Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата       

Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата                           

Эстелик сүйлөйт

Баарыга белгилүү быйыл Улуу Ата-Мекендик – экинчи дүйнөлүк согуштун аяктагандыгынын, бүткүл дүйнө жүзүнө – адам баласына адам уулу алып келген тукум курутуучулуктун, бир улуттун экинчи бир улутка  жан чыдагыс кордук көрсөтүп, өз улутунун гана ашкере артыкчылыгын даңазалоого багытталган массалык түрдөгү кыргындын болуп өткөнүнөн бери 75 жыл болгону белгиленип жаткан учур. Эч ок-дары коротпой, атайын курулган концлагерлердеги тирүүлөй өрттөөнүн чукул арада ойлонуп табылышы, мончодо жууна тургандай болуп душтун суу чачыратып куюлчу түтүгү аркылуу адегенде суу, анан уулантуучу дары жиберилген ыкмалары менен дароо уктатып туруп, массалык түрдө ың-жыңсыз өрттөө жолу менен кыруу кимдин оюна келмек? Адамды-адам ушунча кара мүртөз ташбоордуктун чектен чыккан кесири менен тирүүлөй өрттөө мүмкүн адам баласынын тарыхында ылайым биринчи ирет болгондур? Тарыхта согуштун эң катаал түрлөрү, кул катары адамды адам колдонуусу, күң катары сатуучулук баштатан болуп келген болсо да, Гитлердик фашизмдин кылыктарындай жорук цивилизациянын кыл чокусунда турган  Европа элдеринен XX кылымдын акыл-эстүү, илим-билимдүү адамдары тарабынан ишке ашат деген укмуштуу жорукту келечекте алардын өз уул-кыздары жерий турган жосунсуз иш экенине дүйнө эли терең ишенет деген ойдобуз. Ар бир иштин кош тараптуу болорун ойлонуп көрсөк, адам баласы ушундай шумдукту да баштан кечирип анан дагы эле жашоосун улап, майрам уюштуруп, үйлөнүү тоюн жасап, бешик той берип, ошол мыкаачы, акыл-эси жинге айланган Адольф Гитлерди боорунда тарбиялап бөпөлөп, башка балдар сыяктуу эле тарбия-таалим көрсөтүп өстүргөн элди – жөнөкөй, карапайым немец элин – туура түшүнүү менен мамиле кылууга жетишкени таң калтырат. Кечирим берүү деген адамдын улуу касиети экени, адамзатка адам баласы ушул экинчи дүйнөлүк согушта көрсөттү деген ойдобуз. Адам атынын улуулугун, адамгерчиликтин улуулугун, дагы бир ирет айгинелеп турган ушул согуштан кийинки немец элине карата кечиримдин берилишин, айкөлдүк менен акыйкаттуу сапат десек болор… Албетте жакынкы тарыхыбыз муну баарыбызга далилдеди, аны өз көзүбүз менен көрүп, өз башыбыздан кечирдик. Ал эми азыркы учур, ааламдашуу заманын да баштан кечирип жатабыз, мында дагы дүйнөлүк масштабдагы ойдо жок жорук башын кылтыйтып турат. Бирок бул башка сөз, башкача учурдан чечиле турган маселеси.

Биз көңүл бура турган иш, бул макалабыздын дал ушул жылга, ушул кырдаалга туш келип, жогоруда кеп болгон согуштун быйылкы 75 жылдыгынын мерчемдүү мезгилине төп келип тургандыгынан улам, “Башканы коюп, Манасты айт”, – демекчи акын М.Абылкасымованын чыгармаларынын ичинен бүгүн сөз кылбасак болбой турган “Эстелик сүйлөйт” поэмасы экенин туура көрдүк. Муну бүгүн сөз кылбасак, качан сөз кылабыз деген ойдон улам бул поэмага кайрадан кайрылууга сөз кыябы келип турат.

