Токтош Абыкеев: Арап мерген

Арап мерген

Илгери-илгери өткөн заманда, Арап мерген менен Үсөн мерген деген эки мергенчи дос, ак кар, көк муздуу аска-зоодо илбирс уулап жүрүшүп, Арап мерген тайып, терең бир муздун жаракасына түшүп кетет экен. Сыртта калган Үсөн мерген ары чуркап, бери чуркап, досун чакыра берип үнү бүтөт. Акыры эч бир жооп уга албаганда, аны өлдү деп ойлоп, айылына кабарга кетет.

Дал ошол мезгилде ээси оогон Арап мерген өзүнө келип, Үсөн досун жардамга чакырат. Ал да жогортон эч жооп уга албай үмүтү үзүлгөндө:

-Жаракада жалдырап,

Мында тоңуп өлгөнчө,

Аркар кууп баратып,

учуп өлсөмчү,

кулжа кууп баратып

же куумайдан кулап өлсөмчү ай! – деп арман кылып отуруп калат. Ошентип канча отурганын билбейт, кантсе да тирүү жан болгондон кийин акыры ордунан туруп, муздун жаракасы менен жылып жөнөйт.

Бир жерге келсе, шырылдап аккан суунун үнү угулат. Доош чыккан жерге барса, билектей суу агып жаткан экен. “Аккан суу акыры бир жерден чыгар” – деп агын менен кошо өрдөп жөнөйт. Барган сайын чер менен муздун арасы ачылып, адам эңкейип жүрсө болчудай кеңейет. Дагы бир аз жүргөндөн кийин суу көбөйүп, муз менен жердин арасы адам бою баткыдай кеңдикке жетет. Чарчаган мерген жээкке чыгып отуруп, уктап кетет. Бир маалда, күтүр-күтүр деген доош менен кошо кандайдыр бир тирүү жандын бышылдаган үнүнөн улам чочуп ойгонуп, үн чыккан жакты акырын аңдып жөнөйт. Муздун алды такыр караңгы эмес, а таңкы үрүл-бүрүлдөй жарык болот имиш. Ошондуктан, анча алыс эмес жердеги нерсени ажыратып тааныса болот дейт.

Канжарын колго кармаган Арап мерген акырын келип караса, ой тобо, кадимки эле уйдун торпогу бир нерсени күтүрөтүп жеп жүрөт. Чын эле торпокпу же көзүмө бир нерсе көрүнүп жатабы? – деп көргөн көзүнө ишенип-ишенбей турганда, торпок да адамды сезип: “Мөө”, – деп башын көтөрүп түз эле Арап мергенге келип, бети-башын жыттагылап, жанында туруп калат.

Кулак мурун кескендей жалгыздыкта, мал болсо да тирүү жан эмеспи, бир боорундай жөлөк сезип, торпокту кучактап алып көпкө ыйлаптыр. Бир маалда өзүнө келип, торпокту караса териси жылтырап, өтө семиз экен. “Бу муз алдында чөп өспөсө, эмне жеп семирди экен?” – деп торпок күтүрөтүп жеген нерсени караса, кадимки эле саратандагы уйларды сайгактаткан көгөндөр, муздун алдын чээн кылып ушул жерде кышташат окшойт. Ал жерде жаткан көгөндөрдүн уюгунун калыңдыгы, үч карыштан ашат экен.

Муз алдында тирүү жолуккан бул торпок, ага өтө чоң таасир этип, – бул жаныбар суукка тоңуп, ачкадан өлбөгөн соң, мени да кудай өзү сактаар, – деп торпокту айдап, суу бойлоп жөнөп калат. Жүрүп отуруп бир жерге келсе, козу-улактарын ээрчитип, кырк чакты кой эчкилер жүрөт имиш. “Ээ, эл көчкөндө көп эле мал-мүлк ашуудагы муз жаракасына тайып кетчү эле, көрсө, өлбөй калганы ушинтип көгөн жеп жашай берет турбайбы”, – деп аларды да алдына салып, андан ары жөнөптүр. Жүрүп-жүрүп отуруп, дагы бир төө, беш-алты ат таап алат. “Бул да болсо кудайдын бергенидир” – деп, аттын бирин кармап минет экен, калганын айдап отуруп, дагы бир жерге келгенде, эс алмакчы болот. Жатканга жумшак болсун деп, көгөндөрдөн алдына калың шилеп, жамбаштап жатканда, бир кереметтүү окуя башталат…

Кайдан экени белгисиз, бир маалда муз алдында жапжашыл нур пайда болуптур. Ал жашыл нур бара-бара көк, сары нурга айланып, анан эле кызыл-тазыл түстөгү нурлар менен айкалышып, асмандан түшкөн Асан-Үсөндөй, нур бийлери башталыптыр. Азыркы эле күүгүм тарткан алдындагы үңкүрдө, ар кыл боёк менен миң түркүн түстө шоола чачкан нурлар, бири-бирине оошуп, бирин-бири коштоп, кудум эле жомоктогу сыйкырдуу Алтын сарайдай, адам акылы жетпеген кооз көрүнүштөр муз алдын жаркыратып жиберет. Ал эми төбөдөн салаңдаган муздар да бири-бирине чагылышып, көктөн жылдыз жаагандай жылт-жулт этип, көз жоосун алган керемет башталыптыр.

