Уолт Уитмен: Мен өзүмдү күкүмдөйдөн таратам, жолдон мага кезиккендин баарына

Америка адабиятынан

Уолт Уитмен

(1819-1892)

Кийин келчү акындарга

Кийин келчү акындар! Музыканттар, ырчы жана чечендер!

Актай албайт бул, бүгүнкү күн мени, айтып дагы бералбайт ким экеним,

Актайт мени түзүлүшү бөтөнчө – өткөндөрдөн кыйла зор, ар мүчөсү келген,

нагыз адамдар.

Көрүнгүлө! Акташыңар керек силер өзүмдү.

 

Кийин келчү күндөр үчүн деп арнап, көрсөтмөгө жазып кетем эки-үч сөз,

Жылт көрүнөм болгону, караңгыга кириш үчүн кайрадан.

Калың топто бара жатып кайрылып, көзү менен бир карап, анан кайра

жалт бурулуп кеткен – мен,

Анын сырын табууну, так элесин түзүүнү, беремин да силерге,

Эң башкысын мен силерден күтөмүн.

 

Ойлору тынч күндөр жанга жагымдуу

Бир бөлүшкөн сүйүү эмес, – бакыт бул,

Урмат дагы, байлык дагы эмес ал,

Саясат же согуштагы ийгилик да эмес ал,

Бирок өмүр эскирип, кайнап турган кумар жоошуп тынч алып,

Башталышында карылыктын тып-тынч сонун мезгили,

Таза авадай жагымдуу, бейкуттукту, элпектикти берет сенин денеңе.

 

Күзгү күн да, тиет жумшак үлбүрөп,

Ал кезекте алмалар өң-түс алып, бутактарда турган болот асылып,

бышып жетип кулаарына аз калып, –

анда болот эң бактылуу, бейпил күндөр жыргалдуу –

Ойлору тынч күндөр жанга жагымдуу.

 

Алгачкы какым-кукум

Жаңы дагы, жөнөкөй да, кооз да, кыштын узак туткунунан чыккан да,

Бул дүйнөдө тыйын-тыпыр иштери, саясаттар, модалар, эч убакта

болгон эмес сыяктуу,

Күнгө жылып, чөп алдына жашырылган бир жайдан,

Күнөөсүздөй, тып-тынч гана үлбүрөп,

атып жаткан таң мисалдуу жаркырап,

эң алгачкы жаздын какым-кукуму,

Ак пейилдүү жүзүн бизге көрсөтөт.

 

Бүркүттөрдүн сүйүшүп лаззат алышы

Суунун кашат жагында, жолдун бир жак чети менен келемин,

менин таңкы эс алуум, сейилим,

Ал аңгыча асманда, менин жогор жагымда:

бүркүттөрдүн кумарлана шаңшышы.

Кең мейкинде, кубалашкан лаззаттары сүйүүнүн,

бир-бирине чиркелип, бир-бирине айкалышкан тырмактар, жан тийгендей

чарк айланып жаткан жандуу дөңгөлөк.

Чапкылашкан төрт канат, эки тумшук кажашкан, бекем-бекем кысышып,

бир массага айланып, ал экөөнүн айлан көчөк атышы.

Тоңкучуктоо, боюн таштап, түркүн түйүн жасоолор, же жазгырып,

качып тип-тик кулоолор,

Эки дене – айланып бир денеге, нес болгондой далдырап, суу устүндө

туруп калды асылып,

Алар дале кыймылсыз тең салмакта, алсырашкан тырмактар, анан барып

ажыраша башташат.

Жай шилтешип канаттарын кубаттуу,

жөнөп бара жатышат,

көктү кыйгап зымырап,

Ургаачысы өзүнчө, эркеги да жолу менен өзүнчө.

 

********

Жол, мен сенде келе жатып караймын,

бирок баарын көрбөй жатам деп ойлойм,

сенде көзгө көрүнбөгөн көптөр барбы деп ойлойм,

Мында терең илим бар: бирин четке какпастан, кабыл алып баарысын

артык көрбөө эч бирин,

Тармал негр, наадан, ооруу, чыккынчы – ар кимдерге ачык ал.

