен жылдап калып кетсе – бул шыпыргы өмүр эмей эмне? Өзү жетпей жүргөн Кыргызстандын бир Жогорку окуу жайында, акча аркылуу, фамилиясы менен аты эле курстан-курска көчүп окуп атса – ал шыпыргы өмүр эмей эмне?

-Жакшы. Эми мындай суроо берейин. Сенин көп жолу кайталап көргөн түшүң кайсы? Барбы ошондой түш?

-Бар. Эч даярдыксыз, колумда ырларым, китебим жок эле поэзия кечесин өткөрө баштайм. Аябай буйдалып-чайналам – кап, даярдана албай калбадымбы, убактым жетишпей калбадыбы дегендей. Анан сахнага чакырылам же өзүм эле чыгып алам да, эл жаңы ырларымды күтүп атпайбы, жаңыча бир табылгалуу саптарды күтүп атпайбы деген ойдо, так ошол турган жерден ыр токуп, тимеле кыйкырып окуп кирем… Ыр токуп окуп атып, Кудай шерменде кыла көрбө деп тиленем. Көбүнчө түз теледен көрсөтүп аткандай жоопкерчиликте болом. Адашсам шермендем чыкчудай. Ырды азыр жазганча окуп атканымды билдирбешим керек, уйкаштар так болушу керек, сөздөр шыдыр болушу керек, көркөмдүгү, салыштыруулары күчтүү болушу керек деп кыйналып-эзиле берем. Ыр да окуй берем. Ойлоп таап аткан акыркы саптарымды күбүрөнгөнчө ойгонуп кетем. Ойгонгондо – акыркы ыр саптарым өтө эле маанисиз экенин баамдайм…

Дагы башка кайталанган түштөр – сууда сүзөм кайкыта-а-кайкыта! Тимеле балыктан бетер чимирилип сүзөм! Өңүмдө деле жаман эмесмин деңизчи сууда. Кээде учам – кудум сууда сүзгөндөй колдорумду иштетип. Учуп жүрүп жердеги кубулуштарга, кыймылдарга дирижерлук кылам. Бир болсо, ушу мен токтоло элекмин…

-Кожогелди, сен тээ ортолукта Бишкектен келип, бир топ жыл Ошто иштеп жүрдүң. Сенин келишиң менен Ошто адабияттын аброю бир топ көкөлөй түшкөн. Шаардагы салтанаттуу иш-чаралар сен ыр окумайынча өтчү эмес. Баарынан да таланты бар жаштарга жардам берип, аларды таптап, алгачкы ыр жыйнактарын чыгарууга жардам берген элең. Азыр деле Бишкектеби, Москвадабы, Түркиядабы, кайда болсоң да, адамдарга, айрыкча калемгерлерге жардам колуңду сунган бир асыл касиетиңди байкап жүрөм.

-Мен өзүм бирөөлөрдүн жардамына аябай муктаж адаммын, Зинакан эже. Бирок мындай саптарым бар “Жан-ыргак” деген чиркешме ырларымда: “Негедир келе берет, келе берет, маа жардам бергендерге жардам бергим”.

Бул эми атамдан калган, атамдын тарбиясынан калган таберик сыяктуу нерсе. Атам өзү да өтө жардамчыл киши болчу. Кичинекей кезибизден бизди да бирөөгө жардам бергенге эле айдай берчү. Тиги кудасынын, тиги теңтушунун, тиги тууганынын, тиги мугалимдин чөбүн жыйнашып, кышын куюшуп, боз үйүн көчүрүшүп, малын кайтарышып эле жүрчүмүн. Эл дагы кынык алгансып сурап келе берчү. Ыраматылык Койгелди акемдин бир күйүп сүйлөгөнү эсимде. “Атын айтпай эле койоюн, бирөөсү атамдан мени сурап кетти дейт ишин жасатканга. Мен иштеп атам бозала болуп, ал кишинин менден эки жаш улуу баласы кечинде келди дейт – айылды кыдырып чүкө ойноп жүрүп. Көрсө, баласын издеп таппай койгондо – мени сурап кетиптир”, – дечү. Биз бала күндөн жардам берип, ага акча эмес, ырахат, ырахмат алып үйрөнгөнбүз.

