Жаш калемгерлерге тажрыйбалуу адабиятчылар сабак өтөт

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КРнын Улуттук жазуучулар союзу 16 жаштан 35 жашка чейинки калемгерлер арасында поэзия, проза, драматургия жанры боюнча окуу семинарын өткөрүү үчүн Ысык-Көл облусуна жөнөп кетти.

Окуу семинардын максаты жаштар менен иш алып барууну колго алуу жана бул багытты андан ары тереңдетип, аймактарга жайылтуу, өркүндөтүү, кыргыз адабиятын дүйнөлүк деңгээлге алып чыккан Ч.Айтматовдой жана КМШ масштабындагы А.Осмоновдой кыргыз акын-жазуучуларын даярдоо, бүгүнкү күндөгү рынок шартында чыгармачыл интеллигенциянын алсырап турган коомдогу ордун жогорулатуу болуп саналат. Жалпысынан бул семинарга 20 катышуучу катталды. Ал эми жаштарга поэзия боюнча Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекова, проза боюнча Мелис Абакиров, драма боюнча Жаныш Кулманбетов, орус тилдүү калемгерлерге акын, адабиятчы Талант Жолдошбеков лекция окуйт.

Окуу семинардын ачылышы бүгүн саат 16:00дө Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында “Витязь” пансионатында башталат жана үч (3) күнгө чейин уланат.

Окуу семинардын ачылышына КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, төраганын орун басары Керимбек Кадыракуновдор катышат.