Согуш темасына жазылган кыргыз поэмаларынын ичинен аталган поэма өзүнүн тандап алган материалынан да, поэманын формалык жана мазмундук жагынан да, чыгарманы ачып берүү ыкмасынан да кыргыз поэмаларынын буга чейинки башка чыгармалардан өзгөчөлүгү бар экени кандайдыр даражада айтылып келгени белгилүү Ошондой болсо да М.Абылкасымованын бул поэмасы тууралуу атайылап эмес, ар кандай учурларда учкай болсо да айтылып келгени менен поэмага акыр аягына чейин толук түрдө анализ жасаган изилдөө боло элек. Албетте, поэманын жаңылыгы менен анын шарттуу ыкманы кандай колдонгондугу туурасында изилдөөчү Р.Сыдыкованын эмгегинде бир топ кеңири каралган болсо да, андан бери 40 жыл өтүп кетти, аны азыркы көз караш менен карап чыгуу да ылазым десек туура болчудай. Ошол эле изилдөөчүнүн анализдеринде поэманын типтештирилген кырдаалдар менен каармандардын мүнөзүнүн ынанымдуулугу жагынан бир катар кызыктуу иштелген чыгармалардын катарына М.Абылкасымованын «Эстелик сүйлөйт» поэмасы жана С.Жусуевдин ага удаа жарык көргөн “Тирүүлөргө” поэмасынын шарттуу ыкмаларын параллель кароосу өз учуру үчүн эле эмес, азыркы мезгил үчүн да маанилүү дээр элек.

Поэма алгач автордун «Быйыл жаздын гүлдөрү көп» жыйнагында жарыяланган. Чыгарма окурмандар жана адабий чөйрө тарабынан жылуу тосуп алынган. Ошонун натыйжасында поэма өзүнүн окурмандары менен сынчыларынын алкагын дагы кеңейтип, автордун бул чыгармасы басылган жыйнак Кыргызстандын Ленин комсомолу атындагы сыйлыкка көрсөтүлгөн эле. Ошол жыйнакка байланыштуу айтылган сында «Эстелик сүйлөйт» поэмасы учурунда кыргыз поэмасынын жакшы жетишкендиктеринин күбөсү катарында бааланды. Чыгармага жазуучулар союзунун  жетекчиси, эстетика илиминин көрүнүктүү окумуштуусу Теңдик Аскаров алгачкылардан болуп, поэманын формасы менен поэтикалык ыкмалары жөнүндө объективдүү пикирин айткан. Поэманы орус тилине которгон акын Ю.Смышляев да өзүнүн жылуу пикирин айткан. Поэма боюнча алгылыктуу ою менен басма беттеринде чыккан сынчы Э.Медербеков чыгарманын автору «талыкпаган зергердей иштегендиги», анын «ар бир сабында … айкындыкка, таамайлыкка, сезимдик эргүүгө жетишкендиги экендиги» болгонун белгилешкен. Поэма жөнүндө сөз жаш жазуучулардын бүткүл союздук семинарында талкуудан өтүп, семинардын катышуучусу атактуу акын Б.Ручьев жаш акындын бул поэмасына абдан кубанганын билдирген. Ошентип поэма бүткүл союздук Ленин комсомолунун сыйлыгына да арзыган.

«Эстелик сүйлөйт» поэмасынын жогору бааланышынын негизги себеби эмнеде экенине сереп салып көрөлү. Эң оболу чыгарманын темасынын актуалдуулугу десек жаңылышпайбыз. Анын темасынын актуалдуулугу менен бирге эле көркөмдүк касиеттеринин да тиешелүү даражада таасир көрсөтүүгө кудурети бар экендиги шексиз.

Демек, көркөмдүк сапат жөнүндө сөз болгондо, албетте, чыгармадагы каармандардын мүнөздөрү биринчи орунга коюлууга тийиш. Баарыдан мурда жаңыланып түзүлгөн мүнөздөрдүн ынанымдуулугун жана алардын автор түзгөн кырдаалдарга шайкеш келишине көңүл буралы.