-Бир жерден окуп калдым, баарыбызды сыздатып, өмүрдөн эрте кеткен жалындуу акыныбыз Зайырбек Ажыматовго деле кыйла колдоо көрсөткөн экенсиң.

-Зайырбек өзү аябай элпек иним болчу. Түркиядан туруп алып, муну минтип койчу, тигини тигинтип койчу деп, бир топ эле ишти суранат элем. Тыпылдап баарысын аткарып берчү. Ооба, Зайырбек биздин сүйүктүү калемгерибизге айланган. 2015-жылы ТҮРКСОЙдун басма сөз сыйлыгын алып, Түркияны түрө кыдырып келди. Кийин ТҮРКСОЙдун “Беш акын” теледолбоорунун жеңүүчүсү болду. Акчалай сыйладык. ТҮРКСОЙдун Токтогул Сатылганов медалын тактык көкүрөгүнө. ТҮРКСОЙдун сунушу менен Түркиянын Элазык шаарында өткөн Hazar Şiir Akşamları фестивалына катышты. ТҮРКСОЙдун “Беш акын” теледолбоорунун калыстар тобунун мүчөсү болду дегендей.

Кээде жардам берем деп жаман көрүнгөн учурлар болот, өкүнүчтүүсү.

-Турмуштун татаалдыгы ушундай нерселерден билинет эмеспи. Ошондой учурдан айтып берчи?

-2019-жылы Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болбодубу. Ачылыш аземи абдан жогорку деңгээлде, көптөгөн иш-чаралар менен даярдалып атат. Түркиядан келип катышуучулардын тизмесин түзүп аткан кезде бир маалымат окуп калдым. Түрктөрдүн эң көрүнүктүү аксакал акындарынын бири Явуз Бүлент Беккилер биз ачылыш салтанаттарды жасай турган күндөрү Бишкекте болот экен. Сураштырсам, жашы 80ден ашканы менен басып-турганы тың дейт. Мен акын катары түрктүн ошол акынынын катышып кетишин кааладым. Өзүн көргөн эмесмин. Бирок окугамын ырларын. Анкарада телефонун таап өзүнө – Стамбулга чалдым. Ошол күндөрү Бишкекте болот экенсиз, Оштогу эл аралык улуу салтанатты көрүп кетиңиз, мен чакырып атам десем аябай сүйүндү. Түркия делегациясы Бишкектен Ошко бара турган учак каттамын бердим. Жайнаган түрктөр болорун, ошолор менен чогуу келерин эскерттим. Кийин Бишкектен Ошко билет сатып алды. Мейманканасын, машинасын, коштоп жүрө турган кишисин – бүт дайындаттырып койдум. Ошентип Ошто чоң делегацияны күтүп атабыз мэр, министр, жайнаган киши болуп. Учакта 70ке жакын чет өлкөлүк келди. Алардын 80 пайызы түрктөр. VIPтен трапка автобустарды жибергенбиз. Келишти. Керней-сурнай, музыка, нан-туз, учурашмай, кучакташмай, гүрү-гүү… Мен алардын арасынан 80 жаштан ашкан акын Явуз Бүлент Беккилерди көрбөй койдум. Узун бойлуу, чап жаагыраак абышка экенин эле билем. Убакыт болбой, интернеттен да жакшылап карап албапмын. Бир маалда бир узун бойлуу түрк менен тиктешип калдым. Явуз бей сизсизби десем, ооба деди. Кучакташып учураштык. Гүрү-гүү. Мынча жаш көрүнөт, жетимиштен эле жаңы ашкандай деп коём. Автобустар менен алып кеттик меймандарды. Жайгаштырдык. Иштеп аткан балдар бир мейман келбей калганын айтышты кийин. Ким десем – Явуз Бүлент Беккилер дейт. Келген, мен учурашкамын деп коём. Мен учурашкан башка Явуз экен. Аңгыча чыныгы Явуз Бүлент Беккилерди алып келбедиби бирөөлөр. Бир нааразы болот мага тосуп албаган үчүн… Көрсө, түрктөр менен чогуу баспай, VIPтин автобустарына түшпөй, тиги жөнөкөй жакка кетип калыптыр жүргүнчү кыргыздар менен. Түрктөр да атактуу жазуучусун тааныбаган калк да – бирде-бири бул жакка басыңыз деп койбоптур. Ошентип кээде жардам, жакшылык кылам деп – жаман көрүнгөн учурлар болот.

