Тынчтыкбек Нурманбетов: Капкакка кыргыз жанын жашырганбы? Капкакка кыргыз сырын батырганбы?

Кыргыз десе

Кыргыз десе: безеленем чырылдап,

Кыргыз десе: каным күйөт шырылдап.

Кыргыз десе: кыйналганым унутуп,

Кыргыз десе: созолонтом ыр ырдап.

 

Кыргыз десе: жаным жыргайт ыр курап,

Кыргыз десе: көздөн жашым кылгырат.

Кыргыз десе: кылым жашайм карыбай,

Кыргыз десе: эч соолубайт Ыр – булак.

 

Кыргыз десе: жаза тийбес октоймун,

Кыргыз десе: Азезилден коркпоймун.

Кыргыз десе: кыянаттык кылганга,

Кыргыз десе: Кыяматта оттоймун.

 

Кыргыз десе: чөмүлөмүн кыялга,

Кыргыз десе: жер таппаймын сыярга.

Кыргыз десе: үмүт үзбөйм жашоодон,

Кыргыз десе: кулдук урам Кудайга!

 

Комуз күүсү

Залкар комузчу Ниязалы Борош уулуна

Олтурдум комуз күүсүн уюп тыңшап,

Керемет кайрыгына денем муюп.

Үч кылы тили бардай сүйлөйт тап-так,

Кылымдын жаңырыгын сезем туюп.

 

Кылдарын жүрөк кандан чыйратканбы?

Каректин нуру менен сырдатканбы?

Капыр-ай, каным дүргүп делбиреймин,

Укканда “Кер толгоону”, “Камбарканды…”

 

Капкакка кыргыз жанын батырганбы?

Капкакка кыргыз сырын жашырганбы?

Болбосо неге минтип көкүрөккө,

Кут болуп комуз күүсү уюп калды?!

 

Өмүр

Өткөн күндөр көз алдыман чубуруп,

Өткүн болуп кулагыма угулуп.

Өмүрдөгү бир аз көргөн жакшылык

Көп өксүктүн кайтарымы туюлуп.

 

Өмүр сенин өтөөлүңө жетем деп,

Өмүр сенин сыр түйүнүң чечем деп.

Өмүр сенин өрүң карай жүрсөм да

Эмнегедир жол арбыбайт кечеңдеп.

 

Менин гана берилгенсип энчиме

Өмүр сага кээде кылам текебер.

Өмүр сенин жеталбасам баркыңа

Өзөктү өрттөп, жүзүңдү үйрүп кете бер.

 

Көл шоокуму

Көл шоокуму, Көл шоокуму

кулак курчун кандырат.

Көл кыйыры көз жетпеген

Кош каректи талдырат.

Күн батаарда кызыл нурга

Көлдүн бети чайынат.

 

Көл шоокумун, Көл шоокумун

тыңшайм, тыңшайм берилип.

Касиеттүү Ысык-Көлүм

Жатат чалкып, керилип.

Көл жаныбар коргошундай көлкүлдөйт,

Ала салган толкуну жок элирип.

 

Көл шоокуму, Көл шоокуму

Эмне деген керемет?

Дил тазарткан, жан жашарткан

Сенде кандай касиет?!

Көл шоокуму, Көл шоокуму

Көңүлүмө шыкак берип эргитет.

 

Кербен

Обондуу ыр

Бабалар байыр алып жердеген,

Бак тигип, жазында тердеген.

Бак буйруп багбанга, дыйканга,

Бай түшүм алганга шерденген.

 

Кербенге, кут түшкөн билемин,

Кубанам элжиреп жүрөгүм.

Кербеним – келечек калаасы,

Кербеним – туурум, түнөгүм.

 

Казынаң кемибей жык толсун,

Калкымда ынтымак, ырк болсун.

Кербен – шаар түптөгөн тектүү журт,

Келкелиң түбөлүк кут болсун!

 

Кербенге, кут түшкөн билемин,

Кубанам элжиреп жүрөгүм.

Кербеним – келечек калаасы,

Кербеним – туурум, түнөгүм.

27.05. 2013-ж.

 

Өткөрүп күндүн неченин

Өткөрүп күндүн неченин

Өзүмдү далай алдадым.

Кылчая карап артыма,

Тиштегим келет бармагым.

 

Өткөрүп күндүн неченин

Мүнөттүн баркын түшүнбөй.

Компоюп басып жүрүпмүн,

Көп ишимди бүтүрбөй.

 

Түшүнүп-билип турсам да,

Өмүрдүн кымбат экенин.

Арзыбас ишке, бекерге,

Өткөрүп күндүн неченин.

 

Өзүмдөн-өзүм арданам

Тымызын сызып ичимден.

Бүткөргөн ишим аз экен,

Бүткөрө элек ишимден.

 

Түгөнбөй менин эртеңим

Жыл-жылга келет тогошуп.

Өмүрдүн гүлгүн курагын

Албасам экен жоготуп.

 

Өткөрүп күндүн неченин

Эрдимди кырча тиштеймин.

“Ак боз” ат минип алкынтып

Мекеним үчүн иштеймин.

 

Туулган жер

Туулган жер ыр сабына батыра албайм

Жүрөк даап антүүгө мен батына албайм.

А бирок ак тилекти сага деген,

Айтпастан көкүрөккө жашыра албайм.

 

Саптарга жылтыраган жетеленип,

Сап курап аша чаппайм экиленип.

Көңүлгө уюп калган өчпөс болуп,

Саматат туулган жердин жыты келип.

 

Жабыла жашы дебей, кары дебей,

Тууган эл жапырт чыгат чөп чабыкка.