Композициялык түзүлүш жагынан поэма лирикалык каармандын жана жоокерге коюлган эстеликтин монологдорунан түзүлөт. Лирикалык каарман менен эстелик экөөнүн, болуп өткөн согушка карата мамилеси аркылуу алардын мүнөздөрү ачылат. Чыгармадагы каармандардын аракеттери шартуу түрдө кейипкерлердин сезим-туюмдарында аракеттенет. Бул поэмада кадимки биз калып алган чыныгы турмуштук каармандар эмес, алар шарттуу каармандар болгондуктан алар ачык сөз, же физикалык кыймыл-аракет жасаша албайт. Баш каарман жансыз таш эстелик. Ошондуктан Таш эстелик өзү баш каарман катары болгон окуялар туурасында кыялында айтайын деген ойлорун шарттуу түрдө ички дүйнөсүндөгү сезимдердин кагылышы аркылуу билдирет. Улуу Ата Мекендик согуш биздин эл үчүн эмнелерди гана алып келбегендигин дааналап сүрөттөө максатында автор бул поэмасында адабий шарттуулук ыкмасын колдонгондугун дал ушул тушта даана сезебиз. Курман болгон жоокерге коюлган бу Таш эстелик Жеңиш күнүнө карата белгиленип жаткандыктан майрамга карата Таш эстелик өзүнө – уулуна келген энесине кайрылат. Ошондой эле жалпы элге карата айтылуучу ой лирикалык каарманга кайрылуу иретинде эстеликтин баштан өткөндөрүн эскерүү манерасында лирикалык каармандын ой толгоосунда баяндалат. Анын эл-журтка кайрылуусундагы эң башкы маселе, эң орчундуу көйгөй анын ою боюнча согуштун өтө каардуу көрүнүш экендигин айтуу, болгондо да ички муң-кайгы, ички ой толгоо иретинде сыр ачуу манерасында айтылып жатат. Эстелик ушунун баарын өз оозу менен ошол тозоктон чыгып келген адам катары сыр ачуу иретинде айтат.

Поэманы талдоого алган оппоненттерибиз болсо бир ооздон муну публицистикалык поэма деп аташат. Ички ой толгоосу катары нечен жылдар ичине катып келген бул ойлору ички сыр болуп, ичине батпай энеси келген ушул мүнөттөрдө анын өз оозунан айтылат.

Эстелик аны сырткы дүйнөгө биринчи ирет угуза айтып отурат. Мындай сыр айтуу качантадан бери публицистика болуп калганы таң калыштуу. Сыр айтуу менен ички дүйнөсүндөгү ой толгоону, муң-кайгыны ачып берүүдөгү психологиялык ыкма, сыр төгүү ыгы деп аталып келгени адабиятта качантадан бери белгилүү го? Бул жердеги Эстеликтин ички сырын айтуусу бери айтканда монологго жакын дешке мүмкүн, бирок сыр ачуу манерасы кандайча публицистика болуусу керек деген суроо туулат? Бул жерде поэманын каарманы адам эмес, Таш болгону, кейипкердин образын адам кебетесиндеги Таш аткарып жаткандыгы үчүнбү деген суроону берүүгө аргасыз болуп жатабыз? Эстелик таш болгондугу үчүн аң-сезиминде качантадан бери айталбай ичине батырып келген оюн сыртка чыгарып, өз башынан кечирген азап-тозокторунан улам мындан ары адамдар тынчтыктын болушуна кам көрүп жүрүшсө деген өтө кымбат туткан ой-пикирин энесине жана элине жеткирүүнү ойлогондогу лирикалык каармандын айткан жүйөлөрү окурманды толук ынандырып турат.

Мекенин коргоого «Эл бакты үчүн эр азбаса, эр тозбосо болбойт уулум», деген эненин насыяты боюнча, эне сүтүн актоо максатында, ажал менен арбашып, элдин эркиндигин коргош үчүн өзүн-өзү шыктандырбады беле. Ушундай татаал шарттарда ал «өткөргөн мүнөттөр күнгө татып», «кылым менен жытташып, моюндашып» алып, «чабуулга чыкканын» ыймандай ички сыры катары айтып отурат. «Жер алдына бүтпөс сапар чегээринде» анын «минуттары тамчы терге айланат», өзүн «чоң дайраны бургандай» сезген глобалдуулук автордун поэма жанры талап кылгандай эрдиктин шаңдуу саптары менен жигиттин кайратка толгон абалын  туура сүрөттөгөн деп айта алабыз.