-Кожогелди, кандай иште, кандай маселеде сараңсың?

-Кызык суроо экен. Гм… Анкарага Алайкудан алынып келинген кымызга өтө сараңдык кылам. Атайын мен үчүн жасап жиберишет. Үйгө келген меймандарга да бербей, ченеп ичем кышын-жайын. Азыр жаз чыгып калды го. Кечээ Кыргызстанга келеримде карасам – дагы үч баклажка кымызым бар экен. Алайкунун кымызын Анкарада ичсең бар-рбы…

-Бир топ жыл илгери чыгармачылыгыңа орус поэзиясынын таасири күчтүү болгонун айттың эле. Кыйла жылдан бери Түркиядасың. Түрктөрдүн поэзиясын түз кыргызчага которуп да атасың. Ошол стиль сакталып турабы же…

-Ооба, өзүмдү орусчул, батышчыл акын катары эсептеймин. Кээде мени менен талашкандар болот – жок, сен чыгышчыл акынсың, сенде чыгыштын таасири көп деп. Я-айланайын, мен өзүм чыгыштын кулуну болсом, кыргыз болсом – чыгыштын бир чалымы сакталбай коймок беле деп болбойм. Чыгыш адамы, батыштын айрыкча таасири – ошондо экөөнү синтездеп чок ортосунда турсам керек. Ал эми Түркиядан багытыңды өзгөртө койчу өтө палбан күчтү көрө элекмин. Оорудук ко кезинде Есенин менен, Фет менен, Хименес менен, Тарковский менен, Пол Элиот менен, ал тургай Евтушенко, Рождественский менен… Түркиянын, чынын айтайын, актерлору эсимди оодарат, акындары эмес.

-Кожогелди, маегибизди Айтматовго байланыштуу улантсакпы деп турам. Сен азыр Түркияда иштеп аткандан улам сурайын дегеним, түрк туугандарыбыз Айтматов менен айрыкча сыймыктанышып, аны айрыкча туу туткандай түр көрсөтүшөт. Чын эле Айтматовдун баа-баркын жакшы билишеби алар? Чын эле калтырбай окушканбы?

-83 миллион калкы бар Түркия үчүн жооп берүү – албетте, кыйын. Байкоолорумду гана айтайын. Мен деле түрк туугандардан чекип-чекип көп сураштырдым. Тиешелүү жыйындарга көп катыштым. Чындыгында эле окушкан. Мектеп окуучуларына чейин сүйлөшүп көрдүм. Өз деңгээлдеринде билишет экен. Айрыкча айдынлары (интеллигенциясы) дээрлик Айтматов боюнча маалымдуу. Дегиңкисинде Түркияда проза жакшы окулат. Биринчиден, ошол окулуп аткан, эл сатып алып аткан чыгармаларды ченемсиз рекламалап, ченебеген көп нускада кайра-кайра китеп кылып чыгарып, пайда табууга бул өлкө маш. Экинчи жагынан, кыйла жылдар (Совет доорунда) туугандарынан кол үзүп калган немелер жол ачылар замат тамырлаш калктардын турмушун, ой жүгүртүүсүн, эмне менен дем алып атканын өздөштүрүш үчүн да Айтматовду жабыла окушкандай. Үчүнчү жагынан, түрктөр мекенчил, патриот калк болгон үчүн, Түркия – түрк дүйнөсүнүн негизги өлкөсү эсептелген үчүн Түрк дүйнөсүнүн руханий лидери Айтматовду билип албасак болбойт деп жабалактап окушканын боолголоого болот. Айтматовдун өзүн кеч болсо да кенен-кесири Түркияны аралатып, жолугушууларды уюштурушуп, сый-урмат көрсөтүшүп, өзүнүн катышуусунда ысымын парк-нелерге коюшкандан кийин ого бетер Айтматовду окуу кампаниясы күч алса керек. Анан жазуучу “өтүп” кетти. Аёо, кайгыруу сезиминин аркасында да кайрадан-кайра кайрылышкандай анын чыгармаларына.