Түнкүсүн эс алуунун камын жебей,

Жаштары оюн курат ай жарыкта.

 

Берешен талаа ыңкып алтын данга,

Жайкалат туулган жердин жайда куту.

Токчулук, топук берип ар бир жанга,

Каңылжаар өрдөйт бейпил күздүн жыты.

 

Даурия… Даурия…

Кичине эле станция Даурия

күн алыс бир поезд келип токтогон.

Мага бул жер жаңы барган кезимде

эң алыскы дүйнө чети окшогон.

 

Кең Мекендин кан тамыры – темир жол,

Мындан бүтөт, мында келип эс алат.

Күнгө күйүп калбасын деп, сур булут

Даурияны дайым турат калкалап.

 

Ал анткени бул жер какыр, боз талаа,

суу чыкпаган,

дарак дагы өспөгөн

Качан болсо кара шамал,

кара суук,

жан бүткөндү каалагандай өкчөгөн.

 

Эки өлкөнүн чеги турган бөлүнүп,

жайдак талааң, чаңкап турган Дауриям

Ылымсыроом артып барат негедир,

кар аралаш кумуң учкан Дауриям.

 

Оң колумду кыса кармап командир:

“Кызматыңа ыракмат” – деп алкаган,

Жылуу сөзгө жүрөк жылып, ийигип,

Бир жагымдуу сезим бойго таркаган.

 

Мекен баркын, эл кадырын туйдурган

Дауриям, сени кантип унутам?!

Кызматыма ыраазы бол алыскы

Менин кыйбас Мекен чеги – Дауриям.

 

Ыйык сезим

Уч-кыйырсыз кең өлкөм

Уктап жатат мемиреп.

Жүрөгүмө берет деп

Кызыл Туусу желбиреп.

 

Мекен жүгү моюнумда

Эл тапшырып ишенген.

Сибирь суугу жылдагыдай

Ит өлтүрүп күчөнгөн.

 

Күнбү-түнбү талап бирдей

Болуу керек кыраакы.

Күзөтөмүн көз ирмебей

Мекен чегин ыраакы.

 

Ысык-суугун тарткан сайын

Мекен баркын билет бейм.

Ыйык сезим ал ансайын,

Улам канга сиңет дейм.

 

Уулума жооп

I

Кийсем дагы кийиз өтүк

сөөк какшайт суук өтүп.

Аскердик машыгууда тыным албай

улам жаңы бир жерге жүрдүк көчүп.

 

Командирден буйрук болду:

“Токтосун – деп – рота,

түнкү саат он бир болду

жол улайбыз таң ата”.

 

Ай нуруна чатыр тигип

ай талаага түнөдүк,

Койнубузга шамал кирип

уктай албай жүдөдүк.

 

Бутту чечпей, кур бошотуп

темир мешке жакын ыктап,

от табына чекем нымшып

кеткен экем бир аз уктап.

 

II

… “Атакелеп чуркап келет

аркы өйүздөн Теңдигим,

так көтөрүп колтугунан

кучактап, боорума имердим.

 

III

Уулумдун алкымынан жыттайм, жыттайм.

 

IV

Уулум менден минтип сурайт:

“Атаке, автоматың берчи мага,

мен дагы фашисттерди аткым келет,

мен деле кур тагынып, өтүк кийип,

солдаттардын сабында баскым келет.

 

Баштагыдай эркелеп ыйлабайын,

балмуздак сатып бер деп кыйнабаймын.

Атаке, мени кошо ала кетчи?

сагындым кайда болсо бир барайын?!

 

Атаке, мени кошо ала кетчи?”

Мен мындай деп жооп берем:

 

“Шашпа уулум, солдат болуу

оюн эмес, оюн түгүл оңой-олтоң иш эмес.

Жоокер болуп төрөлгөн соң энеден

акыр сага бир күнү кезек келет.

 

Так ошондо так аткар,

тапшырма алып Мекенден,

Талап кылам мына ушуну

качан болсо мен сенден”.

 

Эне мээрими

Ак шоола чыгыш жактан көзгө тамат,

Айылым алп уйкудан көзүн жарат.

Аяздан ичиркенип чыйрыгышпай

Апалар мештерине отун жагат.

 

Морунан ак үйлөрдүн түтүн булап

Асмандан бүлбүлдөгөн жылдыз кулап.

Апалар мотурайган балдарына,

Астейдил көөнү менен наар сунат.

 

Көңүлү аткан таңдай тилек каалап,

Жаркылдап колдо баарын ыкчам камдап.

Жарыктык, энелердин мээрими ай,

Жолго да узатышат калбай жандап.

 

Ак тоолор турган өңдүү Күндү жөлөп,

Күлүңдөп Күн биринчи тоолорду өбөт.

Апалар күндөй сүйкүм мээрим менен

Өмүрдүн гүлазыгын бизге төгөт.

 

Элимдин деми эргитти

Тамандан табы кете элек,

Таштак, тар Ак-Жолумун.

Купулга эч жер толо элек,

Көп көрсөм деле сонунун.

 

Таңдайдан даамы кете элек,

Ак тытың, апорт алмаңын,

Түшүмдө дале теремин,

Шамалга күүлгөн жаңгагың.

 

“Жер эмей эле бейиш” деп,

Көп элден уктум аңыз кеп.

Көйкөлөт көп-көк Тоос-Көл

Аңыз кеп эмес, анык деп.

 

Элимдин сурайм мал, жанын,

Ээрчитип келип балдарым.

Эки эле күндүн ичинде,

Эки эли казы байладым.

 

Элимдин деми эргитти,

Жеримдин жели сергитти,

Энеден эгиз өңдөнөм,

Кыдырып көрүп эл-журтту.