Таш жоокер айланасындагы гүлдөрдү, буркураган жайлоонун жалбыз жытына окшотуп, моокуму кана жыттаганын, ал өзү жакшы көргөн жаз айынын көктөмүн анын айланасына – шаардын ортосундагы гүлбакчада жасалгаланган көрүнүштөгү учур да автор тарабынан көркөм иштелген, эстеликтин тирүү кездеги сезим-туюмдары сактап калган учурду, кырдаал шартты жаратуу үчүн жасалган шарттуу параллель катары кабылданып турат деп айтсак болот. Автор атайылап көркөм ыкма катары түзгөн “параллель, жасалма кырдаал шарттар” кадимки жоокердин тирүү чагындагыдай таасир келтирүүнүн ыгы болгону шексиз. Бул жасалгалар акындын көркөм чыгармачылык ыкмасы катары бааланышы керек. Ал эми жоокер ошол өзү жакшы көргөн жаздын көркөм, көктөм учурга маашырланып, өзү ушул учурда таш болсо да реалдуу адам кыябында ушунун баарын ички жан дүйнөсү менен реалдуу адамча кабыл алышы анын ички жан дүйнөсү сезип туйган абалды – б.а. каармандын лирикалык сезим-туюму, кадимки адамдын ички психологиялык сезим туюмдары катары кабылданышындай берилиш талапка ылайык болгон демекчибиз. Мына ушул айтылгандар далилдеп тургандай эле поэманы биз баштан эле жанр катары лиро-эпикалык деп илимий-теориялык жактан аныктама берген элек, бирок кийинки изилдөөчүлөр аны публицистикалык поэма катары берип келиши бери айтканда далилдөөнү талап кыла турган бүдөмүк бүтүм дешке негиз берет.

Акырында айта кете турганыбыз поэманын баш жагында берилген лирикалык саптар да поэманын публицистикага эмес, лиро-эпикага ыңгайлашып турганын ачык көрсөтүп турат.

Гүл сеңселет таажыларын бийлетип,

Нектарына кимдир бирөө кусабы?

Куштар неге бул тарапка,

Дешип турат «Учалы»?

Бактар кыздай бой тирешет,

Сууга тигип көлөкө.

Чолпуларын шылдыратат,

Жел жорголоп жөнөсө.

Бул поэманын чукул арада элге кеңири тарашы жана жогорку сыйлыктарды алуусуна кандай себептер болгон деген суроо коюу менен анын биринчи жүйөсүнө жогоруда жооп бердик деп ойлойм.

Мындан тышкары поэманын каармандары буга чейин кыргыз поэмаларында кездешпеген кыязды – бардык каармандардын шарттуу жашашы жана аракеттенишинде ишке ашырылышы болуп эсептелет демекчибиз. Поэма шарттуу ыкманы колдонгондугу, ошондой эле ыр түзүлүшүнүн формасы боюнча ак ыр түрүндө аткарылышы болсо, үчүнчүдөн анын салттуулугу жана жаңычылдыгы болду демекчибиз. Анткени бүгүнкү күнгө чейин бардык изилдөөчүлөр, сынчылар жана адабиятчылардын ичинен эч кимисинин бул поэма түпкү негизинде кыргыз поэзиясындагы жана чыгыш поэзиясындагы салттуулуктун баштапкы, түпкүлүктүү салттарын кармангандыгын айтпаганын байкадык. Кийинки мезгилдерде поэзиядагы салттуулукту уйкаштыкты колдонуудан гана байкап, уйкашпаган ырларды ритмикалык же, ак ырга кошуп үстүртөн сырткы формасына карап аныктама берип койгон учурлап көп кездешет. Поэзия татаал, анын ой-чуңкуру абдан көп экени баарыбызга бнлгилүү. Ал эми чыгыш поэзиясы аталган орто кылымдан бери тарта келаткан салттуу ыкмалардын да ар түрдүү формаларда, ыкмаларда татаал жана терең маанилүү шарттуу ыкмаларды колдонуп, кош кабат жана кыйытып айтылган тамсилдешкен шарттуу каармандардын катышуусу менен жаратылган эң күчтүү жана терең философиялуу чыгармалар арбын болгонун эстен чыгарууга болбойт. Поэзия элдин духу, анын рухий дөөлөтү, түпкүрдөн чыккан байыркы таалим-тарбияга, түшүнүк-кыялдарга ишеним-фантазияга сугарылган асылзат дөөлөттөрдүн түгөнгүс кени экенин унутууга болбойт эмеспи. Поэманын бир капталы б.а. бир ченеми шарттуулук менен автордук көмүскөлүк шарттар – ысымдардын аталбаганы жана анын монолог-диалог менен шартталышы, эпикалык баяндоо: тарых, болуп өткөн окуялардын эпикалык башталма катары камтылышын түзсө, ошол эле учурда каармандардын ички сезим-туюмдары көтөрүңкү абалга чейин жетип, алкымга чыгып, андан чыккан көөдөндөгү күсөөлөр көз жашка кептелет. Ал эми Таш эстеликтин элди-жерди, келечекти ойлоп санаа тартышы, согушту болтурбай коюуну башкы милдет катары элдин эсине салуусу, патриоттук чакырык, эпикалык башталмаларга келип такалат. Мына ушуларды эске алып 80-жылдарда эле поэмага бул поэмага биз, лиро-эпикалык жанрдагы чыгарма катары аныктама берген элек. ( С.Р.).