Бирок өкүнүчтүү чоң маселе бар.

-Ошол жагын кеңирирээк айтчы?

-Түрк туугандар окушун окушту, бирок кайсы деңгээлдеги Айтматовду окушту? Маселе ушунда. Түп-нуска, демек, чыныгы Айтматов кыргыз, орус тилдеринде. Түркчө котормолорун гана окуп атышат да тигилер. Андан улам алар Айтматовдун повест-романдарынын аттарын билишери ырас, каармандарын билишери ырас, окуя эмне жөнүндө экендигин билишери ырас. Бирок Айтматовдун улуулугун тастыктоочу – анын жазуучулук укмуштай чеберчилигин билишеби? Бул жагы – суроо.

Биз, кыргыздар которулган чыгарманын котормочусун кошо билебиз го. Паланчанын котормосу жакшы деп сүйлөйбүз. Түрктөрдө бул жагы өксүк. Айтматовду кимдер жакшы которгон түрк тилине деген суроого – адис адабиятчылардын айрымдары гана жооп бериши мүмкүн. Мен сүйлөшкөн ондогон, жүздөгөн кишилер чыгарманын котормочусунан маалыматы жок. Жогоруда белгиленгендей, жазуучуну жабыла окуп киришкенде пайда таап калыш үчүн көптөгөн басмаканалар чоң-чоң нуска менен жарыша басып чыгарышыптыр. Кээ бир китептерде котормочусу жазылган да эмес. Сыягы, адис котормочу эмес, басмакана кызматкерлери өздөрү которо салса керек бөлүп-бөлүп алышып. Окурмандарга эмне – колуна тийгенди окуй беришет да Айтматов деп. Ал – Айтматов эмес, балким. Айтматовдун жарымы да эмес, балким. Жарымынын жарымы да эмес, балким.

-Сен салыштырып окуй алдыңбы?

-Илимпоз болбогондон кийин салыштырып окуган жокмун. Ага өтө көп убакыт кетет эмеспи. Андай убактым болсо кайрадан түп-нускаларын окубайт белем. Кээ бир чыгармаларын студент кезимде окуган боюнчамын. Бирок колго тийген түркчө котормолорго көз жүгүртүп – үшкүрүнгөн, сөгүнгөн жагдайларым болду бир нече ирет.

2018-жыл ТҮРКСОЙ тарабынан Айтматов жылы деп жарыяланбадыбы. Ошондо тиешелүү жерлерге айтып аттык. Атайын редкеңеш, комиссия түзүп, Айтматовдун түрк тилиндеги мыкты котормолорун иргеп, тандап – бир системага салып койбойсуңарбы деп. Мүмкүн болсо, жалаң мыкты делген котормолорду чогуу китеп кылып чыгарбайсыңарбы деп. Аны жасаш – опол тоодой чоң иш эмеспи. Жасалбай калып кетти.

Мен, маселен, кыргыз жазуучусу катары билем, Айтматовдун орусча жазылган чыгармалары да кыргызчага мыкты которулган, Жакыпбеков, Токтогулов, Төлөмүшев, Станалиев, Пазылов тарабынан. Айрыкча Ашым Жакыпбеков көп өмүрүн сарптады го Айтматовду которуу үчүн. Анын котормолорунун бир катар жери орусчасынан жакшы. Соңку айрым публицистикаларын Эсенбай Нурушев дагы түп нускадан ашса ашырып, асти кемитпей которгон экен.

Кызык жери, Чыңгыз Төрөкулович кадалып олтуруп кыргызча котормосун караган деле эмес. Биздин калемгерлердин кыл адистигинин, жоопкерчилигинин, абийирдүүлүгүнүн жана улуу жазуучуга болгон урмат-сыйынын аркасында эле орусча Айтматов ошол деңгээлинде кыргызча Айтматов болуп түшкөн.