Бирөө төрөп, бирөө чуркайт докторго, араң жылат кайырчы,

мас темтеңдеп басат да, жумушчулар топтолуша каткырып,

ишке бара жатышат,

Өз үйүнөн качып чыккан өспүрүм, бай түшкөн ат-араба,

франт кийген чычайта, ата-энеден уурдап,

кызын алып бара жаткан жаш күйөө.

Анан дагы соодагер, таңда шашып бара жаткан базарга,

Мүрзөлөргө табыт тарткан араба,

шаар жакка апкелаткан мебелдер,

же шаардан алпараткан мебелдер.

Алар да өтүп баратат, өтүп барам мен дагы,

жолтоо эмеспиз бирибизге бирибиз,

Мен эч кимди жек көрбөйм, анын баары мага кымбат болушат.

 

*******

Мейкиндикти чоң ууртайм да, чоң жутам,

Батыш, чыгыш – меники, түндүк, түштүк – меники.

Мен чоң экем, өзүм ойлоп жүргөндөн,

мен жакшы экем, өзүм ойлоп жүргөндөн,

Билбей келгем, мен өзүмдүн мынча жакшы экеним.

 

Кайдан болсо кооздукту көрөм мен,

Эркек менен аялга, мен кайталап айта алам:

силер мага көп жакшылык кылдыңар,

кылгым келет жакшылыкка жакшылык,

Эмне тапсам бул жолдон, өзүм менен силер үчүн тапканым,

Мен өзүмдү күкүмдөйдөн таратам, жолдон мага кезиккендин баарына.

 

Мен аларга таштайм жаңы кубаныч, таштайм жаңы эп-сыны жок кубатты,

Эгер бирөө мени кабыл албаса – мени капа кыла албайт,

Кабыл алса ким мени – тунуп калат жыргалга, мени дагы жыргатат.

 

*******

Ойдогунун баарын айтуу – бул бакыт, мына бакыт дегениң!

Ушул жердин авасына бакыт бир кез төгүлүп,

ар убакта ар кимдерди күтүп турар деп ойлойм,

Азыр эми бизге жатат төгүлүп, турабыз го аны менен жык толуп.

Ушул жерге пайда болот бир немелер бизде да, тура турган азгырып,

Эркек менен аялдардын жаштыгы, кооздугу жаныңын.

“Бүгүн жаңы төрөлгөн, таңкы чөп да жаңы жана көрктүү эмес анчалык”,

Дал ушундай ажары бар адамга, кары-жаштар жакшы көрүп тартылат,

Таң каларлык сыйкырдуулук бар анда, жандын күчү, же көркөмдүк дегениң,

түккө арзыбай калат анын жанында,

Аны менен жакындашып калууга, жанын сабап ар ким кылат аракет.

 

********

Угуп тургун! Калп айткым жок мен сага,

Сага берем дей албайм, сыйлыктарды эски кабыл алынган,

Берем жаңы, ороюраак убада, –

Алдыңдагы сени күткөн күндөр бул:

Байлык деген эмени, жыйып-терип чогултуп, жүк кылбайсың өзүңө,

Эмне жыйсаң же түзсөң, марттык менен элге чача бересиң.

Киресиң да калаага, анда көпкө кармалбайсың кур бекер, эң биринчи

буйрук жетер менен сен, андан оолак качасың,

ал эми анда калгандар, сени кордоп, мыскылдашып күлүшөт.

Чакырыктуу талабына сүйүүнүн, жооп бересиң өбүү менен кадалып,

Кагып таштай бересиң, токтотом деп кармай калган колдорду.

 

Түшүмө шаар кирди

Түшүмө шаар кирди, дүйнөдөгү өлкөлөр бүт кол салса да жеңилбес,

Мен түшүмдө көргөн шаарым, шаары экен достордун,

мындай такыр болгон эмес өмүрдө,

Бул шаарда бардыгынан баалуусу – сүйүү болуп саналат.

Ал сезилип турат ар бир саатта, бул шаарда жашаган ар адамдын,

кылык-жоруктарынан,

Көз карашы, айткан ар бир сөзүнөн.

Которгон: Сүйүнбай Эралиев