Китеп кумары

Орус жазуучусу Л.Н.Андреевдин “эгер адам баласына тагдыр буйруп, Кудай болуп калса, анда анын “ордо тагы китеп болмок” деген сөзү бар экен. Жаратылышта, дүйнөдө ушундай сөз бар экенин, ал турмак ушул ойду жараткан Л.Н.Андреев аттуу орус жазуучусу бар экенин, кийинчерээк, өтө эле кийинчерээк, билдим. Кокусунан эле Москвалык “Книга” басмасынан 1981-жылы жарыкка чыккан “Турмуш жана китеп” деген афоризмдердин, учкул сөздөрдүн чакан жыйнагын барактап отуруп, ушул фразага чукулунан кездешип калдым. Адегенде мени күтүлбөгөндөй таң калтырганы бул афоризмдин адам менен кудайды бир катарга коюп, салыштырганы болду. Адам менен Кудайды бир катарга коюу, чынында эле кимдин оюна келет. А эгерде адам ырасында эле “Кудай” болуп калса, кудай деген кудай да, анда ал кандай кааласа, эмне кааласа, өзүнө кандай гана “ордо так” жасатса да өзү билмек. Адам, чындап эле кудайдын ордун ээлеп алса, анда ал оюндагысын да, ойго келбегенин да жасайт эле го, ал ошол үчүн адам да. Анан эмне үчүн жазуучу Л.Н.Андреевдин ишеними боюнча “Кудай-Адамдын” ордо-тактысы не бир кымбат асыл заттан эмес, жөн эле “китеп” болуш керек эле. Мен жакшы түшүнөм, бул метафора, парабола жазуучу жашаган ошол доордогу, ошол замандагы китептин кадыр-баркын, коомдук турмуштагы чыныгы реалдуу ордун белгилеп, аныктоого багытталып жаткан каймана образ. Китеп жөнүндөгү бул тирада XIX кылымдын аягы XX кылымдын биринчи жарымында жаралып жатат. Арадан бир кылым өтпөй, ошол Китептин, Адам-Кудайдын ордо тактысы боло турган Китептин тагдыры эмне болду, кайда келип капталды… Л.Н.Андреев азыр тирүү болсо, ким билет, китеп жөнүндөгү таамай метафорасын кайталайт беле, жок беле, бирок кандай болсо да китептин бүгүнкү бечара абалын көрүп, өкүнбөй да, кайгырбай да койбойт эле.

Кеңешбек Асаналиев

“Адабий айкаш” китебинен