Мен жаш кезимде “Кыргызстан”, “Адабият” басмаларында редактор болуп иштеп, Айтматовдун эки китебине – “Кыямат” романына жана “Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт” публицистикалар китебине редактор болгом. Автор менен иштешип калгам азыраак. Менин суроолорумду адегенде Ашым Жакыпбеков өзү карап чыгат, өзү чечет – же кабыл алып, же кабыл албай. Анан айрым суроолорду Чыңгыз Төрөкуловичке көрсөтөлү деп мени ээрчитип алып барат.

-А киши көбүнчө эле Москвада, чет өлкөдө болчу эмес беле. Кириш дагы кыйын болуш керек?

-Кыргызстанга келерин же келгенин Жакыпбековдон гана билебиз. Кириш-коюш маселесин дагы ал чечет – биздин башыбыз оорубайт. Башкалар которгон чыгармаларына деле Жакыпбеков жооптуу болчу. Жеке өкүлү сыяктуу эле. Ал эми Чыкебиз чыгармачылыкка, китеп-ситепке дегеле убактысы жок сыяктанган кишидей сезилчү мага. Дайыма бизди кабыл алганда коомдук иштеринин, саясатка байланышкан иштеринин проблемалары кычаган болот. Көрсөтөм суроолорду бөжүрөп – көпчүлүгүн “аны Ашым карайт” деп аттатып өтүп кетет. Азыраак эле нерсеге аярлайт. Аталган публицистикалык китебинде Брежневди төрт жолу мактап ийген экен. “Төртөө бекен?” деп таң калды өзү. “Жогот, жогот, кокуй…” – деди  калеминин арткы учун бош кармай чийгилеп.

-Жазуучулар союзунун төрагасы болсо керек ошо кездерде?

Ооба, төрага дагы, анан СССРдин Президентинин кеңешчиси дагы болчу. Жазуучулар союзунун ал кезде министрликтей күчү бар. Кийинки жылы Жазуучулар союзунун чыгармачыл жаштар менен иштөө секциясынын жетекчиси болуп а кишинин колунда иштеп калдым. Бир-эки же эки-үч айда бир пайда болчу. Төрага келер күн билинип турчу – мизилдеген тазалык сакталып, туалеттерге жаңы самындар, жаңы кол аарчылар коюлуп, эртеден баштап кабылдамасына киши батпай. Кабылдамадагы толгон кишиге жалпы гана салам айтып, шуу кирип кетчү кабинетине. Ар кими менен учурашып олтурчу эмес. Атактуу аксакалдар да тура калып баш ийкеген боюнча сомсоюп туруп калышчу.

-Эсте калган окуялар барбы Айтматов менен?

-Бир жолу Аман Токтогулов агай келди. “Шеф экөөбүздү үйүнө чакырып атат, бир ишке жардам беришибиз керек экен”, – деп. Бардык. Мени башкадан дагы Чыңгыз Төрөкуловичтин спорттук кастюму аябай суктандырды. Жаркырайт тимеле. Андай кийим ал кезде Кыргызстанда болбосо керек же мен көрө элекминби, билбейм. Жапониядан тогуз мейман келет экен. Ошо тогуз кишиге тогуз түрлүү мыкты белек сатып келиш керек, кыргыздын кол өнөрчүлүгү болсун деп акчаны карматты Аман агайга. “Кыялга” келдик. Султанбек Бакашев “Кыялдын” жетекчиси беле же орун басары беле, коштоп жүрөт. Мыкты деген нерселеринин баарысын көрсөттү, тандоого жардам берди. Ары калчап, бери калчап атып – жүрөксүдүк сатып алгандан. Жакпай калабы шефке деп атабыз. Анан 9 эмес, 20-30дай буюм-тайым алдык тилкат менен. Ошолордун ичинен өзү иргесин дедик ылайыктуусун. Териден жасалган, чийден жасалган, арчадан жасалган буюмдар бар. Бааларын жазып берди. Кийин эсептешмей болдук. Баштыкка салып атканда Аман агай кийизден жасалган, бетинде төө жетелеген сөйрөйгөн кыздын сүрөтү бар “жаман” паннону кошуп койду. Чыңгыз Төрөкуловичке ошончо сонундардан баягы “жаман” кийиз панно аябай жакса болобу. Дагы бар бекен дейт, толуп атат дедик. Беш буюмду тандап алды да, калгандарын ушундай кийиздер менен түрлөнтүп толуктап койгула деди. Жанагындай сөйрөйгөн кыздардын кыйласынын багы ачылды ошентип.

