Улукбек Омокеев: “Ыр жазып жатканда турмушту унута түшөм”

“…Кызыл жүз, тегерет бет,
Жамандык көрө элек көп.

Сабактан бир күн калса,
Ыйлашкан чебелектеп”.

Дал ушул “Биринчи курстун кыздары” аттуу ыры аркылуу Улукбек мырзаны тааныгам. Алгач терең ой жүгүрткөн, жашы 40-50нү чамалаган инсан го деп элестеткем. Себеби жазган макалаларын, ырын окуп калаар элем. Көрсө, адамга жан дили менен мамиле кылган бул акыныбыздын ырлары да жан дүйнөсүндөй таза, өзү болсо араң гана 30га чамалап калган адабият үчүн, эл-жер үчүн күйгөн инсан экен. Чындыгында эле коомго кайдыгер карабай, ар убак эмгектенген, терең ойлуу. Жакында “Ата-сүйүү” аттуу жыйнагы чыгып, ага утурлай Э.Эрматов атындагы сыйлыктын алгачкы лауреаты болду. Ошол себептен Улукбек Омокеев менен жакшылыгы, чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу баарлаштык.

– Улукбек мырза, улуу жолду басканыңызга канча убакыт болду?

– Улуу жол. Ойдондуруп койдуң. Ушул жолду атайын басам деп эч ойлонбогон экенмин. 6-класста эне тууралуу (азыр саптары эсимде жок) эки түрмөк ыр жазганым эсимде. Анан эле окуучулук сүйүүлөр, жаштык ыр жаздыра баштады. Университетти бүтүп кара сөз менен да алышып кеттим. Анан карасам улуу жолдун башталышында турган экенмин. Артка жол жок. Чамдай берейин. Улуулар баскан жолду татыктуу басарым бардыр. Мажирөө болуп, тайсалдап, көрүнгүм келбейт. Ошону менен кошо улуу тилек-максаттарым жана чоң дымагым бар.

Поэзия сиз үчүн?

– Поэзия – жүрөктүн тили менен жазылып, жүрөк гана түшүнгөн керемет симфония. Аны мээ түшүнө албайт. Мээ түшүнгөн поэзия – поэзия эмес эле философиялык ой толгоо. Бирок мен чыныгы поэзияны жарата элекмин.

– Азыр өзүңүздү ким болдум деп эсептейсиз?

– Азыр апам айкандай киши, атам айткандай редактор, досторум айткандай агай, айылдаштарым айткандай жазуучу болдум. Алар ушинтип аташат. Мен азыр ушул сен көрүп турган Улукбек бойдонмун. Мындан 5 жыл мурда деле ушул элем. Болгону чоңураак китеби чыккан Улукбекмин.

Кумурскадай эмгекчилсиз. А энергияны каяктан аласыз?

– Ушул сөзүңдү апам укса күлүп жиберет. Атам укса андан бетер. Сендейлер тигинтип үлгүрдү, а сен волейбол ойноп жүрөсүң деп наалып калышат. Ооба, абдан кыймылдуу адаммын. Окуу жайда эки-үч жерге сабак берип, университеттин газетасын чыгарып, “Жигер” чыгармачылык борбордун иши менен алектенип, кесиптештер менен жумасына үч жолу волейбол, достор менен футбол, бильярд ойногонго жетишем. Сайттарга макала жаза коем. Бирок тытынып эмгек кылгандагым эмес. Айрым учурда көбүрөөк деле уктайм. Жан-деним эмнени кааласа, эмнеге жетишсем жасап жүрөм. Мага эң чоң энергияны “Жигердин” жаштары тартуулайт. Сыдыкбек, Бекмурат, Мелистер, жаш калемгер балдар менен чер жаза баарлашам. Түмөкем(Түмөнбай Колдошов) менен ырдап да өзүмө ырахат алам.

Анан окуу жайдын жетекчиси: “Сенин ишиңден дагы ырларың, жазганың биз үчүн маанилүү, чарчаба, көп жаз”, – деп калат. Жаныңдагылардын, жакындардын жакшы сөздөрүнөн артык энергия барбы?

– Э.Эрматов атындагы адабият фестивалында 1-орунду алыптырсыз. Куттуктайбыз! Фестиваль кандай өттү? Эмне өзгөчөлүктөр менен эсиңизде калды?