Мындан тышкары, ошол алтымышынчы жылдардагы поэзиядагы изденүүнү биз жалаң эле орус акындарынын таасиринен эмес, чыгыш акындарынан да издешибиз абзел. Маселен, тажик эл акыны Мирзо Турсунзаденин («Моя дорогая») «Менин сүйүктүүм» аттуу лирикалык поэмасы, кийинчерээктеги Расул Гамзатовдун («Горянка») «Тоолук кыз» аттуу лирикалык поэмалардын жаралышын  мисалга алышыбыз эмне үчүн унутта калышы керек? Жогоруда келтирилген илимий аныктамалар менен кошо поэманын композициялык курулушу, сюжеттик курулушу жана каармандардын негизинен жалаң шарттуу каарман болгондугу да поэманын өзгөчөлөнүп турушуна кошумча бир жүйө катары кирет демекчибиз.

Жогоруда келтирилген илимий аныктамаларга кошумча ойго алар дагы бир окуя поэманын жаралышына түрткү болгон себеп болушу ыктымал. Кайта эле кандуу согушка кайрылабыз, анткени автор эгерде жан дүйнөсү суранбаса, авторду тынч алдырбай шыктандырбаса чыныгы чыгарма да жаралбайт эмеспи. Анын үстүнө автордун ойго келбеген таш эстеликти баш каарман кылып алышы да бекеринен болгон эмес. Себеп дегенде, М.Абылкасымованын жакын эжелери айылдаш бир байбиченин жалгыз уулу согуштан кайтпай калат. Байбиче ага абдан капаланып, чүнчүп, жүдөп жүрсө да уулунун кайтып келээринен эч үмүт үзбөйт. Ошентип арадан 30 жыл убакыт өтсө да эне уулун күтүүдөн тажабайт. Ал күтүп келген – күтө берет. Күндөрдүн биринде байбиче сиңдиси Майрамкан эжеге келип, сен уулуң келет дедиң эле, кана келгени?-дейт. Акын, ошондо чоң кайрат менен  ишенимдүү айтат. – «Эже, мен уулуң келет дедим беле,- келет. Мага ишене бер. Ал сөзсүз келет»! – дейт. Ошентип баягы эне уулун күтүп, күтүү менен, жакшы санаа менен көп жыл жашаптыр. Акын болсо, албетте бушайман болуп, кантсем, уулуң өлдү деп чынын айтсамбы, же кандай кылсам, эжем байкуш уулунун өлүмүнө түк ишенбесин билем, анан кантип аны өлдү деп айта алам? Андан көрө уулум тирүү деп элестетип, аны күтүп, кыялданып жашаганы дурус го деп ойлоп, бул ачуу чындыкты ачпаган бойдон калтырат. Кийин ушул чыгарма жаралат. Бул автордун согушта уулу курман болгон эжесине жана миңдеген энелерге берген жообу эле. Бул окуя жөнүндө автордун өз оозунан уктум эле, бирок аны өзүнөн уруксатсыз эле макалага кошуп койдум, автор капа болбойт го деп ойлойм. Автордук укук деле 50 жыл сакталат, ал эми согуштун бүткөнүнө 75 жыл болгон соң, бул сыр ачыкка чыгышы керек, го акыры…

Рахима Сыдыкова, Мээрим Жаңыбай кызы