Ошол Айтматов тандоосунун кереги мага тийди кийин. ТҮРКСОЙ 2018-жылды Айтматов жылы деп жарыялап, Балкан өлкөлөрүнөн Жапонияга чейин ондогон иш-чараларды уюштурду го. Жапонияга даярданып атканыбызда алар эмне белекти жакшы көрөрүн саймедиреп турдум го Айтматовдун окуучусу катары…

Бир кызык окуя болду Токиодо. Иш-чара ийгиликтүү өтүп, коштошуу сөздөрү бүткөндөн кийин сахнада Баш катчыбыз Дүйсен Касеинов баштап уюштуруучулар, Түрк дүйнөсүнүн таланттары кол кармаша бийлеп кеттик. Ошондой салт бар. Музыка жаңырып атат. Бийге айрым жапондор келип кошулушту. Анан тарап атсак бир жапон аксакал кыргыз издеп жүрүптүр учурашыш үчүн. Орусча билет экен азыраак. Дализде турсам мени көрсөтүп калышты тигине кыргыз деп. Ал мага келатат, мен ал жакка беттендим. Жеңил бойлуу неме бир кезде эки колун көтөрө, оозун ачкан бойдон таң калып катып калса болобу. “Сиз эмне үчүн мынчалык Айтматовго окшошсуз, таң калып атам!” – дейт. “Биз кыргыздар баарыбыз Айтматовду чексиз сүйөбүз. Ошон үчүн баарыбыз Айтматовго окшошпуз!” – дедим мен дагы. Колумду коё бербейт кыргыз эле кыргыз деп. Бизге жапондор, кытайлар бир-бирине окшоштой сезилет ко. Аларга да биз ошондой көрүнөт окшойбуз. Анын үстүнө менин чачтарымдын буурулдугу, коюулугу, артка таралгандыгы, бой-денем Айтматов түспөлдөнө калган белем…

-Улуу жазуучубуздун кулк-мүнөзүнөн сен үчүн ачылыш болгон жактарды көрө алдыңбы?

-Чыңгыз Төрөкулович коомчулукта дайыма күлүп-жайнап, айкөл, кенен, шат көрүнгөн менен – жактырбаган кишисине аябай эле жаалдуу окшойт. Казакстан жазуучулар союзунун 75 жылдык мааракесине барып калдык кыргыз жазуучулары Бишкектен. Делегацияда 15 чакты кишибиз. Европадан Айтматов келди. Башкы салтанат Абай атындагы Казак опера жана балет театрында болду. Анан жаткан жерибизге – маңдайындагы Казакстан мейманканасына өттүк жөө. Бир сааттан кийин сый тамакка алып кетишет экен. Күн аябай ысык. Бөлмөмө келип, душ алып, жата калдым эле, көзүм илинип кетиптир. Чыксам элдин баарын алып кетишиптир автобус менен. Бир маалда Асанбек Стамович чыкты. Экөөбүз болдук. Мен машинам менен барган элем жазуучуларды салып. Тиги ресторанга жеткирип келүүсүн мейманкананын бир кызматкеринен сурандык. Мен рулга олтурдум. Ресторан толо экен. Меймандардан да казактар өздөрү быкбырдай кайнайт. Экөөбүзгө орун таппай калышты. Те төрдөгү Айтматовдун үстөлүндө, жанында гана эки орун бар экен. Акүйдөн келбей калган кишилердин орду болсо керек. Бизди ошол жерге олтургузууга аргасыз болушту. Ээрчитип баратышат. Менин алдымда кетип аткан Асанбек Стамович күтүүсүз эле мага кайрылып: “Кожогелди, сен өт төркү орунга…” – дебеспи. “Сизден кантип төргө өтмөк элем? Кызыксыз го…” – деп а кишини эки каруусунан кармап, алдыга сүрөдүм. Чыңгыз Төрөкуловичтин жанына барып олтурду эле, сол жагындагы кишиге каткырып сүйлөп аткан Чыке жаңы келген Асанбек Стамовичти бир тиктеди да, каткырыгы тыйылып, жамажайы жыйылып, Стамовго артын салып олтуруп алды. Тамак ичип бүткүчө бир да жолу оң жагына баш буруп койгону жок. Ошондо түшүнүп атпаймынбы Стамовдун мени төргө өт дегенин…

-Ырларыңда окурманды чагылган түшкөндөй селт эттирген күчтүү салыштыруулар аябай көп. Ал салыштыруулар формалык гана эмес, мазмундук, маанилик окшоштуктарды кошо камтыйт. Мындай оригиналдуу, бай маанилүү салыштырууларды кантип таап аласың? Же дилге сала береби?