Үч уктаса да түшүнө кирбеген, муз алдындагы мындай ажайып көрүнүштүн болору, бир топтон кийин кайдадыр бир жакка сиңип, акырын барып көздөн кайым болуптур. Мерген эмне болуп кеткенин түшүнбөй да калат. Көрсө. Муздун бир жаракасынан тайып түшкөн күндүн нуру мөлтүрөп аккан сууга тийип, суудан музга, муздан музга чагылышканынан, бул ажайып көрүнүш пайда болгон турбайбы. Арап мерген муну жакшылыкка жоруп, атты минип, малды айдап, андан ары жөнөйт. Ал бара бериптир, бара бериптир. Ийри-буйру аккан сууну жээктеп жол басып жүрө бериптир, жүрө бериптир. Курсагы ачкан жерлерде, кой эчкиге кошулуп, көгөндөрдөн кочуштап жей бериптир, жей бериптир. Кудай колдоп ал дагы жашай бериптир, жашай бериптир.

Ошентип жүрүп отуруп, Арап мерген муз алдында канча күн, канча түн, канча ай жүргөнүн билбей, эсебинен да адашат. Ал бойлоп бараткан суу күн өткөн сайын көбөйө берет. Көбөйүп, көбөйүп отуруп, акыры төрт тегирмен суу болот экен. Аны көрүп: “Жер бетине чыгарга эми аз калгандыр” – деп баратса суу келип-келип, бир көбүк чачып кайнап жаткан муз алдындагы көлгө кирип кетиптир. “Олдо атаңдын көрү ай!” – деп, бөлтүрүгүн алдырган бөрүдөй, көктү карап улуп-улуп ыйлайт экен. Алынбай жүрүп саксайган сакалын жулуп-жулуп ыйлайт экен. Кайнаган көлдүн жээгинде көзүнүн жашын тыя албай же өзүнүн жанын өзү кыя албай, башын мыкчып отуруп калат экен. Бир кезде өзүн токтотуп: “Мен кандай балээ көлгө туш болдум?” – деп, жакын келип караса, кайнабай эле көлдөгү балыктын көптүгүнөн көл кайнап жаткандай көрүнгөн экен. “Эх-ээ, бул да болсо ырыскы”, – деп бир балыкты тутуп караса, эки көзү жок, башы тултук, сокур балык имиш. Оой! – деп чочуп кетип колундагы балыкты таштап ийип башкасын тутса, анын да көзү жок сокур балык экен. “Кудурети күчтүү кудай ээй, караңгы көлдүн балыгын көзү жок жаратканын карачы! Көрбөгөн кишиге айтсаң ишенбейт. Анан да көзү жок балыктын ыраңы да суук болот турбайбы. Биринчи көргөндө, бир чочуп алат экенсиң, баччагар. Мейли, ачкалыкка айып жок, сокур болсо да ырыскы”, – деп аны бышырып жеп, малын айдап, андан ары көлдү айланып жөнөйт.

Бир жерге келсе, күркүрөгөн эле добуш чыгат: “Мунусу дагы эмне болуп кетти экен?” – деп ошол жакка жөнөйт. Бир маалда, добуш чыккан жактан жылтыраган жарык көрүнөт. Шашкан бойдон атына камчы уруп жакын келсе, мөңгү бүтүп, көлдүн суусу тоо боорунан атып чыккан, Апшыр-Ата шаркыратмасына келип калыптыр. Ал жерден эки ай бою сыртка чыга албай, үңкүрдүн оозун кеңейтип казыптыр. Акыры төө баткандай тешик болгондо, бүт малын айдап чыгып үйүнө келсе, эл чогулуп Арап мергенди былтыр эле өлгөн деп, кара ашын берип жатышкан экен, өлдү деген Арап мерген күтүрөтө мал айдап, жүгү менен төө жетелеп келгенин көргөндө, элдин оозу ачылып, Гүлжан деген аялынын ээси ооп, аш дегени тойго айланып, чөйчөктөргө шарап куюлуп, сыр кеседе кымыз сунулуп, Арап мергендин айдап келген малы бүт түгөнгөнчө той болгон дешет.

Анын тоюна, Мадылык Манас мерген, Самарканддан Сапар мерген, Алайдан Алым, Карим деген мергендер, Чечмелик Чебич, Шарип мергендер келишкен экен. Ал тойдо, алыстан келген конокторду Арап мергендин жан досу Үсөн мерген тейлеп жүрүптүр. Мен дагы ал тойдо болуп, Арап мергендин шарабын ичип, башынан өткөн ошол окуясын өз оозунан укканмын.

Менмин деген мергендер да ал окуяны Арап мергендин өз оозунан укканда, ооздору ороодой ачылып: “Оо! Эламан байдын Эр Төштүгү жер түбүнөн келсе, сен муз алдынан келген биздин Төштүк болдуң!” – деп айтышты.

Эмесе балдар, ушуну менен Арап мергендин айтып берген бул жомогу аягына чыкты.