– Рахмат. Э.Эрматов сыйлыгынын алгачкы лауреаты болгонум үчүн кубанганымды жашырбайм. Менин кубанычыма ал жерде кошо болгон калемдештерим да кошулса керек. Э.Эрматов атындагы коомдук фонддун жетекчилиги, балдарына ыраазылык айтам. Жеңүүчү болгонум үчүн эмес, ушундай чоң иш-чараны демилгелеп өткөргөнү үчүн. Алгачкы фестивал болгону үчүн уюштурууда бир аз кемчиликтер болду. Бирок, ал кедерги эмес. Жергиликтүү бийлик, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы да дыккат даярданыптыр. Бардык коноктордун тамак-аш, жатаканасынан бери камсыздап, транспорттон бери чечишиптир. Алгачкы күнү Э.Эрматовдун жайына барып, куран окуп гүл коюп келдик. Патрулдук милициянын атайын коштоосунда жүргөн жаш калемгерлер, өмүрүндө бир бактылуу болду окшойт(күлүп). Бактылуу болосуң да, акындар жүргөн машинеге каршы келаткандар жол бошотуп, ызат көрсөтсө. Жакшы көз ирмемдер эсте калды.

– Жаңы эле басылып чыккан “Ата-сүйүү” китебиңизде турмуштук ырлар, аңгемелер жарык көрүптүр.Өзүңүздү турмуштун туткунумун деп эсептейсизби же эркин кушпу?

– Ооба, сыясы кургай элек 300 бетке чукул калыңдыкта китебим чыкты. “Ата – Сүйүү” аталыштагы поэма жазгам. Китептин аталышын ушундан койдум. Бар тапканымды ушул китепке салдым. Илим, саясат, маданият, музыка – баары турмуш да. Турмуштан качып кайда бармак элем. Мен ыр жазып жатканда, анан топ ойногондо гана турмушту унута түшөм. Эркин куш болуу генийлерге гана жарашат. Же Ыраке(Рамис Рыскулов), же Кубатбек Жусубалиев болуш керек. Эки балам, үй-бүлөм бар. Нан, чай, кумшекер алыш керек. Бирок, көр дүйнө кубалап, чыгармачылыкты таштап койгум келбейт. Жегенге наным, баш калкаларга үйүм болсо өмүр бою эле компюьтер кучактап чыгарма жазсам дейм.

Жигердүү жаштар тууралуу да токтоло кетсеңиз..?

– 2012-жылы Ош шаарында чыгармачыл жаштардын башын кошуп “Жигер” деген поэзия клуб түзгөм. Азыр ал кеңейип, чыгармачыл борбор болуп калды. Бул жаштарды мен лидер болоюн деп чогултпагам. Өзүбүз ойлорубуз, тилек-максаттарыбыз дал келип эле топтолуп жатабыз. Сонун балдар-кыздар бар.

Кыргызстанда ыр жазгандар ушул Оштогу жаштар болсо керек дей берчүмүн. Кийин борбордогу “Жаңы толкун” адабий клубунун балдары менен таанышып көзүм ачылды. Калеми төшөлүп, такшалып калган жаштар көп экен. Алар менен азыр жакшы дос, калемдеш болуп кызматташып турабыз. Жаштардын чоң толкуну келатат буюрса.

Сиз баалап окуган чыгарма?

– Көп эле чыгармаларды баалайм. Ар бири өзүнчө керемет. Айтматов, Касымбеков, Стамов, Раевдердин китептептери кайдыгер калтырбайт. Чет элдик жазуучулардын чыгармалары менен да таанышып келе жатам.

Алдыда эмне жөнүндө китеп жазгыңыз келет?

– Алдыда дале турмушту жазам го. Достук тууралуу чоң сюжеттүү чыгарма болчу идея бар. Балким поэма болот. Ошонун үстүндө иштегенче ыр жаза берем. Анан азыркы китеп сыңары ал да буюрса жарыка чыгат. Жана да айта кетүүчү нерсе акыркы жылдары жаштарга көңүл бурула баштады. Кыргыз адабиятыннн улуу көчүн татыктуу улап кетчү жаштар көп. Руханий байлыгыбызды артыруу үчүн жаш калемгерлерди көбүрөөк колдоого алса дейм.

Рыскүл ИЗАТОВА