-И-и, туура айттыңыз. Дилге сала берет. Ыр жазып аткан учур – башкача, айтып бере алгыс го. Ошондой көркөм нерселер келе калганда алактап калам. Жазгыча шашып. Түрдүү-түрдүү варианттарын жасап. Сиз маанилик жагы да окшош деп атпайсызбы. Сүйүп жүргөн киши, ашык адам – таза дүйнөлүү, аруу адам. Ал жаманчылыкка барбай турганын айткым келди. Сүйүүсү, ашыглыгы максатына жетпесе да, жаманчылыкка барбай, жүрөгүндө ысык бойдон алып жүргөндүгүн айткым келди. Жөн эле айтып, уйкаштырып койсоң – албетте, таасирсиз. Таасир бере турган бир курал табыш керек. Ал куралдардын бири – салыштыруу. Анан изденесиң да. Тапканда жанагинтип алактап каласың – “Чыгарбастан чеңгелимден чымчыкты, чындап кантип бир нерсени урмакмын?..” – деп жазганга жеткиче.

Экинчи мисал деле ошондой, арзышкан болсоңор, сен – ал бар үчүн маанилүүсүң, ал – сен бар үчүн маанилүү, сен – ал бар үчүн көрктүүсүң, ал – сен бар үчүн көрктүү. Кудум ырдын уйкашындай. Ансыз жарымсыңар. Бири-бириңер менен гана бүтүнсүңөр. Сен андан, ал сенден жылуулук табат, жылуулук алат. Бири-бириңерге, демек, уя сыяктуусуңар.

Ушу биз сүйлөшүп жаткан жагдайдын бир жаман жери бар – көптөгөн окурмандар үчүн мындай салыштыруулар татаал сезилет, түшүнүлбөйт.

-“Балалыгыңды жазданып жатпасаң – башың пас болот”, – деген кожо сөзүң бар. Эмне үчүн балалыкка көп кайрыласың? Ал аябай бактылуу жана эсте каларлык өткөнбү? Кийинки кездеги – 60тагы сүйүү лирикаларың да ошо балалык кезди чагылдырат. Фейсбуктагы Баракчаңды карап чыктым. “Ал ким эле?” – деп бейбаштанып койбойумбу…

-Мен тоонун башында, жайлоодо чоңойдум. Бала кезде, айрыкча мал жоголуп издеп жүргөнүмдө же жайлоодо кант түгөнүп калганда ойлонот элем: “Дүйнөдөгү эң бактысыз бала мен болсом керек…”– деп. Көрсө, эң бактылуу бала экемин! Ата-энең бар, туугандарың бар, жайлооң бар, кунан же быштың бар, кыштакка түшсөң велосипедиң бар, фонаригиң бар… Апам мен биринчи классымда 1968-жылы январда катуу ооруп, клиническая смерть болгон, ошондо катуу коркуп калган экемин – те жигит болгуча, мектепти бүткүчө түшүмдө апам өлүп кала берет эле. Чабалактап ойгонуп кетсем – апам тирүү, от жагып аткан болот же кымыз бышып аткан болот. Мына бактылуулук!

