“Тилим – менин тирегим” жаш акын-жазуучулардын республикалык сынагынын жобосу

“Макулдашылды”

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков

2-сентябрь 2019-жыл

“Бекитемин”

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев

2-сентябрь 2019-жыл

 

 1. Жалпы маселелер

1.1.   “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия КР Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте сынак жарыялайт.

1.2.      Сынакка республика боюнча жана чет өлкөдө жашаган 30 жашка чейинки калемгерлер катыша алышат.

 

  1. Сынактын максаты:
  • Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү;
  • Мамлекеттик тилди даңазалоо;
  • Жаш калемгерлерди колдоо жана аларга дем берүү;
  • Жаштардын көз карашын коомчулукка жеткирүү.

 

  1. Сынакка катышуу шарты:

3.1. Авторлор сынакка бир ыр же кыскача аңгеме, новелла менен катыша алат;

3.2. Чыгарма “Мамлекеттик тил”, “Кыргыз тил” же “Эне тил” темасында болуусу шарт;

3.3. Ырдын көлөмү 2 барактан, кара сөздүн көлөмү 4 барактан ашпоого тийиш;

3.4. Чыгарма Word форматында, Times New Roman 14 арибинде болуусу керек;

3.5. Сынактын катышуучусу чыгармасы менен бирге өзү тууралуу маалымат: толук аты-жөнүн, дарегин, байланыш номерлерин тапшырууга тийиш;

3.6.Чыгармалар 2019-жылдын 3-октябрына чейин кабыл алынат;

3.7. Сынакка катышууну каалагандар белгиленген электрондук почта аркылуу жөнөтүп же Жазуучулар союзунун кеңсесине электрондук түрдө алып келүүсү керек;

3.8.Сынактын шартына туура келбеген, талаптар аткарылбаган учурда чыгарма сынактан четтетилет.

 

  1. Сынактын жыйынтыгы:

4.1. Сынакка катышкан чыгармалар калыстар тобуна купуя ысым менен тапшырылып, жыйынтык чыгарылат.

4.2. Сынактын жыйынтыгы октябрь айында чыгарылып, сыйлыктар тапшырылат.

4.3. Жыйынтыгында:

Баш байге 1 катышуучуга;

1-орун 2 катышуучуга (поэзия, проза);

2-орун 2 катышуучуга (поэзия, проза);

3-орун 2 катышуучуга (поэзия, проза)

жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылат.

 

  1. Сынакты уюштуруу:

“Тилим – менин тирегим” сынагынын жобосу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын mamtil.kg жана Жазуучулар союзунун adabiyat.kg сайттарына жайгаштырылат.

Байланыш телефону: 0312 623924, 0551 996517

Эл.дарек : mamtil-synak@mail.ru

Дареги: Эркиндик гүлбагы 54, 2-кабат