Заманыбыздын залкар ырчысы Иманалиев Элмирбек Калилович дүйнө салды

Заманыбыздын залкар ырчысы Иманалиев Элмирбек Калилович дүйнө салды

Кыргыз адабияты жана маданияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул менен бир жүргөн улуу ырчы Эшмамбеттин жээн небереси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, атактуу төкмө ырчы Иманалиев Элмирбек Калилович 42 жашында узакка созулган катуу оорудан үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде каза болду. Азыркы заманыбыздын залкар ырчысы Иманалиев Элмирбек Калилович 1978-жылы 17-январда Токтогул районундагы Үч-Терек аймагында Чоң Коо (Чоңко) айылында туулуп-өскөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы эстрадалык студияда окуган. 2004-жылы Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы институттун фольклор бөлүмүн бүтүргөн. 1994-1998-жылдары “Сейтек” балдар борборунда, филармонияда, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрында чыгармачылыкта эмгектенген. Ошол эле учурда Республикалык коомдук “Айтыш” фондусунун (корунун) аткаруучу директору болуп жаш ырчыларды тарбиялоодо чоң эмгек сиңирген. 1993-жылдан баштап төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып келген. 1993-жылы “Актаңдай” акындардын айтышында баш байгени, 1994-жылы залкар акын Алымкул Үсөнбаевдин 100 жылдык мааракесине арналган дастанчылардын республикалык сынагында экинчи орунду, 2000-жылы Жалал-Абад шаарында өткөн “Курманбек баатырдын” 500 жылдыгына арналган айтуучулардын республикалык сынагында баш байгени, 2000-жылы Ордо калаада өткөн “Жеңижок – 140” эл аралык акындардын айтышында баш байгени, 2001-жылы Таластагы “Манас Ордодо” өткөн “Талас таңшыйт” эл аралык акындардын айтышында, 2002-жылы Бишкекте өткөн республикалык ак таңдайлардын сынагында баш байгелерди жеңип алган. Эл аралык айтыштарда – Казакстандын эгемендик күнүнө карата Түркстан шаарында, Шымкендеги оң түштүк Казакстан облусунун 70-жылдыгына арналган эл аралык айтышта 2-орунду ээлеген.

Элмирбек Иманалиев 2003-жылы белгилүү төкмө ырчы Ашыралы Айталиевдин 75 жаш кутман курагына арналган айтышта, Казыбек казалчынын 100 жылдыгына арналган жана Астанада өткөн акындардын эл аралык айтыштарында баш байгени жана 2-орунду жеңип алган. Айтышка түшкөндө буйдалбай шар төккөн, сөзүнүн көркөмдүүлүгүнө, уйкаштыгына, обонуна өзгөчө көңүл бурган залкар ырчы Элмирбек Иманалиев ар бир акын менен айтышканда ар башка обонго салып ырдагандыгы менен, өзгөчөлүккө ээ болгондугу менен замандаштарынын эсинде түбөлүккө калды. Ал казак акындары менен айтышканда комуздун, домбранын коштоосунда казак обондору менен сабалата төгүп, аткаруучулук артистизм күчтүүлүгү менен айырмаланган. Ал сахнада өзүн эркин кармап, жадырап жайнап айтышып, көркөм сөздүн туундусун төгүп жеңиштерге жетишкен. 2003-жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында коюлган акын-драматург С.Алтымышевдин “Токтогул” аттуу пьесасында башкы каарман Токтогулдун ролун ойногон. “Жалгыздыктан жадап бүттүм”, “Аксекет”, “Булбулум”, “Боздотпочу” аттуу эл арасында белгилүү обондордун автору болуп обончулук касиети да зор болгон. Элмирбек Иманалиев төкмөлүк, обончулук менен бирге эле “Курманбек”, “Олжобай менен Кишимжан” дастандарынан, “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү башка айтуучулардан айырмаланган обондуулукта, чеберчиликте аткарган. Заманыбыздын залкар төкмө ырчысы Элмирбек Иманалиевдин кыргыз Маданиятына, адабиятына сиңирген эмгеги өлкө тарабынан бааланып, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ардак наамдары менен сыйланган. Кош, Элмирбек, заманабыздын залкар ырчысы! Сен биздин арабыздан жаш кеттиң, күлгүн курагыңды жалпы кыргыз элине арнадың. Кантели, дүйнөнү каптаган пандемиянын кесепетинен калдайган кыргыз элиң сенин зыйнатыңа толук келе албай, карантиндин мыйзамына баш ийип, сени эстеп, айла таппай кайгы жутуп үйлөрүндө камалып отурушат. Замандаштарың көзү өткүчө сени эстеп, сенин жаркын элесиңди, жамгырдай төккөн шаңдуу ырыңды унутпас! Кош бол эми, элибиздин булбулу, төкмө ырчыбыз!..

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Президиумунун мүчөлөрү:

  1. Калыбеков Нурланбек
  2. Кадыракунов Керимбек
  3. Акаева Жылдыз
  4. Жакиев Бексултан
  5. Момунова Гүлсайра
  6. Ааматов Маркабай
  7. 5. Абакиров Мелис
  8. Абыкеев Чолпонбек
  9. Даутов Кадыркул
  10. Жакшылыков Асан
  11. Мамеев Төлөгөн
  12. Мамазаирова Меңди
  13. Мураталиев Тилек
  14. Нурманбетов Тынчтыкбек
  15. Урманбетов Кыялбек
  16. Саалаев Жедигер
  17. Самудинов Токтосун
  18. Станалиев Самсак
  19. Сариев Абдымамбет
  20. Суслова Светлана
  21. Сыдыкова Кален
  22. Чакиев Таштанбек
  23. Чотурова Бактыгүл
  24. Сариева Калбүбү
  25. Эгембердиева Аида