-Азыркыдай ыймансыздык да жок…

Дейди сөз жок эле, дейди саясаттан чыккан дейди сөздөрдү укпай, келечекке ишенип, таза чоңойдук. Бир жаш, эки жаш улууларды аке, эже деп чоңойдук. Мугалим менен бет келишип калганда шапкени баштан ала койо: “Саламатсызбы?” – деп учурашып чоңойдук. Билимдүүлөргө, айрыкча студенттерге суктанып чоңойдук. Менин биринчи макалаларым “Кыргызстан пионерине” чыкканда мектепте, кеңседе, айылда өзүнчө окуя сыяктуу кабыл алышкан. Селсоветтин төрагасы Курманакун аба “О-о, корреспондент” – деп куттук айткан. Азыр Беш томдук китебим чыкты, сөз кылган киши деле болбосо керек – делдейген, дердейген депутаттыкка талапкерлердин артынан аласала ээрчишип…

Анан кантип балалыкка – тазалыкка кайрылбайсың! Анан кантип тазалыкты – балалыкты эстеп ыр жазбайсың!

-Ырас.

-2000-жылдардын айланасында Президент Аскар Акаев Алайкуга барды. Жумгал жактан тик учак менен келишкен. Оштон барып катышкамын. Сүйлөгөндө эле Алайкунун пешенесиндей болгон, баштан-аяк созулуп жаткан кызыл жарлар тууралуу айтып өттү. Ошондо эсиме келип атпаймынбы – чын эле мындай кызыл жарлар аз эле жерде бар да Кыргызстан боюнча деп. Көнүк нерселерге маани бербей жүрө берет экенсиң. Алайкуну, Алайкунун турмушун жаза берсең эле – 70 пайыз кыргыз окурмандарына жаңылык экен. Бала кездеги баёо сүйүүлөрдү жазганда да Алайку кызыктуу фон болуп бере алат. Ошон үчүн калемди ошол жакка буруп шилтейм. Мисалы, бозулан көчөдө баратса, ашык болуп калган кызы бери келатса, болгондо да атасы менен келатса кандай жагдай болот?

Тамталаңдап басам алга,

табылсачы качаар арга?!

Чымчык болуп учсам эмне

чычырканак-кашааларга?!

Башы-көзүм ката сындуу,

балжырадым бака сындуу.

Кыйыгымдан тиктейм кимди –

кызынбы же атасынбы?

 

Айттым салам!!!

Ая, кылым –

аңдап оорун абалымын.

Ушунчалык узундугу-ай

улуу кыргыз саламынын!

Чычырканак-кашааларга чымчык толуп алып эле сайрап атышчу илгери. Алайкулук өлө сүрдөп атканда дагы көз кыйыгынан бирөөсүн бир карап өтпөсө болбойт. Анан сөзсүз улуу кишиге салам айтып өтүү парыз.

-Сүйүү темасы – чыгармачылыгыңдагы башкы темалардан. Ашыглык ырларың көбүнчө элдик ырлардын мотиви менен жазылган. Бул ыкманы эмне үчүн көп колдоносуң?

-Менин соңку ырларымды таап карап чыкканыңыз билинип атат. Беш томдугумду түзүп атканда менин “Дарбаза жолго ачылат” деген китебиме Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун жазган макаласын таап коштум. “Арыгың таза болсун” деген макала. Ошондо арзуу ырларыма байланыштуу: “Өзүң байкадыңбы, ушул ыр топтомуңда сенин 11 муундуу ырларыңа караганда 7-8 муундуу ырларың сыбызгынын үнүндөй болуп сызылып, көркөм чыкканын. Буга терең ой жүгүртүп, баа бергениң оң.” – деп жазыптыр устатым. Жакшы болбодубу, азыр жазып аткан ыр жыйнагымды соңку ыр жыйнагым “Атчан китептен” айырмалуу кылышым зарыл болчу. Ага багыт керек эле. Дайыма ошентип аракеттенем. Бир китебим бир китебиме окшошпосо дейм. Өзүм өтө жакшы көргөн “Атчан китепте” Кыргызстандан сырт дүйнө турмушу, алардын ичинде кыргыздын жөнөкөй окурмандарына оор келчү темалар арбын. Өмүркановдун ошол пикирин багыт кылып, болочок жаңы китебимди, ал айткандай, “сыбызгынын үнүндөй болуп сызылган ырлар” менен байытсамбы деген иш-аракетке өткөм. Сиз айткандай, 7-8 муун менен жазылган ырлар кыргыздын элдик ырларын дагы эске салып тураары ырас.

-Көп жаша. Агынан жарылган аңгеме болду.

Маектешкен: Зинакан Пасаңова